"Кыргыз туусу", 07.06.11
  Июнь сабактары

Тарых артка айланбайт...
КРнын Илимдер академиясында өткөн
"Июнь окуясынын трагедиясы - 2010-жыл: себеби жана сабактары" аттуу илимий-практикалык конференцияда КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев төмөндөгүдөй оюн билдирди.
- Биздин максат июнь окуясы боюнча бир дагы документти, отчётту көз жаздымда калтырбай, тыкан иликтеп, алардагы тыянактар менен сунуштарга маани берип, Кыргыз мамлекетинин түпкүлүктүү кызыкчылыктарын эске алуу менен, баа берип, мындан аркы иштерибизди жетекчиликке алуу. Кыска жана узак мөөнөттөрдөгү программаларды иштеп чыгуу, турмушка ашыруу. Биз коомдук пикирди, мамлекеттик бийлик системасын мына ушундай конструктивдүү нукка бура алсак, андан сабак алып, туура натыйжа чыгара алабыз деп ойлойм. Азыр өлкөбүздө бул багытта иш алып барууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Тилекке каршы, элдин башына түшкөн трагедияны, жарандардын жазыксыз төгүлгөн канын, жетим калган балдардын, жубайларынан айрылган аялдардын көз жашын кезектеги саясий оюнга айлантууну, ошол окуядан дагы бир жолу саясий пайда таап, алдыдагы президенттик шайлоодо курал катары колдонууну көздөгөндөр жок эмес. Убактылуу депутаттык комиссиянын апрель-июнь окуяларын иликтөө иштери мына ушундай аракеттерди жандантып, мурдагы кандуу бийликти жактап, аны кайрадан алып келүү аракетинде жүргөн чагымчыл күчтөрдүн чырагына май тамызып, аларга негизсиз үмүт берип жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Эгерде кимде ким, азыркы демократиялык шарттан пайдаланып, 2010-жылдагы апрель элдик революциясынын жеңишин жокко чыгарууну, кайрадан мурдагы криминалдашкан бийлик системасын орно-тууну максат кылып жатышкан болсо, терең жаңылышат. Биз бул жөнүндө ачык эле айтышыбыз керек. Тарых артка айланбайт. Элдин ырыскысына беш колду матырып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип отурган заман кайра келбейт. Элдин канын митедей соргон эки президентти кууп чыккан эл буга жол бербейт.
Назира АЛИЕВА




Тайлак баатыр татыктуу ордун таба элек
Инсан таануу долбоорунун алкагында А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 80 жылдык мааракесине арналган "Тайлак баатыр - кыргыздын улуттук баатыры" деген темада илимий конференция адаттагыдан башкача формада болуп өткөнүн бул иш-чарага катышкандар күбө болушту.
Илимий конференциянын жүрүшүндө студенттер: тарыхчылар, адабиятчылар, тайлак таануучулар, санжырачылар деп төрт топко бөлүнүшүп, "Тайлак жашаган доор","Тайлак баатырдын жортуулдары жана согуштары", "Тайлак
баатырдын тынчтык мезгилде жасаган иштери" деген аталыштагы темаларда баяндама жасашты. Баяндамалар илимий - адабий булактардын негизинде
даярдалып, ар биринде өзөктүү сунуштар коштолуп, жыйынтыкталып турду. Заманбап техникаларынын жардамы менен коштолгон илимий конференцияда Тайлак баатырдын 200 жылдык маарекесинен үзүндү көрсөтүлүп, адабият көргөзмөсү да уюштурулган эле. Кыргыз тарыхынын окуу планында Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөр деген темага бөлүнгөн сааттар көбөйтүлсө, улуттук баатыр тууралуу жазылган чыгармалар кайра басылып чыгарылса, Тайлак
баатырдын ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилсе,Кыргыз теги болгондугубуз үчүн элибиздин тарыхын, жети атабызды билүүнү жаңы көз караш менен өнүктүрсөк жана цивилизациянын, генофонддун багытында караганыбызда деле жаш муундардын жети атасынын билиши туугандык, никелик мамилелердин туура сактап жүрүшүнө таасир берерин унутпасак деген ойлор ортого салынды.
"Тайлак баатыр элинин көз карандысыздыгы, азыркы күндүн талылуу темасы болгон чек ара коопсуздугун коргогон, чет жердик баскынчылардын мизин кайтарган кыргыздын улуттук баатыры деп тааныйбыз - мындан ары инсан таануу долбоорунун алкагында тарыхый инсандарга жаңыча изилдеп, мурунку мурастарды улап, студенттерге (кийинки муундарга) жеткирүү - биз жашап жаткан доордун, мугалимдердин милдети. Өзү физик болсо да, бүгүнкү өткөрүлгөн илимий конференциянын координатору Турсун Тилекбаевага ыраазылыгымды билдирем, инсан таанууга арналган илимий конференцияларды чоң кичине дебей бардык окуу жайларда республикалык масштабда өткөрүлсө деген тилегим бар," - деди А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумдун директору Айганыш Топчубаева.
Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу"