![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кырдаал Баласагындагы "бунт" эмнени көздөйт? Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын уюткусу, куту болгон Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети Советтер Союзу тарагандан кийин бул атагын, баа баркын бир топ төмөндөтүп алганы эч кимге жашыруун деле эмес. Буга, албетте, оң да, терс да жагдайлар себеп болгон. Алардын негизгилеринин бири - аталган окуу жай дагы, базар экономикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө аргасыз баш ийип, билим берүүдө сапатка эмес, санга басым жасап калган. Анын үстүнө "мамлекеттин ичиндеги мамлекетке" айланып кеткен КУУ бир катар университет чиновниктеринин түшүнүгүндө билим берүү мекемеси эле эмес, "сүттүү саан уйга" айланып калган. Бирок саан уйду сааганды гана билип ага берейин, ички ресурстардын күчү менен материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим сапатын көтөрүү менен аб-роюн көтөрөйүн деп чын ниеттен аракет кылгандар аз болду. Ошон үчүн билим берүү министри болгондон көрө КУУга ректор болууну самагандар көп деген сөздөр көшөгө артында көп айтылчу.. Акаевдин убагында бул окуу жай ага жакын, көзү түз академиктерге ыйгарылып келген. Ал эми пайда көздөө жагынан алдына адам салдырбаган бакиевдердин бийлигинин тушунда окуу жайдын ректорлору керек болсо жыл сайын алмашып турду .. Жетекчилерди кол жоолуктай алмаштыра берүүдөн окуу процесси, ички моралдык психологиялык кырдаал жабыр тарта берээри өкүмдарлардын оюна деле келген жок окшойт. Тигил кетти, бул келди, эртең ал да кетет дегендей күбүр шыбыр кептер адат болуп калгандыктан, ошол инерция азыр да сакталып, бул фактор учурда да окуу жайды артка таркан көрүнүш болуп жатат десек болот. Башынан эле Акүй, КТР, анан КУУ интриганын уясы деп айтылчу эл арасында. Ооба, ошол эски жомок дагы эле уланууда. Былтыр июнь айында жетекчиликке келген А.Акунов бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп, окуу процессинде билимдин сапатын көтөрүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барып баштаганы окуу жайдын ичинде нааразычылыкты жаратпай койгон жок. Албетте, мында айлыктын аздыгынан коллегаларына кадырын салып, келбеген "студенттердин сессиясын бүтүрүүнү" кошумча киреше булагына айлантып алган мугалимдерге жана алардан ашып түшкөн жетекчилерге жаккан жок. Бирок эң өкүнүчтүүсү акыры өзгөрүү болуш керек да деген ой эч кимди кызыктырбай жаткандыгында. Айталы илим менен алектенген аспирант, докторант, изденүүчүлөрдүн документациясын расмий жасалгалоо, каттоо боюнча монополист болуп алган "Үзгүлтүксүз билим берүү" институтунан ал функцияны алып, аспирант, докторанттар менен түздөн түз иш алып барган кафедраларга берген буйрукка чычалаган ал институттун жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп ийген жайы бар. Акунов келээри менен кызматтык "джип" унаасын гаражга токтотуп, проректорлордон да муну талап кылды, ансыз да түзүмдүк бөлүмдөрү толтура, студенттерге, жең ичинен жатакана берүү чоң бизнеске айланган университеттеги студенттик шаарчанын дирекциясын жоюп, окуу бөлүмдөрүндөгү ашыкча көбөйүп кеткен штаттарды сезилээрлик денгээлде кыскартты. Өздүк резервдин күчү менен айлык акыларды көтөрдү, дагы бир топ башаталыштарды жасап жатат.Эң негизгиси билимдин сапатын көтөрүү боюнча чечкиндүү аракеттер жүрүүдө. Бирок КУУда канча жылдап көнүмүшкө айланган "тоңгон муз" ордунан жыла баштаганын айрымдар көргүсү жок. Алар негизинен 20, 30 жылдап университетте иштеп, чечүүчү жетекчилик кызматтарды аркалап окуу жайда түбөлүк чиновник, түбөлүк жетекчилик кызматтарда калгысы келген, жетекчилик иш стилиндеги эски ыкмалардан карыш жылгысы келбеген профессорлор, экс-жетекчилер. А.Акуновдун буга чейинкилерден бир артыкчылыгы - жөнөкөйлүгү. Сабактардын өтүлүп жатканын кээде ректор өзү көзөмөлдөп жүргөнүн көрүүгө болот. Анын бул кадамын да ректордун деңгээли эмес дегендер чыкты. Японияга барып келген коллегам мындай көрүнүш жапон окуу жайларынын ректору үчүн көнүмүш адат экенин, ректор гүл өстүрүлгөн челектерге деле көз кырын салып, кийлигишип коёрун айтып келген жайы бар. Бүтүндөй ректораттын коридорун темир тор менен тосуп алып олтургандар, жөнөкөй мугалимдер мага кирбесин деген, кабинетинен карыш жылгысы келбегендер, университет менен Ак үй гана маршруту болгон ректорлор да болгон. Демек, баары салыштырмалуу бааланууга тийиш. Анын үстүнө иш стилинде либералдыгы менен өзгөчөлөнгөн А.Акунов бул кызматка байкоосуз келип калгандардан эмес. Мындан бир топ жылдар мурун КУУда жок жерден мамлекеттик кызмат жана стратегиялык-изилдөөлөр борборун түптөп, ОБСЕден 10 жыл мурун эле 200 000 евро грант алып, бир да факультетте жок китеп фондун кескин көбөйткөн, басмакана ачкан, чет өлкөлүк окумуштуулар менен ийгиликтүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, биргелешкен эмгектерди чыгарган жана ОБСЕнин Бишкектеги академиясын Борбордук Азиядагы көз карандысыз илим-изилдөө борборуна айланышына чоң салым кошкон, ОБСЕ академиясынын проректорлук кызматына чейин көтөрүлгөн жетекчини, эң негизгиси 50 жашында эле 15тен ашык илимдин кандидатын, эки докторун чыгарып саясат таануу боюнча "Акуновдук мектепти" калыптандырган жигердүү профессордун дарегине "самодур" ,"безграмотный", "безкомпетентный" деген сөздөрдү айтып, гезит бетине жарыялагандардын абийирине койдум. Ушундай сөздөрдү колдоноордон мурун ушул демилгенин башында тургандар алгач өздөрү ким экенин, убагында кандай жетекчи болгонун эстеп, өткөн жолуна бир кылчайып коюшса болмок. Алардын ким экени, денгээлдери университеттин жа- маатына белгилүү. Көч бара-бара түзөлөөрүн, бир жылда майкөл, сүткөл орното коюу мүмкүн эместигин эске албай, жетекчиге мүмкүнчүлүк, убакыт бербей эле, бут тосо берүү биздин саясий маданиятыбыздан кеткис болуп орун албаса болду. Өздөрүн бул кадамга түрткөндөрдүн түпкү максаты жеке кызыкчылык, университеттеги эски таасирин орноткусу келгендердин гана кутумдугу экенин байкашкан жок. Ошол эле адамдардын тике жана кыйыр катышуусу менен 90-жылдардан бери окуу жайга тиешелүү мүлктөрдү сатууга тиешеси бар экенин, кайтып бийликке келсе эски адаттарды сөзсүз кайра алып келээрин ойлошпогондой. Учурда университетке тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, институттардын, качан, кайсы ректорлордун тушунда түзүлгөнүн баары билишет. Ал эми Акуновдун демилгеси менен түзүлгөн "мамлекеттик башкаруу жана политология" институту андагы түзүлгөн кырдаалга, директор менен политология кафедрасынын тирешине ректордун тиешеси жок. Аны трайбалист дегендер Акунов кайсы жердешин кайсы кызматкка койгонун так көрсөтсө болмок, анте албайт анткени бул калп. Мындай кутумчулуктун демилгечилери 15 жылдап жетекчиликте жүрүп, КУУнун карт бөрүлөрүнө айланып, кызматынан кетүүгө туура келген же креслосу учурда кычырай баштагандар. Эң негизгиси улуттук университеттин ректорлук кызматын көксөгөндөр Акуновдун абийирине, ар намсына адилетсиз ашыкча шек келтирген ыкмаларды колдонуп, жа- маатты, студенттерди интригага тартпай, максатка жетүүнүн башка татыктуу, саясий жолдору менен аракет кылса болоор эле. Окуу жайы саясий орган эмес, жетекчиликти кол жоолуктай алмаштыра берүүдөн биринчи кезекте окуу процесси жабыр тартаарын өзгөчө акыркы 5-6 жылдан бери көрүп келебиз. Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясий илимдердин кандидаты, Кыргыз-Россия билим берүү Академиясынын доценти Мекен - келечек Кыргызстанга билимдүү, жаңычыл жаштар керек 1992-жылы Кыргызстан жана Түркия Билим берүү министрликтери тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде, жыл сайын билим алуу үчүн Түркияга Ата Журттан 100-150 студент аттанат жана бул көрсөткүч он жыл мурун мындан эки эсеге көп болчу. Бирок, Ата-Мекен аларды бул мамлекетке эмне максат менен жиберет жана ошонун акыбети кайтарылып жатабы, алардын кандай билим жаткандыгы жана канчасы кайтып келип, канчасы келбей калып жатканына ким кызыгат? Же болбосо, окуп келген жаштар бу тапта эмне иш менен алектенишет? Ушул жана жаштарга тиешелүү башка маселелер тууралуу Түркиядан окуп келген бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунда сөз болду. Жолугушуунун алдында 1992-жылы, андан кийинки жылдары Түркияга кетип, окуп келген бүтүрүүчүлөрдүн кимиси эмне иш менен алектенип жатканын чагылдырган ар кыл тармактуу көргөзмө уюштурулуп, анда он бешке жакын жеке ишкерлердин Кыргызстанда жүгүртүп жаткан курулуш материалдарынан тартып, азык-түлүк, канцелярдык буюм-теримдерине чейин коюлган. Ал эми "Манас-Түрк" университетинин ректору С. Кайыпов аталган көргөзмөнү карап чыккандыгын жана анын ар бирине: "Бул продукцияларды өзүңөр өндүрөсүңөрбү же сатып алып, кайра сатасыңарбы?" - деген суроону бекеринен бербегендигин чечмеледи. - Эгемендик алгандан кийин биз, силерден улуураак муундар, жаңы заманды туура түшүнүп, ага туура мамиле кыла билиш үчүн, келечекте Кыргызстанды кыйынчылыктан алып чыгып кетиш үчүн артыбызда келаткан жаштарды кайдан, кантип окутсак болот? Америкага кеткендин көбү эле космополит болуп кетишет экен... - деп бир топ түйшөлүп отуруп, ошол кездеги Билим берүү министри Чынара Жакыпова айымдын кийлигишүүсү менен Түркия мамлекетин туура тапканбыз. Түркия менен келишим түзүп, жылына жаштарыбызды жөнөтүп турууга жетишкенбиз. Бир топ жылдардан кийин эми, ошол келишимибиз өзүн актап жатабы, окууга кеткен жаштарыбыз кайтып келип, мекенге кызмат кылып, биздин ишенимди актап жатабы? - деген түпөйүл ойдо жүргөнбүз. Бирок, жооп таба элек болчубуз, - деди. Ректордун айтымында, ал суроолорго бүгүн азыноолак жооп табылды. Боордош өлкөгө билим издеп кеткен жаштардын алды келип, ар кандай тармактарда иштеп, алды ЖКнын депутаты, министрдин орун басары, башкалары жеке ишкерлер болушуптур. - Бирок, жеке ишкер башка мамлекеттен товар алып кирип, аны элге сатуу менен өз өлкөсүнө кызмат кылып атабыз деп алымсынбашы керек. Анткени, муну менен алар ошол продукцияны чыгарган чет элдик фирмага кызмат кылып жатышат. Ал эми өз мекенине ал качан ошол товарды өз жеринде өндүрүүгө жеткенде гана кызмат өтөп жатам деп айтса болот, - деди ректор. Бүтүрүүчүлөрдүн атынан "Эгемендик" коомдук бирикмесинин төрагасы Эрмек Өмүралиев менен түркиялык бүтүрүүчү, "Meribell" курулуш компаниясынын башкы директору Уланбек Тынччылык уулу алдыда ошол максаттардын бар экендигин жана Түркиядан билим алган бүтүрүүчүлөрдүн башкалардан өзгөчөлүгү - алар билим алуу менен гана чектелбестен, жандүйнөсүнө улуттук аң-сезимди бекем түйгөн, мекенчил атуулдар болуп калыптанышарын айтышты. ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков дагы муну ырастап, боз бала кезинен Түркия мамлекетине окууга барып, бир туугандай болуп бир сындырым нанды бөлүп жешкен курдаштарына ак жол каалады. Ал эми 1992-жылы эки өлкөнүн ортосундагы келишимди түзүүгө катышкан Бермет Бусурманова азыркы убакта Түркияга кетип жаткан 100-150 студенттин андан аркы акыбалына Кыргызстан тарап кызыкпай, жөнөтүп жиберип эле унутта калтырып жатышкандыгына токтолду. Атүгүл окууну бүтүп келген даяр жана терең билимге ээ жаштар мамлекеттик кызматтарга аралашпай, майда-барат жана жеке ишкерлик менен алпурушап жатканы өкүнүчтүү. - Өлкөнү болсо, "орун алмашкнадан сумма өзгөрбөгөнүнө" карабай, жыйырма жылдан бери баягы эле саналуу ысымдар бийлеп жатышат, - дейт Б.Бусурманова. Анын пикиринде, өлкөнүн башчылыгына бүгүнкү жолугушууда отурушкандай мекенчил, билимдүү жана ыймандуу, жаңычыл жаштар керек. Белгилей кетчү сөз, түркиялык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусуна аталган өлкөнүн Агартуу министрлигинен Хасан Каплан мырза да келип катышты. Жыпар ИСАБАЕВА, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||