"Кыргыз туусу", 31.05.11
  Жандуу тарых

Сезимталдык жана патриоттуулук
Кыргыз Республикасынын Борбордук саясий документтер архивинин фондусунан жакында табылган Жусуптун өз бир тууган иниси Токого 1927-жылы 26-сентябрда жазган өтө кызыктуу катын окуучуларга толугу менен тааныштырууну туура көрдүк.
Анткени бул каттын мазмунун окуган киши толкундануу менен анын автору үчүн Атамекенинин, элинин келечеги эң жогору мааниде тургандыгын даана баамдайт деп ойлойбуз. Анда, катка назар салалы: "Кымбаттуу Токо!
Мен жаңы эле сенин жазган катыңды алдым. Сен ушундай мазмунда жазаарыңды мурунтан эле билгем, бирок мени таарынып калды го деп ойлой көрбө. Жок, андай эмес, тескерисинче менин жа-шоом менен жашаган, кубанычымды, кайгымды кошо бөлүшкөн сенин бардыгыңа мен сыймыктанам.
Буга чейин сени менен акылдашып иш жасабагандыгым тууралуу сенин жемеңди кабыл алам (Сөз Жусуптун Гулбахрам ысымдуу казак улутундагы аялы менен убактылуу ажырашкандыгы жөнүндө болсо керек. Кийин ал аялы менен ынтымакта жашап, андан Аида, Раиса жана Ленина аттуу кыздары болгон - авт.). Бирок мен бул кадамга билип туруп эле баргам, анткени сенин каршы болушуңан коркком жана өзүңдү болгон окуянын алдына коюуну ойлогом. Сен билесиң, же болбосо билишиң керек, эгер бул тууралуу мурун билип каршылык кылсаң, анда мен сага каршы бара албай калмакмын. Бул менин Кыргызстан үчүн кызматкер катары жок болушум менен барабар болмок. Менин жеке турмушум ишиме тоскоол болбошун каалагам. Анын кандай тоскоол болгонун мурунку катымдан өзүң жакшы билесиң.
Мен кимдир-бирөөнү жакшы көрдүм беле? Ооба, жакшы көргөм, эгер ушул сөз менен бул адам үчүн өзүңдү курман кылууга даяр экендигиңди түшүнсө, анда мен үчүн мындай адам ал эмес, сен болчусуң.
Менин кымбаттуум, балдар жөнүндө ойлогондо азап чегесиң го деп сурапсың, анда бул сага да өз таасирин тийгизерин жана муну көтөрө албашыңды айтыпсың. Анвар, Алёшаны өзүмө алам. Аларды тарбиялоону ага ишенип бере албайм. Азыркы кезде мен өзүмдү бактылуу сезем, анткени толугу менен ишке, кыргыздын маданий-чарбалык деңгээлин көтөрүү үчүн зарыл болгон ишке кирип кеттим, ошондой эле мен жакшы көргөн жалгыз бир тууганым сенин болгонуң, келечектеги кызматкер катары сенин өсүшүң мени сыймыктандырат жана кубантат.
Сен мени өзүңдүн ыксыз ойлоруң менен чочутпа. Мен үй-бүлөсүз, бирок сени менен жашай жана бактылуу боло алам, ал эми сенсиз... жок. Сен бул тууралуу унутпашың керек. Келечекте өз турмушумду кандайча курам? Муну келечек көрсөтөт, азыр бир нерсени айта алам - кыргыздарды барктабаган, кыргыз элинин жашоо шартын билбеген, менин балдарымды сүйбөгөн аялга эч качан үйлөнбөйм.
Мени гана эмес, өзүм өкүлү болгон элимди, сени, менин балдарымды сүйгөн, эмгекчилерди, социа-
листтик курулуштун кызыкчылыгы үчүн арналган менин ишиме тос-коол болбогонду табууга аракет кылам.
Эми ушуну менен бүтүрөм. Эгер бир нерсе түшүнүксүз болсо келгенде айтып берем. Кайра келаткан жолдо сөзсүз Ташкентке кайрылам. Бетиңден өөп, бир туугандык саламым менен, түбөлүк сенин Жусубуң. 26. 09. 1927 ж. Москва шаары".
Бул кат убагында Жусупка "ашынган улутчул" деген күнөөгө күбө катары колдонулган экен.
Антсе да, ушул сыяктуу каттарынын жана "өз күндөлүктөрүнүн" мазмундарынан көрүнүп тургандай, Жусуп өтө кыялкеч жана шайдоот-чечкиндүү адам болгонун баамдайбыз. Мүмкүн ушундай ойлору үчүн тарыхчы Зайнидин Курманов Жусуп "ашынган (максималист) социалист болгону менен социалисттик идеалдарга көшөрүп өтө берилип ишенген эмес. Ал андан бара-бара көп кырлуу арсарлануусуна жана капаланып түңүлгөндүгүнө байланыштуу эле. Анын адамгерчилиги, акылкөйлүгү көп миллиондогон адамдардан мурун жаңы (коммунистчил-совет) бийлигинин тутунган нарктары жок экенин, адамга каршы демагогиялык кылмыш иштерин демократиялык үндөөлөргө жамынып эки жүздүүлүк, кошоматчылык менен жүргүзүп жатканын жана жалганчылыкка жат болушкан чыныгы чынчыл адамдардын ички дүйнөсүнө бүлүк салганын баамдаган" тыянактарынан байкасак болот.
Бул ойду Жусуптун күндөлүгүндөгү төмөнкү жазуулар да даана ырастайт: "6-ноябрь 1932-жыл. Бүгүн шаардык Кеңештин жана Кыргыз өкмөтүнүн салтанаттуу жыйынында "Кыргызстан 15 жылда" деген баяндама жасадым. Жетишкендиктер эбегейсиз..., бирок нансыз колхозчулар, Днепрогэс, Магнитогорск (жумушчулар - авт.), жакыр казак ж.б. ушу сыяктуу кубулуштар. Айтмакчы Союз (СССР-авт.) боюнча быйылкы жылкы пландар бир да эл чарба тармагы боюнча аткарылган жок. Кара темир ширетүү, көмүр, унаалар, жеңил өнөр жайы - бардык өнөр жай тармактары пландарын аткарышпады. Кризиспи? Андай эместей. Дыйкандар менен жумушчу табынын белгилүү бөлүгүн материалдык абалын начарлатуу аркылуу акыркы техникада жабдууланган ири индустрия түздүк. Ушул индустрия жакынкы 2-3 жылда алардын материалдык абалын жакшыртууга негиз боло алат болду бекен?".
Күндөлүктүн дагы бир жеринде: "Москвадагы бюрократтык мекемелердеги чоң кызматчылардын эшиктерин түрткүлөп чуркап жүрдүм. Кайырчыдай болуп үйлөрдү куруш үчүн жарыбаган тыйындарды сурамжыладым. Беришпеди. Борбордук Россия шаарларынын курулушуна акча жетишпей жатат дешти. Мына, коммунисттик партиянын өлкөбүздүн улуттук чет жакаларындагы (борбордогуларга салыштырмалуу - авт.) теңсиздиктерди жоюу боюнча көрсөтмөлөрүнүн иш жүзүнө кандайча ашырылып атканынын анык үлгүсү".
Жусуп Кыргыз социалисттик мамлекетин негиздөөчүлөрдүн ичинен көрүнүктүү ишмер катары жогорку кызматта болгону алты жарым жыл иштеди. Бул ошол мезгилдеги кырдаалга салыштырмалуу өтө аз мөөнөт, бирок алардын тарыхый мааниси - ар бири кылымга тетедей болгон. Зор уюштуруучулук иштерди чын ыкластан аткаргандыктан жана да бир мезгилде окшош маселелердин үстүнөн эмгектенгендиктен, Жусуп Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын биринчи Президенти улуу реформатор Мустафа Кемал Ататүрккө тете инсан болгон деген айрым окумуштуулардын ойлорунда толук негиз бар десек жаңылбайбыз.
Жусуп жана
кыргыз тарыхы
Жусуп кыргыз элинин тарыхына кызуу ынтызарлык менен мамиле жасаганын баса белгилөө абзел.
Ал Кыргызстандагы 1916-
жылы болуп өткөн улуттук-боштондук көтөрүлүшкө чоң маани берип, (мүмкүн өзү күбө болгондуктандыр) алгачкылардан болуп бош убактысынын жоктугуна карабай, анын тарыхынын изилденишине өзүнүн бараандуу салымын кошкон. Алгач "Коммунистическая мысль" журналынын редактору И. Меницкийдин макаласында козголгон 1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзү тууралуу дискуссияга жигердүү катышып, макала жазган. Кийин 1931-жылы бул көтөрүлүштүн 15 жылдыгына карата өзүнүн "Октябрдын жышааны" аттуу чакан брошюрасын басмадан чыгарган. Анда ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө кыргыздардын тагдырындагы өтө маанилүү тарыхый окуя катары баа берген, бир топ кызыктуу фактыларды келтирген. Андан бир аз мурун 1928-ж. "Кыргызстан Октябрдын 11 жылдыгына карата" деген брошюра жазып, анда Кыргызстанда болуп жаткан саясий, агрардык иштерге өзгөчө кыргыз көчмөн чарбалардын айылдашып жерге конгондугу жөнүндө терең тал-
доолорду жүргүзгөн. 1932-жылы ал "Кыргызстанда 1917-жылдын Февраль революциясы" деген чакан макала даярдап, бул революция кыргыздарга эч бир олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келбегендиги баса белгиленген экен.
Жусуптун ынтызар аракети аркасында кыргыз элинин тарыхын атайын тапшырма менен ошол кездеги Россияда эң белгилүү чыгыш таануучу В.В.Бартольд "Кыргыздар. Тарыхый очерк" деген аталыштагы эмгекти 1927-жылы жазып бергени баарыбызга белгилүү. Ал эми Жусуптун "өз күндөлүктөрү", Иосиф Сталинге жана замандаштарына жазган каттары кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө эң сонун тарыхый булак болоору шексиз.
Жусуп сүйүү айдыңында жана анын илеби Чыңгызга тийгенби?
Жусуп жашоо турмушунда жалпы эле адамзатка таандык - сүйүү, аруулук, жолдоштук жана милдеткерлик сыяктуу сезимдерге да дуушарланып, өзгөчө мамиле кылганын байкайбыз.
Абдрахмановдун чыгармачы-
лыгын изилдеген профессор Сыртбай Мусаев акыйкаттуу белгилегендей: "Жеке сүйүү кумары бар, жеке сүйүүгө жөндөмү бар адам гана элине, элинин кызыкчылыгына күйөт. Жалпы ишке жанын саят". Анын сыңаарындай, 1927-жылдын башталышынан Жусуптун турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, ал жаңы эле мамлекеттик жогорку жана жооптуу кызматка дайындалганына байланыштуу бир топ кыйынчылыктарга кабылганы байкалат. Өзүнүн жогорку кызматтагы алгачкы кадамдарынын тууралыгы же жаңылыштыгы жөнүндө эч кимден кеңеш жана кубаттоо ала албагандыктан, ал эмес өзүнүн жакын көргөн аялы - Гүлбахрам тарабынан түшүнүшпөстүккө кабылгансыйт. Албетте, аялынын ахывалы да кыйын эле, анткени ошол кезде ал үчүнчү баласын жаңы төрөгөн экен. Чиедей үч баланын жана үй-бүлөлүк майда-чүйдө турмуштук түйшүк да таасирин тийгизгенсийт. Мунун айынан Жусуп өз аялынан кол үзүүгө аракеттенгендиги жогоруда келтирилген инисине жазган катынын мазмунунан бизге белгилүү болду. Ушундай кыйналыш мезгилде 1928-жылдын март айынан сентябрь
айына чейин Кыргызстандын борборуна Ленинград шаарынан "саясий сүргүнгө" жиберилген жүрүм-туруму шайдоот, сезимтал, саясий майданда тажрыйбалуу жана үзөнгүлөш Мария Яковлевна Натансонго жолугуп жалындуу сүйүү рахатына чөмүлгөн экен. Мындай
бийик сезимге Жусуп ар ишке кандай киришсе, ошондой эле баш-оту менен тартылган. Өзүнүн күндөлүгүндө бул тууралуу мындай деп жазып калтырыптыр: "8-сентябрь 1928-жылы. Менин жеке турмушумдун трагедиясы - бул өмүрлүк жолдош тандоомдо жаңылыштык кетирген экенмин. Мага тек гана "аял" керек эмес эле, мага кызматыма талыбас жөлөк жана улуу күрөштө кажыбас кайраткер, даанышман жолдош керек болучу. Мен мындайды издеп жүргөнмүн жана эми гана таптым. Бирок бул нерсе убайымдуу болуп чыкты...".
Жусуп сүйүү илебинин ысык отуна күйүп, суугуна тоңуп, сагынычтын саргайган азабына чыдап үч жыл бою махабаттын чалкыган көлүндө сүзгөн экен. Ал 1931-жылы 17-августта Кара деңиз жээгинде Гагры шаарында бир айга жакын эс алып жүрүп кандайдыр бир мезгилде эсине келгенсип "сүйүү - акылсыздык сезим экен" деген бүтүмгө келип, "мен үчүн бул күндөрдүн сабагы - бул жүрөгүмдү бекем кысып анын жалгыз гана кызмат деп, иш үчүн кагышын каалайм жана ушундай болмокчу" деген экен.
Айтмакчы, 1917-жылы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин 1920-жылдын аягы 1930-жылдын башталыш мезгилине Совет мамлекетин куруучу "жаңы адамдардын" кандайдыр бир деңгээлде эркектер менен аялдардын ортосундагы жыныстык мамилелеринде да "эркиндик" болгонун баамдайбыз. Ушундай эле жагдайда Жусуп Ленинград шаарында жашаган советтик белгилүү жазуучу Владимир Маяковскийдин жубайы Лилия Брик менен 1929-1930 жылдары өтө ынакташып жакын жолдош болгондугу жөнүндө жакында изилдөөчү жубайлар Ирина менен Александр Тузовдор жана академик Аскар Какеевдин иликтөөлөрүнөн кабардар болдук.
Бул жагдайдан Лилия Бриктин бир тууган сиңдиси Эльза Триоли кийин француз жазуучу Луи Арагонго күйөөгө чыккандыгын эске алсак, белгилүү калемгер Чыңгыз Айтматовдун "Новый Мир" журналында орус тилинде басылып чыккан "Жамиля" деген чакан чыгармасын "сүйүү жөнүндө эң мыкты повесть" деп баалап, дүйнөлүк окурмандарга аялы экөө француз тилине которушуп жөн жеринен эле даңазалашкан эмес окшобойбу. Бул Ирина жана Александр Тузов туура белгилегендей, күйөөсү Луи Арагондон кем эмес жазуучулук дарамети бар Эльза Триолинин өзүнүн эжеси - Лилиянын ынакташы Жусупка жана анын досу Төрөкул Айтматовго (акыркысы дагы да тактала элек - Д.С.) жасаган таазими экендиги
дааналанып чыга келди десек жаңылбайбыз.
Мындай жагдай, албетте, биздин даңазалуу калем жана ой чебери Чыңгыз агабыздын талантына эч кандай шек келтирбейт, ал эми "жеңиш-даңкка жетиш үчүн көп жагдайлар төп келет" дегенди эске алсак, бул кеменгер жазуучубуздун тагдыр жолунун байсалдуулугунан гана кабар берет десек болчудай.
Ал эми Жусуп Абдрахмановдун жолдошторуна жана өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн алдында милдеткерликке өтө бекем, түпкүлүктүү болгондугуна анын кийинки турмуш тагдыры ачык-айкын күбө болду.



Дөөлөтбек Сапаралиев,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын ээси