Кыргыз гезиттери



Эмгек мигранттарынын
саламаттыгы аманат
Ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда чет мамлекеттерде акча табуу үчүн 500 миңден 1 млн. го чейин кыргызстандыктар жүрүшөт. Эмгек мигранттары үйлөрүнө акча которуу менен өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө жана мамлекетине көп пайда кылууда. Бирок алар өздөрү иштеген мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө да ири салым кошушууда. Ошол эле учурда мигранттар ВИЧти жугузуп алуу коркунучунда жашап, иштеп жүрүшөт. Өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн сагынышып, оор шартта жашап, иштеп жүрүп, алар өздөрүн жалгыз сезишет. Адистердин ою боюнча ушул факторлор алардын коммерциялык же кокусунан жыныстык катнашка баруусуна жана СПИДди жугузуп алуусуна себеп болот. Эмгек мигранттарынын мекенинде калган үй-бүлөсү да үйгө кайткан өмүрлүк жолдошунан ВИЧти жугузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.
Мына ушундай жагдайлардан улам Кыргызстан менен Тажикстанды камтыган аймактык долбоор эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүндө ВИЧ инфекциясынын таркатылышынын алдын алуу максатында иш баштап, бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келүүдө. Кыргызстанда бул долбоор "Рейнбоу маалымат борбору", "Мехр-Шавкат" жана "DCCA" сыяктуу үч уюм тарабынан ишке ашырылууда. "DCCA" коомдук фондунун жетекчиси, аталган долбоордун ассистенти Ислам Байбагышевдин айтуусунда, фонддун кызматкерлери кырдаалды иликтөөдөн иш баштаган. "Иликтөөдө учурда ар бир үйдөн эч болбоду дегенде бирден же андан көп Россия Федерациясында эмгектенип жүргөндүгү аныкталды", - дейт Ислам Байбагышев. Иликтөөнүн негизинде гендердик стереотиптин жана менталитеттин алкагында "Сак саламат жашоодо аялдардын ролу" деген темада тренингдер иш-телип чыгып, өткө-рүлдү. Бул жөнүндө жергиликтүү жамааттардын лидерлери өздөрүнүн айылдаштарына айтып беришти.

Аны тирүү калтырууну чечишти
Кыргызстандан акча табууга чет мамлекетке чыгып иштеп жүргөн миңдеген мигранттардын бирөөнүн тагдыры кайгылуу аяктады. Жаш жигит мекенинен алыста иштеп, үйүнө акча жөнөтүп турат. Үйүнө кайтаарда анализ тапшырып, ВИЧ инфекциясын жугузуп алганын билет. Жаш жигиттин апасы эч нерседен кабары жок, кыз издеп, үйүнө кайткан уулун үйлөндүрмөкчү болот. Жигит апасына жагдайды айта албай, үйлөнүүгө макул болуп, бирок үйлөнүү тою болоор күнү эч күнөөсүз кыздын тагдырына балта чапкысы келбей, кызга кат жазып, түшүндүрүп, кайдадыр кетип калат... Бул сценарий Ош улуттук драмалык театрынын драматургу тарабынан жазылган. Драматургдун сценарийи боюнча каарман өлүш керек эле. Бирок сценарийдин акыркы вариантында дискримина-цияга жол бербөө максатында ал жигиттин тагдыры чекитсиз калтырылган. "Дабасыз дарт" драмасы профессионал эмес, жөнөкөй адамдар тарабынан ойнолгон. Пьесаны коюу үчүн Ноокат районунун Найман айылында өз ара жардам топторунун активисттери тартылган.
Байбагышевдин айтымына караганда киного тартылгандар Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында мектептерде, 10 жамаатта болушкан. Көрүүчүлөр аларды түшүнүү менен жылуу кабыл алышкан. Бул гастролдордон кийин коңшу айыл округдары артисттердин аларга да келишин өтүнүштү, - дейт Байбагышев.

Имамдардын үгүтү да пайдаланылды
Аймактарда, айылдарда имамдардын сөзү өтүмдүү. Бул жагдайды туура салмактаган "ДССА" фондунун өкүлдөрү алдын алуу үгүт иштеринде мечиттердин имамдарын пайдаланышты. "Бул долбоордун алкагында биз дин боюнча агенттик менен бирге иштештик. ГАДРдын жетекчилиги үч облустагы өкүлдөрүнө бизге жардам берүүнү тапшырды. Биздин ишибизге айылдардагы мечиттердин имамдары, айылдарда мечитке келген эркектер, балдар арасында түшүндүрүү иштерине жардам беришти. Жүздөгөн имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн тренерлерибиз Египеттен окуп келишти.
Миграциялык мекемелер менен меморандумдарга кол коюлуп, миграция боюнча адистер райондук, жергиликтүү деңгээлде биздин иш чараларга, тегерек столдорго, тренингдерге катышып, жамааттардын лидерлери менен бирге проблемаларды таап, аларды чечүүнүн жолдорун белгилешип, эмгек мигранттарынын актуалдуу маселелерине токтолушту.
Ушул эле мезгилде Санкт-Петербург шаарында эски ооруканада долбоордун алкагында Россияга иштөөгө Кыргызстандан же Тажикстандан барган ар бир мигрант кайрыла турган кабинет ачылды. Бул кабинеттеги атайын окутулган медиктерден мигранттар саламат жана коркунучсуз жашоо образы жөнүндө кеп-кеңеш алып, ден соолуктарын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, - дейт Байбагышев.

Сөз менен гана эмес...
Көп телекомпаниялар эфирден эмгек мигранттарын өздөрүнүн жакындарынын алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырган роликтерди көрсөтүштү. Ал эми 2009-жылдын акырында ЭлТР теле компаниясы тарабынан 18 мүнөттүк ролик коюлган. Ал роликте ВИЧ боюнча мигранттардан, алардын үй-бүлөлөрүнөн, чиновниктерден, Кыргызстандын Түштүгүнүн жашоочуларынан алынган маектер көрсөтүлгөн. Бул маектер жогоруда айтылган театралдык пьеса менен толукталган. Бул көрсөтүү көптөрдүн көңүлүн буруп, дагы бир ирээт ойлонууга түрткү болгон.

Элдин добушу...
"DCCAнын" иши жети райондо жана үч шаарда ишке ашырылды. Долбоор боюнча 1500 эмгек мигранты 4500 үй-бүлө камтылып, долбоордун бүтүшү менен фонддун кызматкерлери жыйынтык боюнча элдин пикирин билүү үчүн максаттуу топтордун өкүлдөрүнө кайрылышты. "Дени сак жашоо образы боюнча силер өткөргөн тренингден кийин мен жашоого болгон көз карашымды өзгөрттүм", - деп мойнуна алган өз ара жардамдашуу тобунун мүчөсү. "Эң негизгиси, адам Кыргызстанга жөнөткөн мигранттардын акчасы жөнүндө ойлонбой, биринчи кезекте ден соолугуна кам көрүшү зарыл. Менин оюмча ар бир мигрант мезгил-мезгили менен ВИЧке тесттен өтүп турушу зарыл", - деди айыл тургуну.
Ал эми театралдык көргөзүү боюнча: "Эки жолу уккандан бир ирет өз көзүң менен көрүү керек. Мен эми бул проблемага туш келген үй- бүлөнүн эмне болоорун билем. Жаштар бул оорунун канчалык коркунучтуу экенин спектакль аркылуу түшүнүш керек", - дейт айыл тургуну.
Жыпар АКУНОВА,
"Кыргыз Туусу",
сүрөттөрү автордуку




  Шыңгырай бер, коңгуроо

Келечегиң жарык болсун, түлөктөр!
25-майда бүткүл Кыргызстан боюнча жалпы билим берүү мектептеринде 11-класстын 69 миң бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Жылаажын дооштуу коңгуроо. Кубанычтын көз жашы, гүл көтөргөн мотураңдаган балдар-кыздар, толкунданган ата-энелер, шаңдуу музыка...Билим уясынан чоң турмушка кадамдын башталышы жылына ушундай шаани менен коштолот.
Борборубуздагы №38 мектепте өткөн салтанаттуу иш-чарага катышкан Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жадырап-жайнап, таттуу кыялга батып турушкан бүтүрүүчүлөргө кайрылды: "Мектептеги жылдарыңар артта калды, алдыда силерди жогорку окуу жайына кирүүдөгү сыноо жана чоң турмушка жол күтүп турат. Андыктан, койгон максатыңарга жетишиңерди, өз күчүңөргө ишенишиңерди жана ийгилик каалайм. Коомго пайдалуу, Кыргызстандын татыктуу жарандары болуп чыккыла".
Салтанат маалында Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университетте өткөн олимпиадада ийгиликке жетишкен окуучуларга сертификаттар тапшырылды. Алар бул мектептин беш бүтүрүүчүсү. Мындан сырткары аталган олимпиадада химия сабагы боюнча 9-класстын бүтүрүүчүсү Михаил Каюмов байгелүү орунду ээлеген.
Акыркы жолу окуучулук бир өңчөй ак көйнөк кийишип, мажрүм талдай сүйкүмдүү көрүнгөн жаштар ушул күнү балалык чагы менен да коштошорун, мындан ары ысык-суугу аралаш турмуш дегендин "казаны" менен кайнай башташарын, ар бирине жазылган тагдыр күтүп турганын билишет. Улуу жолго аттанган кечээги окуучулар, бүгүнкү жаштарыбыздын жолу байсалдуу, келечеги жарык болсун!
Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу"




  Темир тор

Камак жайда да калыстык керек
Подполковник Замир Закировдун маалыматына караганда, №1 камак жайында тергөөдөгү 1987 адам кармалып турат. Алардын ичинен 59 адам кургак учук менен ооруса, 25 адам баңгичилик өнөкөтүнө кабылгандар.
Баңгиликке кабылгандар өз ыктыяры боюнча героин баңгизатын убактылуу алмаштыра турган метадон дары-дармеги менен дарылоо усулуна өткөрүлөт. Метадон - синтетикалык баңги дары-дармеги. Ал адамдын баңгизат эңсөө сезимин басат, оор баңгизаттардай карышма оорусуна кабылтпайт. Эл аралык программага ылайык, мындай дарылоо усулу 2009-жылы киргизилген.
Камактагылардын күнүмдүк тамак-ашына 60 сомдон сарпталса, медсанбөлүктө жаткандарга 64 сомдон сарыпталат. Кошумча азык-түлүк алардын жакындары тарабынан керектелүүдө. Алардын жакындарынын келип-кетүүсүнө жана тамак-аш киргизүүсүнө чек коюлбайт.
Камак жайдын медсанбөлүгүндө 270 медициналык кызматкер иштейт. Алардын эмгек акысы төмөн болгондуктан дарыгердин келип-кетүүсү токтобой, ушу тапта 100 кызмат орун бош турат. Дарыгерлердин айлык оклады - 2400 сом.
Бишкек шаарындагы №47 жазаларды аткаруу жайынын медициналык-санитардык бөлүмүндөгү жагдайда ушундай эле абалда экен. Өткөн кылымдын 60-жылдары чыгарылган рентген аппараты, опперация аспабы баш болгон жабдуулардын баардыгы жедеп эскилиги жеткен. Аларды заманбап үлгүгө алмаштырууга каражат жетишсиз. Өзүнүн томографиялык жабдуусу таптакыр жок.
Ошого карабастан, дарыгерлердин басымдуу бөлүгү жеке ыктыяры менен иш алпарып, кандай да болбосун оорулуулардын абалын жеңилдетүү камын көрүп келүүдө. Өткөн 3 жыл аралыгында метадон дарылоо усулунан 400 баңги өнөкөттүү адам сакайып чыкты. Эми, алардын андан ары баңгиликке аралашпоосу өз эркине жана жеке чөйрөсүнө жараша болору анык.
КР ЖК Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча курамында Б.Мамырова, Д.Ниязалиева, Т.Балтабаев кирген ЖК депутаттар тобу Бишкектеги Жазык аткаруу тутумуна караштуу №1 тергөө жайынын жана №47 жазаларды аткаруу мекемесинин Медициналык-санитардык бөлүмдөрүндө өткөн шаршембиде болгонунда мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөндө, ага камак жайларында иштегендер кирбей калгандыгын, эми ошону чечүү жолдорун иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрө тургандыктарын билдиришти. Мындагы медицина кызматкерлери күнү-түнү оор шартта иштешкени менен, аларга 20
пайыздан башка жеңилдиктер каралган эмес. Ар иште калыстыктын болгону жөн.
Д.ИЛБИРСОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-май, 2011-ж.: