Кыргыз гезиттери



  И.Раззаков - 100 жыл

Алтынды дат баспайт
Так ушундай ат менен жакында жарык көргөн китеп - кыргыз элинин ХХ кылымдагы улуу инсаны Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган жана Кыргыз Республикасынын Мада-ният жана маалымат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын камкордугу менен даярдалган.

Бул библиографиялык көрсөткүчкө Исхак Раззаковдун өмүрү жана басып өткөн жолуна арналып чыгарылган жана Улуттук китепкананын фондуда сакталып турган китептер, макалалар, съезд-
дерде, пленумдарда, жыйындарда анын сүйлөгөн сөздөрү, докладдары, ошондой эле И.Раззаков менен бирге иштешкен шакирттеринин, кызматташтарынын, замандаштарынын үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын эскерүүлөрү, айтор бардык чыгармалар толук камтылган. Көрсөткүч өзүнүн өзгөчө терең мазмуну, адабияттардын логикалык жана тарыхый-хронологиялык тартипте жайгаштырылышы менен буга чейин чыккан эмгектерден кескин айырмаланып турат. Акыйкат сөздү айтканда И. Раззаковго арналган бул библиографиялык көрсөткүч улуу инсаныбыздын жаркын элесине арналган китептердин эң жакшыларына кирет. Көрсөткүчтүн түзүүчүлөрү: эл аралык коомдук Айтматов акаде-
миясынын академиги Ж.Айсаракунова, О.С.Сухомлинова, редактору филология илимдеринин доктору, профессор Ж.К. Бакашова китептин жакшы чыгышына зор эмгек жумшашкан. Аларга чын ыкласым менен алкыш айтам.
Жогоруда айтылган ойлорубузду далилдөө иретинде көрсөткүчкө киргизилген айрым чыгармалардан алынган үзүндүлөргө токтолууну зарыл көрдүм.
Китеп Жолдошбай Абдыраимовдун ак дилден жазылган "Чаалыкпас көсөм" аттуу макаласы менен ачылат. Өз кезегинде макала болсо Алыкулдун: "Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп, таскак салып өтөрмүн…" деген ыр саптары менен башталат.
Көрсөткүч Исхак Раззаковдун учкул сөздөрүнөн, докладдарынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, улуу инсандын өмүрү жана ишмердиги жөнүндөгү адабияттардан, досторунун, шакирттеринин, замандаштарынын үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын эскерүүлөрүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Баатыры "Ак Шумкар" өзгөчө артыкчылык төш белгисинин ээси, эл акыны Сооронбай Жусуевдин таамай, таланттуу жазылган ыр саптары улуу инсаныбыздын экинчи, түбөлүк өмүрүнө жарык берип тургансыйт.

Ала-Тоо ичин жанданттың,
Ала-Тоо ичин шаңданттың.
Акылың менен теңдешсиз,
Адамдын баарын таңданттың.

Тажиктин тузун таткансың,
Таалайдын кенчин тапкансың.
Айтылуу өзбек элине,
Акылың менен жаккансың.

Элүүңдө сени жакташты,
Элүүңдө сени
макташты.
Жарым жыл өтпөй
ошолор,
Жабыла сага касташты.

Жаныңды шамдай
жандырып,
Жадырап жүзүң
албырып,
Ала-Тоо - Ата журтуңа,
Акыры келдиң кайрылып.
Көрсөткүчкө кирген эскерүүлөрдөгү айрым ойлорго, пикирлерге кайрылалы: кызматташтарынын эскерүүлөрүнүн биринде мындай бир чети ажайып, бир чети өкүнүч саптар бар: "кыргыздарга кут эки жолу түшкөн дешет. Мындай ойду олуязаада жазуучубуз Насирдин Байтемиров да айткан экен. Биринчи жолу кут - Юсуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолу кут - Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кут сыягындай күтүп ала албаппыз. Юсуп кандуу репрессияда атылып жок болду. Исхактын баркына жетпедик. Ич тардык - көрө албастыгыбыз, элди экиге, жерди жетиге бөлгөн былыкчылыгыбыз түбүбүзгө жетиптир" (Көрсөткүч 42-бет. Мындагы шилтемелер көрсөткүч боюнча).
Бул эки улуу инсандын зор иштеринде эч бир теңдеш жок ыйык маселе бар. Ал кыргыз тили жөнүндөгү, кыргыз мамлекети жөнүндөгү ойлору. Ю.Абдрахманов кыргыз тилин окутуу маселесин, болгондо да В.И. Лениндин айткандарын ишке ашырам деп күйүп кеткен. Дал ушул жерден мен окурмандан кечирим сурайм. Сөздү убагы келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт дегендей, кыргыз тили жөнүндөгү көйгөйлүү маселени айта кетпесем арманда калчудаймын. Кеп кыргыз тилин окутуу жөнүндө болмокчу. Ю.Абдрахмановдун өзүнүн сөзү менен айтканда тил жөнүндөгү маселенин жайы мындай: 1920-жылы Ю.Абдрахманов Москвада өткөн комсомолдун үчүнчү съездине катышат. Ю.Абдрахманов өзү жазгандай съезддин президиумуна шайланып калат. Съездде В.И.Ленин доклад жасайт. Доклады бүткөндөн кийин ордуна келип отуруп, сиз кайдансыз - деп сурайт. Чынын айтсам мен апкаарый түштүм. Суроолордун дагы бири мындай эле: "силерде орус калкы кан-
ча пайыз?", мен беш пайызга жакын дедим. "Калгандары кимдер?", "Казактар жана кыргыздар", "силерде сабаттуулардын саны канча?" - 2 пайызга жакын дедим. Мындай жооп мага туурадай көрүнгөн. "Калгандары эмне сабатсызбы?". Силердин аппарат кайсы тилде иштейт? - орус тилинде - деп жооп бердим. Мындай жооп мага туурадай көрүнгөн. Аппарат кайдан эле кандайдыр бир жергиликтүү тилде иштесин - деп ойлогом.
Владимир Ильичтин өңү бузула түшүп, мындай деди: "Жолдоштор, силер жаңылып, социалисттик революциянын алдында кылмыш жасап жатасыңар. Элдин көпчүлүгү үчүн чоочун тилде иштеген аппарат, элдин көпчүлүгү үчүн түшүнүксүз болгон аппарат, элдин көпчүлүгүнүн күндөлүк маселелерин туюп, сергек мамиле жасай албаган аппарат, эл массалары менен мамиле түзө албайт, аларга эне тилдей жакын боло албайт, демек, силердин милдетиңер окуу жана окуу, жакынкы мезгилде силердин советтик аппарат өзүңөрдүн жериңердеги элдин көпчүлүгүнө түшүнүктүү жакын болушу үчүн иштешиңер керек". Мына ушундай деген В.И. Ленин. Жогоруда келтирилген саптардан бир гана мындай тыянак жасоого болот: В.И. Ленин кыргыз тилин үйрөнүүнүн зарылдыгын так белгилеп кеткен (Абдрахманов Юсуп. Избранные труды /сост. Дж. Джунушалиев и др. Б.: 2006, с. 257).
Ал эми И. Раззаков кандай маселелерди чечүүдө күйүп кеткен! И.Раззаков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп иштеп турганда, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы Казы Дикамбаев болгон. Анын эскермесинде И.Раззаковго төрт маселе боюнча күнөө коюлган. Биринчиден, 1957-жылдын 1-октябрынан тартып 1-4-класстардагы окуучулар үчүн эртең менен ысык тамак бекер уюштургандыгы үчүн… Экинчиден, балдардын арасындагы ооруну төмөндөтүү боюнча чаралар кабыл алынгандыгы үчүн… Үчүнчүдөн, атайын жана жогорку окуу жайларында кыргыз жаштарынын санын көбөйтүп, аны 70-80 пайызга жеткирүүгө аракет жасагандыгы үчүн… Төртүнчүдөн, орус мектептеринде кыргыз тилин окутууну улантууга аракет жасагандыгы үчүн. Кыргыз тили Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле окутулуп келгенин айта кетүү зарыл (68-69-беттер).
Дал ушундай асыл маселелерди көтөргөндүгү үчүн ак жерден жоопко тартылган. Болгондо да партиянын лениндик улуттук саясатын бурмалагандыгы үчүн - деген негизсиз жан кашайткан доо коюлган. Мындай чечим улуу инсан И.Раззаковдун республикада турмушка ашырган зор иштерин көрмөксөндүккө салуу болгон адилетсиз чечим болгон. Бүгүнкү күндө биз бул токтомду четке кагып, И.Раззаковду акташыбыз керек.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак Шумкар" өзгөчө төш белгисинин ээси Күлүйпа Кондучалова акыйкат белгилегендей: "И.Раззаковдун экономикалык негиздөөсүнүн күчү менен азыркы электр энергиянын өндүрүшү түптөлүп, жол куруу тармагы кеңири кулач жайган. Темир жол анын тушунда бүткөн… окумуштуулар далай жакшы иштерди бүтүрүшкөн…
И.Раззаковдун көрөгөч жетекчилиги, ишкердиги анын көп кырдуулугу, даанышмандыгы менен адамдарды суктандырган маданияты, билими, акылмандыгы менен айкалышкандыгын айтпай кетүүгө болбойт… Менде жакшы мүнөз, сапат, жөрөлгө болсо, аларды И.Раззаковдон үйрөнгөм" (46-47-беттер).
Көрсөткүчтө мындан башка дагы И.Раззаковдун даанышман жетекчи болгондугун мүнөздөгөн, эл оозунда кеңири айтылып жүргөн ойлордун айрымдарын келтире кетүү зарыл. Мисалы, 1955-жылы Алматы шаарында өткөн кеңешмеде Н.С. Хрущев И.Раззаковго кайрылып: "Жолдош Исхак Раззакович, сөздүн чынын
айтыңызчы, силерде кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Мына Казакстан быйыл мамлекетке бир миллиард пуд эгин беребиз деп жатышат, ал эми Кыргызстан канча эгин бере алат?" - деди. Анда И.Раззаков: "Никита Сергеевич, кыргыз, казак элдери бир боордош, тууган элдер, демек кыргыздар да өз боорлору казактар менен биригип, чогуу быйыл мамлекетибизге бир миллиард он миллион пуд эгин бере алабыз, буга кудуретибиз жетет", - дейт. Акылмандык менен айтылган бул сөзгө олтургандардын бардыгы кол чаап жиберди, залды күлкү басты…" (53-54-беттер).
И.Раззаковду искусствого, ада-биятка, маданиятка жогору маани берген улуу инсан катары Ч.Айтматов өзгөчө баалаган: "Исхак Раззаков аябай чечен адам эле. Ал киши кайсыл жерге барып жыйналыш өткөрбөсүн, ошол жерге сөзсүз барып, ал кишинин сөзүн угаар элек…" (81-бет).
Белгилүү дунган окумуштуусу М.Сушанло белгилегендей: "Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда жашаган дунган элдеринин өз тилинде чыккан гезити Исхак Раззаковдун бизге таштап кеткен асыл мурасы болуп калды… " (83-бет).
Белгилүү саясий баяндамачы Б. Кылычбеков таамай белгилегендей: "И.Раззаков өз өкмөтү менен азыркы "Бишкек-Ош" долбоорун иштеп чыгышкан. 1960-жылы деңиз дең-гээлинен 3120 метр бийиктиктеги "Төө-Ашуу" ашуусунда узундугу 2,8 км. тоннель тешилген. Бул курулуш Москванын метрострой инженердик-техникалык кызматкерлеринин күчү менен ишке ашырылган. Курулуш ишин Автожол курулуш министри К.Көлбаев башкарган …" (60-бет). Аталган ушундай асыл иштерди жүзөгө ашырган улуу инсаныбызды сактай албадык…
Өзбекстандын көрүнүктүү окумуштуу-илимпозу, балдар үйүндө бирге тарбияланган И.Раззаковдун досу Атакузи Азизов улуу инсан-
дын ичиндеги кайгы-муңун ачык көрсөткөн мындай саптарды келтирет: "Атакузи, силер эркинсиңер, менде андай эркиндик жок, каалаган жагыма кабылан басыш жасап басып кете албайм… Капаска түшүп канатынан ок жеген шумкар болуп отурам. Эми жериме барайын десем, эки көзүм төрт болот. Уруксатсыз эки жакка чыга албайм… Мен үй түрмөдөмүн, бирок мага сот да, өкүм да болгон эмес, элин эстебес эр, жерин дегдебес шер болобу?..." (аталган көрсөткүч 41-бет).
Көрсөткүчтү окуп жатканда айрыкча Турсунбай Бакир уулунун пикирин колдоп "Исхак Раззаковдун эли-жерине, кыргыз мамлекетине сиңирген зор эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын Баатыры "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен көзү өтүп кетсе да сыйласак, анын негизсиз күнөөлөрүн четке кагып, саясий жактан акталышын ишке ашырган бо-лоор элек".
Акырында көрсөткүчтүн дагы бир өзгөчөлүгүн белгилей кетүү зарыл. Китепте атайын бөлүм бар. Ал бөлүмдө орус тилинде жарыяланган макалалар "Великий сын своего народа" к 100-летию со дня рождения Исхака Раззакова" (Библиографический портрет) деген ат менен топтолгон.
Мындай жогорку илимий-методологиялык деңгээлде жазылган көрсөткүч улуу көсөмүбүз Исхак Раззаковдун өмүрү жана ишкердиги, саясий философиялык көз караштарына арналган дипломдук иштердин, кандидаттык, докторлук диссертациялардын жаралышына жакшы көмөк болоруна эч бир күнөм саноого болбойт.
Жыйынтыктап айтканда, "Алтынды дат баспайт" аттуу библиографиялык көрсөткүч Улуттук китепкананын эмгек жамаатынын Улуу инсаныбыз Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына арналган татыктуу белеги! Ишиңиздер илгери болсун!
Аскар КАКЕЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер
академиясынын академиги, Кыргыз-Россия Славян
университетинин илимдин философиясы кафедрасынын башчысы, И.К.Ахунбаев атындагы академиялык
сыйлыктын ээси








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-май, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика