"Кыргыз туусу", 27.05.11
  Археологдун ыйы

Кубатбек ТАБАЛДИЕВ,
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин окутуучусу, археолог:
"Экспонат - тарых,
аны коргобогондор жана
талкалагандар - кылмышкерлер"
- Кубатбек мырза, кыргыз элин эң байыркы элдерден деп билип жатпайбызбы, андай болсо, биз археологиялык эстеликтерге бай болушубуз керек эле. Деги эле Кыргызстандагы ар-
хеологиялык эстеликтердин абалы кандай?
- Чынында эле мекенибиз археологиялык эстеликтерге бай. Көрүнүктүү Өзгөн, Сафед-Булан, Манастын күмбөзү, Бурана өңдүү археологиялык-архитектуралык комплекстерден тышкары 5 миңге жакын катталган жана каттала элек 50 миңдей (археологияык эстеликтер бар. Байыркыларынан баштасак, Баткендеги Капчыгай, Үйташ-Сай, Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөң өңдүү 40 миңдей коллекция чогултулган "устаканалар" дүйнөдө сейрек кездешет. Таш доорундагы эң байыркы адамдар - архантроптор жашаган үңкүр бар. Азыр Борбордук Азия боюнча эң байыркы адам калдыгы Кыргызстандагы Сел-Үңкүрдө табылган. Бул Айдаркендеги Сел-Үңкүр. Физикалык антропологдордун расмий илимий журналдагы айтымында, мындан бир миллион жыл илгерки адамдын 6 тиши, археологиялык табылгалары боюнча мындан 500 миң жылдар илгери чамасындагы таш куралдар табылган. Таш доорунун соңку мезгилиндеги, мындан кеминде 10 миң жыл илгери боёк менен тартылган сүрөттөр Сары-Жаздагы Ак-Чуңкурдан табылган.
Кийинки коло доорундагы, б.а. азыркы күндөн 3-5 миң жыл илгерки эстеликтердин түрлөрү көп. Алар жар таш бетиндеги сүрөттөр, көрүстөндөр, металл буюмдар, турак-жайлар ордулары. Эрте темир доорунда деле ушул сыяктуу эстеликтер кеңири таралган. Айрыкча көрүстөндөрдүн саны арбын. Ошолордон улам орто кылымдарда көптөгөн көчмөн бабаларыбыз шаар маданиятына өтүп турак-жайларды, чептерди курушкан деген жыйынтык жаралат.
- Өткөндө, Президент менен болгон жолугушууда сиз бул эстеликтердин корголбой, жоголуп жаткандыгы тууралуу айттыңыз эле?
- Биздин чет өлкөлүк кесиптештерибиз: "Силердин Кыргызстан байыркы тарыхты археологиялык жактан изилдөө үчүн бай "лаборатория" сыяктуу", - деп айтышат. Алар менен биргелешип изилдеген объекттерибиз бар. Бирок эстеликтердин абалын көрүп, алар да кабатыр болушат. Биз жалпы журтубуз менен коргобой, тескерисинче талкалап жатабыз. Айрыкча, кийинки 20 жылда миңдеген эстеликтерден айрылдык. Көпчүлүгү жерди жеке менчикке өткөргөндө айдоого айлантылды, курулуштар учурунда таш-топурагы пайдаланылды. Ушул процесс дагы да уланып жатат. Ал эмес орто кылымдагы айрым шаар урандылары жеке менчикке өтүп кеткен. Мисалы, ушул эле Бишкектин чыгышындагы орто кылымдарга таандык Ново-Покровка шаарынын борбору менчикке берилген.
- Бул мурастар бизде корголбойбу?
- Мурда тарыхый эстеликтерди коргоо коому болгон (Общество охраны памятников истории и культуры). Аны Күлүйпа Кондучалова эже башкарган. Ал коом азыр жок. Анын имаратын менимче азыр ЮНЕСКО Комиссиясы ээлеп турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 токтому менен бекитилген "Тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө" жобо бар. Анда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик башкаруу - тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат" деп жазылып турат.
Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чегинде тарыхый-маданий эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуу, тарых жана маданият эстеликтерин, алардын аймактарын, тарыхый-маданий коруктарды, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерди, тарыхый-маданий корук аймактарын (жайларын) жана эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүн күтүү жана пайдалануу тартибин белгилөө ж.б. ишке ашырылат.
Мен ал орган деп азыркы маданият министрлигиндеги эки адамдан турган инспекцияны түшүнөм. Биз аларга бузулуп жаткан эстелик тууралуу маалымат беребиз. Алар министрдин атынан кат жөнөтүшөт. Тилекке каршы, алар эстеликти жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Транспорт менен камсыз болгон эмес.
Эгерде ал жободо айтылган орган ушул инспекция болсо, анда Ново-Покровка өңдүү эстеликти териштирип, сотко берип, менчикке берген ишти токтотуп, эстеликти кайрыш керек. Мындай тагдырдагы эстеликтер көп. Атайын коргоого алынган 500дөй эстеликтин тизмеси бар. Алардын ичинде эски тизме боюнча айрым археологиялык эстеликтер киргизилген. Ал тизмеде Бишкекте, Кыргызстанда эчак жок болуп кеткен эстеликтер катталып жүрөт (Мисалы, N80. ул. Муромская, могильник, N 23, Кызыл-Аскерское городище). Бишкектеги N22, Кузнечная крепость азыр ого бетер талкаланып жаткан эстелик
- Кандайдыр чара көрүү керек да же абал ушул боюнча эле улана бериши керекпи?
- Биздеги ар бир облуста ӨКМ сыяктуу жоопкерчиликтүү, транспорт менен камсыз болгон, юридикалык укугу кеңири топтор керек. Анда иштегендер археологиялык казууда такшалган, эстеликти жүрөгү менен сезген адамдар болушу керек.
Алардан башка, жергиликтүү тубаса мураскерлердин колдоосу керек. Андай адамдар ар бир облуста бар. Мисалы, Чолпон-Атадагы облустук край таануу музейинин баштагы директору Кеңешкан Исманова, Бөкөнбаев кыштагынын тургуну Олжобай Сагынбаев, Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев ж.б. Ушул сыяктуу мекенчил инсандардын жолун улаган жаңы муунду тарбиялоо керек.
- Ичтен-сырттан, мамлекеттен тышкары дегеним, бирөө-жарымдардын колдоо көрсөткөн учурлары барбы?
- Кээде биз сырттан гана колдоо издейбиз. Колдоо болгон. Мындан аз эле жыл мурда ЮНЕСКО аркылуу Япония мамлекети колдоо көргөзүп, Чүйдөгү Кызыл-Суу (эски аты Невакетте, Краснореченское городище) буддалык храмдын дубалдарын сактоо үчүн консервация иштери аткарылган. Аз эле убакыт өттү, калкалаган шиферлери талкаланып калыптыр. Ошондуктан эстеликти эл өзү, жалпы коомчулук сактабаса эч натыйжа болбойт.
- Кийинки мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттары Кочкордогу "каракчылык казуу" тууралуу жазышууда, бул тууралуу эмне айтасыз?
- Жергиликтүү элдин айтымында 2010-жылдын декабрь айында, кийин январда, февралда, суукта Ак-Жар айылынын тургуну Молдалиев Болот алтын издеп балдары менен каракчылык казуу жүргүзгөн. Атасы тамак ташып, балдары саат ондон бешке чейин казышкан.
Ал эстеликти бизге совхоздун директору Асан Жооданбеков 1992-жылы көргөзгөн. Силос чуңкурун казууда ачылып калган. Биз келечекте изилденүүчү эстеликтердин тизмесине киргизип, каражат жана казуучу адис даярдоону максат кылганбыз. Тилекке каршы, мамлекет 20 жылдан бери изилдөөгө каражат бөлбөйт.
Эстелик 11-16-кылымдар аралыгындагы күмбөз же ханака (жер алдындагы сыйынуу жайы). Нарын облусундагы эң уникалдуу эстелик. Асман алдында музей болуучу объект. Анын жогору тарабы дагы кошумча бузулуп отурат.
- Аны бузган адамга кандай жаза колдонулушу мүмкүн?
- Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү жободо эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштык, административдик жана башка жоопкерчиликке тартылат. Ал эми мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды төлөөгө милдеттүү.
- Кочкордо археологиялык эстеликтердин арбын болушу бекеринен эмес го?
- Кочкордун Кум-Дөбө айылында XI кылымда Кочкор-Башы деген шаар болгон. Ал шаар Махмуд Кашгаринин картасында катталган. Чынында сыймыктана турган жер. Анын түштүк батышында сакталып калган дубалында Кырк-Чоро күмбөздөрү жайгашкан. Ага жакын жерлерде жер алдында археологиялык маданий катмарлар бар. Азыр ошол жерлер жергиликтүү бийлик органдары тарабынан менчикке бөлүнүү корку-
нучунда турат. КРнын Президенти
Р.Отунбаева музейчилер менен жолугушканда ушул маселе боюнча айтсам, жазып берүүмдү талап кылды. Чара көрүлчүдөй.
- Бул тууралуу жергиликтүү эл менен да иштешсе болот го?
- Жергиликтүү эл талаадан балбал таш же жазуусу бар таш көрсө, мектеп музейине, райондук музейге кабарлап койсо болот. Эски Төрт-Күл, чеп болсо бузбоого тийиш. Азыр кылмыштын жаңы түрү каттала баштады. Аларды "кара археологдор" деп коюшат. Металл детекторлору менен куралданып, тез баюу максатында эстеликтерди талкалап жатышат. Чындыгында, байып кете турган деле табылга болбойт. Ал эми ар бир археологиялык эстелик ирети менен, катмар-катмары менен изилденип, чопо идиш, сөөк буюмдар этият казылат.
Жергиликтүү эл бөлөк-бөтөн бүлдүргүчтөр келсе, эки-үч мөөр басылган уруксат кагазын сурап, ал жок болсо милиция кызматына, айыл өкмөтүнө кайрылышы керек. Аларды эстеликке жолотуунун кереги жок.
Менимче, бизде билим берүүдө ата мурастарды кадырлап сактоо окутулбайт, археологиялык ата мурастарды кадырлоо салты, маданияты калыптанган эмес. Натыйжада улуу муун, орто муундагы боштуктар уланып келип, кийинки муунга дейре келип жетти. Баары бала кезиндеги алтын, казына таап алгандыгы тууралуу, анан жакшы жашап калгандыгы жөнүндөгү жомоктордон тарбия алышкан. Ал жомоктордогу каармандардын бир далайы алтын таап жыргап жашап калыптыр деп оңой байлык издөө көтөрмөлөнүп бүтөт. Алтын бар жерде жылан болот дейт, жер алдына же үңкүргө казынасын катыптыр деген сөз кеңири жайылган.
Ал гана эмес кечээ жакында Манастын күмбөзүнүн жанындагы Ка-роол-Чокуда Президенттик аппараттын өкүлдөрү көрсөтмө берип жүрүшпөдүбү. Археологдорго акча сунуш кылып, ишке тартууга аракет кылышпадыбы. Чет өлкөдөгү коллегаларыбыз шылдың кылышты.
Элди тарыхын, маданиятын кадырлоого "Манас - 1000", "Ош - 3000" жана кыргыз этнонимине 2200 жыл мааракелери оң роль ойноду десек болот. Бул мааракелерде археология иллюстрация катары гана кызмат кылды. Тигил же бул музей үчүн экспонат топтоо менен алектенди. Пландуу иш белгиленип, мааракеден кийин ишти изилдөө иши уланган жок. Мааракеден кийин ошол мааракенин чындыгын далилдеген табылгалардын, эстеликтердин абалы тууралуу кеп козголгон жок.
Дүйнөлүк практикада археологиялык эстеликти сактоо боюнча 10-50-100 жылдык пландар, менеджмент пландары түзүлөт. Бизде көпчүлүк иш президенттик же депутаттык мөөнөт менен чектелген. Археологиянын өзгөчөлүгү ушунда. Алар бизден кийин да кийинки жүздөгөн жылдар сакталышы керек. Биздин милдет - кийинкилерге нак өткөрүп берүү, изилдөө.
Менин ушундай мааракелик иштерге каршылыгым жок. Колдойм. Себеби аз да болсо изилдөө башталат, илимий жыйындар өтөт, китептер басылат. Маараке датасы шарттуу. Мисалы, Ош шаарына үч миң эмес, 3500 жыл жеп да өткөрүү мүмкүн эле. Себеби, археолог Ю,А.Заднепровскийдин 3 радиоуглероддук датасы болгон (2500, 3000, 3500). Маараке үчүн орточо сан алынган. Бул да аздык кылат. Сулайман-Тоонун этегинен археолог В.А.Ранов мезолиттик (б.э.ч. 10-7 миң жылдыктар) таш курал тапкан.
Азыр кыргыз элинин жашы тууралуу маселе абдан популярдуу. Бири 2200 жыл, бири 4 миң, бири 8 миң деп шарттуу даталарды сунуш кылышат. Максат - узакташтыруу.
Чын-чынына келгенде ар бир элдин ысмы өзүнөн бир канча эсе улуу болот. Ар бир жердин тарыхы таш доорунан бери келет. Жазма булакта кездешкен ысым маселеси башка. Жогоруда айткандай, азыр Кыргызстандагы эң байыркы адам сөөк калдыгы антропологдор тарабынан 1 миллион жыл деп аныкталып жатат.
Кеп ошол эстеликтерди сактоодо. Ал эми элдин жашын узакташтыруу аркылуу эстеликти сактап кала албайбыз. Археологиялык изилдөө дагы көп тактоолорду киргизет. Археология элдин маданиятынын башатын далилдүү ачып берет. Кайсы эл улуу деп жарышка тушкөндөн эч пайда жок. Эстеликти сактоо маселесинин алдында ал жарыш эч нерсеге татыбайт.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөр: К.Табалдиевдин сүрөт архивинен алынды