Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Куттуктоо

Кайрат жана каармандыгыңар үчүн!
Жолдош солдаттар жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!
Урматтуу ардагерлер!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 19 жылдыгы менен жана Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул майрамдар Мекенди коргогондордун бардык муундарынын эң жакшы салттарынын символу жана коомдун аскерлерге болгон урмат-сыйын, Куралдуу күчтөрдүн жана Чек арачылардын абдан зор маанисин билдирип, Мекенге болгон сүйүү, республиканын эркиндигин сактап, жарандардын тынчтыгын коргоого багытталган ыйык сезимдердин түбөлүктүүлүгүнөн кабар берет.
Эркиндик жылдары Кыргызстан армиясы өнүгүүнүн татаал жолунда бара жатат. Аскер уюмун түзүүдө тажырыйбанын жоктугу, кесипкөй кадрлардын жетишпегендиги, аскерлерди каржылоонун начардыгы, аскер чөйрөсү боюнча мыйзамдардын жетиштүү деңгээлде болбогондугу биздин Куралдуу күчтөрдүн калыптанышына таасирин тийгизди. Бирок аскер кызматкерлеринин баарынын аскердик милдетти аткарууга берилгендигине, атуулдук сезимдерине жана Кыргызстан эли менен мамлекетине кызмат өтөөсүнүн ишенимдүүлүгүнө байланыштуу армиянын жана чек ара кызматынын позициялары жылдан жылга бекемделүүдө.
Өткөн жылдары аскерлердин тышкы жана ички коопсуздукту камсыз кылуудагы, чек араны кайтаруудагы иштери урмат-сыйга татыктуу болду. Буга өлкөнүн түштүгүндө бандиттерге жана террористтерге каршы биздин солдаттар, офицер курамы жана чек арачылар көрсөткөн эрдиги жана кайраты ишенимдүү далил болот. Биз бүткүл дүйнө жүзүнө өз күчүбүз менен өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттик чек аранын ишенимдүү корголушун камсыз кылууга жөндөмдүү экенибизди далилдедик.
Биздин коомдо Кыргызстандын улуттук коопсуздугун согушка жарактуу Куралдуу күчтөр жана Чек ара аскерлери болбосо толук кандуу камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнө башташты деп айта алабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаңы бийлиги армиянын жана чек ара кызматынын түзүмүн жана курамын өркүндөтүүгө, аскер кызматкерлеринин турмуш деңгээлин жогорулатууга жана социалдык коргоону толук кандуу камсыз кылууга бардык аракеттерди жумшайт. Сөз аскер жана чек ара инфратүзүмүнө, аскер техникасын сатып алууга каржылоонун өсүшү, аскер кызматкерлерине жаңы батирлерди жана жер бөлүп берүү жөнүндө болуп жатат. Кезекте эмгек акыны көбөйтүү, медициналык тейлөөнү жакшыртуу, заманбап социалдык - тиричилик шарттарын түзүү турат. Аскер кызматкерлеринин жашоосунун жана кызматынын сапатын жогорулатуу үчүн бардык чаралар көрүлөт.
Урматтуу мекендештер!
Бардык мезгилде аскердик сыймыкты сактоону жана аскер милдетин аткарууну жогору баалап келишкен. Куралдуу күчтөрдүн жана Чек ара аскерлеринин каарман иштери жаштарды атуулдукка тарбиялоого, армиянын жана аскер кызматынын аброюн жогорулатууга кошкон зор салымы болуп саналат, азыркы муундагы аскер кызматкерлерине үлгү болот.
Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 19 жылдыгы жана Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Чың ден соолук, тынчтык жана бакубат турмуш, кайраттуу дем жана оптимизм каалаймын.
Куралдуу күчтөрдүн жеке курамына, ошондой эле чек ара аскерлерине аскердик даярдык абдан жакшы болуп, кесипкөйлүк өркүндөп, аскердик устаттык арбысын, кайрат жана каармандык жогору деңгээлде болсун деген каа-
лоомду билдирем.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!
Роза Отунбаева,
Кыргыз Республикасынын
Президенти




  Алака акыбети

Новосибирскиде
Кыргыз соода үйү ачылат
26-майда Премьер-министр Алмазбек Атамбаев атайын иш сапар менен келген Россиянын Новосибирск облусунун губернатору Василий Юрченко менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин протоколдоруна кол коюшту. Анда Новосибирск шаарынан кыргызстандык ишкерлер үчүн Соода үйүн курууга жер бөлүнгөндүгү маалымдалды.

Союз тарагандан кийин Кыргызстан менен Россиянын мамилелери солгундай түшкөн. Кантсе да экономикалык бир алкакта, алыш-бериши калыптанып калган эки мамлекеттин экономикасына бир топ эле
таасирин тийгизгендигин сезген эки тарап кийинки мезгилдерде кайрадан мамилелерди түзүүгө өтө баштады. Ага акыркы мезгилдеги бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан бажы союзуна кирүүгө көрүлгөн аракет мисал боло алат. Байланышууну жакшыртуу максатында Россиянын президентинин администрациясынын сунушу менен быйыл 11 регионунан 2 губернатор, өкүлдөр келишип, биргеликте иштешүү тууралуу келишимдерди түзүп кетишкен. Миграция боюнча форум да өткөн.
Жакында эле алтайлыктар Ошто болушуп, өнөктөш катары иш алып баруунун бир нече багыттарын аныкташкан. Көп узабай, 26-майда Новосибирск облусунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев сөз башында Россиянын региондорунан иш сапары менен келишкен өкүлдөр менен ай
сайын кызматташуу иш-чараларын белгилеген жолугушууларды өткөрүү көнүмүш болуп калгандыгын белгиледи: "Кыргызстандын бажы союзуна кириши жөн эле сөз эмес, өкмөттүн такталган программасы, аны ишке ашыруу боюнча иштеп жатабыз. Бажы союзуна жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирсек, биринчи кезекте Россияда эмгектенишкен кыргызстандык атуулдарга жакшы шарттар түзүлөт. Алар россиялыктардан шайлоо укуктарынан гана айырмаланбаса, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга, сатууга, жеке менчик ишканаларды ачууга мүмкүнчүлүктөр болот", - деди Алмазбек Атамбаев.
Новосибирск облусунун губернатору В.Юрченко Россиянын Новосибирск облусунун Кыргызстан менен экономикалык мамилени өнүктүрүүдө жакшы шарттарынын бардыгын баса белгиледи. Новосибирск облусунда кыргызстандык ишкерлер Соода үйүн куруу үчүн жер бөлүнүп берилгендигин маалымдады. Буга байланыштуу Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кыргыз ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоо боюнча маалыматтарды ыкчам жеткирүүнү өтүндү.
Новосибирскиде 30 миңден ашык кыргыз атуулдары иштешип жаткандыгын, 100дөн ашык студент окушкандыгын, көп маселелерди чече турган Кыргызстанда консулдукту ачуунун дипломатиялык документтери даярдалып калгандыгын билдирди. "Табияты кооз, аба-ырайы жагымдуу Ысык-Көлдө балдардын эс алууларын уюштурууну пландап жатабыз", - деди губернатор.
Кыргыз Өкмөт башчысы россиялык меймандар кызматташуу алакаларын түзүү үчүн Ысык-Көлгө барышарын айтты.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-май, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика