Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Жолугушуу

Мыйзам долбоорун илгерилетүү - көңүл борборунда
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибековду кабыл алды.
Ахматбек Келдибеков мамлекет башчысына кыргыз парламенттик делегациясынын Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары туурасында айтып берди. Ал жерде өткөн жумада КМШ, ЕвАзЭК жана ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдары болгон.
Роза Отунбаева парламенттер аралык кызматташтыктын өнүгүшү Кыргызстанда парламенттик демократия түзүлүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ болуп отурат.
Андан тышкары, Роза Отунбаева менен Ахматбек Келдибеков ички саясий абалды жана парламент тарабынан кабыл алынып, мамлекет башчысы кол койгондон кийин күчүнө кире турган мыйзам долбоорлорун талкуулашты.
Президент менен спикер алдыда боло турган президенттик шайлоолорго байланыштуу бир катар мыйзам долбоор-лорун илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жолугу-шууда сот реформасын ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорлорунун топтомун кабыл алуу туурасында да сөз болду.
Жолугушуунун аягында Роза Отунбаева мыйзамдарды колдонуудагы Конституцияга ылайык келтирүү үчүн кандай чаралар керек экендиги жөнүндө өз көз карашын билдирди.
Д.ӨМҮРЖАНОВ
Сүрөтү
С.Досалиевдики




  Китеп дүңүртү

"Китепкана - тынчтыктын, ынтымактын ордосу"
Эмне үчүн акыркы убактарда Кыргызстан бүтүндөй дүйнө жүзүн кооптондурган, техниканын өсүп-өнүгүүсү менен таасирин жоготуу абалында турган китеп маселесине көбүрөөк көңүл бөлө баштады? Кыргызстандагы этностор аралык маселелерди чечүүдө, улуттардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөөдө китепканалардын ролу канчалык?
Бул тууралуу КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Китепкана - тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу" аттуу 3-Республикалык китепканалар форумунда сүйлөп, аймактардан чогулган китепканачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ошол эле убакта Президент өлкөбүздөгү китептин ордун оңой менен толбой турган боштукка салыштырды:
- Биз тынымсыз аракеттенүүнүн натыйжасында анын 60%ын гана араң толтурат экенбиз... - деди Президент. - Кыргызча сапаттуу китептердин улам таңсыкка айланып баратышынан, учурда "Нуска" китеп дүкөнү жабылып калуу коркунучунда турат.
Тактап айтканда, бул маселеге канчалык көңүл бурулуп жатканы менен, абал дагы эле оор бойдон калууда.
Президент өзүнүн кеңешчиси С.Раев менен биргелешип ишке ашырып жаткан "Китеп ордосу" долбоору дагы мына ушундай максатта ишке киришкендигин белгиледи.
КРнын Улуттук китепканасында өткөн ушул эле иш-чарада Президент Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкананын башкы методисти Фарида Чыныбаеваны "Даңк" медалы менен сыйлап, КРнын Улуттук китепканасынын илимий-изилдөө иштер бөлүмүнүн башкы китепканачысы Жамила Айсаракуновага "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берди. Мындан сырткары бир катар китепканачылар, китеп басуучулар КРнын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жыпар ИСАБАЕВА, "Кыргыз Туусу"




  "Алтын түйүндүн" алтын тою

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза ОТУНБАЕВА:
"Кыргызстан так илимдер боюнча адистерге муктаж"
"Кыргызстанда экономиканын эки канаты бар. Бири - тоо кен өндүрүш тармагы, экинчиси - энергетика. Айталы, учурда 700 тонна депозити бар "Кумтөр" алтын кенинде көптөгөн инженерлер, геологдор эмгектенишүүдө. Республика боюнча геологиялык ири изилдөөлөр жүрүүдө.
Өлкөбүздө табигый кен байлыктардын түрлөрү өтө арбын. Жаштарга бул тармактарда иш азыр да, келечекте да толтура табылат. Республиканын энергетикасынын Борбордук Азия аймагына таасири күчтүү. Андыктан силердин алган билимиңер сөзсүз суроо талапка ээ. Бүгүнкү күндө өткөрүү линияларын куруп жатабыз. Кыргызстандын электр энергиясы Тажикстан аркылуу четке сатылат. Бизден Афганистан, Пакистан мамлекеттерине жана Кытай Эл Республикасына линия толук тартылса, жаңы жаш адистер керек болот. Ушундай көптөгөн себептерге байланыштуу бүгүнкү күндө так илимдерге олуттуу, өтө терең маани берүү милдет", - деди Президент Роза Отунбаева Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлгөн аталган мааракеге арналган салтанатта.
Балдардын республикалык инженердик-техникалык "Алтын түйүн" академиясы 1961-жылы уюшулган. Ага азыр 50 жыл толуп отурат. Союз мезгилинде Кыргызстанда Орто Азия боюнча сейрек ири заводдор, ишканалар бар болчу. Өнөр жай өндүрүшүнүн ооматы келип турган. Ушундай жагдайда жаш жеткинчектерге техникалык билимдердин эшигин ачуу, так илимдерге бала кезден чыгармачылык менен мамиле кылууга чыйыр салуу максатында мамлекет тарабынан кам көрүлгөн. Андан бери балдардын "Алтын түйүн" инжерендик-техникалык академиясы жүздөгөн балдарды татаал техникалар, станоктор менен "сүйлөшүүнүн" алгачкы алиппесин ачкан. Ойлоп чыгаруучулук жөндөмдөрүн ачууга аракеттер көрүлгөн. Элүү жыл аралыгында Кыргызстандын жаш техниктери бүткүл союздук, эл аралык мелдештерде республикабыздын намысын колдон чыгарбай ийгиликтерге жетишишкен.
Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму Кыргызстандын билим берүү системасынын акыркы жыйырма жылдагы абалына талдоо жүргүзгөн. Иликтөөнүн натыйжасы боюнча Кыргызстандын эң арткы орунга түшүп кеткени аныкталган. Аталган уюмдун курамындагы өнүккөн ири мамлекеттердин билим рейтинги ар дайым талдоого алынып турат. Ошол иликтөөдө республикабыздын агартуу тармагы, илим деңгээли кай жакка баратат? Мындан ары аны кайра көтөрүү үчүн эмне кылуу керек? - деген суроо туулган. Өлкөнүн агартуу системасы так илимдердин жетишсиздиги боюнча эки буту майып кишинин түспөлүндө. Президент жыйында ушул көйгөйдү катуу баса белгилеп, мугалимдер менен жаштарга так илимдер боюнча адистиктерге ээ болууга үндөдү. Кыргызстан рынок экономикасына өткөндүгүнө байланыштуу менеджмент, экономист, юрист, чет тилдери боюнча адистиктер ашыкча арбын даярдалган. Алардын көбү иш таппай жүрүшөт. Ал эми техникалык кадрлар өзүбүздө гана эмес, дүйнөнүн бардык тармагында талап кылынууда.
Салтанаттуу жыйынга Россиянын илимдер академиясынын академиги, П.Ширшов атындагы океанология институтунун директору Роберт Нигматуллин келип катышты. Мейман өз сөзүндө СССРдин космонавтика тармагына ири салымын кошкон жердешибиз Халил Рахматулин тууралуу кызыктуу баяндап берди. 1900-жылы Халил Рахматулин Токмокто төрөлгөн. Ал Россиядан билим алып, космонавтикага чоң салымын кошкон. Союз учурунда стратегиялык тармактар боюнча ири илимпоздордун ысымдарына чейин жашыруун болгондуктан, коомчулуктун алар тууралуу кабары аз. Академик меймандын айтымында биздин мекендешибиз Х.Рахматулиндин СССРдин космос багытына кошкон салымы экинин бири катары эсептелген. Жыл сайын Кыргызстанда Рахматулиндин ысымына байланыштуу илимий конференция өтүп келе жатат. Мына ошол илимий жыйынга келген россиялык академик Р.Нигматулин: "Мен өмүрүм өткөнчө Рахматулиндин илимине байланышкан Кыргызстанда өтүп туруучу конференцияга келе берем", - деп баалады. Кыргызстандыктар космонавттарга керектүү дары чыгарган, белгилүү фармаколог, академик Арстанбек Алтымышев менен сыймыктанат. Ал эми бизден Салижан Шарипов сыяктуу космонавттын чыгышы кыргызстандык жаштарды техникалык илимдерге чоң үмүт артуусуна дем бериши бышык.
- Бир кездерде өлкө боюнча "Алтын түйүндүн" 23 станциясы бар эле. Тилекке каршы, алардын саны жыл өткөн сайын кыскарып отурду. Учурда республика боюнча 2000ден ашык мектепте болгону 0,5 пайыз гана балдар буга тартылган. Кыргызстан өз учурунда инженердик республика болчу. Бүгүн да ошол артыкчылыгынын баарын болбосо да, азын сактап калууга жетиштик. Бизде так илимдерге багыт берүүчү окуу жайлары бар. Мындан он жыл мурда Малайзияга барганымда бизден ал жакка иштеп кеткен белгилүү окумуштууну жолуктурдум. Ошондо ал Малайзияга караганда биздеги техникалык билимдердин деңгээли алда канча жогору экенин айтып тамшанган. Кыргызстандын космоско алгачкы багыт алган ири державанын курамындагы индустриялык өлкө болгондугун унутпашыбыз керек, - деди мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-май, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика