Кыргыз гезиттери



  Өнөр сереси

Майрам Дүйшөкеева,
КРнын эмгек
сиңирген артисти:
"Бактым менин - ырларда"

- Майрам эже, жакында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында (28-майда, 18.30да - Ж.И.) жеке чыгармачылык концертиңизди берем деп күйүгүп чуркап, даярдык көрүп жаткан экенсиз. "Саргара жортсоң - кызара бөртөсүң" дегендей, ошол күнү элдин алдында ушундай бир агыңыздан жарылып, төгүлүп-чачылып, бактылуу болуп ырдап турганыңызды элестетип атам...
- Рахмат, сиңдим. Чыны менен эле ошондой. Ырчынын эң бактылуу учуру - ошол ырдап жаткан кези. Буга чейинки, мейли турмушта болобу, мейли чыгармачылыкта болобу, же ар кандай адамдардын мамилесинде болобу, айтор бардык азап-тозогуңду саамга унутуп таштап, бүткөн боюң балкып, көкүрөк-көңүлүң көлкүлдөп бир төгүлүп-чачылып турасың да. Анын үстүнө бул жолку концертим - менин эл алдындагы бир чети отчеттук, бир чети мааракелик концертим.
- Отчёттук болгондо, канча жылдык отчёт десек болот?
- Ушул филармонияда, ушул оркестрде иштегениме туура отуз жыл болду. Саресеп салып, артыма кылчайып карап отурсам, бир топ эле узак да, татаал да мезгилди басып өтүпмүн. Кандай суулар аккан жок, кандай гана толкун болгон жок?.. Айтор, чыгармачылык жолдун, чыгармачылык дүйнөнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келем...
- Айтмакчы, жана сиз: "Бул концертти былтыр беришим керек эле..." - дегендей сөз кылдыңыз?..
- Негизинен, убактысы боюнча былтыр болчу. Бирок, өткөн жылы өлкөбүздө ар кандай окуялар болуп кетпедиби. Элдин башына каран күн түшүп, энелер кара кийип ыйлап, эл мүңкүрөп турса, мен кантип ырдай алам? Ошондуктан токтотуп койгом. Быйыл деле көп чыгына албай жүрдүм эле, элден айланса болот, Ат-Башы коомдукфонду колдоо көрсөтүп, төркүндөрүм мени шыктандырып салышты.
- Буга чейин да эки-үч жолу концертиңиз
болсо керек эле, аны да жердештериңиз көтөргөнбү?
- Жок, анда эч кимге билгизбей, бирөөнүн көңүл бурушун суранбай эле, өзүм деле көңүл бөлбөй эле, жөнөкөй эле уюштургам. Бирден-бир жардамчым уулум болгон. Эми болсо, фонддун кайрылганынан улам, өзүм да бир аз кубанып, өзүмө-өзүм ыраазы болуп койдум: "Ии, демек, төркүндөрүм мени эл алдында урмат-сыйы бар, жакшы аты бар деп көңүл буруп жатышса керек..." - деп. Айрыкча чыгармачыл адамдарга жакшы сөз ушундай бир дем берет эмеспи, ачка турсаң тоюп, арык болсоң семирип дегендей... Элге рахмат. Эми ошол ишенимди актаган, эл эс алып кете турган бир жакшы концерт берейин деп жан үрөп турган кезим. Буюрса, жаман болбойт деп ишенем. Негизинен өзүм ырдайм. Бирок, "майрамыңызды куттуктап ырдап беребиз" деп Гүлзат Байзакова, Замир Арыкбаев, Токтобек Асаналиев, өзүмдүн кесиптештеримден Төрөбек Чырмашев сыяктуу жаштар дагы келебиз деп жатышат. Өзүм сабак берген консерваториядан дагы бир-эки окуучумдун тушоосун кесип, концертимде алып чыгайын деп жатам. Мен адегенде сахнага Нарын драма театрында комуз менен, аккор-деон менен чыккан элем да. Ушуларды, эстраданы да кошоюн деп жатам.
- Нарын театрынан улуттук, филармонияга келген жол тууралуу кеп кыла кетсеңиз? Мунун да өзүнчө тарыхы, таржымалы болсо керек да? Анан да чыгармачылыктын ысык-суугу тууралуу айтпадыңызбы, жөнөкөй адамдарга ырчыларда баары жакшыдай, эч маселе жоктой сезилиши мүмкүн. Ал эми сахнанын артында кандай жашоо барын баары эле биле беришпейт. Сиз кандай ысык-
суукту башыңыздан кечирдиңиз эле?
- 1982-жылы Нарындан Жумамүдүн Шера-лиевдин отчеттук концертине камынып калдык, борборго барып концерт беребиз деп. Ошентип жатсак эле, мени тизмеден алып коюшуптур: "Муну филармониядагылар алып калышы мүмкүн, ошондой сөз болуп жатат", - деп. Мен болсом букулдап ыйлап, Жумамүдүн агайга таарынып: "Сизсиз деле, өзүм деле барам!" - деп жүрөм. Ал киши болсо кулагыма шыбырап: "Коркпо, кызым, барасың. Акырын камдана бер", - деп коёт. Айткандай эле "бул кыз барбаса болбойт" деп көгөрүп атып, кайра тизмеге киргиздирип алып келди да. Келип эле репетицияга отурдук. Ошондо мен бир-эки ырдаганда эле оркестр менен ырдап кеттим. "Бул биздин кадр экен!" - деп оркестрдегилер күбүң-шыбың болуп калышты. Билесиң да, ал кезде оркестрге эмес, аккордеон менен ырдаганга дагы укмуштуудай тандоолордун негизинде алышчу.
КРнын эл артисти Эсенгул Жумабаев деген агайыбыз бар болчу, ошол киши: "Азамат, кыргыздын Зыкинасы турбайбы!" - деп канча бир кишинин көз алдында мактап, ыраазы болуп туруп: "Бүгүн кечинде сен оркестр менен ырдайсың!" - деди. Ошентип, ушул оркестрге кабыл алышкан. Бирок, ошондо эле көрө албастык кылгандар бар экен. Мен бол-
сом баламын да, болгону жыйырма экидеги кыз элем, эч нерсени байкабай жүрө берипмин. Алар болсо мени чоң-чоң, мамлекеттик деңгээлдеги концерттерден чийдирип ташташып, билгизе да, билгизбей да бир топ эле кодулоо иштерин жасай беришиптир. Бирок, кыргыздын бул адаты эч качан калбайт көрүнөт. Ал адамдын башы менен бирге жатчудай сыягы...
Адам канчалык таланттуу болсо, канчалык элге-журтка алына баштаса, ага бут тосуулар, көрө албастар ошончолук көбөйө баштайт экен.
- Майрам эже, эмки берер жообуңуз сизди кумир туткан сиңдилериңизге, күйөрмандарыңызга, деги эле жалпы кыз-келиндерге керек болсо керек... Айтыңызчы, жаштыкты, үндү, фигураны кантип калыбында сактап калса болот? Айтмакчы, сиздин бир сезондо болуп көрбөгөндөй салмак таштаганыңыз бир кезде бүт күйөрмандарыңызды таңданткан болчу?
- Ошондон кийин айрым күйөрмандарым: "Мурдагы эле толуп, болуп турган көрүнүшүң жакшы эле, Зыкинадай болуп. Толушуң керек", - деп арыктаганыма көнбөй, чычалап жүрүштү. Ал эми келбетти калыбына келтирүү - айтканга оңой, бирок өтө чоң машакат. Ошондуктан, күйөрмандарымды канчалык сыйласам да, кеңештерине макул боло алган жокмун...
- Сиз ага чейин деле формаңызда тургандай сезилчүсүз. Анткени, толуп турган кезиңиз да сизге жарашчу.
- Рахмат. Мен өзүм деле ошентип ойлочумун. Бирок, бир мезгилдерде теледегилер ушундай бир шылтоону бетине кармап алышты: "Толуктарды тартпайбыз..." - деген. А бирок, баштык-үштүк көтөрүп, чөнтөгүнө акча сала койгондорду талантына, келбетине деле карабай тартып атышты. Ушундай заман болбодубу. Бир күнү анан, эсимде, 2004-жылдын 9-декабры болчу, телевизордон чет элдик ырчыларды карап отуруп эле: "Эмнеге мен ушулардай боло албайм? Эмнеге арыктай албайм? Эмнеге ушулар кийген кийимди мен кийе албайм?" - деген ой кетти. Менин алардан эмнем кем?! Ошентип, ошол замат чечимге келдим дагы, он күн карандай сууга отурдум.
- Эмнеге ушул ыкманы тандадыңыз?
- Анткени бул ата-бабаларыбыздан калган ыкма да. Угуп калсаң керек, "кырк күнү сууга отуруп айыгуу" деген сөз бар эмес беле.
- Ооба. Бирок, кыйынчылыгы болдубу?
- Болот да. Алым кетип, кээде жумушка келе албай калып жаттым.
Бирок, ошого карабай, гимнастика жасоо да мендеги көнүмүш адатка айланып калды. Он күндөн кийин анан тамакка аз-аздан аралашып, алаканга ченеп тамак иче баштадым. Ошентип, майдын жыйырма экисинде таразага түшсөм, туура 22 килограмм арыктаган экемин. Мунун баары, албетте, айтканга жеңил. "Эркиң өтө күчтүү экен", - деп калышат эми да.
- Ооруп калган жоксузбу?
- Жок. Тескерисинче жеңилдеп, жакшы болуп калдым.
- Дароо анчалык арыктоодон бетке бырыш түшүп кетет дешет?
- Балким, өңүм сары болгондо ошондой болмоктур, ал деле адамдын тери өзгөчөлүгүнөн же жеке табиятынан болот го.
- Уулуңуз да ырдайбы?
- Уулум да ырдайт, таланты бар. Бирок, эс тарткан кезде: "Апа, чыгармачылыктын жыргал-кууралын сиз тартканыңыз жетишет го. Мен башка кесипти тандайын, сизди багайын, сизге демөөрчү болоюн" деп чыгармачылыктан баш тартты. Азыр окуусун бүтүп, иштеп жатат.
- Келин алдыңызбы?
- Ала элекмин. Ушул концерттен кийин балам менен сүйлөшөм го. Эмнегедир эле акыркы убактарда кайнене, чоң эне болгум келип жүрөт десең... Кайра коркуп кетем, деги жакшы кайнене болсом экен деп...
- Рахмат сизге. Алдыда боло турган концертиңизге ийгиликтерди каалайбыз жана да өзүңүз каалагандай келиндүү болуп, небере жытташыңызга тилектешпиз.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
сүрөттөр М.Дүйшекееванын үй бүлөлүк архивинен алынды








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-май, 2011-ж.: