"Кыргыз туусу", 27.05.11
  Эсен болуп, эстей жүр

Ар жекшембини "ассалоомуалейкум" менен баштачу
Турмуштун агымы ушул экен, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер", КТРКнын ардагери Эралы Айылчиевдин көзү өткөнүнө бир жыл болуп калган экен. Бирок анын элеси, баскан-турганы, адамгерчилик улуу сапаты дайыма биздин көз алдыбызда турат.
Мындан элүү жыл мурда али студенттик кезекте кандай болсо, достугубуз, калемдештик сырдашуубуз улам бекемделип, ушул күнгө жеткен экенбиз.
Кыргыз Улуттук университетинен жогорку билимге ээ болуп, 1961-жылы Сузактагы айтылуу "Чаңгыр-Таш" орто мектебинде эмгек жолун баштаган. Бирок чыгармачылык күч, талант аны калем кармоого мажбурлап, журналисттик кесипке шыгы түшкөн. Ошондон 1962-жылдын 1-июлунан тартып кыргыз телевидениесинде жаңылык бөлүмүнүн редактору болуп, эмгек жолун баштап, башкы редакторго чейинки чыгармачылык жолду басты. Аны менен бирге комитеттин коомдук иштерине активдүү катышып, партия уюмунун катчысы, ардагерлер кеңешинин төрагасы, жаштардын насаатчысы болуп эмгектенген.
Кыргыз телевидениесинин ал кездеги "Жаңылыктар", маалыматтык "Радиус", "Кабарлар", "Ала-Тоо" программаларын уюштуруучулардан да, алып баруучулардан да болгону эсибизде. Бул мезгил Кыргыз телевидениесинин жаңыдан калыптанып келе жаткан учуру эле. Телекөрүүчүлөр да улам арбып, телепрограммалардын кызыктуу бо-луусу үчүн ага ынтызар жаштардын катары өсүп, изденүүнүн көп кырдуу аракеттери жүрүп, чыгармачылык табылгалары, журналисттик ой толгоолору менен такшала берген. Негизи анын журналисттик өнөрү 8-9-класстарда окуп жүргөндө эле облустук "Ысык-Көл правдасы" гезитине кабар жазуудан башталган. Ошондон тартып облустук, республикалык гезиттерге үзбөй кабарларды жазып, анын айрымдары жарык көргөн сайын кабар жазуу шыгы артып, ага тартыла берет. Жаш кезинен кызыккан бул өнөр кийин анын чыгармачылыгынын негизи болуп калды. Ушул өнөрканадан Эралы Айылчиевдин социалдык-экономикалык темада терең маз-муундуу сценарийлери менен даярдалган "Тянь-Шань районунун фестивалы", "Ош көктөмү", "Нарын агымы", "Оргочордун асыл тукум койлору", "Топозчу", "Днепр-Славутич", "Кыргызстандын кызылчасы", "Суусамыр", "Чолпон-Ата аргымактары" телекөрсөтүүлөрү Союздук экранга чыгарылып жогору бааланган. Үч бөлүмдүү "Дерзание" документалдык фильминин сценарийин Михаил Яковлев менен биргелешип жазып, ал Союздук телеэкранга таркатылган.
Анын эмгек жолундагы дагы бир урунттуу учур - Талас облустук телерадио комитетин түзүү жана анын жетекчилик милдетин аткаруу мезгили. Ал 1981-жылга туура келет. Облустук масштабда уюшулган бул мекеме тез эле "Талас таңшыйт" программасы менен республикага таанымал, эл-журтка өтө жагымдуу уктуруулардан болуп чыга келди. Ага кызыккандардын аудиториясы бүткүл Кыргызстанды кучагына алып, мыскыл менен тамашанын эл сүйгөн радиотеатрына айланып кетти. Эралы Айылчиевдин жекече демилгеси менен уюштурулган "Талас таңшыйт" программасы бүгүнкү күндө да эфирде жаңырып келе жатат.
Андан соң 1994-2004-жылдары кыргыз радиосунун директору, 2005-жылдан тартып КТРКнын видео-кино-фонотекасынын директору кызматтарын аткарган. Ал кездерде автордук "Жаңы толкун" программасын, ар жекшембиде "ассалоомуалейкум" менен баштап, таң эртеңден таттуу учурашып алчу.
Ошол учурда "Жума жаңырыгы" маалымат-талдоо программасын, "Ыйман" уктуруусун да эфирге чыгарып турган.
Ал эми өмүрүнүн соңку жылдарында (күндөрүндө) Алтын казына фондуна директор болуу менен бирге, көзү өткөн кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын өрнөктүү өмүр жолдорун "Кыргыз радиосунун алтын казынасынан", "Мен - Кыргызмын!" публицистикалык уктурууларында обого чыгарып турду.
Эралы Айылчиевдин жазуучулук майданда да азын-оолак эмгеги бар. Өзүнчө, китеп болуп чыккан "Тоолук жигит", "Кызыктуу чакырымдар" чыгармаларынын автору.
"Эмгекчил дыйкан эринбейт" дегендей, ошол эринбеген, талыкпай-тажабаган үзүрдүү эмгегинин натыйжасында "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамына 1995-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына (1967-ж), Манас-1000 эстелик медалына, "Эмгек ардагери" медалына татыган. "СССР телера-диосунун отличниги", "Кыргыз телерадиосунун отличниги", "Мада-нияттын мыкты кызматкери" төш белгилерине ээ болгон. СССР журналисттер союзунун мүчөсү болгон. СССРдин, Кыргызстандын телерадиосунун бир нече ардак грамоталарын алган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн диплому менен сыйланган (2002-ж)."Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия
алуучу" - наамы ыйгарылган.
Өмүрүнүн соңуна чейин калемин колунан түшүрбөй, чыгармачылыгын улантып келген. Ал жалгыз гана телерадионун көрүнүктүү ишмери эмес, бактылуу үй-бүлөнүн барктуу атасы, чоң атасы, жары болучу.
Кыргыз телерадиосунда 50 жылга чукул эмгек өтөгөн, телекөрүүчүлөргө жана радио угуучуларга жаркын жүзү, таанымал үнү менен сүйкүмдүү болгон, өзүнө гана таандык жолу бар кесипкөй телерадиожурналист катары дайыма эсибизде!
Бакай Сексенбаев,
жазуучу




  Эки жээктин эрөөлү

Мэрди колдогула, Бишкекти кордобогула!
Жыл жаңыргандан баштап эле Бишкек шаарынын мэриясы "Ош" базарынын жана улуттук "Кыял" элдик көркөм өнөр жайлар бирикмесинин айланасындагы "убактылуу" делинип, самсаалаган, бирок узак жылдардан бери иштеп келе жаткан соода-сатык жайларын тазалай баштаганы бизди, шаардыктарды, кубанткан болчу.

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашып, быкпырдай кайнаган бул базарда санитардык нормалардын карааны да жок. Кадам сайын кездешкен ууру-кескинин, чөнтөкчүлөрдүн, оору-сыркоонун, ыпластыктын очогуна небак айланып калганын сокур киши гана көрбөшү мүмкүн.
Бир жылдары "Ош" базары борбор шаарыбыздын калкы үчүн жакшы тилек менен ачылса, учурда анын кадыр-баркына карандай доо кетирүүдө. Элдин турмуш-шарты, ал түгүл аң-сезими, маданий, руханий деңгээли базарынан күзгүдөй көрүнүп турат. Жаан-чачын күндөрү кызыл ашыктан баткак. Андайда түзүк кийим кийинип, "Ош" базарына барууга мүмкүн эмес. Көп жылдардан бери санитардык көзөмөлдүн жоктугунуна чычкандан чоңураак, мышыктан кичирээк келемиштер көз көрүнө жүгүрүп, соодагерлердин товарларын аралап жүрөт. Балчык-чалчыкка айран-сүтүн коюп, арабага токоч нанын салып алып саткандар ошону жеп-ичкен кардарлардын убал сообун ойлошпойбу? Албетте, ушул базардан тиричилигин өткөрүп, көнүп калгандар убактылуу болсо да башка жакка барып соода кылгылары келбей жатат. Бирок, алар да борбор шаарыбыздын эртеңки келечегин, тазалыгын, сулуулугун ойлошу керек. Ушул борбордо алардын да балдары окуп жаткандыр. Аман болушса, алардын неберелери да билим көксөп, кайдасың Бишкек? - деп аймактардан келишээр. Биздин чиновниктер "Кыргызстан - туризм өлкөсү! Туризм - түтүнү жок завод!" деген жогорку даражалуу сөздөрү айтып эле жөн болбой, Бишкегибизди ХХI кылымдын талаптарына жооп бергидей өзгөртүп, жаңыртуулары кажет. Ал үчүн "Ош" базарын тезинен оңдоп, жапайы сооданы түп-орду менен жоготуп, ордуна заманбап соода ордуларын курушу зарыл.
Москва өкмөтү Черкиз базарын жапканда, анда иштеген жүз миңдеген адамдар Москва мэ-риясынын алдына барып кыйкырып турду беле? Казакстандын борбору Астанада базар аттуунун баарын шаардын сыртына, 30-40 чакырым алыс чыгарып салган. "Базарды шаардын ортосуна коюп бер" деп кайсы казак чуулдады? Ташкентте болсо шаардын талабына жооп бербеген базарларын жаап, "тарагыла, башка жактан жумуш издегиле" деп койду. Үн каткан бирөө болгон жок. Анткени, өзбек эли өздөрүнөн мурда, шаардын, мамлекеттин кадыр-баркын алдыңкы планга коёт.
Биз эле кандай эл болдук? "Ош" базарынын айланасында, кыйма-чийме көчөлөрдүн газдуу, чаң учкан кесилиштеринде отургандарга, "Кыял" бирикмесине тийиштүү жердеги жарандарга кайрылаарыбыз, эсиңерге келгиле! Сиздер, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун мекенчилдик демилгесин, шаардын атасындай камкордук көрүп жатканын өз көзүңөр менен көрүп, туура иш кылып жатканын билип туруп, кашайып эле каршы чыгып жатасыңар. "Биз шаардыктар, керек болсо "Ош" базарын орду-түбү менен жаап, шаардын сыртына көчүрүшүн талап кылабыз!
Митингге чыгып, элдин тынчын алып жаткандар баягы эле кыйкырганы үчүн "сыйланып" жаткандар экен. Эң башкысы алардын артында күнүнө күмүш, айына алтын сузуп алып турган базардын ээлери экени жалганбы? Болбосо карапайым соодагерлер, шаар мэриясы заманбап соода түйүндөрүн куруп берсе, ошол цивилдүү орундарга отуруп соода кылууну каалашпайт бекен? Каалашат. Мисалы, "Кыял" элдик көркөм өнөр жай бирикмесинин директору Султанбек Макашовдун не бир укмуш кылык-жоруктарын жалпыга маалымдоо булактары айтып да, жазып да жатышат. Анан ошол С.Макашов кирешеси дайрадай агып турган базарын оңой-олтоң жаптыра коёбу? Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылчулар болсо, ушуларды эске алып, тизмелеп, мыйзам чегинде, катуу тартипке чакырсын. Же алардын керт башынын кызыкчылыгы, Кыргызстан мамлекетинин жүзү болгон борбор шаарыбыздын жана жалпы шаардыктардын кызыкчылыгынан жогору турабы?
КРнын Президенти, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт кимди карап, эмнени күтүп жатышат? "Менин салбыраган чатырыма тийбе, болбосо "кетсин" деп кыйкырам" - десе эле эмне болсоң ошол бол деп жайына койдуңарбы?
Эмне үчүн шаарды акыр-чикирден тазалап, буларды цивилдүү тиричиликке жеткирейин деген жакшы тилектеги мэрди коргой албайсыңар?
Көптөгөн жылдардан бери Бишкектин тарыхына тагдырлаш, борборубуздун боору менен бир, киндиктеш өскөн көптөгөн жарандардын атынан:
Т.Кудайбергенова,
З.Ибраимова, Е.Заховайко, Ж.Авазова, Э.Мырзакулова, Т.Васильева, Т.Жунусов, Э.Кошонов, Н.Мүсүралиев, Р.Текебаева, Ш.Равхатулин ж.б.