"Кыргыз туусу", 27.05.11 "Химия - биздин турмуш, келечегибиз"
2011-жыл БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан эл аралык химия жылы деп белгиленген. Үстүбүздөгү жыл бүткүл дүйнөнүн химиктери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Химиктер, окумуштуулар прогрессивдүү дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте химия жылын белгилешет. Эл аралык химия жылынын алкагында бир катар мааракелер: химиктердин биринчи эл аралык бирикмесинин жүз жылдыгы, Мария Складовская-Кюриге химия боюнча "Радий менен полонийди ачкандыгы, изилдегендиги үчүн" Нобель сыйлыгын ыйгарган мезгилдин жүз жылдыгы, Россияда химия илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон М.В.Ломоносовдун туулган күнүнүн 300 жылдыгы белгиленет. "Химия - биздин турмуш, биздин келечегибиз" урааны эл аралык химия жылынын ураанынан болуп калды.

Ооба, чындыгында эле химия бизди ар тараптан курчап турат, бүгүн ансыз биздин турмушту элестетип болбойт. Кубаттуу химиялык индустрияны түзүү менен адам баласы заттардын айлануусун башкарууга үйрөндү, химияны өз кызыкчылыгына бир кыйла ийгиликтүү пайдаланууда. Түпкүрдөн казылып алынган баалуу кендер ар кандай металлдарга жана алардын куймаларына айланат, кумдан тунук айнек пайда болуп, карагай таза ак кагазга өзгөрөт. Биз пластмассалардын, полимерлердин, синтетикалык кездемелер менен материалдардын дүйнөсүндө жашап жатабыз. Химия ишканаларында айыл чарбасы үчүн жер семирткичтер, кыймылдаткычтар үчүн суюк күйүүчү май, боёгучтар, ар кандай тиричилик каражаттары жаралат. Физикохимиялык ыкмалар менен электроника жана эсептөө техникалары үчүн өзгөчө таза заттар, конструкциялык материалдар алынат, фотосүрөттүн негизинде да химиялык процесстер жатат. Акырында, химиянын ыкмалары менен каражаттарын пайдаланбай туруп, керектүү дары-дармектерди, тамак-аш азык-түлүктөрүн алууга болбойт. Чындыгында химиянын каражаттары даамдуу тамак-аш даярдоого да өбөлгө түзөт.
2011-жыл эл аралык химия жылы деп жарыяланды. Адамдардын жыргалчылыгынын өсүшү, оору-сыркоолор жана кедейлик менен күрөшүү, ааламдын экологиялык саламаттыгын сактоо, ааламдын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн химиянын андан аркы өнүгүшү өзгөчө маанилүү. Бир сөз менен айтканда адамдардын турмушунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөт. Эң башкысы - химия жылы таланттуу студенттердин жаңы муунун химиялык жана аралаш адистиктерге, илимге берилген окумуштууларды илимий химиялык борборлорго тартууга өбөлгө болот.
Эл аралык химия жылы ошондой эле улуттук химиялык коомдор менен билим берүү мекемелеринин ишин активдештирүүгө, адамзаттын глобалдуу проблемаларын чечүүдөгү химиянын ролун үгүт-насааттоого, эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн баскычы катары кызмат кылууга чакырылган.
Быйылкы жылда Россиянын улуу уулу М.В.Ломоносовдун туулган күнүнүн 300 жылдыгынын белгиленип жатышы символикалуу көрүнүш. Анын талантынын көп кырдуулугу, энциклопедиялуулугу, анын илимий чыгармачылыгынын универсалдуулугу гуманитардык илимдин өкүлдөрү тарабынан да жактырууга ээ болгон. А.С.Пушкин айткандай, "Түшүнүүнүн өзгөчө күчү менен бекем күч-аракетти бириктирүү менен Ломоносов агартуу илиминин бардык тармактарын камтыды. Тарыхчы, механик, химик, минералог, сүрөтчү жана акын болуу менен ал бардыгын башынан өткөрүп, бардыгына сүңгүй алды". Михаил Васильевич Ломоносов өзүнүн чыгармачылыгында билимдин бардык башкы тармактарын, алардын негизги проблемаларын чагылдыра алды. Ал өз мезгилиндеги толук түшүнүксүз көрүнүштөрдүн түпкүрүнө терең сүңгүп кирип, дайыма алдыга озо алды.
М.В.Ломоносов химияны өзүнүн ишмерчилигинин негизгиси деп эсептеген. Бирок бул илимге ар кандай тармактарда изилдеп иликтөө жүргүзгөнүнө карабастан, негизги баа бергендиги эле бул тармактын өтө баалуулугунан кабар берип турат эмеспи. Мария Складовская-Кюриге химия боюнча Нобель сыйлыгынын ыйгарылышынын жүз жылдыгы химия илимин өнүктүрүүгө аялзатынын кошкон салымын өзгөчө белгилөөгө болот. ХХ кылымдын башталышында, биринчи дүйнөлүк согушка чейин аялзаты корсет тагынып, үй-бүлөлүү аялдар чарба менен гана алектенип, үйдө отурган учурда Мария Кюри эки жолу Нобель сыйлыгына: 1908-жылы физика боюнча жана 1911-жылы химия боюнча сыйлыкка ээ болгон. Химик аялзатын баалоо үчүн ал эркектер ийгиликтүү жасаган ишти эки эсеге мыкты орундатууга тийиш. Ал биринчисинде көптөгөн баалуу иштерди жүзөгө ашырды. Эң башкысы - коомдук аң-сезимге өзгөртүү киргизди. Мариядан кийин аялдар илим менен алектенген эркектерден чочулашпай эле илимге жигердүү баш багышты. Азыр деле аялдардын ичинен Кыргызстанда профессор, академик же мүчө-корреспондент саналуу эле.
Улуу Мария Складовская-Кюри жеке гана көрүнүктүү химик жана физик болбостон, ошондой эле көрүнүктүү, таланттуу, сүйүктүү аялзаты жана эне болгон. Мына ошондуктан бардык химик аялдарга таза сүйүүнү каалап кетким келет. Себеби, анын негизинде илимий ийгиликтер да, үй-бүлөлүк бакыт-таалай да жатат эмеспи.
КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын Мезгилдүү системанын химиялык элементтеринин белгиси астында химиктин күнүн белгилөө жагымдуу салтка айланып калган. Быйылкы жылы 29-майда химиктин күнүн майрамдоо Палладийдин белгиси астында өтөт. Палладий Менделеевдин мезгилдүү системасынын VIII тобунун химиялык элементи. Атомдук номуру 46, атомдук массасы 106,4, оор араңдан зорго эрүүчү металл. Платиналык металлдарга кирет. Палладийди 1803-жылы Уильям Волластон тапкан. Паллада асторейидинин ысымы менен аталган. Палладийде көпчүлүк учурларда водородду тазалоо үчүн катализатор катары электроникада жана гальванотехникада колдонушат.
Биздин республикада көптөгөн пайдалуу кендердин арбын экендиги белгилүү. Алтын, сымап, сурьма, коргошун, вольфрам өңдүү кен байлыктары негизгилерден болуп саналат. Темирди, титанды, ванадийдин, алюминийди, жезди, молибденди, бериллийди, кобальтты, цикрконийди, литийди ж.б. алуунун келечеги кең.
Кыргызстандын кен байлыктары ошондой эле рудалык эмес сырьенун ар кандай түрлөрүнө бай (көмүр, мунайзат, газ, таш туз, гранит, волостанит, жер астындагы минералдык-термалдык дары суулар). Өздүк ресурстардын базасында Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн зарылдыгы жергиликтүү сырьену кайра иштетүүнүн жана аны пайдалануунун технологияларын иштеп чыгуунун актуалдуулугун аныктайт. Мунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен биздин институттун окумуштуулары бул багытта илим изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Өздөрүнүн илимий мектептерин түзүүгө жетишкен М.Аймухамедова, М.Кыдынов, К.Сулайманкулов, Б.Иманакунов, Ү.Асанов, Ш.Жоробекова, М.Усубакунов, Ф.Пищугин, С.Сулайманкулова өңдүү окумуштуу-химиктердин илимий иштери жана ойлоп табуулары кеңири белгилүү.
Бектемир МУРЗУБРАИМОВ,
академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия жана химиялык технология институтунун директору