"Кыргыз туусу", 24.05.11
 "Мыкты район" сынагына

Кыргызстандын ар бир өрөөнүнүн өзүнчө өзгөчөлүгү, башкаларга окшобогон бөтөнчөлүгү болот. Тогуз-Торо да ошондой айырмачылыктары арбын аймактардын бири. Тогуз-Торону бир эле убакта түндүк менен түштүктү тогоштурган жол тоому, ошондой эле туш тарабы тоо менен торолгон, шарты татаал, алыскы аймак катары мүнөздөсө болот.
"Тогуз-Торо" аталышынын келип чыгышы тууралуу эл арасында бир нече уламыштар айтылып келет. Белгилүү кыргыздын ак таңдай акындарынын бири Калык Акиевдин айтуусу боюнча калмак чапкынчылыгынын доорунда түндүк кыргыз урууларынын көпчүлүгү Фергана аймагына журт которууга аргасыз болуп, Тогуз-Торо калмактардын тогуз төрөсүнүн ээлигине айланат. Кийинчерээк "тогуз төрө" Тогуз-Торо болуп өзгөртүлүп айтылып калган. Ал эми кийинки уламыш жердин географиялык түзүлүшү - өзгөчөлүгүнөн улам келип чыккан деп айтылат. Чындыгында эле Тогуз-Торо өрөөнү туш тарабынан көк мелжиген тоолор, ашуулар менен курчалган. Ошондон улам "тогуз" жагынан торолгон. Тогуз-Торо деп айтылып келет уламышта.
Тогуз-Торо району Жалал-Абад облусуна караган администрациялык-аймактык бирдик. Аянты төрт миң чарчы чакырымга жакын жана Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарынан айрым райондору менен чектешкени менен өзгөчөлөнүп турат. Бүгүнкү күндө райондо жыйырма үч миңден ашык адам он үч айылдарда жашашат жана элүүдөн ашык мекеме-ишканаларда иштешет. Калктын негизги бөлүгү айыл чарбасы менен алектенишет.
Бирок, элдин санына эсептегенде өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө республикада алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

"Макмалалтындын" салымы зор
Район боюнча өнөр жай ишканалары өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл бир кыйла өсүш менен ишмердүүлүктөрүн башташты.
1986-жылдан бери иштеп жаткан "Макмалалтын" комбинаты жалпы Тогуз-Торо районунун өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошуп, анын каражаты менен орто мектеп, борбордук оорукана, маданият үйү, автожолдор, аэропорт салынган. Кендин ачык түрдө казып алуучу запасы түгөнгөндүктөн жер алдынан казып, жүктөө оор кыйынчылыктарды жаратууда. Ишкананын жаңы жетекчилиги оор кырдаалдан чыгуунун жолун таап, өнөр жай продукциясын чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө жетишип жатканы колдоого арзыйт. Сандарга таянсак, эгерде комбинатка жүз отуз тогуз миллион сомдук божомол белгиленсе, иш жүзүндө эки жүз жыйырма жети миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, план тапшырма 162 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 5,3 эсеге ашыкча аткарылган.
Райондогу "Осмон" ишканасы эки миллион сомдон ашык көлөмдө өнөр жай продукциясын өндүрүп өсүш 2,6 эсеге жогорулаган.
Алгылыктуу аракеттер токой чарбасында, ошондой эле ишкерлик менен алектенген катардагы жарандарда да байкалат.
Аймактагы иштетүүгө даярдалып жаткан Миң-Теке көмүр кенинин ачылышы менен райондун жашоочуларына ыңгайлуу шарт түзүлөөрү ачык. Учурда "Пандшер" акционердик коомунун техникалары жол салуу иштерин колго алды. Кору 60 миң тоннага жакын Миң-Теке көмүр кени аз да болсо райондун экономикасынын өсүшүнө салым кошот деген ишеним бар.

Курулуштун өксүктөрү
Район боюнча жергиликтүү тургундардын күчү менен турак-жайлар, тейлөө объектилери курулуп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан социалдык-маданий объектилердин курулушу каржылоонун жоктугунан азырынча кыймылсыз.

Көк-Ирим айыл аймагындагы
Бирдик орто мектебинин жалпы сметалык наркы жыйырма тогуз миллион сомго бааланып, азыркы учурда спорттук залынын курулушунан башка имараттары бүткөрүлгөн. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Иманберди уулу Иса атындагы орто мектептин курулушуна 2008-жылы тогуз миллион сом каржыланып, мында да каржылоо боюнча өксүктөр байкалат. Бул мектептерди пайдаланууга берүү үчүн азыркы баалар менен эсептегенде жыйырма миллион сомдон ашык каражат керектелет. Өкмөттүн токтому менен мурда курулушу башталган объекттерди бүткөрүүгө каражат бөлүнсүн деп каржы министрлигине тапшырма берилгенин эске алсак, курулуштары эбак ортолоп калган жогорудагы эки мектепке каржы булактары бөлүнүүгө тийиш деп эсептейбиз.

Айыл чарбасын алгалатсак боло
Райондо айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү боюнча биринчи кварталга белгиленген план-тапшырмалар негизинен аткарылган.
Тогуз-Тородо дыйканчылыкка ыңгайлуу он бир миң гектардан ашык жер аянттары бар, анын көпчүлүк бөлүгүн кайрак жерлер түзөт. Райондун аймагында быйылкы жылдын түшүмү үчүн айдап-себүүгө даярдык көрүү, мөөнөтүндө бүткөрүүнү уюштуруу үчүн курамы он бир адамдан турган штаб түзүлгөн. Учурда негизинен район боюнча жашылчадан башка өсүмдүктөрдү айдап себүү аякталып калды. Бул маанилүү өнөктүктү убагында бүткөрүүдө Өкмөт тарабынан көрүлгөн камкордуктар да өбөлгө түзүүдө. Фермер-дыйкандарга тогуз пайыздык жеңилдетилген насыяны "Айыл-банк" аркылуу отузга жакын дыйканга үч миллион сомго жакын, РСК-Банк аркылуу насыя алуучулардын сунуштары каралып, ондон ашык дыйкандар бир жарым миллион сом насыя алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Кыргыз Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, районго 47 тонна дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, толугу менен дыйкандарга арзандатылган баада бөлүштүрүлүп берилген.
Ал эми америкалык ЮСАИД эл аралык агенттиги тарабынан райондун дыйкандарына 60 тонна үрөндүк буудай, 12 тонна арпанын үрөнү, 14,5 тонна үрөндүк картошка, 4 тонна күнкараманын ваучерлери таркатылган.
Райондогу айыл чарба техникаларынын, керектүү шаймандарынын жалпы эле республикадагыдай эскилиги жеткенин, запастык тетиктеринин таңсыктыгын дагы бир жолу эскерте кетели.

Инвестиция ийгиликтери
Райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүү максатында ушул жылдын үч айында ички инвестиция төрт жарым миллион сомду түзүп, анын 3,2 млн. сому "Макмалалтын" комбинатынан алтын өндүрүп алуу үчүн, тактап айтканда техника жана кен казууга керектелүүчү шаймандарды алууга керектелген. Ошондой эле Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,5 млн. сомдук ун таркатылып берилген.
Быйылкы жылга дем берүүчү грантка Атай айыл аймагындагы "Саймалуу таш" орто мектебине жүз киловаттык электр подстанциясын, өрт коопсуздугуна каршы ре-зервуар орнотууга, Тогуз-Торо айыл аймагындагы Дөдөмөл айылындагы клубдун айланасын тосууга, ички жасалгасын, эмеректерди алууга, Каргалык айыл аймагындагы А.Абдраимов атындагы орто мектептин үстүн чатырлоо, оңдоо иштерин жүргүзүүгө 1,5 млн. сомдук долбоорлор каржы министрлигинде каралууда. АРИС программасы боюнча Каргалык айыл аймагына 2,7 млн. сом бөлүнүп, ал каражат Чет-Булак айылындагы клубду бүткөрүүгө, Казарман айылынын ички көчөлөрүн оңдоого, подстанция орнотууга жумшалат.

Билим билигин көтөрүшүп...
Тогуз-Торо районунда жалпы билим берүүчү 13 орто, 1 башталгыч жана 3 мектепке чейинки, 2 мектептен сырткары мекемелеринде 4954 окуучу, 270 жаш бөбөктөр билим, тарбия алууда.
Өспүрүмдөргө таалим тарбия берүүдө 449 мугалим эмгектенип, алардын 105и "Билим берүүнүн отличниктери". Райондун окуучуларынын билим сапатын көтөрүү максатында чейрек сайын мониторингдер жүргүзүлүп, отличник, ударниктер аныкталат, билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде мектептерде окуу жылын аяктоо, көчүрүү экзамендерин жалпы жыйынтыктоо аттестациялары уюшкандыкта өткөрүлөт: Быйылкы окуу жылында 11-классты 316 окуучу бүтүрүп, 53 окуучу артыкчылык аттестатка көрсөтүлдү. Райондо "Жыл мугалими" конкурстары, ар кандай темада семинарлар өткөрүлөт, мугалимдердин билим берүү деңгээлин жогорулатуу максатында жыл башынан бери 35 мугалим Кыргыз билим берүү академиясына окууга барышып, билимдерин өркүндөтүп келишти.
Орто мектептерде окуучулардын билим алуусуна, мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүүгө бардык тиешелүү мекемелер жеткиликтүү аракеттерди көрүшөт.
Казарманды көрктөндүрүп...
Райондун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча үч айлык жарыяланып, бул багытта алгылыктуу аракеттер жасалып жатканын белгилей кетүүбүз керек.
Бишкек шаарынан көрк берүүчү
бак-дарактардын, алма-өрүк жана башка бак өсүмдүктөрүнүн үч миңге жакын көчөттөрү алынып келип, калкка арзан баада сатылды. Райондун токой чарбасы тарабынан он төрт миң көчөт мекеме-ишканаларга таратылып, Казарман айылынын борбордук көчөлөрүнүн жээктерине олтургузулган. Райондун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен 7-апрелде курман болгон элдик баатырлардын элестерине арнап Казарман
айылында жарым километр аралыкка аралыктарын казып суу чыгарылып, тротуар жасалып, эки жүз түп кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Ички иштер бөлүмүнүн демөөрчүлүгү менен орто мектептерден 26 жетим, жакшы окуган окуучулар 13-майдан 17-майга чейин Бишкек, Чолпон-Ата шаарларына экскурсияга барып келишти. Бөлүмдүн жетекчисинин бул кадамдары район элинин ыраазычылыгын жаратып жатканын баса белгилей кеткенибиз абзел.
Казарман айылында борбордук көчөлөрдү жарыктандыруу, жээктерин көрктөндүрүү аракеттери көрүлүп жатат.

Көйгөйлөр бар, чечүүнүн жолдору да бар
Кыргыз Өкмөтүнүн 1993-жылдагы токтому менен райондогу көпчүлүк суу каналдары белгисиз себептер менен айыл өкмөттөрүнүн балансына өткөрүлүп берилген.
Учурда эскилиги жеткен, айрым бөлүктөрү жараксыз бул объекттерди оңдоого ансыз да дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнүн чама-чаркы жетишпейт. Жылдан жылга каналдарды талапка ылайык кармап, сугат сууларын элге жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүүдө. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Сталманбет Абдылдаевдин пикиринде жети жүз гектар аянтты сугарган Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа, беш жүз гектар аянтты сугарган Көк-Ирим айыл өкмөтүнө тиешелүү Ак-Талаа каналдарын райондун суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү менен ыңгайсыздыктан чыгууга болот.
Тогуз-Торо районунун ички жолдорунун дээрлик токсон тогуз пайызы асфальт менен төшөлгөн эмес, жолдордун абалы адам кейитээрлик абалга жеткен. Өзгөчө Казарман айылынын күн батыш тарабындагы Нарын дайрасындагы көпүрөгө чейинки жол өтө начар абалда. Мамлекеттен акча каралып "Макмалалтын" комбинатынын асфальт-бетон чыгаруучу заводдун жалпы тургундардын кызыкчылыгына пайдалануу мезгили келип жетти деп ойлойбуз.
Билим берүүчү мектептерден өзгөчө М.Жаңыбаева, Калдыбай атындагы орто мектептердин эскилиги жетип, көп жылдардан бери капиталдык оңдоо көрө элек. Албетте, бул билим-тарбия берүүдө тоскоолдуктарды жаратып, а түгүл окуучулардын өмүрүнө да коркунуч келтирип жатканы жашыруун эмес. Ушул мектептердин абалын комиссия аркылуу аныктап, жаңы мектептерди салууну колго алуу да кечиктирилгис милдеттерден.
Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр Оперейтинг Компани" алтын комбинаты жалаң эле Жети-Өгүз районуна эмес, облуска да түшкөн пайдадан каражат которуп тураары белгилүү. Акимдин милдетин аткаруучу Сталманбет Абдылдаевдин айтымында, эгерде "Макмалалтын" комбинаты өндүрүп чыгарган продукцияны са-туудан түшкөн каражаттын бир, эки эле пайызы бизге келсе, райондун социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерин чечүүгө кошумча каражаттар топтолмок.
Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын аймагындагы алыскы жана тоолуу райондо жашап жана эмгектенип жаткандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү" токтомдоруна ылайык, райондогу 14 калктуу конуштардын ичинен алтоо - Өрнөк, Карл Маркс, Арал, Бирдик, Табылгыгы, Кара-Суу айылдарынын жашоочуларына райондук коэффициент 1,45 пайыз менен эсептелбей келүүдө. Бул боюнча тиешелүү министрликтерге, Жогорку Кеңешке, ал түгүл Президентке чейин бир нече ирет кайрылуулар болуп, бирок жыйынтык дале оңдуу чечиле элек.
Илгери Союз мезгилинде (1973-ж.) Нарын облустук аткаруу комитетинин чечимдеринин негизинде Тогуз-Торо районунун Кабак участкасынан 12990 га, Кара-Чүйлүү жана Карман-Туз участкасынан 6912 га жер аянты Жумгал районуна, ал эми Бычан участкасынан 4801 га, Кара-Гоо участкасынан 505 га жер аянты Ак-Талаа районуна он жылдык мөөнөт менен өткөрүлүп берилип, ушул күнгө чейин кайтарылып берилбейт. Учурда айыл тургундарында төрт түлүк малдын саны өсүп жатканын эске алып, жогорудагы берилген жайыттарды Тогуз-Торо районуна кайтарып берүү сунуштары да эске алынбай чечилбей келүүдө.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"