Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0524_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0524_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0524_6.htm on line 2


п»ї
  Өнөр

"Мекке ар бирибиздин жүрөгүбүздө"
2011-жылдын 21-майында Президент Роза Отунбаева "Учур" Мамлекеттик жаштар театрынын сахнасында коюлган "Мекеге карай узак жол" аттуу спектаклин көрдү.
Драматург Султан Раевдин "Мекеге карай узак жол" драмасы ушул жылдын 25-майынан 31-июлуна чейин Москвада өтө турган А.П.Чехов атындагы онунчу Эл аралык театралдык фестивалда көрсөтүлмөкчү. 2008-жылдын сентябрында Алматы шаарында өткөн II Эл аралык театралдык фестивалда аталган чыгарма "Мыкты спектакль" номинациясында жеңүүчү деп табылган.
Спектаклде Меккеге барып, зыярат кылып келүүгө ниеттенишкен жарым жан, оорукчан жети кейипкер туурасында сөз болот. Ар кыл мүнөздүү адамдардын тагдыры сахнада өтүп бараткан өмүр тарыхына чырмалышып, финалда жолоочулар жетекчисинен айрылып, эми кайда багыт алаарын билбей турушканда кичинекей бала: "Мекке - ар бирибиздин жүрөгүбүздө" деген чындыкты ачыктап, жол көрсөтүп берет. Ошентип, жолоочулар аярлап "туңгуюкка" кадам шилтешет. "Көпүрөнүн" ортосунда турганда алар тигил жээкке - аларды Меккеден алыстатып турган жээкке бир кылчайып карашат.
Спектакль аяктаган соң мамлекет башчысы актерлордун мыкты ойногондугу үчүн ыраазычылык билдирип, андан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады. "Спектакль мыкты экен, мага чоң таасир берди. Сиздерге ырахмат! Москвада өтө турган театралдык фестивалда ийгиликке жетишүүңөрдү каалайм", - деди Президент.
М.АЛАГУШЕВ




  Спорт - элчи

Президенттин Кубогу -
Өзбекстандын командасында
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна болгон ат спорту боюнча эл аралык мелдешке күбө болду.
Мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Өзбекстандын командасын жеңиши менен куттуктап, жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалады. "Бул - спорттун абдан кызыктуу түрү. Биз бүгүн алгачкы жолу Президенттин Кубогуна ат спорту боюнча мелдешти өткөрдүк жана ал мындан ары татынакай салтыбызга айланып калат деп ишенем. Биз мындан ары да ат спортунун өнүгүшүнө тиешелүү көңүл бурмакчыбыз. Командабыз - жаш. Анткен менен совет доорунда биздин спортчуларыбыз СССРдин курама командасында болуп, эң бийик деңгээлдеги мелдештерге катышып келген. Спортчуларыбыз Сайбатталы Мурсалимов менен Александр Блиновдун ысымдары жана жараткан ийгиликтери бүткүл дүйнөгө маалым. Биздин спортчуларыбыздын жеңиштери али алдыда экендигине ишенимим зор!", - деди Р.Отунбаева.
Мамлекет башчысы КР Президентинин Кубогун Өзбекстандын командасына тапшырды, экинчи орунду Казакстандан келген команда жеңип алды, ал эми үчүнчү орунга Кыргызстандын командасы татыды.
Р.ЖЕТИГЕНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
17-май, 2011-ж.:










??.??