"Кыргыз туусу", 24.05.11
  Өкмөт башчынын иш сапары

Экономикалык байланыштар
өркүндөтүлөт
Жаадыраган жагымдуу жаздын акыркы айынын күмүштүү күн нурун чачкан күкүктөнгөн күндөрүндө Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарында ЕврАзЭШтин Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги
мамлекеттер аралык
кеңешинин отузунчу
жыйыны болуп өтүп, анын жүрүшү ага катышкандарга жагымдуу маанай
тартуулады.
Бул саммиттин ишине
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Алмазбек Атамбаев катышты.

Эске сала кетсек, ЕврАзЭШти түзүү жөнүндө келишимге 2000-жылы 10-октябрда Астана шаарында кол коюлган жана бардык мүчө мамлекеттер тарабынан ратификациядан өткөндөн кийин 2010-жылдын 30-майында күчүнө кирген. Евразиялык экономикалык шериктештикке Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.
2006-жылдын 25-январында бул уюмга Өзбекстандын кошулгандыгы жөнүндө протоколго кол коюлган. Бирок, Өзбекстан 2008-жылдын октябрында уюмга мүчө болуусун токтоткон. 2002-жылдын май айынан баштап, Украина менен Молдова, ал эми 2003-жылдын январынан баштап Армения ЕврАзЭШтин алдындагы байкоочулардын статусуна ээ болушкан. Ошондой эле мындай статуска Мамлекеттер аралык авиациялык комитет, Евразия Өнүктүрүү банкы да ээ.
Бул өңдүү деңгээлдеги иш-чаралардын өтүү тартиби боюнча адегенде жолугушуу тар чөйрөдө башталды. Андан кийин жыйындын ишине ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларына Өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү жана эксперттер кошулушуп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды жана олуттуу чечимдер кабыл алынды.

Эркин соода аймагы алакалуу иш жүргүзөт
КМШнын Өкмөт башчыларынын кезектеги 57-жыйынында талкуулоо үчүн маанилүү 19 маселе күн тартибине коюлган. Өткөн жыйындын жүрүшүндө талкууланган маселелердин негизгиси эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин долбоорун талкуулоо болду. Ал Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Келишимге кол коюу КМШнын алкагында сооданы толук масштабдуу либералдаштыруу үчүн келишимдик базанын учурдагы талаптарына жооп берген бирдиктүү келишимдик базаны түзүүгө, шериктештиктин иштеп келген жылдарында пайда болгон түйүндүү маселелерди ийгиликтүү чечүүгө жана өз ара соода жүргүзүү учурунда өзүн толук актабаган бөгөттөрдү алып салууга ыңгайлуу шарт түзө тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Бул келишимге кол коюу жөнүндө акыркы чечим КМШ өкмөт башчыларынын келерки жолугушуусунда тараптардын чечимдери боюнча кабыл алынмакчы. 2011-жылда КМШда азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун жылын өткөрүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндөгү маселе да актуалдуу маселелердин катарына кирди.
Бул документ азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу маселесинде келишимге мүчө КМШ мамлекеттеринин өз ара аракеттери боюнча маанилүү уюштуруучулук-техникалык иш чаралардын тизмесин камтып, илимий иликтөө тармагында кызматташтыкты активдештирүү боюнча тиешелүү иш чаралардын өткөрүлүшүн карайт. Мисалга алсак, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирген Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда шериктештик өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүлөрү боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү, азык-түлүк товарларынын туруктуу фондусун түзүү боюнча сунуштарды кароо пландаштырылууда. Себеби калкты тамак-аш азык-түлүктөрү менен камсыз кылуу дүйнөлүк актуалдуу проблемалардын бири. Буга айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн баасынын өсүшү күбө боло алат.

Өкмөт башчы жаңы доордун лидерлери форумуна катышат
Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Владимир Путин менен жолугушту (сүрөттө).
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун абалы, эки өлкөнүн ортосунда мурда жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишине катышууну сунуш кылды. Экономикалык форум 16-июндан 18-июнга чейин "Жаңы доор үчүн лидерлер" урааны астында өткөрүлмөкчү.

Гуманитардык кызматташтык -эки тарапка тең ыңгайлуу
Буга КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги 57-жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер күбө. Өкмөт башчылары маанилүү жыйындын жүрүшүндө гуманитардык чөйрөдө кызматташуу концепцияларынын долбоорлорун карап чыгышты жана маданиятты өнүктүрүү чөйрөсүндө бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алышты. Маданият тармагында 2015-жылга чейин өз ара кызматташуунун негизги иш чаралары белгиленди.
Негизги иш чараларды өткөрүү узак мөөнөткө эсептелип, белгиленген долбоор тарабынан шериктештикке мүчө мамлекеттердин илим жана маданият борборлорунда 140тан ашуун иш чараларды өткөрүү каралган. Аларга эл аралык музыкалык жана театралдык фестивалдар, кинофестивалдар, анимациялык фильмдердин жана куурчак театрларынын фестивалдары, ар кандай жанрлардагы жаш аткаруучулардын эл аралык конкурстары, шериктеш өлкөлөрдүн белгилүү искусство ишмерлерине арналган иш чаралар, китеп жарманке-көргөзмөлөрү жана көркөм сүрөт салондору, тарыхый-маданий мурастарды сактоо тармагында илимий-практикалык конференциялар жана семинарлар кирет.
Өткөн жыйындын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндө агартуучулукту өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоору жактырылды. Бул концепция КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндө агартуучулук приоритетин бекемдеп, келечекте көркөм агартуучулук тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясы менен багытын так аныктайт.
КМШ мамлекеттеринин фундаменталдык илим тармагындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү тууралуу кабыл алынган келишимдин долбоору да зор мааниге ээ. Бул документти жүзөгө ашыруу фундаменталдык илим тармагында КМШ өлкөлөнүнүн кызматташуусун өнүктүрүүгө, координациялоого жана бара-бара тереңдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзмөкчү.
Окуу жайларына, институттарга, илимий борборлорго базалык уюмдун статусун берүү жөнүндөгү чечимдин кабыл алынышы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча практикалык ишмерчиликтин маанилүү багыттарынын биринен болуп калды. Ал эми КМШ мамлекеттеринин аймагына өтүүчү жарандуулугу жок адамдардын жана үчүнчү мамлекеттеринин жарандарынын учетунун бирдиктүү системасы жөнүндө келишимдин долбоорун кошумча иштеп чыгууга жана кийинчерээк кароого чечим кабыл алынды.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ