"Кыргыз туусу", 24.05.11
  Журт башчысы эл менен

Токсондогу мектеп, жаңы
комплекс, жагоочон балдар
Өткөн жумада Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында академик Б.Юнусалиев атындагы мектептин токсон жылдыгы жана Каныбек Осмоналиев жана Руслан Түмөнбаев айтылуу спорт чеберлери атындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземи болду. Бир комплекске 1980-жылдагы Москвада өткөн кышкы олимпиада оюндарынын чемпиону, легендарлуу оор атлет мекендешибиз Каныбек Осмоналиев менен эки жыл мурдагы Пекин олимпиадасында коло медаль жеңип келген балбаныбыз Руслан Түмөнбаевдин ысымдары чогуу ыйгарылып отурат. Мындай аталышты орто жана кичүү муундардын ортосундагы атамекендик спорт дүйнөсүнүн байланышы катары караса болот. Кичикеминдиктердин бир келген эки тоюна КРнын Президенти Роза Отунбаева катышты.

Өткөн кылымдын он алтынчы жылындагы Үркүндү башынан өткөргөн элге Октябрдын таңы атып, өз азаттыгына жетишкендиги тарыхта белгилүү. Ошондон көп өтпөй, бул аймакка 1920-жылы Атаке баатыр мектеби уюштурулган. Жергиликтүү элдин сабатсыздыгын жоюу максатындагы орус тегирменчинин кампасынын бир бөлүгүн алып, кичинекей мектеп ачышкан. Бир кылымга жакын мезгилден бери аталган мектеп беш ирет жай которгон. Азыркы үч кабаттуу мектеп 1970-жылы курулган.
Токсон жылдын ичинде бул мектеп 3360 бүтүрүүчүнү билим уясынан учурган. Мында кыргыз элине опол-тоодой эмгеги сиңген белгилүү инсандар окуптур. Союз мезгилинде Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген Арстанбек Дүйшеев, КРнын Жогорку Советинин төрагасы кызматын аркалаган Темирбек Кошоев, КРнын Эл акыны, мамлекеттик гимндин автору Жалил Садыков, белгилүү жазуучулар Саткын Сасыкбаев, Сулайман Маймулов, ар тармактагы илимдин докторлору Арстанбек Алтымышев, Какен Сулайманкулов, Санжарбек Данияров, Жүкүн Иманкулов, Мырзабек Иманалиев, Мукаш Абдылбаев өңдүү академиктер, мамлекеттик жетекчилер, белгилүү инсандар чыккан.
Дүйнөдө олимпиадалык оюндардын өткөрүлүп келе жатканына жүз жылдан ашты. Кыргызстанда анын үч жеңүүчүсү болсо, анын экөө Кемин жергесинин кулундары. СССРдин эл артисти наамын алган Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова жана Насыр Давлесов Кичи-Кеминдин таланттары. Мамлекеттик гимндин сөзүн акын Жалил Садыков жазса, анын обону да ушул жердин кулуну композитор Насыр Давлесовго тийиштүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилеп келип: "Өткөн жумада Каныбек Осмоналиевге мамлекет тарабынан өмүр бою депутаттын да, Президенттин да айлыгынан арбын стипендия берип туруу чечимин кабыл алдык", - деди.
Спорт комплексти куруу демилгесин үч жыл мурда парламенттин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков көтөрүп, мамлекеттен каражат бөлдүрүүгө аракетин аяган эмес. Анын натыйжасында акыры 9,5 млн. сомдук комплекс курулуп, дагы 500 миң сомго жергиликтүү эл өз үлүшүн кошкон.
"1980-жылы кеминдик кичинекей бойлуу жигит Каныбек Осмоналиев Москва олимпиадасында Советтер Союзунун даңкын дүйнө жүзүнө чыгарган болчу. Каныбектин ысмы спорт комплексине берилиши абдан жакшы жөрөлгө. Спорт комплекси үчүн айыл тургундары каражат чогултуп, 500 миң сомдук эмеректерди сатып алганынын өзү элдин ынтымагынын белгиси", - деди Мамлекет башчысы Р.Отунбаева спорт комплексинин ачылышында: 90 жылдыгын белгилеп жаткан бул мектепте окуу китептери дээрлик жетиштүү экендигине Президент Р.Отунбаева кубанганын билдирди. Анткени, республиканын мектептери окуу китептери менен 40-50 пайызга гана камсыз болуп жатканын айта кетти.
Аталган мектепке барганыбызда жагоочон окуучулар тосуп алышты. Мында башталгыч класстардагы бөбөктөр "Сейтек" уюму деп аталып, жашыл жагоо тагыныша турган болуптур. Бешинчиден сегизинчиге чейинкилери "Семетей" уюму болуп, кызыл жагоо тагынышса, тогузунчу класстан жогорку окуучулар "Манас" уюмуна биригип, кара түстөгү жагоо тагынуучу уюмдары бар болуп чыкты. Кудум Союз учурундагы октябрят, пионер, комсомол сыяктуу.
- Кемин районуна караган 30 мектепте үстүбүздөгү жылдын 9-майынан баштап ушундай чечим кабыл алынды. Окуучулар "Манас" уюмуна өтүп жатканда салтанаттуу ант берет. Айталы, "Манас" уюмунун жагоосунун символикалык чечилиши боюнча жагоонун кыска жагы Сейтек, узун жагы Семетей, ал эми арткы жагы Манас, ортосундагы түйүнү болсо Кыргызстан элинин биримдиги деген белгини билдирет. Бул боюнча районубузда атайын сынак жарыяланып, комис-сиянын кароосунда ушундай чечим кабыл алынган. Бир нече күн мурда Кеминдин Орловка шаарчасында бул
боюнча форум өткөрүлүп, ага Жаштар министрлигинен өкүлдөр келишти. Биздин райондун ушул сунушун республиканын аймактарына таратуу, пикирлерин жыйноо боюнча иш алып барабыз дешти. Окуучуларыбыз болсо мектепке жагоочон келе баштады, - дейт мындагы академик Болот Юнусалиев атындагы орто мектептин директору Нүргүл Жумабекова.
Советтер Союзу урагандан бери анын бирдиктүү идеологиясы да өзү менен кошо кетип, кызыл жагоолор кошо колдонуудан чыкканы ырас. Бирок, ал республикабыздын элет аймактарында ушу кезге чейин сакталып калганы кызык. Шаарларда андайларды учуратуу өтө кыйын. Жакында ишим боюнча республикабыздын түштүк аймактарын кыдырып жүргөнүмдө Базар-Коргондон кызыл жагоочон окуучуларды көрүп көз кубанган. Айтор бул да жыйырма жылдан берки идеологиялык боштукту толтуруунун далалаты, өткөндүн алгылыктуу жактары менен жаңы идеяларды жайылтуунун аракети катары бааланышы керек.
Аталган мектеп көйгөйлөрдөн да куру эмес болуп чыкты. 1970-жылы салынган үч кабаттуу мектеп 40 жылдан бери капиталдык ремонттон өтө элек. Электр, жылытуу системаларынын толугу менен эскилиги жетип, алмаштырууну талап кылып турган учуру. Эшик-терезелери да ошол кырк жыл мурдагы Союз мезгилин эске салып турат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"