"Кыргыз туусу", 24.05.11 Акжол ашкан
ашуулар
Табияттын эң ажайып көркөм, керемет жаз айы - май айынын (Бугу) биринчи күнүндө жарык дүйнөгө келген Акжол Кадыров быйыл
76 жашка толуп, өзү баскан ак жолуна, ашкан ашууларына бийиктен кылчая карап, ачуу, таттуу өмүрдүн унутулгус учурларына сереп салып турган учуру.

Келечегине кеңири көз чаптырып, заманына ылайык терең билим алууга умтулган жаш жигит 1958-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун англис тили бөлүмүн ийгиликтүү аяктагандан кийин, беш жыл бою Ала-Бука орто мектебинде адегенде англис тил мугалими, андан соң окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүү менен келечек ээлери болгон жаштарга терең билим, таасын тарбия берди.
А.Кадыров орто мектепти бүтөөрү менен эле, өзү туулуп-өскөн Чаткал районунда партиялык комитеттин катчысы болуп иштеп, өзүнүн эмгек чыйырын баштаганы анын эрте жетилгендигин кабарлайт, андан соң аталган райондо райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө улук инспектор, райкеңеште, куруучу-инженер кызматтарын аркалап, турмуштук такшалуудан өтүп, тажрыйба топтоого жетишти. Ал 1963-1981-жылдар аралыгында Жаңы-Жол жана Ала-Бука райондорунда райкомдун инструктору, бөлүм башчы, райондук элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы болуп иштеп, турмуштук такшалуудан өттү. Айта кетүүчү нерсе, ал кезде элдик көзөмөлдөө комитеттери эл чарбасынын бардык тармактарына көз салып, кыңыр иштерди кылтактап турган аябагандай чоң күч эле. Анын Ала-Бука райондук партия комитетинин 2-катчысы кызматында үзүрлүү эмгектенгенин эске сала кетпесек болбос. Дегеним, ошол компартиянын темирдей бийлиги өкүм жүргүзүп жаткан чакта 2-катчы болуп иштөө оңой-олтоң иш эмес эле. Бул райондун кадрлар маселесин чечкен таасирдүү адамга берилүүчү аябагандай зор ишеним көрсөтүү дегендик эмес беле. Анын үстүнө, мындай кызматты аркалоо үчүн партиялык такшалуудан өтүү зарыл болчу. Андыктан Акжол Кадыровдун Ташкент шаарындагы Жогорку партиялык мектепти артыкчылык диплому менен аякташы, анын партиялык бийлик сересине секирик жасоого кеңири жол ачкан. Райкомдун 2-катчысы болуу менен жетекчилик кызматка кадр тандоо жана дайындоо оңбогондой оор жумуш. Мисалы, эл чарба тармагына 2-катчынын тандоосу менен жетекчиликке келген кишинин кандайдыр бир кемчилиги табылса, ага 2-катчы да жооп берүүгө тийиш болучу. Мындайча айтканда, кылдын кырында туруу деп түшүнсөк болот. Ошондой болсо да, кыраакылык менен ал тандаган жетекчилер аны уятка калтырбаганын эске алсак, анын алысты болжоп билген көрөгөчтүгүн даана баамдоого болот.
Коммунисттик партия тарагандан кийин да Акжол Кадыров өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө колдон келген көмөгүн көрсөтүп келе жатканын эске сала кетпесек болбос. Баса, анын 1982-жылы Наманган шаарындагы Ф.Энгельс атындагы айыл чарба техникумунун зоотехника бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүргөнү айыл чарба өндүрүшүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берди. Алсак, Ала-Бука райондук ишке орноштуруу борборунда директор, райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, ушул эле райондун токой чарбасында директор, ошондой эле, райондук мамлекеттик администрациясында социалдык-идеологиялык маселелер боюнча башкы адис катары эмгектениши, анын ар тараптан жетик билим алганын айгинелейт. "Билим айга жеткирет" демекчи, ар тараптуу, көп кырдуу билим алып, үзүрлүү эмгек өтөгөн А.Кадыров 1968-жылдан 1995-жылга чейин бир ирет облустук, 27 жыл райондук кеңештин депутаты катары өлкөбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун да унутууга болбос.
Биз учкай сөз козгоп жаткан урматтуу адам, чыгармачыл инсан экендигин да айта кетишибиз абзел. Ал республиканын жазуучулар жана журналисттер кошундарынын мүчөсү, ошондой эле көптөгөн аңгеме, очерк, публицистикалык чыгармаларын жазып, коомдо чоң резонанс жараткан. Анын "Ала-Бука районунун тарыхы" жана "Ала-Бука
районунун энциклопедиясы" аттуу китептерди жазганына караганда, бул чыгармачыл адамды тарыхчы, санжырачы, энциклопедист жана публицист деп атасак жарашат. Баса, А.Кадыров Ош облусунун энциклопедиясын жазган авторлордун бири болгондугун да кошумчалай кетсек оң болор.
Эмесе, бул элге эмгеги сиңген ардактуу адамдын 75 жашка толгондугуна байланыштуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук кеңештин кошмо жыйынынын токтомунан бир үзүм келтире кетели:
"Ала-Бука районунун жеринин, элинин даңкын даңазалап, өзүнүн көптөгөн аңгеме, очерк, публицистикалык жана башка чыгармаларында, айрыкча
"Ала-Бука районунун тарыхы", "Ала-Бука районунун энциклопедиясы" китептеринде, райондун 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата жазган чоң эмгектеринде элдин жана өрөөндүн көп жылдык тарыхын жазууда жана райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, жаштарды тарбиялоого кошкон бараандуу салымы үчүн коомдук ишмер, тарыхчы, энциклопедист, публицист, жазуучу жана журналист Акжол Кадыровдун портрети жыйналыш залына илинсин. Ошондой эле, анын туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата айкели эстелик аллеясына тургузулсун".
Албетте, бул жигердүү инсандын эли-жерине сиңирген эмгеги учурунда жогору бааланды, ар кандай урмат-сыйга жана сыйлыктарга ээ болду. Алсак,
8 медаль жана райондук мамлекеттик администрациясы менен райкеңештен тартып, облустук, республикалык, президенттик жана башка жогорку бийлик органдарынын 15 Ардак грамоталарына татыктуу болушу А.Кадыровдун байсалдуу баскан жолун, ал ашкан бийик ашууларын айкындап турат.
Акжол Кадыров менен жубайы Токтокан Токтомушева экөө эки уул, үч кызды татыктуу тарбиялап, жогорку билим берип, чоң турмушка аттандырышты. Алардын бардыгы эл чарбасынын ар кайсы тармактарында эмгектенишип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Бул ардактуу жубайлар 14 неберелүү болушуп, урмат-сыйдын үстүндө.
Токтомуш ӨСКӨНОВ




Абазбек агайдын ааламы
Тагдыр Абазбек агайды эрте жетилдирди. Анткени, атасы Рахман Бабаев өткөн кылымдын отузунчу жылдарында тоолуу аймакта партиялык жетекчи кызматта иштеген. Анан Алай районунда (азыркы Кара-Кулжа району да анын курамында
эле - автор) көзөмөл комиссиясын башкарат. Агезде көзөмөл комиссиясынын бийлиги чоң эле, партиялык, советтик жана башка органдарды бүтүндөй тескеп турчу. Кийинчерээк Улуу Ата Мекендик согуштун алдында аталган районду андан да өнүктүрүү максатында Рахман Бабаев башкы зоотехниктик кызматка дайындалат.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда партиялык жогорку органдын чечиминин негизинде Авазбекти ошол мезгилдин өтө керектүү кадры эсептеп, армияга албай турган кагаз (бронь) беришет. Бирок, ал бул жеңилдиктен караманча баш тартып, өзү кан майданга токтоосуз жөнөтүүгө арыз жазган экен. Бийлик анын талабын орундатып, жаш жигитти Украина фронтуна жөнөтүп, полктордун бирине комиссар кылып дайындайт. Рахман Бабаев эки жыл аралыгында идиректүү командир катары
таанылып, бир нече медалдар менен сыйланат. 1943-жылы Полтава шаарын душмандардан бошотуу үчүн кырчылдаган салгылашта баатырларча курман болот. Ошентип, артында калган беш баланын түйшүгү жубайы - Канышай Бабаеванын мойнунда калып, энелик милдетин эң сонун аткарат.
- Апабыз чыныгы баатыр экендигин кашкайта далилдеди, - деп эскерет Абазбек Рахманов. - Ошол согуш мезгилиндеги каатчылыкка жана кыйынчылыктарга карабастан бизди эл катарына кошту, бутубузга тургузду. Апабыз элдик фольклорду абдан жакшы билчү. Ата Мекенин коргоочулар туурасындагы анын аңгемелери дале эсимде турат. Андан тышкары апабыздын табыпчылык жайы да бар эле. Жайлоого чыкканыбызда ал дайыма дары чөптөрдү жыйначу. Апам дарылаган Каманчы айылынын жүздөгөн тургундары түркүн дарттардан тез сакайгандыгын азыр деле аңыз кылып айтып жүрүшөт.
Тилекке каршы, 1953-жылы Рахмановдордун үйүн терең кайгы басты. Шум ажал Канышай Бабаеваны көп жашатпай алып тынды. Ошентсе да, бул дүйнөдө жоомарт адамдар көп экен. Жетим калган балдарды жакын туугандары, ошондой эле Совет бийлиги жерде калтырган жок.
Баса белгилей турган жагдай: Абазбек Рахманов мектепте мыкты окуду. Ошондуктан, мектептен соң СССР мезгилиндеги эң мыкты жогорку окуу жайына - Москва мамлекеттик университетине документтерин тапшырды. Баары нугунда бараткан, бирок орус тилин чабал билгендиктен, сынактан өтпөй калды. Ошого карабастан, тырышчаак жигиттин мээнетин баалашып, Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУнун) чет тилдер факультетине дароо студент кылып катташкан.
КМУну бүткөндөн кийин дээринен тырышчаак жигит ошол эле окуу жайда калтырылган. Ошол учурда Абазбек Рахманов педагогдук кесипкөйлүгүн гана эмес, илимге ышкыбоздугун дагы тастыктаган. Ошондон улам Кыргыз илим изилдөө институтунун (азыркы Кыргыз билим берүү академиясынын - автор) аспирантурасына дароо эле кабыл алынган. Ушул жерде айта кетээрибиз, А. Рахманов ошол эле учурда СССР Министрлер Советине караштуу "Интурист" акционердик коому менен дагы тыгыз кызматташып, котормочулук милдетти аркалаган. Кызык жагдай, "Интурист" акционердик коомун ошол кезде "Ар намыс" партиясынын азыркы лидери Феликс Куловдун атасы жетектечү.
- Шаршенбай Кулович билими боюнча юрист, жогорку маданияттуу жана тыкан инсан эле, - деп эскерет Абазбек Рахманов. - Агезде ал ыр дагы жазчу. Ошондой эле эл аралык байланыштар жаатында лекция окучу. А киши менин мүнөзүмдүн калыптанышына чоң салым кошту. Ага улай турмуш-шартыма каралашчу.
Ошол "Интуристте" иштеген мезгили Абазбек Рахмановдун андан ары өсүшүнө зор таасирин тийгизди. Анткени Германия, Швейцария, Австрия, Америка Кошмо Штаттары сыяктуу ондогон өлкөлөрдөн тынбай келишкен немис тилдүү туристтерди коштоп жүрүп ой чабытын кеңейтти.
Аспирантураны ийгиликтүү аяктаган соң, Абазбек Рахманов Ош педагогикалык институтуна жөнөтүлүп, 1973-1985-жылдары немис тили кафедрасын башкарды. Биринчи күндөн тартып факультеттеги мыкты окутуучулардын катарын толуктады.
Кыргызстандын мугалимдер коомчулугу оштук окумуштуунун илимий эмгектерин жакшы билишет. Анткени Абазбек Рахманов тарабынан алтымыштан ашуун илимий-усулдук колдонмолор, окуу куралдары жарык көргөн. Мындан тышкары гезиттерге жүздөн ашуун илимий багыттагы макалалары жарыяланган. Филология, лексикография жана билингивизм шартында чет тилдерин окутуунун усулу сыяктуу эмгектери убагында илимий чөйрөдө жогорку баага арзыган.
Ош педагогикалык институтунда, кийинче-рээк Ош мамлекеттик университетинде иштеген кырк жыл аралыгында Абазбек Рахманов чет тилдер факультетинин лидерлеринин бири катары таанылды. Бүгүнкү күндө немис тили кафедрасынын окутуучуларынын 85 пайыздан ашууну анын шакирттери экендиги талашсыз. Алардын арасында филология илимдеринин доктору, Россиянын педагогикалык илимдер Академиясынын академиги, И.Арабаев атындагы университеттин мурунку ректору, учурда Ельцин атындагы Кыргыз-славян университеттин деканы, профессор Амангелди Бекбалаев, Кыргызстандын Австриядагы мурунку элчиси Зейнеп Шаймергенова, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев, таанымал саясатчы Имамберди Жалилов, ОшМУнун роман-герман филологиясы кафедрасынын башчысы Шухри Мараш-оглы, өлкөнүн дипломатиялык академиясынын деканы Бактыгүл Нарматова бар.
Абазбек Рахманов немис тилин Ош облусунун мектептеринде да такай үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Аларга усулдук жактан жардамдашууга ар дайым даяр. Илимпоздун В.Терешкова атындагы жатак мектепти өз камкордугуна алганы да бекеринен эмес. Бул жерде агай тез-тез болуп, а түгүл бир канча жыл негизги жумушун айкалыштыруу менен эмгектенген. Ошондуктан, аталган мектептеги немис тили каанасынын заманбап жасалгаланышына агайдын салымы абдан чоң.
Абазбек Рахманов кесиби менен гана чектелбейт, ар кандай пайдалуу коомдук жумуштарга азыр деле батыл аралашып турат.
Абазбек Рахмановдун балдарынын баары жогорку билимдүү. Баары өзүнчө түтүн булатышкан. Улуу кызы дарыгерлик кесипти тандаган. Венера - инженер-экономист. Тун уулу Нурлан - инженер-технолог. Үчөө тең Алматы шаарында жашашат. А кенже уулу Султан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун сот-прокурордук факультетин бүтүргөндөн бери "Бимар" эл аралык консалтинг компаниясында үзүрлүү эмгектенет.
Ошентип, бүгүнкү күндө жетимиш жашты аркалаган Абазбек Рахманов агай учурда карылык доорун сүрүп, бактылуу турмушта жашап жаткан чагы. Илимге кошкон салымы убагында эле бааланган. Не демекчибиз, арыбаңыз, ар дайым аман болуңуз, агай!
Барчынай ТАБАЛДИЕВА,
ОШМУнун окутуучусу