кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
17-май, 2011-ж.:


п»ї

Биз эмне үчүн жарды жашайбыз?
же жайлоого эмнеге ата-бабаларыбыздай мамиле кыла албайбыз?
Керемет жайлоолорду кыя жолдон карасаң,
кук эткен кузгун, как эткен карга жок. Ошондо
жайыт жетим
болуп турганына ыйлагың келет. Ушул жагынан шарт түзүлбөй
жатканына
ичиң ачышат...
Кытайдын бирде тоңгон, бирде кайра жибиген, бир Кудайдын өзү билген шектүү эттерин алып келип жеп жатабыз. Эмне үчүн экологиялык жактан абдан таптаза болгон этибиз турса, элибизге Кытайдын
этин жедирип
жатабыз. Эт эмне үчүн кымбаттап
жатат?
(3-бетте)




  Түз байланыш

"Кыргыз Туусуна"
КТРК келет...
Өлкө ичиндеги электрондук маалымат каражаттарынын флагманы болгон КТРКны көтөрө чаап мактагандардын, көзгө сайып сын айткандардын, сунуш берет элек деп дегдегендердин баарына мүмкүнчүлүк түзүп отурабыз.
КТРК коомдук телерадио макамын алгандан бери сиз байкаган өзгөрүүлөр, анын алдындагы байкоочу кеңешинин ишине карата пикириңиз, кадр саясаты, мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөрдүн жагдайы, жеке маселеңиз, жаңы берүүлөрү боюнча көз карашыңызга КРнын коомдук телерадио корпорациясынын башкы мүдүрү Кубат Табылдиевич Оторбаевден "Кыргыз Туусунун" түз байланыш рубрикасы аркылуу жооп алсаңыз болот. Эмесе 30-май дүйшөмбү күнү, саат 15.00дөн 17.00гө чейин (0312) 62-20-31, 62-20-66 телефондоруна жана алдын ала кошумча (0770) 888 294 номерине чалып, сурооңузду жаздырып койсоңуз да болот.













??.??