"Кыргыз туусу", 20.05.11 Техникумга өз алдынчалык берилсе
Нарын шаарында Союз учурунан берки айыл чарба техникуму бар болчу. Мен 1987-жылы ошол техникумду бүтүргөм. Мындан он беш жыл мурда Нарында облустук университет ачылганда анын карамагына өткөрүп берип коюшкан.
Айыл чарба техникуму университетке караштуу агрардык коллеж деп атын өзгөрткөнү менен заты өзгөргөн жок. Он беш жылдан бери жети жолу имарат алмаштырып, реформанын "курмандыгына чалынды". Азыркы күндө кайран техникум өзүнчө юридикалык жак болгону менен өз каражатына ээ эмес. Университет анын кадр маселесине, окуу ыкмаларына түз кийлигишет. Быйыл студенттерди кабыл алууга да университет кийлигишет деген сөз тарады. Менин коё турган маселем мындай. Он беш жылдан бери университет ирденип, түптөлүп, чыңалып алды. Ушуга байланыштуу техникумду өз карамагынан чыгарып, өнүккөнгө эркиндик бериши керек. Ушул пикиримди Билим берүү жана илим министри Канат Садыковго "Кыргыз Туусу" аркылуу жеткирсем дегем. Ар бир тармак өз алдынчалыкка ээ болгондо жакшы өнүгөт эмеспи.
Кашкарбай БАЗАРОВ,
Ат-Башы району,
Ат-Башы айылы, зоотехник

"Манастын жериненмин, кыргыздын элиненмин"
Галинанын ачык, шайыр, боорукер, жароокер мүнөзү шаардыктардын баарына жагат. Ал ар дайым күлүп жайнап, капалыкты айдап, ал-акыбалыңды сурап, жадырап-жайнап жүрөт. Дал ошол мүнөзү, кичи пейил, сылыктыгы, ак көңүлдүгү жана өз ишинин мыкты устаты катары эл кадырлоосуна ээ болгон келин. Элибизден орустардын кетип калганы ичимди ачыштырат. Менде эле экен десем, көпчүлүк эл ушундай экен. Орустардын калыстыгы, акыйкатчылыгы, адамгерчилиги, бирөөгө кек сактабагандыгы, ошол улуттун кадыр-баркын арттыргандыгы элде айтылып келет. Галина өзү Талас жергесинде туулуп- өскөн. Ал өзүн мен Манастын жериненмин, кыргыздын элиненмин деп сыймык менен айтып жүрөт.
Галина Вениаминовна Ильиенко
1954-жылы Таластын Кара-Буура районунда туулган. Атасы Вениамин кайтыш болгондон кийин апасы Александра Сергеевна Аксыга кызын алып көчүп келе берген. Кербен шаарындагы Таш-Төбө орто мектебин мыкты окуп бүттү. Галинаны азыр деле эже-агайлары мыкты кыз дешип сыйлап турушат. Мектепти бүтөрү менен эле Бишкекке (ал кездеги Фрунзе шаарына) барып, № 20 кесипчилик-техникалык орто окуу жайына кирип, көп тармактуу чачтарачтык кесипке ээ болот. Алгачкы эмгек жолун Майлы-Суу шаарындагы "Алмаз" сулуулук салонунда кыз-келиндердин чачтарачы болуу менен баштайт. Кадрлардын жетишпей жаткандыгына байланыштуу Аксыга - Кербен шаарына алып келишет. Эки жолу өз кесибин чыңдап, кесипчилик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан кошумча билим алып келет, биринчи класстагы чачтарач деген адистикке ээ болот.
Учурда Кербен шаарындагы "Жоогазын" сулуулук салонунда кыз-келиндердин чач жасалгасы боюнча мастер болуп эмгектенип келет. Өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө ар дайым изденип келет. Райондун
коомдук турмушуна да активдүү катышат. Өмүрлүк жолдошу Радзюк Сергей Борисович "Айыл көмөк" ишканасында моторист болуп эмгектенет. Уулу Александр болсо айдоочу, кыздары Марина менен Валентина Москва шаарында МГУда студент. Учурда алар небереси Вениаминди багып чоңойтушууда. Кошуналары, бирге иштешкендери, жоро-жолдоштору менен ар дайым жылуу мамиледе болууга аракеттенет. Алар Галинаны сыйлашат. Галинанын башкы максаты - кардарларды жылуу да, мээримдүү да, сулуу да тейлөө менен аларга мыкты кеңештерди берүү. Өзгөчө кыз- келиндер чачты кандай алып жүрүү керек деген суроо менен көп кайрылышат.
Сөзүбүздүн акырында биз да сага, Галина, тоо гүлүндөй сулуулук, узун өмүр, бактылуу турмуш каалайбыз. Сен кыргыз эли менен сыймыктансаң, сени менен биз да сыймыктанабыз. Ар бир тоо гүлүндөй буралган кыздарыбызга сулуулук тартуулай бер, Галина.
Абдымомун КАЛБАЕВ,
Аксы району, Кербен шаары


Жаштарга жол берсек
Өзгөчө ушул мезгилде пикет-митинг күч алып, маданият маселеси мамлекеттин көңүл чордонунан сырткары калып жатканда ал тармакта эмгектенген жаштардын кесиптик көйгөйү тууралуу сөз козгоо чын-чынына келгенде суу кечпей турган убагы. Ушундай кырдаалды билип-туюп турсам да куш тилиндей кат менен маданият тармагында иштеп жаткан жаштардын үнүн сиздердин гезит аркылуу маданият министри Нурлан Шакиев мырзага жеткирүүнү туура көрдүм.
Таң эрте шаардык автоунаа менен кызматка келе жатып, эл жыкжыйма
болгондуктан, аргасыздан эки жаш жигиттин сукбатына ортоктош болуп угууга туура келди. Алардын бири менин баамымда опера жана балет театрында солист болуп иштейт окшойт. Анын: "Жаш дегендердин алды 40-45 чыгып калсак да, башкы партияларды ырдай элекпиз, мейли эми карыганда ырдайлы десек, артыбызда турган жаштар бизге окшоп бизге жол бергиле деп демитип турса эмне кылабыз?" - дейт каңырыгы түтөп. Ал жигиттин айтымында экс-министр Шер Ниязга кайрылышканда: "Алар эмгек сиңирген ардагер-корифейлерибиз - биздин тарыхыбыз, жаштар, силер аларды сыйлагыла",- деген жооткоткон жообун берген.
Медалдын эки жагы бар эмеспи, бир жагынан экс-министрдин жообун жокко чыгарууга болбойт, улууга урмат кылуу биздин парз.
Бирок, убагында элден, өкмөттөн алчу наам-сыйлыктарын эртеби-кечпи алган театрдын аксакал-ардагерлери жаш адамдардын жаштыгы,таланттары ташкындап турган курагын эске алып, жаштардын келечегине балта чаппай, жаштарга жол бошотуп беришсе, улуу муун менен кичүү муундун ортосунда мындай ажырым болмок эмес. Ал түгүл өмүр бою опера жана балет театрында иштеп, наам-сыйлык турсун башкы ролдорду аткарбай жүрүп деле пенсияга чыккандарды чындап сураштырса чекесинен табылат. Министр мырза, Сиз улуттун сыймыгы болгон опера жана балет театрды кайрадан оңдоп-түзөөгө шымаланып киришип жатасыз. Театрдын имаратын гана оңдобой, реформаны адам факторунан баштасаңыз жакшы болор эле. Биз кайрылган көйгөй ондогон жылдар бою жедеп өнөкөт ооруга айланганын жаштар ырасташат. Жамааттын жетекчилиги чечпей келе жаткан маселени терең карайсыз го деген үмүткө ишеним байлап туралы.
Б.МУСАЕВА, театрдын күйөрманы, Бишкек шаары


Паспорт маселеси качан чечилет?
Кыргызстандын жарандарынын республиканын ички аймагында колдонулуп жүргөн "Айдикард" деп аталган бармактай, жылбышкак пластика сыяктуу паспорту жашоо-турмушка ылайыксыздыгы, жашаган жерин алмаштырууга туура келсе, кайрадан паспорт алууга туура келери жөнүндө алда качантан бери эле калк арасында сөз болуп келет. Ошондой болсо да, бул маселе ушул кезге чейин чечилбей келе жатканы өкүнүчтүү. Мына ушундай көйгөйгө туш келгенде, кайран Союздун учурундагы бирдиктүү паспортту эске түшүрбөскө айла жок...
Азыркы учурда деле дипломатиялык, жалпы жарандык жана ички паспортторду пайдаланып келе жа-
табыз. Мейли дейли, заманга ылайык келсе ага деле каршы эмесмин. Менин жеке пикиримде, мурдагыдай бирдиктүү паспорт болбосо да, анын эки түрүн, тактап айтканда жалпы жарандык жана дипломатиялык паспортту пайдалануу жетиштүү болор эле. Анткени, жалпы жарандык паспорт чет өлкөлөргө чыкканга да жарактуу жана аны каалагандардын баары эле алып жатат. Андыктан дал ошол жалпы жарандык паспортту республиканын ичинде жарай турган документ катары пайдалансак кантет? Чет өлкөлөргө чыгууга жасалган паспорт кантип эле өз республикабызда жараксыз болсун! Ал эми, жанагы "Айдикард" чынында эле, элди алдап, акча табуунун амалы го деп ойлоймун.
Албетте, андай жалпы жарандык паспорт кымбатка түшөт деп айтуучулар да болор. Бирок, менин пикиримде, аталган паспортко жарандык жагдайдын бардык аки-чүкүлөрүн киргизсе, ал өзүн актайт эле демекчимин. "Сараң киши эки эсе зыян тартат", деп орус элинде айтылгандай, кымбат болсо да, сапаттуу паспортко ээ болсок жаман болбос эле. Мындай болгондо кайрадан кайра паспорт алмаштырууга акча, убакыт коротуп убара болбойт элек. Баса, бир кезде ондогон миллион мал-жаныбарларды паспорттоштурабыз деп да чыкпадык беле. Ага салыштырганда жалпы жарандык паспорт арзан болоруна бөркүмдөй ишенем.
Т.САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну