"Кыргыз туусу", 20.05.11 Залкар окумуштуу Калкабай Сартбаевге - 100 жыл
Белгилүү тилчи, түрколог
Калкабай Сартбаев жөнүндө сөз болгондо орустун атактуу тилчиси В. И. Далдын "Ким кайсы тилде ойлой турган болсо, ал сол тилдеги элдин өкүлү боло алат" деп айтканы эске түшөт. Өзүн орусмун деп эсептеген Владимир Ивановичтин атасы дат, энеси чала немис, чала француз болгон. Ал эми кыргыз тил илими боюнча залкар окумуштуу Калкабай Калыкович Сартбаев теги казак болгону менен кыргыз аалымы катары тарыхта калды.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук
университети окумуштуунун туган күнүнүн
100 жылдыгына карата 27-майда
"Профессор К. К. Сартбаев жана азыркы филологиянын жана педагогиканын актуалдуу
проблемалары" аттуу эл аралык
илимий-практикалык
конференция өткөрмөкчү.

Калкабай Сартбаев 1911-жылы 31-майда Казакстандын Жамбыл облусунун Көдөлү кыштагында малчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылы Олуя-Ата уездинин Сын-Тас айылында мектеп босогосун аттайт. Мектепти, андан кийин мугалимдер курсун бүтүргөн 18 жаштагы Калкабайдын 1929-жылы Жамбыл облусунун Андрей-Тал кыштагында устаттык эмгек жолу башталды. Башталгыч мектептин жетекчилигине көтөрүлгөн К. Сартбаев 1933-жылы Жалал-Абад облусунун билим берүү боюнча райондук инспектору кызматына жиберилет. Ал ошондон баштап көзү өткөнгө чейин (1988-жыл) элүү беш жыл Кыргызстандын билим берүү тармагында талбай эмгектенди, өмүрүн кыргыз тилинин өнүгүүсүнө арнады.
Ал 1935-1939-жылдары борбор шаар Фрунзедеги №11 орто мектептеги мугалимдик жумушун айкалыштырып, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун филология факультетинде окуп, аны бүтүрөт.
Жөндөмдүүлүгү жана мээнеткечтиги менен профессор И. А. Батмановдун көзүнө илинген студент андан ары аспирантурада окууга калтырылат. Ушул, 1939-1942-жылдары К.Сартбаевдин кыргыз тили боюнча илимий ишмердиги башталат, кыргыз топторуна орус тилин окутуу боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга катышат. 1946-жылы "Орус жана кыргыз тилдериндеги зат атооч" деген темада кандидаттык диссертациясын жактайт. 1948-жылы Калкабай Сартбаев Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда кыргыз тилинин кафедра башчысы болуп дайындалып, бир эле убакытта тил жана адабият факультетинин деканы болот. "Атам ошол кезде эч тыным албай эмгектенди, күндүз сабак берип, үйгө келгенде түндүн бир убагына чейин илимий иштери менен шугулданар эле",- деп эске салат согуштан кийинки жылдарды окумуштуунун уулу, ардагер геолог Максүт Сартбаев.
1950-жылы Калкабай Сартбаев Москвага, СССР ИАнын тил билимдери институтуна эки жылдык докторантурага жиберилген. Окумуштуу "Кыргыз тилиндеги кошмо сүйлөмдүн синтаксиси" аталыштагы филология илимдеринин доктордук диссертациясын мөөнөтүнөн мурда, 1954-жылдын 29-январында ийгиликтүү коргоого жетишет. Докторанттын кеңешчиси, СССР ИАнын мүчө-корроспенденти Н. К. Дмитриев Калкабай Сартбаевдин эмгегинин жакталышына "Түрк тилдери дүйнөсүндөгү окуя" деп баа бериптир. Ал эми, оппоненти, профессор В.М. Насилов диссертацияга билдирген пикиринде: "Окурмандар зээндүү, ак ниеттүү окумуштуу бир нукка түшүргөн кыргыз тили боюнча бай маалыматтардын чоң энциклопедиясына ээ болду. Биздин алдыбызда орус жана түрк тил илимдеринин мыкты жетишкендиктерин өздөштүргөн, кыргыз элинен чыккан чыныгы советтик окумуштуу турат",- деп жазган. Бул - кыргыз тили боюнча жакталган алгачкы докторлук эмгектердин бири болчу.
1954-жылы СССР ИАнын кыргыз филиалы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы болуп кайра түзүлөт. Калкабай Сартбаев Академиянын алгачкы курамына Кыргыз ССРи ИАнын мүчө-корреспонденти болуп шайланат.
Калкабай Сартбаев кыргыз тилинин өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсандардын бири. Кыргыз тилинин салыштырма грамматикасы, кыргыз тилинин синтаксиси, түркология боюнча эмгектерине кошо, окумуштуунун кыргыз тилин окутуунун усулдук негизин түптөгөнү өзгөчө белгилеп коюуга арзыйт. Өзүнүн педагогикалык бай тажрыйбасына таянып иштеп чыккан "Кыргыз тилин окутуунун методикасы" республиканын агартуу комиссариаты тарабынан бекитилип, алгачкы окуу куралы катары 1951-жылы беш миң нускада басылып чыккан. Ал жаңы талаптарга ылайык толукталып алты жолу кайра басылган. Автордун көзү тирүү кезинде даярдалган жетинчи басылышы көп жылдар бою жарыкка чыкпай жаткан эле. Чоң саамалык - буюрса, профессор Калкабай Сартбаевдин 750 беттен турган "Тандалма эмгектери" 27-майда өтө турган конференциянын катышуучуларынын колуна тиймекчи. Китепке окумуштуунун "Орус жана кыргыз тилдериндеги зат атооч", "Кыргыз тилиндеги кошмо сүйлөмдүн синтаксиси", "Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы" жана "Кыргыз тилин окутуунун методикасы" эмгектери киргизилген.
"Тандалма эмгектер" окумуштуунун уулу Максүт Сартбаевдин демилгеси менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев башкарган кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын жамаатынын чыгармачылык колдоосу аркасында "Турар" басмасында басууга даярдалууда.
Калкабай Сартбаевди устаттардын устаты, же профессорлордун профессору деп айтсак жарашат. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунда, андан кийин Кыргыз улуттук университетинде студенттерге, аспиранттарга билим берүү менен катар жогорку кесипкөй кадрларды өстүрүп чыгарууга олуттуу салымын кошту. Анын катышуусу менен 30 адам илимдин кандидаттыгын, жети адам: А.Турсунов, К.Иманалиев, А.Осмонкулов, Б.Өмүралиев, К.Чоңбашев, Б. Тойчубекова, А. Иманов докторлукту жактаган. Бүгүнкү күндө кыргыз тили профессорлорунун чоң тобу Калкабай Калыковичти устатыбыз деп сыймыктанышат.
Жогоруда аталгандарынан тышкары, К. Сартбаевдин калеминен жаралган жана кесиптештери менен биргелешип жазган эмгектери азыркы учурда да филолог-мугалимдердин, студенттердин жана кыргыз тил илимин изилдеген окумуштуулардын жол көрсөтүүчү куралына айланып отурат.
Калкабай Сартбаевдин илимий-изилдөөчүлүк, педагогикалык жана коомдук ишмерчилиги мамлекет тарабынан бааланып, "Элдер достугу" ордени жана бир топ медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин "Эл агартуусунун отличниги" белгиси (1945), "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы (1974) ыйгарылган. 1945-1986-жылдар аралыгында жети жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына татыктуу болгон.
Калкабай Сартбаев алдыңкы студенттерди сүрөө менен катар, жубайы, педагог Жамал апай экөө уул-кыздарын да илим жолуна шыктандырган: чоң уулу - Максүт Сартбаев Кыргызстандын жер кыртышын изилдеген окумуштуу, геология илимдеринин кандидаты, КРнын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; ортончу уулу - Маден Сартбаев (1941-2002) техника илимдеринин доктору, өнөр жай экологиясы боюнча ири окумуштуу болгон; кенже уулуу - Марат Сартбаев техника илимдеринин доктору; чоң кызы - Мария Сартбаева биология илимдеринин кандидаты; ата жолун уланткан ортончу кызы Мадинанын (1946-1986) өмүр жолу кыска болуптур. Фрунзедеги Орус тили жана педагогикалык институтунун ага окутуучусу М. Сартбаева түрк жана англис тилдеринин салыштырма грамматикасы боюнча илимий иштерин аяктоого үлгөрбөгөн; кенже кызы - Марзия Сартбаева философия илимдеринин кандидаты, Чүй университетинин профессору. Калкабай Калыковичтин неберелеринин ичинен да илим жолун тандагандары аз эмес.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөр Максүт Сартбаевдин
үй-бүлөлүк альбомунан алынды.