"Кыргыз туусу", 20.05.11
 "Мыкты айыл аймагы" сынагына

?Америкалыктар
менен алакалаш
Аламүдүн районунда "Манас" аэропортунун түндүк тарабында Аларча аттуу аймак бар. Адатта Аларча деп атаганыбызда Бишкектин үстүндөгү не бир кооз ажайып кооздуктарды өзүнө камтыган, шаардыктар дем алыш күндөрү көңүлдүү эс алууну көксөгөн кыргыздын кереметтүү кооз жайларынын бирин түшүнөбүз. Эмне үчүн аймак Аларча аталып калганын азыркы аймактын тургундары жетимишинчи жылдары жаңы уюшулган "Аларча" совхозу менен байланыштырышат. Ал совхоздун аты капчыгайдын же өзөндүн атынан коюлганын тактап атайылап ырастаган киши жок. Аларча аймагы Аламүдүн районундагы элинин саны, ээлеген аянты боюнча чакан, бирок салык төлөмдөрүн жыйноодо аны жалпы жашоочулардын санына бөлгөндө алдыңкы орунда турган айыл өкмөттөрүнүн бири. Мында күнү-түнү шакылдап иштеп жаткан өнөр жайы деле жок. Бирок айыл өкмөтүнүн капчыгын толтурууда америкалыктардын жүк ташуу борбору маанилүү ролду ойнойт. Аталган айыл өкмөтүндө жашоочулардын өзөктүү маселелерин чечүүдөгү иш-аракеттери, тушуккан көйгөйлөрү, алдыга койгон ой-максаттары тууралуу төмөндө саресеп кылып көрсөк.

Мраморноеден баштасак
Аларча айыл өкмөтү Мраморное жана Рассвет айылдарынан туруп, жалпы жашоочулардын саны эки миңден ашат.
Биздин гезит айыл өкмөттөрү
тууралуу жазганда айылдардын түптөлүшү, аталыш-тарыхтарына кененирээк токто-лууга аракет жасайт. Бул маалыматтар жеке эле ошол айылдардын жашоочуларына эмес, жалпы окурмандарды да кайдыгер калтырбасын жакшы билебиз. Эми да ошол салтыбыздан жазбай Мраморное деген аталышына иликтөө жүргүзүп көрсөк.
Жетимишинчи жылдардын башында жаңы уюшулган "Аларча" совхозунун дыйкандары Ламза, Арваза азыр айыл жайгашкан аймакта дарбыз өстүрүшкөн экен. Салмагы алтымыш беш килограммдан ашкан Мраморное сортундагы дарбыз Москвадагы эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонунун көркүн ачып, далайларды таң калтырган. Дарбыздын кумдак күнөстүү жерде жакшы өсөөрүн илимпоз-агроном эмес, катардагы эле жашоочулар жакшы билет. Кийин ушул айыл жогорку түшүм берген дарбыздын сортунун атынан аталган дешет айыл билермандары. "Аларча" совхозу ошол кездеги Фрунзе шаарын жашылча менен камсыз кылып, мал чарбачылыгында да жогорку көрсөткүчтөрдү жаратууга жетишкен.
Аларча айыл өкмөтүнүн борбордук чарбагы Мраморное айылында совхоздун жардамы менен социалдык, маданий курулуштар, жумушчулар, адистер үчүн төрт квартиралуу барак үйлөр, көчөлөр салынган. Мында жыйырма беш улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашап, азыркы базар экономикасынын шартында чектелген үлүш жерлери менен кара жандарын багып келе жатышат. Негизинен дыйканчылыкка басым жасашкан дыйкандар эки жарым миң гектар айдоо жерлерин пайдалуулугуна карашып, бакчачылыкка пайдаланышат. Аймакта бүгүнкү күндө үлүш, пайлары такталган үч жүздөн ашык дыйкан чарбалар бар. Жашоочулардын колунда кийинки эки жылда ири мүйүздүү малдын саны кескин өскөнү мал каттоонун жыйынтыгында такталды.
"Болотбек" өсүш болот дейт
Аймакта эптеп күндөлүк тиричилигинин эле камын көрбөй, өз алдынча дыйкан чарба болуп бөлүнгөнү өсүп жетилгендердин, байыгандардын бири катары "Болотбек" дыйкан чарбасын бир ооздон аташты. Анын жетекчиси Насипбек Мажитов менен жолугушуп, чоо-жайын сураштык.
Насипбектин айтымында дый-
кан чарба жылына эки жүз гектарга жакын жер иштетет. Үлүш жери жетишсиз болгондуктан, айыл өкмөтүнөн кайра бөлүштүрүү фондунан да кошумча жерлерди ижарага алып иштетишет. Талаачылык жумуштарын бүткөрүүгө колдо жетиштүү сандагы комбайндары, тракторлору, шаймандары менен жүк ташуучу автомашиналары бар. Мында такай ондон ашык адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, жайкысын талаачылык жумуштары кычаган кезде сырттан жардам суроого муктаж. Агротехникалык эрежелерди туура пайдала-
нууга өзгөчө маани берилээрин аңгемелешүү учурунда даана байкадык.
Насипбек ар бир эки жылда дан эгиндеринин, жашылчанын үрөндөрүн жаңыртып турбаса жогорку түшүмдү алуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Тукум жаңыртып туруу мал чарбачылыгында да маанилүү экенин жашырбайт. Колдогу койлордун, уйлардын, жылкынын сапатын жакшыртууга кеткен чыгымдар өзүн актайт, башкаларды да кан алмаштырып малдын асылдуулугун арттырууга чакыраар элем дейт.
Азыр дыйкан чарбанын талааларында эгиндин, жашылчанын өнүмү жакшы колдогу техникаларды чабыкка даярдыкка коюу аяктоо алдында.
Ташев таш тизип...
Айылдын түндүк тарабында элүү гектарга жакын жер аянты менчик үй салуучулар үчүн берилген экен.
Тийиштүү документтери такта-
лып, уруксаат кагаздарын алышкан айрым тургундар үйлөрүн куруп алууга жетишкен экен. Жаңы конушта эки жүз элүү беш адамга үй салууга деп тилкелери берилген отуз бир үй жарым-жартылай пайдала-нууга берилген. Айыл өкмөтү башкы планга ылайык ичүүчү суу түтүктөрүнүн, электр зымдарын тартуучу устундар жайгаштыруучу жерлерин так аныктап, мында үй курулуштары менен бирдикте атайын чектелген мекемелер суу, электр жарыгын тартуу жумуштарын создуктурбай жүргүзүп жатышат.
Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Тейитбек Алиевдин айтымында, Мраморное жаңы конушун ичүүчү суу менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттен 2,2 млн. сом, электр жарыгы менен камсыз кылууга 1,9 млн. сом каралып, бүгүнкү күнгө чейин иштердин тең жарымына жакыны бүткөрүлүп калды.
Жаңы конуштун тургундарынын бири Абдразак Ташиев да элден кем калбай үч бөлмөлүү үйүнүн пайдубалын түптөп, суук түшкүчө бүтүрүп алгандын камы менен күндө талаада, келинчеги Гүлшан да жолдошунун астейдил аракетине көмөктөш болуп такай жанында.
Көп жаңы конуштарда биринчи үйлөр туруп, анан суу, электр энергиясына, жолдорго кезек кеч жетээрин, алар бүткүчө жаңы конуштагылардын көргөн күнү кандай болгонун көпчүлүгүбүз баштан өткөргөнбүз. Мында ойлонуштурулган иш-аракет өз жемишин учурунда берээрине буга күбө болгон биздин да көзүбүз жетти.
Шамал оттун шуулдаганы жаман, бирок...
Айыл өкмөтүнүн капчыгын ушул аймакта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту, америкалыктардын жүк ташуучу борбору толтурат.
Жылына бардык салык
төлөмдөрүнөн жергиликтүү бюджетке он үч миллион сомго жакын каражат топтолот. Бул жыйналган каражаттын көпчүлүгү айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жумшалаарын айыл өкмөтүнүн адистери такталган маалыматтар менен чечмелеп беришти. Мурда пайдаланылып келишкен билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелеринин бардыгы толук оңдолгон. Учурда узундугу бир жарым километр негизги жолду оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Жакын арада мурда иштебей турган балдар бакчасын толук оңдоо, эмеректер менен жабдуу маселелери чечилип, төрт миллион сом сарпталган бала бакча жүздөн ашык жеткинчектерди кабыл алат. Аны каржы булактары менен камсыз кылуу толук айыл өкмөтүнүн мойнуна жүктөлгөн.
Америкалыктар да ижара акысын төлөгөндөн башка Мраморное айылынын мектебинин эшик-терезелерин алмаштырып, ички жасалгаларын толук бүткөрүп беришти. Кубаттуу генератор орнотуп беришип, жылыткыч тармагы эми электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Жүк ташуу борбору аймактын бөлөк социалдык маселелерин чечүүгө каражат аяшпай турганын ачык айтышат.
Аларча айыл өкмөтүндө социалдык жактан коргоого муктаж адамдарды колдоодо, маданиятты, спортту көтөрүүдө жана коомдук тартипти сактоодо, улуттук каада-салттарды жайылтууда жасаган иш-аракеттеринде алга жылыштар байкалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Тейитбек Алиев учурда чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн катарына сугат суусу менен камсыз кылуучу тармактын эскиргенин, аны оңдоого азырынча чама-чаркы жетишпей жатканын айтып, аймактын ардагерлери, мекемелери үчүн биздин гезитке он нускага жазылып, ыраазычылыгымды билдирем деп биз менен жылуу коштошту.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"