"Кыргыз туусу", 17.05.11
 18-май Эл аралык музей күнү

Музаларга арналган ыйык орун
Музей деген аталыш байыркы грек сөзүнөн алынган. Орун, музага арналган орун дегенди билдирет. Ал эми байыркы грек мифологиясында искусство, илим, поэзия Кудайлары музалар деп аталган. Музей жаратылыш менен адамзаттын коомдогу өсүп-өнүгүшү тууралуу билим-илимдин маалыматы болгон материалдык жана рухий маданият эстеликтерин, табият коллекциялары менен тарыхый нускаларды жыйнайт, изилдейт, сактайт. Алардын ар тармактагы экспонаттарын элге көрсөтүп жайылтат. Түп нускаларын басмага даярдап, китепчелерди, каталогдорду жарыкка чыгарат. 18-май эл аралык музей күнү болуп 1978-жылы белгиленген.

Кыргыз Республикасынын тарых музейинин негизделгенине 86 жылга карады. Алгачкы жолу кыргыздын тарыхый музейи 1925-жылы уюштурулуп, 27-жылы түптөлгөн. Совет бийлигинин жылдарында башка союздаш өлкөлөрдөй эле биздин кыргыздын тарыхын, маданиятын музей аркылуу жыйноо башталган. Кийин азыркы Маданият жана маалымат министрлигинин имараты музей үчүн ишке берилип, анда атайын 48 зал экспонаттар менен жасалгаланган.
Ал эми азыркы имарат 1984-жылы курулуп, Борбордук Ленин музейинин Фрунзе шаарындагы филиалы деп аталган. Эгемендик келгени Ленин музейи тарых музейине айландырылып, 1991-жылы эски тарых музейи Ленин музейи деген имаратка көчүрүлгөн. Бирок, анын шартында кыргыздын тарыхый музейин талаптагыдай жайгаштыруу кыйынга турган чак.
Орто Азия өлкөлөрү боюнча Кыргызстандын тарых музейи эң чоң музей катары бааланат. Мында 108 миңдей экспонаттар бар. Кыргызстандын башкы музейи болгон Мамлекеттик тарых музейинин чыгармачыл жамааты колдон келген аракеттери менен мааракелик майрамды жарык маанайда тосушууда. Кесиптик майрам алдында аталган музейдин директору Анаркүл Исиралиевага кайрылганыбызда төмөндөгүдөй күңгөй-тескейлүү маселелерди айтып берди:
-Тарых музейинин 85 жылдык мааракесин былтыр өткөрмөкпүз. Өлкөдөгү саясый курч кырдаалдардын таасиринен өткөрүлбөй калган. Биздин музейдин профили башкача. Бизде илимий изилдөө иштери негизги багытыбызды түзөт. Кыргызстандын байыркы кылымдан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын изилдейбиз. Аны үчүн архивдерди казып, илимдер академиясы менен иштешебиз. Ар бир тема боюнча материалдарды топтоп, чогултуп, музейге алып келип, фондуга өткөрөбүз. Ал жерде ар бир документти, экспонатты илимий каттоо болот.
Фондубузда археологиялык экспонаттар, анын ичинде алтыны, күмүшү да бар. Андан сырткары фото документтик материалдар бар.
Музейде көп скульптуралар ж.б. бар. Аны Кыргызстандын тарых музейине айландыруу үчүн кээ бир скульптураларды алмаштыруубуз керек. Бул тууралуу концепция дагы жазып чыкканбыз. Ошондо байыркы кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки Кыргызстанды чагылдырган тарыхый музей болуу керек. Бирок биз ага жетише албай жатабыз. Анткени Ленин музейи деп салынган имаратттын шарты ага туура келбей жатат. Бул музей кыргыз эли Россияга өткөн мезгилди чагылдырат. Ал турсун шыптагы сүрөттөрдөн өйдө Россиялык мезгилди чагылдырат.
Бешинчи кабатта скульптуралар аз болгону менен 19-кылымга чейинки археология, этнографиялык экспонаттарды койдук. Төртүнчү кабатка келгенде иш кыйын болуп жатат, себеби ал жакта жалаң Ленинге таандык скульптуралар бар. 1991-жылдан бери биз кыйналып бүттүк. Бул тууралуу көп жолу Мамлекет башчысына, Өкмөткө кат жаздык. Бийлик алмашып, унутулуп калып жатты окшойт. Бирок Президентибиз Р.Отунбаева бизди колдоп жатат. Бул имарат курулганына отуз жылга жакындап калса дагы бир да жолу ремонт болгон эмес. Мамлекеттен 2008-жылы 39 миллион сом каражат бөлүнгөн. 29 миллион сому реэкспозиция үчүн берилмей болгон. Анткени бизде текчелер, дубалдар бүт баары эскирип бүткөн.
Биздин музейге киргенде эле Лениндин скульптурасы турат. Тарыхый музей болгондон кийин мында кыргыздын духу, өңү, үнү сезилип турушу керек го. Кур дегенде сырттан келгендер Кыргызстандын тарых музейин көргөндөй болсо. Биз абалдан көргөзмө уюштуруу менен чыгып кетип жатабыз. Бирок, көргөзмөнү кайра алып коёбуз да. А бизге ар дайым көрүнүп туруучу негизги экспозиция керек.
Республика боюнча 47 музей болсо, биздин тарых музей мамлекеттик башкы музей. Ошол 47 музейдин авторлору биздин илимий кызматкерлер. Мисалы, Ата-Бейит, Исхак Раззаковдун музейи, Ош, Талас, Чолпон-Атадагы ж.б. бардык музейлерди биздин кызматкерлер ачкан. Ошол эмгеги менен алардын көбү мамлекеттик сыйлыктардын ээси болуп жатышат. Себеби алар жасаган кийинки музейлер биздин башкы музейден заманбап, жакшы жасалып жатпайбы. Материалдык-техникалык базасы жаңырып, жаңы жабдуулар менен жасалып жатат. А өзүбүздүн музейибиз эскиргенден эскирип, тарыхый деген атына төп келбеген бойдон калып барат. Негизи башкы музей болгондон кийин бардык башка музейлер үчүн мамлекеттик тарых музейи усулканалык борбор болуш керек. Чындыгында азыр бизде 40 жылдан ашык иштеген, бай тажрыбалуу музей адистери иштеп жатат. Республиканын бардык музей кызматкерлерине биздин илимий кызматкерлер сабак беришет, окутушат, ошон үчүн башкы музей. А эмне үчүн бизге Улуттук статус берилбейт? Жазып деле жатабыз, бизди эч ким укпас болду. Тарых музейине терең түшүнбөй жатышат. Тарых музейи тууралуу биз Концепция да жаздык. Илимдер Академиясынын белгилүү окумуштуулары биздин концепцияга эң жакшы пикирлерин билдиришкен. Каражат бөлүнсө биз тарыхый музейдин өзүнүн критерийине жооп бергидей жасоо- максатыбыз.
Дагы бир маселе, биздин республикада музейде иштөөчү адистер даярдалбайт. Бир дагы окуу жайда андай бөлүм жок.
Музейде иштөөнүн дагы өзүнүн талабы бар. Ага он жыл, жыйырма жыл иштегенден кийин кадимки кесипкөй болуп калат. Ар бир музейдин өзүнүн багыты бар. Биздики илимий-изилдөө борбору болсо, мисалы, сүрөт музейинин өзүнүн алган багыты такыр башка. Бизде майда, бирок маанилүү иштер өтө көп. Аны көп мезгилдер өздөштүрүү керек. Кадр даярдоо маселесине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуусу керек. Анын үстүнө жаштар биздикиндей айлык маянага келип иштебейт. Анткени өтө аз. Мен директорлук кызматым үчүн 2800 сом айлык алам. Музейде иштегениме 30 жылдай болуп калды, экскурсоводдон баштап бардык тепкичтерин басып келе жатам. Илимий кызматкерлердин айлыктары 1950 сом. Биз ошол аз айлыкка да карабай иштеп жатабыз, биздин кызматкерлер өз ишине берилген фанаттар.
Андан тышкары биз ар дайым экспедицияга барабыз. Археологиялык, этнографиялык экспедициябыз бизге көптөгөн экспонаттарды алып келип турушат. Ар бир мезгил өткөн сайын ошол доордун экспонаттары тарых музейинде турушу керек.
Совет мезгилинде бизге мамлекеттен акча бөлүнчү. Ар бир аймакка экспедициябыз барууга каражатыбыз даяр болчу эле. Көп экспонаттарды биз ошондо сатып алчубуз.
Азыр чынында бизде командировка деген азайды. Экспедиция үчүн биз өзүбүздүн эсептен араң акча бөлүп берип, аргасын таап, кызматкерлерди кармап калалы деп аракеттенип жатабыз.
Менин директор болгонума 5 ай гана болду. Ушул аралыкта биз 8 көргөзмө ачтык. Исхак Раззаковдун, репрессия мезгилинин, 8-мартка карата таанымал аялзаттарынын көргөзмөсүн ачып, эмгектеринен бери койдук. Космонавтика күнүндө Ю.Гагариндин көргөзмөсүн ачканда космонавт жердешибиз Салижан Шарипов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси келип катышып, ыраазы болушту. Панфиловчулардын 70 жылдыгына карата Ленин залына көргөзмө уюштурдук. Балдар келип көрсө дагы чоң сабак.
7-апрелде түн ортосуна чейин күзөттө болдук. Ал турсун окко учкан жигиттерге тез жардам чакырышып, жарадарларга жардам берип жүрдүк. Эртеси эртең менен эрте келип көчөдөгү калган окторду, милициялык такталарды, тытылган гезиттерди, сынган кол чатырларды жерден алып чогултуп жүрдүк. Мунун баары тарых да, биз үчүн алар экспонаттар, күн өтүп кетсе аларды таппай калабыз. Ошон үчүн бул - биздин милдетибиз. Сүрөткө тартып алдык. Кийин ошону апрель революциясынын бир жылдыгында чоң көргөзмөгө айландырып алып чыкканбыз. Окко учкан балдардын үй-бүлөсү менен байланышып, көзү өткөн баатырлардын кийимдерин, буюмдарын алдырып, ар бирине өзүнчө бурчтарды жасап, көргөзмөбүздү толуктадык.
Аңгеме-дүкөн курган мүнөттөрдө реставрация бөлүмүнүн башчысы Батма Абазканова дагы майрам алдында гезит бетине чыгардан пайдаланып, өткөн-кеткенге кайрылып, жан-дүйнөсүнөн төгүлүп төмөндөгүдөй сүйлөп берди: "1974-жылы декабрдан бери иштеп келе жатам. Өкүнгөнүм ушул күнгө чейин реставрация боюнча Кыргызстанда адистер даярдалбайт. Пенсиядагылар эле иштеп калдык. Советтик мезгилде керек учурунда Москвадагы мамлекеттик тарых музейинин, же азыркы Санк-Петербургдагы Эрмитаждын лабораториясынан эки кызматкерибиз дайыма барып реставрация кылып келишчү. Тамара Ибрагимова менен Надежда Александровна Притеева ушул күнгө чейин иштешүүдө. Бирок бизде талаптагыдай лабораториябыз жок. Кыргыздын тарыхын чагылдырган буюмдардын көбү этнографиялык буюмдар, алар реставрацияны талап кылат.
Бул жерде чынында кыйынчылык менен убактылуу экспозицияларды, көргөзмөлөрдү жасап жатабыз. Фондуларды эптеп сыйлыгыштырып, киргизип жатабыз. Археологиялык көпчүлүк фондудагыларыбыз батпай, эски имаратыбыздын жертөлөсүндө жатат. Экинчиден, реставрация жасаганга бизде азыр акча жок, ошон үчүн келип көргөндөр иш жүрбөй жаткандай кабыл алышат.
Бизде адабият музейи жок, ал эми Өзбекстанда бар. Илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө жыйырманчы жылдардан берки сонун эмгектер чогулган. Искусство жана адабият музейи ачылса, биздин жазуучу-акындар, манасчылар тууралуу маалыматтар, автордук кол жазмалар чогултулмак. Театр, кинолорун көрсөтүп турса, улуттук адабият менен искусствосунун тарыхы өз деңгээлинде элге жетмек. Убагында 94-96-жылдары маданият программасы кабыл алынып, бирок ошол бойдон дайынсыз токтоп калды. Өкмөт музейдин мамлекеттик аброюн көтөрсө, маселелерди убагында чечип берсе жакшы болмок. Музей деген жаш муундарга билим, эстетика, ыйман жагынан тарбия бергени менен да баалуу эмеспи", - деди Батма эжеке.
Музейде фондусу болбосо экспозиция түзүлбөйт, илимий иштер да жүргүзүлбөйт. Ошондуктан тарых музейи усулдук жагынан дагы, экспонаттардын саны жагынан дагы Кыргызстандагы эң чоң музей. 17 бөлүм иштейт. Айталы археология, сүрөт, этнография, жазма документтер, скульптура жб. өздөрүнүн эрежесине баш иет.
Музей көргөзмөдөн гана көрүнбөйт, көпчүлүк майда иштер фондуда болот. Ошондуктан бул жагынан да суроо салып, музейдин башкы сактоочусу Акылай Шаршеналиевага кайрылганыбызда буларды айтып берди: "Биздин музейге окумуштуулар, профессорлор, аспиранттар, студенттер келет, ошолор менен тыгыз байланышта иштейбиз.
Музейдин алтын фондусун ачып койдук. Сорос фондусу менен иштешип, сайма боюнча, алтын, тыйындар боюнча коллекциясын календарь кылып чыгардык. Чет мамлекеттерге чыккан көргөзмөлөрдү даярдап беребиз.
Кайсы мамлекетте болбойлу, биздин маданиятыбызга, тарыхыбызга көп көңүл бурушат. Францияда болгонубузда биздин саймаларыбызга, археологиялык табылгаларга, өзгөчө бир киши гана батарлык кылып жасалгаланган боз үйүбүзгө да абдан кызыгышты. Японияда, Италияда, Түркияда, Швейцарияда, Кытайда ж.б. өлкөлөрдө болгонубузда биздин алтындарга көбүрөөк көңүл бурушту. Байланышыбыз жакшы. Тажрыйба алмашып турабыз. Франция менен мамилебиз чыңдалууда.
Акчабыз аз деп олтуруп алган жокпуз. Кыздарыбыз долбоорлор менен иштешип жатат. Мисалы, Аида Алымова менен алтын боюнча үч киши болуп иштедик. 40 миң доллар таап келди. Дизайнерибиз Жапаров Улан да күчтүү адис. Көчүп-конуп, конфет менен ширеңкенин кутусуна салып жүрүп сактаган музейбизди биз ыйык сактоого милдеттүүбүз", - дейт Акылай эже.
Ооба, ага биз Кыргызстандын атуулу катары бардыгыбыз милдеттүүбүз. Анткени музей өткөн тарыхыбызды кыттай сактап, салт-санаабызды, маданият менен искусствобузду улуттун жүзү кылып тааныткан куттуу очок. Ошол очоктун оту өчпөсүн. Майрамыңыздар кут болсун, кымбаттуу музейчилер!
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"