"Кыргыз туусу", 17.05.11
 18-май - Эл аралык музей күнү

Муңайган музейлерге
менеджерлер керек!
Жай айы - туристтик сезон учуру. Буга Кыргызстандын музейлери даярбы? Чет элден келген меймандарга өлкөбүздүн маданиятын, тарыхын, каада-салттарын, үрп-адаттарын, деги эле ички жашоосунун жакшы өңүттөрүн ачып, чагылдырып, уккан кулак менен көргөн көздү кубанта алабы? Деги эле музейлерибиздин бүгүнкү акыбалы кандай?

Мына ушул өңдүү суроолорго жооп алыш үчүн КРнын Президенти Роза Отунбаева борборубуздагы Тарых музейинде болуп (сүрөттө), анын турмушу менен таанышып, андан соң борборубуздагы жана республикабыздын дубандарындагы музейлердин башчылары менен бетме-бет кезигишип, жогоруда айтылган маселени кабыргасынан койду.
Р.Отунбаева кириш сөзүндө туристтерди тартууда жана каражат табууда музейлердин укмуштуудай мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду. Бирок, албетте, мындай мүмкүнчүлүк өзүнөн-өзү келбейт, же аны ким бирөөлөр жаратып бербейт. Анын баары музей кызматкерлеринин гана жеке иш-аракеттерине, чыгармачылык менен иш алып баруусуна жараша болот.
Президент буга мисал катары ушул эле тарых музейин алды. Анын айтымында музейдин туристтер менен иштөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, музей, биринчиден калаанын так борборунда турат, экинчиден, ар кыл тематикада көргөзмөлөрдү уюштурууга имараттын көлөмү да жооп берет. Бирок, өлкө башчысы: "Имараттын үстүнөн суу агат, мамлекеттен каражат керек?" - деп карап отуруу музей кызматкерлерин жоопкерчиликтен куткара албай тургандыгын баса белгиледи. Өлкө башчысынын айтымында, башка өлкөлөрдө деле музей сыяктуу маданий очоктор мамлекеттин камкордугуна таянбай, жеке демөөрчүлөр менен биргелешип иштөөнүн, өзүн-өзү багуунун аракетинде жакшынакай эле күн көрүп жатышат. Ошентсе да, Президент жакында музей кызматкерлеринин айлык акыларынын көбөйүп жаткандыгын белгилей кетти.
Ошол эле убакта Президент борборубуздагы көркөм сүрөт музейинин өзүн-өзү багып, бутуна туруп кеткендигин, алгылыктуу иштер болуп жаткандыгына баа берди.
Өлкө башчысынын улуттар тууралуу көргөзмө уюштуруу демилгесин КРнын Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев жакшы идея катары кабыл алып, тез арада бул ишти колго алышарын билдирди.
Министр Шакиев убакыт өткөн сайын өзүнүн актуалдуулугун жоготуп жаткан Фрунзе музейинин аянтынын кенен экендигин жана ага мамлекетке өзгөчө эмгек сиңирген тарыхий инсандардын көргөзмөсүн уюштуруп, инсандык бейнесин ачуу талапка ылайык келерин айтты. Министрдин айтымында мындай демилгени жеке адамдар дагы сунуш кылышууда.
Эң өкүнүчтүү көрүнүш катары министр жаңыча иштей турган жаш музей кызматкерлеринин жоктугун, Президент белгилеп өткөндөй чыгармачылык менен изденүүнүн болбой жатышынын бирден-бир кесепети ушул экендигин билдирди. Анын айтымында музейчилердин 70%ы пенсионерлер. Ал эми жаштардын келбей жатышына айлык маянанын эки миңге жетпеген өлчөмү себеп болуп келген.
Президенттин кеңешчиси Султан Раев музей саясатын иштеп чыгуу керек экендигине токтолду. Анын айтымында Кыргызстанда бир дагы музей менеджери жок. Башкача айтканда андай адистер бизде даярдалбайт дагы. С.Раев, анткен менен, акыркы убактарда Тарых музейинде бир топ иштер болуп жаткандыгын жана музейде сөзсүз басма сөз катчысы болуш керек экендигин, басма сөз каражаттары менен тыкыз кызматташуу керек экендигин айтты.
Жолугушууда археолог, окумуштуу Кубатбек Табалдиев аймактардагы баалуу табылгалардын киши колдуу болуп, жок болуп жатканын, айрыкча азыр мыйзамсыз казып саткан "кара археологдордун" күнү жүрүшүп турганын, андыктан бул тармак мамлекеттик камкордукка муктаж экендигин билдирди.
Президент буга чейин "кара археологдор" тууралуу маалыматы болбогондугун айтып, К.Табалдиевдин мындан башка дагы маалыматтарына кызыгып калгандыгын билдирип, булар жөнүндө басма сөз аркылуу айтуусун талап кылды. Ошондой эле Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый корук-музейинин менеджер-уюштуруучусу Кеңешкан Ысманованын да сөзүн угуп, анын элеттик музейди иштетүү ыкмасына ыраазычылык билдирди.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Билим берүүгө инвестиция

Кыргызстанда европалык мектеп ачылат
"Биз билим берүүгө канчалык көп инвестиция жасасак, өлкөбүздүн өнүгүшү ошончолук ийгиликтүү болот", - деп айтты Борбордук Азияда Европа мектебинин Консультативдик кеңешинин биринчи жыйынында Президент Роза Отунбаева.
Мамлекет башчысы билим берүү тутумун реформалоо абдан зарылдыгын белгиледи.
- Бизде жакшы билим берүү мекемелери бар, бирок алардын көбү балдардын чет өлкөлөрдөн окуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бере алышпайт,- деди Президент сөзүндө. Андыктан, Борбордук Азияда Европа мектебин ачуу өз убагында болууда. Өлкөбүздө америка үлгүсүндөгү мектеп бар, анын бүтүрүүчүлөрү азыр Колумбия университетин бүтүрүшүүдө. Мына кичинекей шаардын жана анын мектептеринин жолу каякка алып барат. Мен билим берүүгө инвестиция жасала баштаганына өтө чоң канааттанууну билдиргим келет. Акыркы эл аралык билим берүү изилдөөсүндө Кыргызстан аяккы орундун бирин ээледи. Борбордук Азияда бир дагы өлкө өзүнүн адамдарына, билим берүүсүнө акча жумшамайын ийгиликтүү өнүгө алышпайт деген жыйынтыкка макулмун. Биз билим берүүгө канчалык инвестицияны көп жумшасак, өлкөбүздүн өнүгүшү ошончолук ийгиликтүү болот.
Кыргызстанда Европалык мектепти уюштуруучулардын бири Эмил Үмөталиевдин айтуусунда мындай мектепти ачуу ата-энелердин демилгеси. Бул кичинекей эл аралык топтун ичинде кыргыз жарандары да бар. Алар балдарына эл аралык деңгээлде билим берүү максатында ушундай мектеп уюштурууну каалап, каражат жумшоону чечишти. Балдары окубаса деле каражатын жумшап, бул демилгеге кошулуп жаткандар бар экен. Э.Үмөталиевдин ою боюнча бул мектеп жаңы демилгелерди, жаңы стандарттарды өзүнө тартып, жаңы үлгү көрсөтөт деген ишенич бар. Ошондой эле эл аралык адистердин Бишкекке келип иштешине чоң көмөк болот. Инвесторлорду тартканга да пайдасы тиет. "Бүгүн Бишкекте баласынын жаңы сапаттагы билим алышы үчүн каражат төлөй ала турган ата-энелер көп. Ошондуктан, бул жаңы сапатты күткөн ата-энелердин демилгеси болуп жатат. Мындан пайда табайын деген эч ким жок. Биз бул мектептин элиталык мектеп болушун каалабайбыз, мында окуган балдардын жарымы Кыргызстандан болсун деп ойлойбуз", - дейт ал. Анын пикиринде акчасы жок, бирок таланттуу балдар дагы бул мектептен окутулушу мүмкүн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун консультанты, Швейцария жараны Марк Вейтчинин айтуусунда учурда мектепти уюштуруучулар 5 миң доллардан салым кошушту. "Бишкектиктер эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу билим берүүгө муктаж. Европалык мектепти ачуу менен билим берүүнү кеңейтебиз, шаардын мүмкүнчүлүгүн арттырабыз, Бишкек чет элдиктерди кызыктырып калат. Биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөрдөн билим алуусун уланта алышат", - деп белгиледи Марк Вейтч.
Аталган мектепте 3төн 5 жашка чейинки, демек бала бакча курагындагы жана башталгыч класстын (11 жашка чейинки) жашындагы балдар окушмакчы. Окутуу негизинен англис тилинде жүргүзүлөт. Кыргыз, орус тилдери да берилиши мүмкүн. Мектепке чейинки балдарга ата-энелери жылына 3500 евро, мектепте окуган балдарына 7 000 евро төлөшөт. Тажрыйбалуу мугалимдер Улуу Британия, Канада, Франция, Малайзия өлкөлөрүнөн чакырылмакчы. Мектептин директору Кимберли Джоунс 27 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар, окумуштуу экени айтылууда. Мектеп июль айында эшигин ачат.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"