"Кыргыз туусу", 26.04.11
 26-апрель - Чернобыль кырсыгына 25 жыл

Чернобыль окуясынын катышуучусу,
3-топтогу майып Жакыпбек АБДЫЛДАЕВ:
"25 жылдан бери өз баасын ала электер бар"
Мындан туптуура 25 жыл мурун, дал ушул күнү Чернобыль атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Окуядан бери канча жылдар өтсө дагы, анын калтырган кайгысы, азабы, мүшкүлү алигиче басыла элек. Кезегинде кырсык болгон жерге барып, анын кесепеттерин жоюуда Кыргызстандын атуулдары да бараандуу салымдарын кошуп келишкен. Мына ошондой инсандарыбыздын бири - белгилүү акын Жакыпбек Абдылдаев.
Биз Жакыпбек агайды Чернобыль окуясынын каарманы катары, өз көзү менен көргөндөрү жөнүндө айтып берсин деген тилекте мейманга чакырганбыз.
- Сиз Чернобылга кандайча барып калдыңыз?
- Ал кезде СССР урай элек болчу да. Ал эми союз убагында ар бир жаран 55 жашка чейин аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү болгон. Мына ошол жарандык милдетти аткаруудан мен да баш тарткан жокмун. 1989-жылы апрелде, Орто Азия аскердик аймактарынан 6 айлык химиялык полк түзүлгөн. Ошол полкко чакырылган солдаттарга кошулуп, Белоруссиянын Гомель облусунда 6 ай кызмат өтөп келдим.
- Эмне жумуш аткардыңыздар эле?
- Биз ЧАЭСтин (Чернобыль атомдук электр станциясы) өзүндө булганган жер кыртыштарын алып чыгып, терең казылган аңдарга көмдүк. Кээде бир эле короодон бир-эки машина топурак алып чыгып, ал жерлерге таза шагыл, топурак, бетон көмдүк. Ал эми Гомель облусунда 14 миңден ашык короо-жайды кайра калыбына келтирүү ишине катыштык. Бир канча мекемелерди дезактивациялаганбыз. Андан бери 25 жыл өтүп кетиптир, бүгүнкү күндө ал жакка барып келгендердин ичинен өз баасын ала электери да бар...
- Химиялык полкто Кыргызстандын канча атуулу бар эле?
- 30 жаштан 45 жашка чейинки, артында балдары бар 3700 адам барганбыз. Мен билгенден азыр алардын 1489 у тирүү. Тилекке каршы алардын 80 пайызы майып. Тагыраак айтсам, 12 адам 1-топтогу, 354 адам 2-топтогу, 850 адам 3-топтогу майыптар. Ал эле эмес, алардын канынан жаралган балдардын да 20 пайызы майып болуп төрөлдү.
- Элдерди көчүрүүгө да жардамдашкан болсоңуздар керек?
- Албетте, жардамдаштык. Бирок жер которуу биз барганга чейин эле башталган. Анткени, жарылуу болгон күндүн эртеси эле Припять шаарынын (ЧАЭСтен 3 км. аралыкты турган шаар) жашоочуларын 3 күнгө жетерлик тамак-аш, кошумча кийим-кечелерин алып чыгып кетүү боюнча чечим чыгып, тургундар башка аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Менин билишимче, алар Чернобылга алиге чейин кайтып келише элек.
- ЧАЭСтеги кырсыктын болушуна анын директору күнөөлүү деп айтылып жүрдү беле?
- Ооба, станциянын 4-блогунда реакторду пайдаланууга берүүдө ката кеткен деген божомолдор менен ЧАЭСтин башкы директору Брюхановду 10 жылга эркинен ажыратышкан. Бирок, чындыгында андай болгон эмес экен. Кийин "Совершенно не секретно" деген гезитке АЭСтин жарака жерге курулганын, ошондой эле станциядагы өзгөрүүлөр 1984-жылдары эле байкалганын жазып чыгышты. Припять дарыясынын балыкчылары дагы, авария болордон 1 саат мурда, жердин астынан күүлдөгөн үн чыгып, жер силкингенин туюшкан экен. Бирок аларды органдагы адамдар чакырып, үндөбөөнү буйруп коюшкан тура.
- Алты ай ичинде эсте калган бир жакшы көз ирмем болдубу?
- Эсимде калганы эле концерт коюп ырдаганыбыз. Аскердик топ, кайгыга баткан элдин көңүлүн көтөрүп, алаксытуу максатында, ыр кече уюштурганбыз. Мен ошондо Казакстандан барган жоокерлер Т.Нурпеисов жана К.Утешова менен Канымгүл Досмамбетованын "Кызыл өрүк" деген ырын аткаргам. Биздин полктогу жигиттердин өнөрлөрү көпчүлүккө жагып, концерттик номерлерибиз толукталып, бир нече айыл-кыштактарын кыдырып концерт койгонбуз. Ошондо Канымгүл эженин "Кызыл өрүгү" Белоруссиянын далай айылдарында жаңырган.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү автордуку




  Ата Журт алкагында

Сатуучулар митингге чыкты
Аламүдүн базарынын сатуучулары "жаңы контейнер курулат" деп 1300 доллардан алган Аламүдүн базарынын жетекчиси Рысбек Мааткабыловго нааразы болушууда. Ак үй алдына чогулган 50 чакты адам эми 1300 доллардын үстүнө базар жетекчилиги дагы 3 миң доллар төлөө талабын коюп жатканын айтышууда. "Мурдагы берген акчаны бер, иштебейбиз десек аны да бербей атышат. Жалпысынан 160тай адам 1300 доллардан төлөгөнбүз", - дешет митингчилер. Аталган базардын өкүлү Бакыт Сулайманбековдун айтымында, сатуучулар 3 миң долларды бөлүп төлөөгө макул болбой жатышат жана контейнерди алгандан кийин башка бирөөгө сатууга болбойт деген талапка көнбөй турушат.

Наркотоптордун лидерлери аныкталды
Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Виталий Орозалиевдин айтымында, Кыргызстанда 70тен ашуун наркотоптор бар. Алардын лидерлери маалыматтар базасына киргизилген. Эми аталган кызматтын өлкө түштүгүндөгү башкармалыгын күчөтүү аракети көрүлүп, штат кеңейтилүүдө. "АКШнын борбордук командачылыгы менен биргеликте башкармалыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп атат. Анын алкагында Тажикстан менен чектеш аймактарга бештей жылып жүрчү жана стационардык бекеттер ачылышы ыктымал", - дейт Орозалиев. Буга чейин бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз ташылып аткан баңги заттардын 15-20 пайызы гана колго түшөөрүн айтышкан.

Боордошторго боор толгоп
Кыргызстанга келүүнү каалаган этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтө турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын долбоордун демилгечиси, депутат Абдулатип Режавалиев кабарлады. Бул мыйзам долбоору этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү учурунда шарттарды жеңилдетет. Буга чейин башка өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар ал жактагы ишканасын, же атайын керектүү каражаттарын алып келүүдө бир катар чектөөлөргө тушугуп келсе, долбоорго ылайык чектөөлөр азайтылмакчы.

Салттуу музыка жаңырды
25-апрелде кыргыздын салттуу музыкасынын күнү белгиленгендигин "Салттуу музыка" фондунун жетекчиси Роза Аманова билдирди. Бул күнү Бишкектеги Тарых музейинин алдында кыргыздын салттуу аспаптарында ойногон өнөрпоздор ачык асман алдында концерт беришти. Кыргыздын салттуу музыкасынын күнү 2004-жылдан бери белгиленип келет.

Ак-Суунун суусу ракты дарылайт
Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы "Жылуу-Булак" эс алуу жайынан рак оорусуна каршы дарылоону жүргүзүүгө болоорун Түштүк Кореянын адистери билдиришти. Райондун акиминин милдетин аткаруучу Кубанычбек Бекбоевдин айткандарына караганда эс алуу жайынан алынган суунун сапаты Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө текшерип-иликтөөдөн өткөрүлүп, касиети өзгөчө жогору бааланып, айыкпас ооруларды суу менен дарылап чыгарууга боло тургандыгы айтылган. "Жылуу-Булакты" калыбына келтирүү иштерине кореялыктар 26 миллион доллар сарптоого даяр. Алар 1500 чарчы метрлик бассейнди жана жыгачтан салынуучу 8-10 коттедждерди бир айдын тегерегинде курууга үлгүрүшөт. Бул үчүн облмамадминистрация менен макулдашуу керек.




  Аалам алкагында

Индиянын Ыйык адамы Сай Баба көз жумду
Индиянын эң бир таанымал руханий жол башчыларынын бири Сатя Сай Баба 85 жашында жүрөк оорусунан кайтыш болду. Сай Бабанын бүт дүйнөдө миллиондогон жолдоочулары бар. Саясатчылар, ишкерлер, атактуу адамдар пир туткан Сай Баба сыйкыр жасайт деп айтылчу, аны тирүү Кудай деп эсптегендер болгон. Анын уюму ооруканаларга, мектептерге жардам берчү, бирок айрымдар аны көз боёмочулукта жана сексуалдык наадандыкта айыпташкан. Сай Бабаны акыры жолго узатууга жүз миңдеген киши катышаары күтүлүүдө.

Пасха күнү бомба жарылды
Христиандардын эң ыйык майрамында Ирактын баш калаасындагы чакан чиркөөнүн жанында бомба жарылды. Ички иштер министрлиги жана дарыгерлер өтүп бараткан эки киши, эки тартип коргоочу жараат алгандыгын билдиришти. Иракта 2003-жылга чейин 1.2 миллионго жетпеген христиандардан азыр 400 миң чакты гана бар.

Йемендин президенти ийге келеби?
Би-Би-Си менен маегинде Йемендин президенти Али Абдулла Салех "бийликти жөн эле демонстранттардын колуна салып берген болбойт" деди. Ал өзүнүн 32 жылдык бийлигине каршы демонстрацияларды "төңкөрүш" деп мүнөздөдү. Ишембиде бийлик партиясы Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн арачылыгы менен жетишилген келишимди Салех кабыл алгандыгын жарыялаган. Келишим боюнча Салех бийлигин 30 күн ичинде тапшырып, анын эсебинен сот жообуна тартылбайт. Бирок бир нече жумалардан берки демонстрациялардын уюштуруучулары Салехтин дароо кызматтан кетишин жана анын сот жообуна тартылышын талап кылышууда.

Армяндар түрктөрдүн кыргынына кабылганбы?
Армяндар Осмон империясындагы кыргындын 96 жылдыгын белгилешти. Армениянын ырастоосунда, 1915-17-жылдары бир жарым миллион армян атайылап өлтүрүлгөн. Бирок Түркия геноцид айыбын четке кагып, Осмон империясы кулап жаткан ал маалда 300-500 миң армян, андан кем эмес түрктөр согуштук аракеттерде курман болгон деп ырастап келет. Жазуу жүзүндө жасаган билдирүүсүндө АКШнын президенти Барак Обама "бул XX кылымдагы эң бир наадан кылмыштардын бири болуп калгандыгын" белгиледи.

"Азаттык" радиосунун, "Кабар" агенттигинин сайттарынан жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"