"Кыргыз туусу", 26.04.11
  Сунушум бар

Кыргызстан элин өз уну менен курсагын тойгуза алабы?
Эмне үчүн кээ бир мамлекеттердин экономикасы гүлдөп, бачым өнүгүп жатса, экинчилериники эптеп-септеп, өлбө жаным өлбө деген деңгээлден көтөрүлө албай келет? Эмне үчүн Кыргызстан, алигиче, тилекке каршы, экинчилердин катарында? Мунун ички жана сырткы социалдык- экономикалык жана саясий өңүттөгү өтө көп себептери бар. Алардын бирөөсү Кыргызстандын ички рыногун керектүү деңгээлде коргоп, ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзө албай жатканыбыз. Ошон үчүн, экономиканын өзөгүн түзө турган өндүрүш тармагы Кыргызстанда оожалып кете албай, ишкерлерибиздин басымдуу көпчүлүгү
соода-сатык менен алек болу-шууда. Аздыр-көптүр бутуна туруп бараткан ун өндүрүү тармагы болсо мамлекеттин жардамы болбогондуктан кыйын күндөрдү баштан кечирүүдө.

Өзүбүздүкү жетет
Өзүбүздүн ун өндүрүүчү ишканаларыбыз кыргызстандыктардын унга болгон муктаждыгын 200 пайызга канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга 2010-жылдын 7-апрелинен кийин баарыбыз күбө болдук. Казак туугандар чек арасын жаап, ал жактан ун келбей калганда да мамлекетибизде ун тартыштыгы болгон жок жана баалар да көтөрүлбөдү.
Баалар кийин, Казакстан кайра чек араны ачкандан кийин башка себептер менен өстү. Ошентип, өзүбүздү өзүбүз ун менен толук камсыздай алсак да мамлекетибиз, эмнегедир, чет элдик ун өндүрүүчүлөр Кыргызстанда өз продукциясын кенен-кесири сатканга жол ачып койду. Ошондуктан, азыр базарларда Казакстандын ундары толуп кеткен. Алардын бир бөлүгү контрабандалык жол менен алынып келинет.
Казак өкмөтү өздөрүнүн экспортчуларын жакшы колдоп жатышат: 2010-жылдын 29-ноябрындагы токтому менен өз экспортерлорунун жаңы тышкы рынокту өздөштүрүүгө кеткен жалпы чыгымынын 50 пайызын кайтарып берүү чечимин кабыл алды. А бизчи? Тышкы рынокту кеңейтмек мындай турсун, өз рыногубузду коргой албай жатабыз. Ун өндүрүшүн колдоо ордуна тыштан ун импорттоо менен биз башка өлкөнүн экономикасына иштеп жатабыз. Мындай көрүнүштүн аягы бир нече жагымсыз жыйынтыктарга алып келиш мүмкүн.

Жаңы "кетсинчилердин" кереги барбы?
Б иринчиден, жумуш орундарын жоготобуз. Ун өндүргөн комбинаттарда миңдеген жумушчулар жана тажрыйбалуу адистер иштешет. Кыргызстанга сырттан көп ун ташылып жаткандыктан, комбинаттардын кээ бирлеринин жарым-жартылай, калгандарынын биротоло токтоп калуу коркунучу бар. Натыйжада көптөгөн адамдар ишсиз калышы мүмкүн. Ошол жумушчулардын бир даары "кетсин" деп көчөгө чыккандардын катарын толуктабайт деп ким кепилдик берет? Өлкөдө бейпилдик жана туруктуулук болуш үчүн өкмөт жумуш орундарын көбөйтүүнүн камын көрүшү кажет.
Экинчиден, биз ун өндүрүү тармагындагы мыкты менеджерлерибизден жана адистерибизден кол жуушубуз ыктымал. Адамдын билимин жана жөндөмүн жогору баалаган, мыкты адистер үчүн "согушкан" компаниялар чет элде толтура. Эң мыкты шарттарды сунуштап, адистерибизди алып кетип калышса бизге эле зыян болот. Ансыз да адам ресурстарын жоготуп жатабыз. Жүз миңдеген кыргызстандыктар жакшыраак жашоо издеп Россиянын атуулдугун алып кетишүүдө. А биздин адамдан башка кайсыл байлыгыбыз бар? Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу мунай менен газыбыз ашып-ташып жатса бир жөн эле.
Үчүнчүдөн, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугу коркунучка учурайт. Качан керек болгондо кошуналарыбыз чек арасын шарт эле жаап коюшарын көрдүк го. Ошондойдо өзүбүз ун чыгарбай, аларга таянып калган болсок кантмекпиз? Нан жок ачка калуу коркунучу пайда болмок. Анан да, кээде, буудайдын түшүмдүүлүгү төмөн болгондо, дан-азыктары тартыш болбосун деп коңшулар унду сыртка чыгарбай коюшу мүмкүн. Анда кантебиз? Акылман "бир ийинден жыланга эки жолу чактырбайт". Баштан өткөн соң, коңшу өлкөлөрдүн качан болбосун чек араны жаап коюусу мүмкүн экенин унутпай, ошого даяр болушубуз абзел.
Төртүнчүдөн, Кыргызстан технологиялык өнүгүүдөн дагы артта калат. Анткени, киреше алып келбеген тармакты модернизациялоо үчүн эч бир инвестор каражатын сарптагысы келбейт?
Бешинчиден, буудай өндүргөн дыйкандарыбыз жана мал чарбасы менен алек болгондор зыян тартышат. Кыргызстанда өндүрүлгөн буудай сапаты жагынан эл аралык рынокто анчейин баркталбайт. Жергиликтүү ун чыгаруучулар гана сатып алып иштетишпесе, башкалар сатып алышпайт. Эми элестетеличи, ун чыгарган комбинаттар токтоп калса дыйкан-дар өндүргөн буудайларын кимге сатат? Малга жем болчу жем кайдан чыгат? Ун чыгаруу азайган сайын жем азайып, тартыш болуп, баасы 3 сомдон 7 сомго көтөрүлбөдүбү.
Алтынчыдан , өлкөнүн салык базасы кичирейет. Ун өндүргөндөр жана алардын продукцияларын саткандардан түшкөн салыктын азайганы, ансыз да миллиарддаган сом тартыш болуп турган жыртык бюджетибизге кошумча сокку болоору талашсыз.
Ушуларды болтурбоо үчүн маселени мындай жол менен чечүү зарыл. Сырттан алынып келинген ундун ар бир килосу үчүн 3 сомдон бажы пошлинасын киргизүү керек. Мындай тажрыйба 2009-жылы эле сыноодон өткөн. Натыйжада, токтоп калган ун комбинаттары иштей баштаган. Салыктар көп төлөнүп, жумуш орундары түзүлүп, дыйкандардын буудайлары жакшы сатылып, арзан баада малга тоют болчу жем өндүрүлүп, өлкө экономикасына бир топ эле пайда түшкөн.
Ойлонбогула
Эгер сырттан келген унга бажы төлөмүн көтөрсөк ун кымбаттайт деп кыргыз төбөлдөрү ойлонбой деле койсо болот. Кыргызстандын ичинде деле өтө курч атаандаштык бар. Конкуренция бар жерде бааны каалагандай калчап койгон монополист болбойт. Атаандаштык өндүрүштүк кубаты бир эмес эки, Кыргызстанды камсыз кылганга жетет дебедикпи. Демек, кыргыз унун экспорттосок да болот.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ,
Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин аткаруучу
директору




  Билесиңби?

"Агрардык платформа" айыл чарбасын көтөрөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Агрардык платформа" көз карандысыз эксперттик коомдук бирикмесинин иштей баштагандыгынын бет ачары өтүп, кризистеги агрардык тармакты жакшыртуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, бул боюнча коомчулукка туура маалыматтарды берип туруу жөнүндө айтылды.

Алгач "Экология, аба ырайы жана Кыргызстан" деген документалдуу фильм-ролик көрсөтүлдү. Тасманын мазмунунда жана аземде чыгып сүйлөшкөндөрдүн сөздөрүндө - Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүүгө, өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бардыгы, дүйнөлүк проблема болуп жаткан экологиялык таза азык-түлүк алып, анын коопсуздугун жоюуга боло тургандыгы айтылып, ал үчүн мамлекеттик же жеке менчик болобу, жалпы бирдиктүү аракеттенүү демилгеси көтөрүлдү.
Жыйынга катышкандар "Рейна Кенч" асыл-тукум чарбасынын иштери менен таанышышып, фермерлерди окутуу борборун ыңгайлуу шарттар болгондуктан ушул жерде ачуу сунушталды. Каракол базарында асыл-тукум малдардын көргөзмөсү өтүп, малдын сапатын, азыктуулугун көтөрүү боюнча да тажрыйба бөлүшүлдү.
Бул иш-чаралардан кийин "Агрардык платформа" көз карандысыз эксперттик коомдук бирикмесинин иш-аракеттери тууралуу анын президенти Искендербек Айдаралиев менен маектештик.
- "Агрардык платформанын" бет ачары өткөнүнө күбө болдук. Катышуучуларын карасак дыйкандар, фермерлер. Бул уюмбу?
- Бул эч кимге көз карандысыз эксперттик уюм. Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрөлүк дешкен демилгечил атуулдардын бирикмеси.
- Каттоодон өткөнбү?
- Юридикалык тарап катары Юстиция министрлиги тарабынан күбөлүк алганбыз. Банктан эсебибиз ачылган, мөөрүбүз бар.
- Кандай иштерди жүргүзөсүздөр?
- Негизинен дыйкандарга, фермерлерге кеңеш берүү, керек болсо окутуу, маалымат берүү иштерин жүргүзөбүз. Учурда айыл чарбасын колдогон эл аралык донорлордун жардамдары көп болуп жатпайбы. Кээ бирлери эч кандай дыйкандардын негизги муктаждыктарын же биринчи чече турган көйгөйлүү маселелерди билбей эле өздөрүнүн жогорку жактагы жетекчилеринин үстүртөн берген көрсөтмөсү менен биз Кыргызстанга мобундай иш жасайбыз деп келе беришет. Биз ошолордун бардыгын бузалык деп жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга мына бул керек, муну биринчи кезекте чечпесеңер айыл чарбасы эч качан өнүкпөйт деп маселе коёбуз, сунушубузду айтабыз.
- Ошондой болгон бир учурду айтып бересизби?
- Мисалы, биз ЮСАИД программасына атайын бардык. Ошол жерде айыл чарбасын, кичи шаарларды жана өз алдынча башкаруу түзүмдөрүн экономикалык жактан өнүктүрүүгө чоң көлөмдө акча карашкан. Анан биз барып сурасак ал долбоор үч жылга эсептелиптир. Жарым жылы өтүп кетти. 2,5 жыл калды. Бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба багытында кандай ишти жүргүзүүнү билишпейт. Туура багыт берген кеңешчи жок. Биз, эки жарым жыл калды, бир көзгө көрүнөрлүк жумуш жасашыңар керек да десек, көңүлкош мамиле жасашып, кайдыгер карашкандай. Биз ошондо эгерде, силер ошол акчаны жөн эле тигил жакка, бул жакка жумшалды деп бир максатсыз коротсоңор болбойт, биз эч кимге көз карандысыз эксперт катары мобунча акча келди, ошондон бир тыйын кыргыз фермерлери же кыргыз мамлекети пайда көргөн жок деп
коомчулукка, кыргыз бийлигине жеткиребиз деп ачык айттык.
Мисалы, жөн эле чет өлкөлөрдөн эксперттерди же окута турган адистерди алып келишип, окутушат да, кофе брейк, тигиндей, мындай деп туруп, чоң көлөмдөгү акчаларды ал иш-чараларга буруп коюшат. А бүгүнкү күндө биз аларга ар бир облуста мындай моделдик чарбалар бар, ошолордун базасында, өзүбүздүн адамдарды тартып, өзүбүздүн тажрыйбалардын негизинде фермерлерди окуталык, ошого силердин акча каражаттарыңарды бөлөлүк десек, алар биздики андай, мындай эмес дешип, ойлонушуп жатышат. Ушундай нерселердин бардыгын элге биз ачык-айкын жеткиребиз.
- Кыргызстандын моделин түзөбүз деп жатпайсыздарбы. Кандай багыттар боюнча уюштурса болот?
- Бардык багыт боюнча Кыргызстандын моделин түзсө болот. Мына, мал чарбачылыгы, талаачылык маселеси боюнча модель анан кийин биоазыктар деп жатпайбызбы, эколо-гиялык таза айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүшүбүз керек, ошол боюнча модель. Мына кече күнү жолдо келе жатып, өзүңөр күбө болдуңар Өрүктүдө фермер Чолпон Бараканованын тажрыйбасы менен таанышпадыңарбы. Достук багын, реабилитация кылып, 50 гектар жерге кайта бак олтургузуп, ошол жерге алар биздеги бүгүнкү күндүн шарты менен тамчылатып
суугаруунун технологиясын жасап
коюшкан. Тамчылатып суугаруу Израилде өнүккөн. Ошол жактан технологиясын Кыргызстанга алып келип жайылтууга канчалаган акча жумшалат. Өрүктүдөгү аз каражат жумшалган, натыйжалуу жыйынтык берип жаткан тажрыйбаны Кыргызстан боюнча жайылтууга болот да. Каражат жетишсиз болуп жатканда, эмне үчүн баасы "асманды чапчыган" Израилдин технологиясын алып келишибиз керек?
Мына ушул сыяктуу маселелер көп болууда. Мына ошол нерселерди иштеп чыгып, дыйкандарга жеткирген бир координациялык орган жок болууда. Айыл чарба министрлиги болсо, күнүмдүк оокат менен, эрте менен келишет да статкомго отчёт беришет, анан Өкмөткө, Жогорку Кеңешке барыш керек, ошентип ар бир сандарды такташ керек деп убактылары өтүүдө.
Биз ошон үчүн Айыл чарба министрлигине чогуу иштеп жардам берелик деп айтып жатабыз. Өз ара кызматташуу боюнча меморандумга да кол коюштук.
Биз бүгүнкү күндө айыл чарбасында фермерлерге, дыйкандарга кандай жардам беребиз, кандай мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алыш керек, жанагындай Өкмөттөн чыга турган ар кандай актыларды кабыл алганга көмөк көрсөтөбүз.
Мына азыр биздин, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сыртка чыгарыш, экспортто үчүн техникалык жөндөөнү, союз убагындагы мамлекеттик техникалык шарттар учурда эч нерсеге жарабай калды. Бүгүнкү күндөгү рыноктун, экономиканын шартында жаңы документтерди иштеп чыгыш керек болууда.
Биздин агроплатформанын мүчөсү бал боюнча жөндөөнү иштеп даярдады. Азыр ЕврАзЭС деңгээлине чейин чыгып, аны коргоодобуз. Мындай тажрыйбалар, аракеттер бардык тармактарда жасалганы турат.
- Сиздер менен иштешүү, мүчө болуш үчүн кандай шарттар коюлган? Катарыңыздар канчага жетти?
- Биз жаңы уюшулгандыктан жарыя берип, коомчулукка толук маалыматты бере элекпиз. Мүчө болуунун шартында эч кандай кыйынчылык жок. Өзүнүн каалоосун көрсөткөн арыз жазса кире алат. Азыр 40тан ашык активдүү, демилгечил мүчөлөрүбүз иш алып барышууда. Эгерде, биздин программа, алдыга койгон максаттарыбыз жакса, дыйкандар, фермерлер мүчө болуп киришсе болот. Алар эле эмес, бизде интеллигенттер, окумуштуулар, айыл чарба багытындагы академиктер бар, эегерде, алардын каалоолору болсо, көмөк көрсөтүп, айыл чарбасына жалпы жардамыбызды берсек деген ойдобуз.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү автордуку