"Кыргыз туусу", 26.04.11
  Синематика

"Кыргыз Туусунун" суроолоруна белгилүү кинорежиссёр Темир БИРНАЗАРОВ жооп берет
Кыргыз киносу өчөт - күйөт...
Керексиз, дат баскан жашиктер үчүн мамлекеттен бир жарым миллион...
- Темир мырза, учурда көз карандысыз, жеке режиссёрлор гана жакшыбы, жаманбы, кино тартуу менен алпурушуп жатышкандай, ал эми мамлекеттик кино учурда эч кимге ысык-суугу жок, жөн салды эле, катып турган тармакка айланып калгандай сезим берет. Бирок, ошондой болсо да анын ичинде кандайдыр баш аламандык, коррупция бар экенин айттыңыз?
- Жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн, адегенде аталган тармак тууралуу кыскача түшүнүк бере кетейин. Союз менен кошо биздин өлкөдө да бирдиктүү тармак кулап, кино өндүрүшү менен кинопрокаттын ортосундагы байланыш үзүлдү. Кино-театрлар ижарага берилип,
кээси менчиктелип, техниканын өсүшү менен бирге жаңы, чакан мобилдүү видеопрокат тармагы пайда болуп, мурунку салттуу пленкаларга тартылган оор, ыңгайсыз система азыр жараксыз болуп калды. Союз учурунда башка өлкөлөрдүн кинолорун сатып алып, аларды кыргыз тилине которуп райондорго, айылдарга, облустарга таратып, каражат таап турган кинопрокаттын кызматына муктаждык жоюлуп кетти. Ар бир кинотеатр өзүлөрү түздөн-түз эле санариптик форматындагы сапаттуу кинолорду сатып алып көргөзүп калышты. Ал эми бизде болсо, Краснодонцев 1 көчөсүндө жайгашкан Кыргызвидеокинопрокат мекемеси дагы эле сакталып, мамлекет ага жылына бир, бир жарым миллион сомду жөн эле бөлүп турат. Быйылкы "Кыргызфильмге" кино тартуу үчүн бөлүнчү алты миллион сомдун беш миллиону да ошол кинопрокатка бөлүнөт экен! Жетекчибиз: "Бул акчалар эмне үчүн, кандай максат үчүн бөлүнөт?" - деген суроого "күңк-мыңк" дегенден башка алгылыктуу жооп бере албайт.
- Кечиресиз, андай болсо, бул маселелерди көрүп, билип тургандар эмне чара көрүүдөсүздөр?
- Бул жөнүндө вице-премьер министр Ибрагим Жунусовго кайрылган элем. Бирок азырынча бул маселеге чолоосу тийбей жатат го деп ойлойм. Болбосо ал киши искусствонун көйгөйлөрүн жакшы билген адам катары чара көрөрүнө ишенем.
- Өткөндө мамлекеттик агенттиктин өздүк комиссиясы текшерип барганы тууралуу кабарыбыз болгон. Анын жыйынтыгы кандай болду?
- Текшерүү учурунда комиссия мүчөлөрүн ошол мекеменин кызматкери эски жашиктер үйүлгөн кампага киргизди. Көрсө, мамлекеттин казынасынан жылына бир, бир жарым миллион каражат алып турган бул мекеме ошол эски, кереги жок кинофильмдер салынган, дат баскан темир жашиктерди кайтарат экен. "Буларды эмне үчүн сактап отурасыңар?" - деген суроого: "Оцифровать этип, ДVДге өткөрөлү десек мамлекет каражат бөлбөй жатат ", - деп адамдын оюна келбеген, төбө чачты тик тургузган жооп айтышты. "Кандай максатта, эмне үчүн оцифровать этесиңер?" - деген суроого: "Азыркы учурда ошентип сактап калбасак болбойт", - дешет. Эң күлкүлүүсү, ошол сакталып турган кинолордун бардыгы тең эбак оцифровать этилип, учурда интернеттен да көчүрүп алса болоорун булар эмдигиче билишпейби? А чынында ал жерде сакталып турган фильмдердин бардыгы тең союз убагында биздин өлкөнүн аймагына көргөзүлүш үчүн СССРдин Мамлекеттик киносу аркылуу башка өлкөлөрдөн сатылып алынган көчүрмөлөр. Азыркы учурда биздин кинопрокат мекемеси мамлекеттен алчу каражаттан айрылып калбаш үчүн ошол мекемени сактап, кийин эптеп менчикке өткөрүп алууну эле көздөбөсө, башка эмне максат менен отурганы белгисиз.

Андан сырткары, мекеменин имараттарын жеке менчик ишканаларга ижарага берип, каражат жыйнап алышат экен.
- Темир мырза, муну менен эмне айткыңыз келип жатат?
- Кинопрокатты жоюп, мамлекеттин муктаж болуп турган тармактарынын бирине өткөрүп берсе, каражат үнөмдөлөт. Алдын ала айтып коюу керек. Мындай сунушка өз кызыкчылыгын элдикинен жогору койгон жетекчилерибиз катуу каршылык көргөзүп кинопрокатты, киноагенттикти сактап калуунун бардык аракетин жасап, жан талашып ойго келбеген нерселерди айтышат. Анткени, бул ашык баш түзүмдөр бекер акча менен пайда көрүүнүн булагы болуп калган.
Өлкөбүз кыйын учурду баштан өткөрүп жаткан учурда мындай коромжулукка жол бербей мамлекеттин, элдин, каражатын үнөмдөө ар бир кыргыз атуулунун милдети деп ойлойм.

"Ашык баш агенттик...
же мамлекеттен бөлүнгөн быйылкы отуз беш миллион кайда жумшалат?.."
- Кинотармагында дагы бир ушуга чейин катуу талаш болуп келе жаткан ашык баш - Мамлекеттик киноагенттиги деген түзүм бар.
- Эмне себептен ашык баш?
- Анткени ошол агенттикте он беш, жыйырмадай кызматкерди кармап туруш үчүн эле жылына 2-3 миллион сом коромжу болот. Андан сырткары булардын командировкасы, бензини, белгисиз чыгымдары дагы бир эки миллион сомду чапчып барат. Алардын орточо айлыктары айына он-он беш миң сомдон турат. Булардын болгон кызматы эле - мамлекеттен киного деп бөлүнгөн каражатты бөлүштүрмөй, кинотеатрларды ижарага берип, каражат топтомой. Кыскасы, алар кино тарта турган "Кыргызфильм" студиясы менен мамлекеттин ортосунда ортомчулук кылып, бекер маяна алмай функцияны аткарышат. Натыйжада бул түзүм ошол агенттиктин кызматкерлеринин кызыкчылыгы үчүн эле түзүлгөн болуп калып жатат. Деги эле бул түзүм учурдун талабына жооп бере албасын, мамлекетке зыянынан башка пайдасы жок экенин убакыт көргөзүүдө. Мына быйыл жалпысынан кыргыз кинотармагына отуз беш миллион сом бөлүнүптүр. Эң кызыгы, кино тартылыш үчүн да алты миллион, кереги жок кинопрокатка да алты миллион бөлүнөт экен. Калган каражат кайда жумшалаары белгисиз.
Мына, бир жылдан бери бир да кино тартылган жок. Иш токтоп турат. Бирок, чиновниктерибиз убагында айлык алып, сыйлык алып, кычырап жүрүшөт. Ошондуктан, Мамлекеттик киноагенттигин жоюп, Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын түзүмүн заманга ылайык кайрадан түзүп, кайрадан Маданият министрлигинин алдына кийирүүнү сунуштайт элем. Мындай жол менен "Кыргызфильмге" ортомчу түзүм болгон, Мамлекеттик кино агенттигине корогон каражат үнөмдөлүп, түздөн түз кино өндүрүшүнө жумшалып, ашык баш бюрократтуулуктан кутулууга жакшы шарт түзүлөт.
Ошондой эле Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясын азыркы системага ылайыктап, кайра түзүп чыгууну учур өзү талап кылууда.
Ал эми облустук жана райондук кинотеатрларды өзүнүн профилин сактап калуу шартын коюу менен жергиликтүү өз алдынча админис-трацияларынын балансына өткөрүп берүүнү сунуштаар элем. Анткени, учурда ижарага берилген "Октябрь", "Алатоо", "Манас", "Россия" сыяктуу кинотеатрлар жакшынакай иштеп жатышат. А калган кинотеатрлар талкалануунун үстүндө.
Дагы кызыгы, он беш жылдан бери Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын штатында бир дагы режиссердун, бир дагы оператордун жоктугу. Мына жакында эле, аз келгенсип, актерлордун бөлүмүн жоюп салышыптыр. "Кыргызфильм" жалаң гана администра-циялык аппараттын кызматкерлеринен турат. Жыйынтыгында каражаттын баардыгы көзөмөлсүз, кайда кетип жатканы жана кандай фильмдер кантип тартылып жатканы белгисиз.
- Темир мырза, анткен менен соңку убактарда кыргыз кинолору чет элдик кинофестивалдарга катышып, өлкөнүн желегин көтөрүп жатышпайбы?
- А бирок алардын токсон пайызы менчик киностудияларда тартылган кинолор экенин билесизби? Башкача айтканда булар мамлекеттен бир да тыйын албай, тескерисинче, киностудияга жайгашкандары үчүн Кыргызфильмге ижара акысын төлөп, мамлекетке мате-риалдык пайда алып келишет, жана да абдан сапаттуу фильмдерди жаратып чет өлкөлөрдөн сыйлыктарга татып, жалпы кыргыз киносунун аброюн көтөрүп келишет. Мындай жеке менчик студиялар болгону 7-8 адамдан турат да, абдан натыйжалуу иш алып барышат. Өзүлөрүнүн каражатына жаштарды да окутушуп, ар кандай фестивалдарды өткөрүп турушат. Мисалы, акыркы беш-алты жыл ичинде жеке менчик студиялардын жеке каражатына тартылып, бирок эл аралык кинофестивалдардан байге алып белгилүү болгон гана фильмдерди санап көрөлү: "Бешкемпир", "Маймыл", "Боз салкын", "Гаишниктер", "Свет аке," Селкинчек", "Күн кайра келет", "Сырга", "Өмүр бешиги", "Парз", "Алмаз", "Адеп-ахлак", "Чек ара", "Шам чырак", "Кам санабаңыз", "Топташ", "Аяз атага кат", "Кыштоо", "Кайрат" жана башкалар.
- Бул биздин кинонун күңгөй жактары, тескей жактарычы?
- Бир да кадр тартылбай, мамлекеттин эсебинен эбегейсиз каражат жумшалып, жабылып калган кинокартиналар үчүн эч ким жооп бербей, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Бир канчалаган кинолор үчүн миллиондогон акчалар бөлүнүп, бирок кинолор чала бүтүп, бүтпөй калган учурлар толуп жатат. Эч ким эч нерсеге жооп бербегендиктен, мындай жоопкерсиздик дагы эле улана берчүдөй болуп турат. Тескерисинче, кийинки келген жетекчилерибиз аларды жаап-жашырып, кайрадан эле мурунку системаны улантууда.
Акыркы он алты, он жети жылдын ичинде мамлекеттин эң маанилүү тарыхый мезгилин чагылдыра турган бир да даректүү фильм тартылган жок. 2005-жылдын март айында, 2010-жылы апрелде, июнда болуп өткөн элибиздин башынан өткөн трагедиялуу окуялары тарыхта калыш үчүн, кийинки
муунга сабак болуш үчүн даректүү фильм катары тартып калыш, эң биринчиден мамлекеттик киностудиянын милдети болчу. Бирок, тилекке каршы жеткечилердин ошого да акылдары жетпей койду.
- Кыргызкиносун жакшыртуу үчүн сиздин сунушуңуз?
- Биринчиден, Кыргыз кино агенттигин жоюп, кино түзүмдү Маданият министрлигинин тармагына киргизүү, кыргыз кино агенттигинин түзүмү болгон "Кыргызкиновидео" республикалык фондун жоюу, республикадагы кинотеатрларды жергиликтүү акимчиликтер менен бирдикте иштетүү боюнча Өкмөттүн токтомун иштеп чыгуу, Кыргызкиносун өнүктүрүү стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн тиешелүү кадрларга тапшыруу, Кыргызкино тармагында иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү жана фильмдер кыргыз тилинде тартылуусу зарыл.
Маекти уюштурган
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөтү автордуку