"Кыргыз туусу", 19.04.11 Ашыкчы чыгым алып келбейт
Жогорку Кеңештин депутаттары "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун карады.
Жогорку Кеңештин жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымдагандай, мыйдай өзгөртүүлөр Кыргызстандын улуттук оюндарын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. "Бул мыйзам долбоору элибиздин улуттук оюндарды урпактарга сактоого багытталган", - дейт Ч.Султанбекова.
Анын айтымында, азыркы мезгилде спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана даңазалоо үчүн мелдештерди өткөрүү жана кадрларды даярдоо тутуму ишке ашырылып жатат. Ошондой эле спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жаатында тиешелүү мыйзамдардын кабыл алынгандыгына карабастан, дагы эле улуттук спортко жакшы эмес мамиле жасалып келе жатат. "Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарына алып келбейт. Бул мыйзам долбоору менен биз бир гана спортко бюджеттен каралган акчалар кесилбесин деп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын теннисчилери жеңишке жетишти
Бангладештин Дакка шаарында өткөн "Дэвис" кубогунда Кыргызстандын теннис боюнча эркектер курама командасы Бахрейндин командасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыкбаеванын билдиргенине караганда, оюнда кыргызстандык Данияр Дулдаев бахрейндик каршылашын утса, Денис Сиротин утулуп калган. Бирок жуп болуп ойношкондо, кыргызстандыктар бахрейндиктерди жеңип алышты. "Жалпысынан "Дэвис" кубогунда Кыргызстандан үч спортчу катышкан",-дейт А.Сыдыкбаева. Маалымат үчүн айта кетсек, "Дэвис" кубогу чоң теннис боюнча эркектер арасында дүйнөдөгү ири мелдеш болуп саналат.




Алтын томпой
Аксы районундагы Кербен шаарында ордо оюну боюнча алтын томпой кубогу болуп өттү.
Мындай маалыматты Аксы райондук жаштар кеңешинин төрагасы Камчыбек уулу Шекербек билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара ордо оюнун элге жайылтуу жана башка улуттук оюндардын деңгээлине чыгаруу максатында уюштурулган. Ал эми кубокко Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Чүй облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар катышкан.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынан келген ордочулар, 2-орунду Ош, 3-орунду Талас облусунун оюнчулары ээлеп, байгелерди алышты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"

"Универсиада - 2011"
Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлар ортосунда жыл сайын спорттук мелдеш өтүп турат. Быйыл бул мелдеш Кызыл-Кыя шаарында өтүп, кечээ өз ишин аяктады.
Мелдеш спорттун 11 түрү боюнча уланып, ага Жалал-Абад шаарындагы 3, Ош шаарындагы 4 жогорку окуу жайынын жана Баткен университетинин үч институтунун студенттери катышты. Иш-чараны өткөрүүгө шаар мэри Халмурзаев Хабибулла жергиликтүү бюджеттен акча бөлдүрүп, мелдешке келген студенттер менен алардын машыктыруучуларын жакшы кабыл алды.
Дагы жаңылык, универсиаданын астында эле Кызыл-Кыяда "Жаш күч" аттуу жаңы спорт комплекси ачылды.
А. ЖОРОБЕКОВ,
Кызыл-Кыя шаары




  Ата Журт алкагында

Ак үй алдында митинг
Насыяларын төлөөдөн кыйналган 100гө чукул киши 18-апрелде Ак үй алдына митинг уюштуруп, күзгө чейин үстөк пайыз төлөөнү токтото турууну суранышты. "Үйлөрүн коюп насыя алгандар турак жайынан, машиналарынан айрылып жатат", - деди пикетке чыккандардын бири Авазбек Садыков. Ошондой эле чогулгандар баалардын өсүшүн токтотуу, бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн үй курууга жер бөлүп берүү, коомдук телерадио корпорациясынан улуттук салт-санааларды кеңири чагылдыруу талаптарын коюшту. Ак үй алдында өткөн экинчи митингдин катышуучулары Бишкек мэри Иса Өмуркуловдун, Ленин районунун акиминин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алардын жүйөөсүндө, аталган жетекчилер "Арча-Бешик" жаңы конушунда бала бакча, мектеп, оорукана салынчу жерди мыйзамсыз бөлүп берген.

Таласта акимди кетирүү талабы айтылууда
Талас районунун акими Руслан Атыхановду "кызматтан кетсин" деген 150дөй адам кечээ акимчилик алдына митингге чыкты. Маалыматка ылайык, акимчиликтин билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Тынара Назаралиева 7-апрелден кийин кызматтан алынып, ордуна Нурбек Момбеков иштеп келген. Эки жолу соттон утуп алган Назаралиева министрликтин токтому менен кызматка кайра алынып, бирок акимчиликтин айрым кызматкерлери аны жумуш ордуна киргизбей коюшкан. Митингге чыккандар бул ишке акимдин катыштыгы бар экенин айтышууда. Чогулгандарга акимдин орун басары Барак Сейдибалиев чыгып, алардын талабын жеткирүүгө убада кылды. Ал эми аким эс алууда экени айтылылууда.

Өлүм жазасына өкүм кылынган 147 адам бар
"Өмүр бою жаза мөөнөтүнө соттолгондор үчүн мекеме курууга 121 млн. сом керек",- деп билдирди Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы, ички кызматтын полковниги Ш.Байзаков Өкмөт алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыз кылуу боюнча түзүлгөн коопсуздук кеңештин биринчи жыйынында. Анын айтуусунда, учурда 1-СИЗОдо жана башка катуу тартиптеги жаза өтөө мекемелеринде 147 өлүм жазасына тартылган кылмышкерлер отурушат. Аларды бир жерге чогултуш үчүн өзгөчө тартиптеги мекеме курулуусу зарыл. "Өзгөчө тартиптеги жаза өтөө мекемесин куруу Жаңы-Жер айлындагы 19-түзөтүү мекемесинин аймагында ишке ашырылыш керек эле. Бирок, каражат белгиленген өлчөмдө бөлүнбөгөндүктөн анын курулушу кечеңдөөдө"- деди Ш. Байзаков.

Кыргыз жаранын бошотуу аракети көрүлүүдө
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Кара-Бак айылында жүзгө жакын адам чогулуп, 17-апрелде тажик тарап кармап кеткен кыргыз жаранын бошотууну талап кылышты. Алар бул маселе бир жаңсыл болуп чечилмейинче тарабай тургандарын билдиришүүдө. Ал эми Тажикстандын өкүлдөрү Расулбек Буркановду сымап сатканы үчүн айыптап, кармашканын айтышууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анын кайсы өлкөнүн аймагында кармалганы да такталууда. Эгер Бурканов Кыргызстандын аймагында кармалса, тергөө иштери да ушул жакта жүргүзүлмөкчү.

Бишкекте автомашиналар көбөйүүдө
2011-жылдын 1-апрелине карата 160 миң автомобиль катталып, ал өткөн жылга салыштырмалуу 18 миңге көбөйгөндүгүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди. Ал учурда мамлекеттик техникалык кароо өтүп жаткандыгын айтты. "Автомашиналардын ээлери өз менчигин мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүдө. Кооптуу жүктөрдү, коомдук автотранспортторду биздин кызматкерлер менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлдөрү да бирге текшеришет. Иш-чара 2011-жылдын 31-июлунда жыйынтыкталат", - деди ал. Ы.Саркулов мамлекеттик техникалык кароодон өтүүчү жайлардын баары акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалгандыгын, аны өтүү 10 мүнөттөн ашпай тургандыгын кошумчалады.

Фарсы тили боюнча олимпиада
Кечээ Бишкектеги Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлчүгүнүн имаратында фарсы тили боюнча олимпиаданын 25 жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар жана күбөлүктөр тапшырылды. Салтанат Куран окуу менен ачылып, андан соң Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Мохаммед Хосейн Абедини студенттерди куттуктап, фарсы тилинин Борбор Азия мамлекеттериндеги ордун баса белгилеп, келечекте бул тилди жайылтуу зарылчылыгына токтолду. "Силер 140 студенттин арасынан эң мыкты деп тандалдыңар жана келечекте бул тилди жайылтуу үчүн көбүрөөк аракет жасооңор керек",- деди Мохаммад Хосейн Абедини. Ошондой эле ал Ислам революциясынан кийин 32 жылдын аралыгында фарсы тили Иран Ислам Республикасы менен байланышы бар бардык мамлекеттерде окутулуп жатканын айтты. Олимпиадада 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3500 жана 3-орунга 2000 сомдон байгелер коюлган.




  Аалам алкагында

Кытай катуу бороондон жабыркады
Кытайда катуу бороондон 17 киши набыт болду. Дагы 100дөн ашуун киши жаракат алды. "Синьхуа" маалымат агенттиги кабарлаганына караганда, нөшөрлөгөн жамгыр, мөндүр, күчтүү бороондон өлкө түштүгүндөгү Гуаңдоң провинциясынын бир бөлүгү жабыркаган. Регион өлкөнүн экспортко эсептелген өндүрүш тармагы үчүн маанилүү аймак катары белгилүү.

Каддафинин аскерлери Мисратаны аткылашууда
Козголоңчулардын айтымында, Мисратадагы атышууларда кеминде 6 киши мерт болуп, 47си жаракат алды. Ливиядагы үчүнчү чоң шаар Мисрата акыркы жети айдан бери лидер Муаммар Каддафинин аскерлеринин курчоосунда болгон. Ал жерде жүздөгөн адамдар өлгөнү айтылууда. Козголоңчулар шаардын 300 000 калкын сактап калыш үчүн НАТО чечкиндүү аракеттерге барышы зарыл дешет. Ал эми Ливиянын расмий бийлиги болсо өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылган "Ал-Каида" менен байланыштагы куралчан топтор менен күрөшүп жатканын билдирүүдө.

Иран бузукулук иштерди жасап жатабы?
Перси булуңундагы өлкөлөр "Иран ички ишибизге кийлигишпесин" дешти. Кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин Эр-Риядда өткөн жыйынында дүйнөлүк коомчулук жана Бириккен улуттар уюму Тегерандын аракеттерин токтотуш үчүн "чара көрүшү керек" деп айтылды. Кеңештин ишениминде, Иран бул региондогулардын "ортосуна жик салып, бузукулук" иштерди жасап жатат. Сауд Арапстан Бахрейнге аскерлерин жибергенине нааразы болгон демонстранттар Тегеранда бул өлкөнүн элчилигине чабуул коюшкан эле. Кечээ Сауд Арапстан "эгер биздин дипломаттардын коопсуздугу камсыз кылынбаса, аларды чакыртып алабыз" деп билдирди. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтыгы кеңешине региондогу Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Сауд Арапстан жана Бириккен Арап Эмираттары кирет.

Сирияда тополоң
Сирияда реформа убадасына карабай, демонстрациялар улантылууда. Жекшембиде да миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Талбисех деген шаарчада адамдарды жерге берүү учурундагы тополоңдо үч киши окко учту. Нааразылык акциялары Алеппо, Дераа жана Сувайда шаарларында өттү. Өкмөткө каршы демонстрациялар 17-апрелде формалдуу түрдө француз аскерлери өлкөдөн чыгарылганынын 65 жылдыгына арналганы айтылган. Ишембиде президент Башар Ассад ушул апта ичи Сирияда чукул кырдаал режими алына турганын жарыя кылган. Өлкөдө бул режим 50 жыл мурда киргизилген.

"Азаттык" радиосунун, "Кабар" агенттигинин сайттарынан
жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"