"Кыргыз туусу", 15.04.11
  Кереге кеңеш

Акыркы жыйырма жылдан бери түркмөндөр тууралуу артта калган, караңгы өлкө катары ар кандай имиштер айтылып жүргөн. Көрсө, Түркмөнстандын өнүгүүсү 50 жылдай алдыга кеткен экен. Болгондо дагы ушул жыйырма жылдын ичинде Түркмөнбашы түркмөн элин уюган улутка айлантып, улуттук кызычылыкты алдыга коюп, гүлдөгөн доорунда экендигин мезгил өзү ырастоодо.
Жакында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын улуу акыны Нурмухаммед Андалибдин 350 жылдыгына арналган эл аралык конференция чоң салтанат менен өттү. Ага дүйнөдөгү 43 мамлекеттен илим-билимдин, маданияттын жана искусствонун белгилүү ишмерлери чакырылган. Кыргызстандык жазуучулар жана окумуштуулардан өкүлдөр барып катышып, чоң таасир алып келишти. Биз аларды гезитибиздин кереге кеңешине чакырып, аңгеме дүкөн курдук.

Байас ТУРАЛ, Кыргыз
Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун
төрагасы:
- Ашхабад жомоктогудай өзгөрүптүр. Чыгышты карасаң да, батышты карасаң да заңгыраган аппак үйлөр. Ар бир үйдүн төбөсүндө купол бар. Куполдун үстүндө Түркмөнстандын желеги желбиреп турат. Чыгыш менен Батыштын, көчмөн менен отурук элдин архитектурасы синтезделген. Ар бир жаңы салынган үйдө улуттук колорит жыттанып турат.
Түркмөндөр бери болгондо 50 жыл алдыга кетиптир. А. Акаевдин "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген идеологиясынын чыныгы маанисин мен ошол Түркмөнстанда жүрүп түшүндүм. Кыргыз улутун талкалаган программанын бири ушул болгон экен.
Түркмөнстанда түркмөн элинин улуттук кызыкчылыгы баарынан жогору. Бизде болсо, кыргыздарга караганда кыргыз эместердин укуктары өйдө. Кыргыз эместер кыргыздарды "эл эмессиңер" деп ачык эле айтып келишүүдө.
Нурмухаммед Андалибдин 350 жылдыгына арналган эл аралык конференция түркмөн жана англис тилдеринде өттү. Түркмөн тилинен орус тилине же орус тилинен түркмөн тилине чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү которулбады. Ага орус окмуштуулары менен жазуучулары деле чычалап, бир нерсе дешкенин уккан жокпуз. Кайра Ашхабадды таң кала карашып, "түркмөндөр азамат" дегенден башка эч нерсе айтышкан жок.
Ашхабадга келген күнү тарых музейине алып барышты. Ичинде бүт түркмөн улутуна тиешелүү гана буюмдар коюлган. Музейдин биринчи кабаты 20 жыл ичиндеги Түркмөнстандын тарыхын көрсөтсө, экинчи кабатында жалаң түрк эли колдонгон буюмдар жана улуттук кийимдердин түрлөрү, тарыхый археологиялык макеттер коюлуптур.
Эртеси бизди "Илхом" деп аталган паркка алып барышты. Парк жаңы эле ачылган экен. Узундугу үч кварталды камтыган кенендиги биздин Эркиндик саябагындай паркта жалаң акындар менен орто кылымда жашап өткөн ал Фараби, Беруни, Ибн Сина сыяктуу улуу окумуштуулардын эстеликтери орнотулуптур.
Ашхабаддагы беш-алты кабат үйдүн (андан да бийик) бийиктигиндей чоң эстеликтер бар. Алардын бири санжырада биздин түп атабыз катары айтылган Угуз бабабызга жана анын алты уулуна арналган. Андан кийинки мыкты эстеликтердин бири ахал-текин тукумундагы аттарга арналган эстелик. Эстелик айланта тоодон агып жаткан сууларды элестеткен оргумалар менен курчалган. Сураштырсак, ушунун баарына түркмөнбашы өзү көз салып, өз сынынан өткөрүп, анан курганга уруксат берчү экен.
Бизди таң калтырган эстеликтин бири кыргыз-түрк элдерине тиешелүү бир байыркы мифтин эстелик түрүндөгү көрүнүшү болду. Ал кадимки Жер шарын эки мүйүзүнө көтөргөн Көк Бука . Ал көтөрүп турган Жер шарынын бир капталынан аял суурулуп чыгып, алтындан жасалган түркмөн баланы эки алаканына салып сунуп турат. Миф, уламыштарды чечмелеп жүргөн мени бул эстелик абдан таң калтырды. Анткени, "өсүп кеткен" биздин өлкөдө мифтик түшүнүктөр биздин саясатчылардын түштөрүнө да кире элек.
Түркмөндөр акын-жазуучусун катуу баалаган эл экени ушундан эле билинет. Эмнеден улам экени белгисиз бир убакта алар опера-балет театры менен бирге Жазуучулар союзун да жоюп жиберишкен экен. Бирок өкмөттүн аппаратында бир бөлүмдү түзүп, аларды ошол бөлүм аркылуу кармап турушуптур. Биз сураганда союзду ордуна келтирүү үчүн парламент жакында чечим кабыл алганы жатканын айтышты.
Улуттук идеологияны жүргүзгөн өлкө кандай өнүгөрүн биз өз өлкөбүздө көптөн бери айтып келатсак да, бул жерге келгенде аны өз көзүбүз менен көрдүк. Улут өз жолун табышы керек экенине, ансыз ал адашып отуруп, жок болоруна дагы бир жолу ишендик. Биз да өзүбүздүн улуттук жолду табышыбыз керек. Башка жол жок.


Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Республикасынын эл акыны:
- Түркмөнстандын борбор шаары көрүнүшү көз талдырган көрктүү шаарга айланыптыр. Бул шаарды мурда көргөндөр: "Ашхабад таптакыр өзгөрүптүр, өзгөргөндө да улуттук колориттеги өзүнчө мармар таштуу кичирайон, көргөндү таң калтырган гүлзарлары, көк челген оргумалары бар, эстелик менен музейлерге бай шаңдуу шаарга айланып өзгөрүптүр..."-деп айтышты. Көчөлөрүн кыдырып кирсең чыккыс музейлер менен таанышып, Борбор Азиянын атактуу акын, аалымдарына арналган улуттук мүнөз, улуттук боёк, түскө жык толгон "Илхом" аттуу гүлзарын көргөндөн кийин ачылган оозубузду жаба албай калдык.
Эки республикага бирдей келген эркиндик буларга эмне берди, бизге эмне берди?-деген сансыз ой-санаага баттык. Көргөн көзүбүзгө ишенбей, өзүбүзгө салыштырып, өгөөдөй өгөлдүк. Эл ырыскысын көтөрө качкан качкын президенттерди кармап алып, ушундай шаар курууну көрбөгөн көздөрүнө кум куйгум келди.
Түркмөнстандын урааны укканды кубандырат. "ХХl кылым - Түркмөнстандын алтын кылымы" дейт, анан дагы:"Мамлекет - адам үчүн! Адам - мамлекет үчүн!" - деп таштаган ураандарынын мааниси терең, бийик экен.
Ал эми Нурмухамбет Андалибдин (Булбул) 350 жылдык тою жөнүндөгү кабар эки ай мурун айтылып, ал акындын өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө аалымдардын изилдөөлөрү алдын ала интернет аркылуу жиберилип, ал Ашхабаддан өзүнчө китеп болуп чыгыптыр. Андан тышкары "Андалиб" деген полгирафиялык жактан эң кооз жасалгаланган, мыкты сүрөттөр менен коштолгон, колдон түшкүс, ойдон кеткис, накта нандын жанында тура турган орусча, түркмөнчө китепти белекке беришти. Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия гана эмес, төгөрөктүн төрт бурчунан ыр жандуу илимпоздор келишиптир. Андалибдин туулган жери Даш-Огуздун вилаятынын Кара-Мазы айылында болдук. Көөнө-Үргөнч шаарынын музейинде болдук. Тогрул хандын Хll кылымда курулган күмбөзүн көрдүк.
Мындай тойлор бизде деле өткөн. Анда СССРдин тирүү кези эмес беле. Токтогул, Тоголок Молдо сыяктуу улуу классиктерибиздин 125, 130 жылдык тойлоруна катышкам. Он беш республикадан кишилер келип Токоңдун туулган жери Кетмен-Төбөгө, Тоголок Молдонун туулган жери Курткага автобус менен жөнөп, кайрылган сайын токтоп тост айтып, дагы томолонуп-жумаланып, жыгылып-тыгылып...элден мурун үй-ээси кыргыз акындары аласалып... "эрдигибизди", "салтыбызды" көргөзүп өткөргөнбүз. Ал тойдо сүйлөгөндөрдүн, башка элге которулган алардын ырларын өзүнчө басып чыгара албадык. Айтылган сөз, окулган ырлар бошогон бош бөтөлкөдөй боз үйлөрдө кала берди. Ушундай ыкма менен Токоңдун тою Москвада дагы өткөн.
Биз мындай нары даражалуу, нары ыйык тойлорду өткөрүүгө али даяр эмес экенбиз. Ичпей тост айталбайт экенбиз. Азыр ал тойлор жөнүндө эч ким билбейт. Канча акча сарпталганын да эч ким билбейт. Өттү, кетти. Урунттуу жерлерин кино же телеге тартып албаппыз.
Аягында түркмөндөрдүн улуу акыны, улуу Мактымкулунун ага замандашы Мухамбет Андалибдин бир топ ырын котордум эле. Ошону силерге тартуулайын.

АНДАЛИБ
Саргайткан санаа

Сүйүп калдым, ысып бүт денем,
Жүрөктү ээлеп селки шайкелең.

Кара көзүм койчу бир карап,
Жанымды эзди кайгы сен деген.

Сүлүм калды ушул сүйүүдөн,
Же дары жок жаным жөндөгөн.

Жүрөк көзөп жебе сайылды,
Жарып кетти аны теңме-тең.

Туруктуу бол, чыда, үн катпа!
Айтчы кантип? Кантип демденем?

Бирөө ушак айтса жамандап,
Ишенбегин ага жан эркем.

Ашыгына жетпей Андалиб,
Коштошкондой өзү жан менен.


Диляра АПЕЗОВА,
Ж.Баласагын атындагы
КУУнун чет тилдер
кафедрасынын башчысы:
- Мен Түркмөнстанда биринчи жолу болдум. Мурда Түркмөнстан тууралуу башка ойдо болчумун. Ал эми баргандан кийин менде таптакыр башкача сезим - урматтоо сезими пайда болду. Мамлекет башчысы тууралуу дагы жакшы пикирде калдым. Билим берүү, тарбия, саламаттыкты сактоо, маданият тармагына олуттуу көңүл бурулат экен. Эми биринчи класстын окуучуларынан баштап көтөрүп жүрүүчү компьютер менен камсыз кылат экен. Аны өз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүү саясатын туура жолго койгон Президент катары туйдум.
Конференция өтө кызык болду, учурдагы актуалдуу, зарыл маселелер айтылды. Андалибдей улуу акындын орду тарыхта гана эмес, маданиятта, адабиятта дагы зор экендиги даана даңазаланды.
Конференцияда олтурганда бул улуу акындын ырларын бир нече тилдерге которуу керек деген ой келди. Мисалы, биздин кафедранын он тилге которууга мүмкүндүгү бар. Элчиликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, КМШ өлкөлөрүнүн алкагында котормо иштерин колго алууга болот.
Биздин Кыргызстанда дагы ушундай эл аралык деңгээлдеги конференция өткөрүүгө жакындан көңүл бурулса кандай жакшы болмок.

Шайыргүл БАТЫРБАЕВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых нааме жана тарыхый
информатика кафедрасынын башчысы, тарых
илимдеринин доктору:
- Биз алыскы өлкөлөрдүн маданиятынын таасирине умтулабыз да эң жакын турган Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн азыркы учурдагы абалы, алардын байыркы тарыхын изилдөө көңүлдөн сырткары кетип баратат. Ошон үчүн менин оюмча эң биринчи өзүбүздүн Мекендин тарыхын, анан Борбордук Азиядагы аймактын тарыхын билүү зарыл. Конференцияга катышуудагы башкы максат - өзүмдүн адистигиме ылайык тарых илиминин өнүгүшүн карап, айтып берүү.
Экинчиден, менин бирге барган кесиптешим тарых факультетинде изилдөөчү аймактын чет тилдер деген кафедрасын жетектейт. Алыскы кытай, япон, араб, француз эмес, эң биринчи ирет өзүбүздүн аймактык тилдерге көңүл буруу керек. Демек, бүгүнкү күндө биз тажик, өзбек, казак, түркмөн тилинде жазылган көп илимий адабияттарды, тарыхый булактарды колдоно албай келе жатабыз. Биздин жалпы идеябыз Борбордук Азияда жашаган элдердин тилдерин окутуу программага киргизилсе. Экинчи багыт, жабык өлкө болуп туруп Түркмөнстанды биз көп эле сындап келсек дагы өнүгүү жолун туура тандап алганына суктандык. Экономикалык жактан өнүккөн. Бардык жагында жаңы курулуштар жүрүп жатат. Заводдор курулуп жатыптыр. Газ, суу, туз бекер, машинасы бар ар бир адамга айына 150 литр бекер бензин, ипотекага үйлөр берилгенине күбө болдук. Биз Басма жана кол жазмалар институтунун директору Аннакурбан Ашировдун жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук ишине өтө чоң ыраазы болдук.
Өзгөчө маданияты өнүгүү жолунда экен. Жабылып калган театрлары кайра ачылып, жаңылануу жолуна түшүптүр. Биз барганда Нурмухамбет Абдалибдин "Лайли менен Мажнун" операсы совет доору таркагандан кийин биринчи жолу кайрадан коюлду.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"