"Кыргыз туусу", 15.04.11 Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев менен маек
Жеңил-желпи чыгармалар каптап жатат
- Сиздин институтка улуу жазуучунун аты берилгенден бери кандай эмгектерди жараттыңыздар? Атактуунун ысымын алып жүрүү кыйын болсо керек?
- Институтка Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилгенден бери, иштер алга жылып жатат. Өзүң күбө болчу, эки жылдын ичинде - 2009-2010- жылдары "Азыркы кыргыз адабий тили", "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү", Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Кара-лаевдин варианттарындагы "Манас" эпосу, "Искусство ишмерлеринин чыгармачылык портреттери" өңдүү фундаменталдуу эмгектер жарык көрдү. Биздин жамаат Чыңгыз Айтматовдун атына жоопкерчилик менен карап, сыймыктанып иштеп жатат.
- Келечектеги пландарда жалпы окурмандарга тиешелүү эмгектер барбы?
- Алдыбызда милдеттер көп. Бүгүнкү заманда ар кимибиз "өз киндигибизди өзүбүз кесип" жатабыз. Аны айтып жаткан себебим, китеп чыгарганга атайы каражат бөлүнбөсө да, ар кимден каражат сурап жүрүп, коомчулукка жетип калсын деп аракеттенүүдөбүз. Институт теориялык проблемаларды гана изилдебестен, чыгармалардын тексттерин да даярдап, басмадан чыгарып жатат. "Турар" басмасы менен бирдикте "Кыргыздын эпостору менен элдик поэмалары" деген долбоорду баштайлы деп турабыз. Нускасы да, сырткы көрүнүшү да коомчулукка туура келет деген ойдомун.
- Эл аралык мамилеңер кандай? Илимий конференциялар-
га барып турасыңарбы? Иш сапарларынан жыйынтыктар барбы?
- Кытайда болуп өткөн "Экспо-2010" көргөзмөсүнө институтубуз да активдүү катышты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жарык көргөн "Манас" эпосу көргөзмөгө коюлду. Көлөмү жагынан да (1840 бет) көрүүчүлөрдү таң калтырды. Институт көргөзмөнү уюштуруучулар тарабынан Ардактуу диплом жана эстелик медаль менен сыйланды. Бул да сыймыктуу көрүнүш.
Москвадан "Художественная литература" басмасынан "Голос вечности", "Под парусом вечного неба" деген көлөмдүү эмгектер орус жана англис тилдеринде чыкты. "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Эр Төштүк", "Кожожаш", "Курманбек" эпостору, Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Молдо Кылыч, Эшмамбет, Калык ж.б. акындардын чыгармачылыгы, жомоктор, эмгек, каада-салт, сүйүү ырлары орун алган. Азыркы тапта ошол эле басмада "Саринжи-Бөкөй", "Жаңыл Мырза", "Жаныш-Байыш" эпостору, миф, легендалар басылганы турат. Бул китеп Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын куттуктоосу менен ачылат деген жакшы үмүттө турабыз.
Түштүк кореялыктар менен илимий байланышыбыз чыңалып келе жатат. Борбордук Азия, Казакстан жана Түштүк Корея Республикаларынын фольклорду изилдөөчү мекемелеринин ортосунда келишимге кол койдук. Төрт жолу жолугушуу болду, Сеулда, Алматыда симпозиумдар өткөзүлдү. Жыйынтыктар боло баштады. "Манас" эпосубуз Сагымбай Орозбаковдун вариантында корей тилине которулуп жатат. Түштүк Кореяда элдик мурастарды сактоого арналган атайын шаар салынып жатат. Шаардын ачылышы 2014-жылга пландаштырылган. Бул адамзат тарыхындагы эң уникалдуу көрүнүш. Бешинчи эл аралык жолугушууну Бишкекте 2012-жылы өткөрүүнү сунуштап жатышат. Балким, экономикабыз жакшы жолго коюлуп калса өтүп калаар. Мен комитеттин мүчөсүмүн.
Астана шаарында 20-21-майда түрк тилдүү элдердин академиясы ачылганы турат. Академиянын финансылык, материалдык-техникалык базасын түзүү жоопкерчилигин Казакстан менен Түркия алып олтурат. Азербайжан да кол кабыш кылууну сунуш кылды. Биздин мамлекет болсо азырынча моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатат. Академиядагы негизги изилдөөлөр түркология багытындагы проблемалар болот. Азыр совет учурундагыдай түркологдор жок, ошентсе да түрк академиясынын ачылышы жалпы тилдүү элдердин орток маселелерин чечүүгө жана окумуштууларды тарбиялап чыгарууга өзүнүн салымын кошот деген ойдомун. Академиянын Кыргызстандагы координатору катары мен илимий пландарды окумуштуулар менен бирге түзүп жатам.
Бирок, бардык командировкалык чыгымдарды чакырган тарап же демөөрчүлөр төлөп берип жатышат. Жакында татар адабиятынын классиги Тукайдын 100 жылдыгы болот. Каражат табылса барып калабыз.
- Адабиятыбыз менен ада-бият таануубуз кайда баратат? Илимий анализ деген барбы? Сын болсо өзүнүн жашоосун токтотту. Келечек муундар изилдей турган темалар калдыбы?
- "Кыргыз адабиятынын тарыхынын" 7 томдугу, "Азыркы кыргыз адабиятынын" 2 томдугу, "Ада-бият таануу илими жана сыны" деген фундаменталдуу эмгектерден кийин адабият изилдөөнүн кайсы проблемалары калды деген суроо жаралбай койбойт. Чындыгында эле адабият таануунун темалары тарып бара жатат. Себеп дегенде Эгемендүү мезгилден берки көркөм адабиятыбыздын абалы жыргатаарлык эмес.
Окумуштуулардын жалпы урматтоосуна татыган, алардын эстетикалык табитин канааттандырган, тарбиялык мааниси бар, социалдык-философиялык проблемаларды көтөргөн прозалык чыгармалар саналуу болуп калбадыбы?! Ч.Айтматовдун "Тоолор кулагандасы", "Кассандра тамгасы", К. Акматовдун "Архаты", Ө. Даникеевдин "Арман", С. Станалиевдин "Чагылгандын көз жашы", С.Раевдин "Меккеге кеткен жолу", Т.Мадылбектин "Күкүнү"... деп санасак манжа-ларыбызга жетпей калат. Эмне үчүн?! Темалар жокпу?!. Конфликттер жокпу?! Адамдын жан дүйнөсүн изилдөө түгөндүбү?! Алардын психологиясы өзгөрбөс болуп калдыбы?! Балким, рамкалап турган идеология зарыл болуп жүрбөсүн?! Партиялуулук керектир?! Канчалык бийлик кысымы көп болсо, ошончолук ага каршылык кылуу үчүн чыгармалар жаралаар?! Демократияда конфликттердин мааниси кетип калабы?!
Кыргыз адабиятынын 60-80-жылдардагы гүлдөө мезгили экинчи кайталанбайт деп ишеним менен айтса болот. Ал мезгилде кыргыз чыгармалары республиканын алкагынан чыгып, көп улуттуу совет адабиятынын ичинен татыктуу орунду ээлеп турбады беле?! Мен Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан адабияттарын жакшы эле билем десем ашыкча болбос, анткени алардын калемгерлеринин повесть-романдарын окуп, ал гана эмес жазуучулардын өздөрү менен, алсак Т.Пулатов, С.Санбаев, А.Кекилбаев, Ө.Хашимов, А.Таган, Д.Исабеков, О.Бөкөев сыяктуулар менен тааныш болуп, чыгармачылык өнөрканасына баш баккан элем. Биздин кыргыз адабияты алар менен тең тайлашып, ашса ашып тураар эле. Ошол салт кайда?! Эмне үчүн улап кете албадык?! Каражаттын жоктугунанбы же чыгармачылык изденүүдөн ташыркаганданбы?!.
Прозачыларыбыздын көбү тарыхка сүңгүп кирип жатышат. Бир чети жакшы, тарыхыбызды таанып билебиз. Бирок тарыхый инсандардын жашоо-турмуштары, көз караштары бурмаланып жаткан учурлар жок эмес. Уруулар ортосундагы карама-каршылык, бирөөсүн көтөрө чалуу, экинчисин басмырлоо, феодализмге ачык эле суктануу менен кароо сыяктуулар орун алгандыгын байкоого болот. Жакында "Тарыхый инсандардын образдары көркөм адабиятта" деген конференция өткөргөнү жатабыз. Казакстандын профессорлору да катышмакчы.
Азыркы турмушту ким жазат?! Бүгүнкү күндүн каарманы ким?! Ал каарман жаштарга кандай үлгү боло алат?! Ооба, бүгүн турмуштун тескери жагынан көрсөткөн чыгармалар самандай сапырылып жатат. Селдей каптап бараткан жеңил-желпи адабиятты кантип токтотууга болот?!.
Акындардын жөнү башкача. Алар мурдагыдай эле изденип, казып жатышат. Улуу муундар Сүйүнбай, Сооронбай агайлар жаштардан кем калыша элек. Бүгүнкү лирикалык каармандардын жан дүйнөсү көп нерселерге түйшөлөт. Совет акындары качан эле турмуштун оордугун, адамдардын таш боорлугун, кайдыгерлигин, экономикалык, экологиялык, жан дүйнөнүн кризисин жазчу эле. Демек, азыркы акындардын көркөм объектиси өтө кеңейгендигин көрүүгө болот. Өзгөчө публицистикалык мазмундагы ырлар, поэмалар жаралып, жан дүйнөнүн ачуу кыйкырыктары угулат.
Мен дагы коопсузданам, жаш адабият таануучуларыбыз эмнени изилдейт? Белгилүү акын-жазуучулардын чыгармалары, эпостор, элдик поэмалар, төкмө акындар чыгармачылыгы негизинен жазылып бүттү. Ар бир калемгердин чыгармачылык өнөрканасына баш баксак кантет?! Чыгарма кантип жазылды? Идея, сюжет кайдан келди, алынды? Жазуучу кандай түйшүктөрдү өткөрдү? Кол жазмасынын варианттарында кандай өзгөчөлүктөр бар? ж.б.
Адабият таануубуздун булагы - көркөм чыгармалар. Алар болбосо кантип илимибиз өнүгөт?! Мамлекеттик деңгээлде ойлонуп, камкордук кылуу зарылдыгы турат. Элестетип көрчү, улуттук адабиятыбыздын соолуп баратышы жалпы окурмандарга да катуу таасирин тийгизет. Жаш муундардын батыштыкка ык коюшуна түздөн-түз шарт түзүп беребиз.
- "Манас" эпосунун абалы кандай? ЮНЕСКОго катталабы? Элге жеткирүүгө чаралар көрүлүп жатабы?
- "Манас" эпосуна беш жылдан бери бир тыйын да бөлүнө элек. Академиялык басылмалары даярдалган боюнча токтоп турат. Кол жазмалар фондудагы эпостун трилогиясынын сексенге жакын ва-рианттарынын материалдары кыймылсыз жатат. Изилдегенге кызматкерлер жетпейт, институтта беш киши гана манастаануу менен иштешет, ошондой эле аларды компьютерге салуу, дискке түшүрүү сыяктуу жөнөкөй маселелерге келгенде да материалдык-техникалык база таптакыр жок десек да болот. "Манасты" ЮНЕСКОго киргизүү боюнча эки жылдан бери эле аракеттер көрүлүп келет. Кытайлык кыргыздар Жусуп Мамайдын вариантын гана ЮНЕСКОго киргизишти. Ал эми бизде Сагымбай, Саякбай сыяктуу залкарлар турбайбы?! Андан көрө ич күйдүлүк кылбай биз да аракет кылсак. "Манас", "Семетей", "Сейтек" - үчилтик бүткөн генеологиялык чыгарма. Ушул идеяны көтөрүп Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева да Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында бул маселени оң чечип келди. Бирок, ЮНЕСКОго "Манасты" тизмеге тизмелеп койсок эле жетиштүү эмес. Баарыдан мурда курулай эле сөз кыла бербей, элибизге жакшылап жеткирип, жаш
муундарга мурас катары калтырганды ойлонбойлубу. Чет тилдерге которууну мамлекеттик деңгээлде илимий изилдөөгө албайлыбы, антпесе айрым адистердин айтуусу боюнча чет тилдерге которулган тексттери өтө солгун болуп жатыптыр. Маселелер өтө көп, арман да андан көп.
- Маегиңизге рахмат! Үмүт менен жашап туралы!
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"