"Кыргыз туусу", 08.04.11
  Шейит кеткендерге таазим

Элдин эсинде сакталат
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан элди, жерди коргоп, курман болушкан кеминдик баатырларга арналып тургузулган эстеликти ачуу жыйынына катышышты. Эстеликти ачуу вазийпасы А.Келдибеков менен А.Атамбаевге ыйгарылды.

Шейит кеткен баатырларга эстелик ачуу митингинде сүйлөгөн А.Келдибеков курман болушкан элдик баатырлардын ата-энелерине, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайрат айтып, ушундай мекенчил азаматтарды тарбиялап өстүргөн элге ыраазычылыгын билдирип, алардын азамат уулдары Кыргызстан элдеринин эстеринде түбөлүк сакталып каларына терең ишеничин билдирди.
Ал ошондой эле, элдик баатырлардын өмүрү бекер кыйылбаганын баса белгилеп, мындай деди: "Баатырлардын айкелдери чегилген эстеликтин алдында туруп, алар эңсеген тилегин жүзөгө ашыруу менен бүтпөй калган иштерин аягына чыгарууга сөз беребиз. Элдик баатырлардын эбегейсиз эрдиги, эчендеген урпактардын, келечек муундардын эстеринде чыныгы баатырдыктын үлгүсү катары түбөлүк сакталып кала берет...".
Андан соң, Алмазбек Атамбаев 7-апрель окуясы Кыргызстан элинин келечек тагдырында олуттуу мааниге ээ болгондугун баса белгиледи. Ал ошондой эле, элдик революциядан кийин май, июнь айларында болгон окуялар, өзбектер менен кыргыздарды, кыргыздар менен дунгандарды, түрктөрдү жана башка биздин республикада жашашкан улуттарды кагыштырууга аябай аракеттенишкен арам ойлуу ички жана тышкы душмандар бар экендигине токтолду. Андай котур ташын койнуна каткандар али да болсо арабызда жүрүп, тымызын душмандык кылып жатышканын да эске салды. Бирок, алардын арам ойлору эч качан элди бөлүп-жара албастыгын белгилеп, калайык калың калктын көзү ачылып, ак-караны аңдап таанып, биримдикте болуп, баатырлар салып кеткен ушул ак жолдон тайбай алгалоого чакырды.
Өкмөт башчысы белгилегендей, түштүк региондун айрым жерлеринде борбордук бийликти тааныбай, ага баш ийбей, түштүктү өзүнчө бөлүп кетебиз деген шумпайлар да чыккан, бирок, даанышман элибиз ага жол берген жок, түгөнгөн сайын түтөп, бир муштумга биригип, карасанатай шумпайлардын тилегин таш каптырды.
Андан ары Алмазбек Атамбаев курман болгон балдардын өмүр текке кетпесин өзгөчө белгилөө менен, алардын жакындарына көңүл айтып, биримдикти сактоо зарылдыгына олуттуу маани берди.
"Ачык айтканда, криминалдык топтордун кулагы али да көрүнүп турат. Алардын максаты бакиевчилерди кайрадан бийликке алып келип, Кыргызстанды, анын элин, жерин талап-тоноону ойлоп отурушат. Бирок, биз андай талап-тоноочулукка жол бербейбиз, - деди Өкмөт башчысы. - Эгерде Кыргызстандын саясатчылары кылмыштуу оюнун ойнобосо, Кыргызстандын чоңдору уурдабаса, Кыргызстандай бай мамлекет болбойт. Кийинки 10 жылдын ичинде жалаң эле Кумтөрдөн 235 тонна алтын 10 млрд. долларга сатылды. Ошондой болсо да ошол кезде республиканын бир жылдык бюджети бар болгону 500 млн. доллар гана болгон... Ошондуктан биздин баатыр уулдарыбыз эски бийликтегилерди эки жолу кууп салды. Мына эми, бюджеттегилердин айлык эмгек акыларын, пенсиялар, жөлөкпулдар көбөйтүлүп жатат. Бул мына ушул курман болушкан азамат-уулдарыбыздын эмгеги".
Эске сала кетсек, эстелик тургузууга кеминдиктер атайын марафон өткөрүшүп, 1 млн. сомдон ашуун каражат топтошкон. Ал каражатка райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын жанына атайын аянт түптөлүп, гранит ташка шейит кеткен 10 баатырдын сүрөттөрү чегилип түшүрүлгөн. Аянтка Тянь-Шань карагайынын жана Манастын туулган мекени Алтайдан алынып келинген кыдыр дарагынын көчөттөрү отурузулган.
А.Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана ошол кырсыктуу күнү жаракат алышкан 13 азаматка ар тараптан жардам берип турууну жергиликтүү бийликтерден өтүндү. А.Келдибеков курман болгондордун жакындарына 100 миң сом жардам берди, ошондой эле, жабыркагандарга айрым коомдук уюмдар да колдон келген жардамдарын аяшкан жок.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Бет ачар

Ыңкылаптын жарчысы
Шейшемби күнү Улуттук китепканада Апрель ыңкылабын эскерүүгө арналган сүрөт көргөзмөсү жана философия илиминин доктору, социология профессору Кусеин Исаевдин "Коом жана ыңкылап" китебинин бет ачары болуп өттү. Аалымдын кесиптештери, замандаштары, жалпы эле окурмандар жаңы китеп жөнүндө өз ойлорун ортого салышты.
Жогорку Кеңештин депутаты, акын Эгемберди Эрматов айткандай, "Кусеин Исаев кыргыз журтчулугуна социология, философия боюнча, коомдук- саясий активдүү иши жагынан эң алдыда турган агайларыбыздын бири. Эгер башкалар да ушул агайдай ой- пикирин ачык, таамай айтып турганда ыңкылап мурда эле болуп, үй-бүлөлүк башкаруудан мурда эле кутулмак элек. Агайдын бул китеби анын ыңкылаптын бир жылдыгына берген отчету. Агайдын бул эмгегине суктанып, таазим кылышыбыз, мындай илимпоздорду алаканыбызга салып көтөрүшүбүз керек".
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев да Кусеин агайдын өз ойлорун болгонун болгондой бетке айтып, жазып, анын азабын да тартып жүргөнүн белгилеп өттү. "Эмне үчүн кыргыздар башка элдерге окшоп жоголуп кетпей, өзүбүздүн каада-салтыбызды, баалуулуктарыбызды сактап келдик? Демек купуя бир, азыркы күндө ачыла элек сырларыбыз бар экен да. Кусеин Исаевичтин китеби ошол сырларды ачууга жардам берет деп ойлойм", - деди депутат.
Окумуштуу Советбек Байгазиев бул китептин бир өзгөчөлүгү - ал социологиянын, саясат таануунун, философиянын ширөөсүнөн бүткөнүн, фактыга, социологиялык иликтөөлөргө бекемделгендигин, фактыга негизделгендигин, риториканын жоктугун, өзүнүн ойлорун далилдеш үчүн автор 3210 гезиттин сандарын карап чыгып, беш жүздөн ашуун макаланы талдап, ошол макалалардагы элдин пикирин жалпылап, анан жыйынтыкка келгенин, бул илимпозго мүнөздүү абдан жакшы кесиет экендигин белгилеп, Кусеин Исаевич жөнүндө кытайлык адабиятчы Макелек Өмүрбайдын айткандарын эске түшүрдү: "Чоң окумушту Кусеин Исаев , анын эмгектери биз маектешкенде айткан таалимдери, гезит- журналдарда жарыяланып турган көз караштары дабагер, билимдүү жазган Жусуп Баласагын бабабыздын коомго берген, бийликке сунуштаган таалиматтары эмки Кусеиндин үнү менен жаңырып, айтылып жаткандай туюлат".
Мидин КАЛМУРАТОВ




Мекенимди дал силердей сүйөмүн!
(2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон
группалашым Мырзабек Жумаевдин жана шейит кеткен
эр азаматтардын жаркын элесине)

Кыргыз эли эгемендик алганы,
Чыны менен президентке жарыбады.
Максат берип, жактай берип аларды,
Экөө бирдей бүт кыргызды алдады.

Жылмаңдаган Акаевдей жок дедик,
Эмне айтса айланайын хоп дедик.
Калкыбыздын ырыскысын жеп алып,
Кетип калды Москвага ойт берип.

Көнгөн элек тагдыр башка салганга,
Көтөрүлгөн көпчүлүк эл анда да.
Жыргатам деп Бакиев да отурган,
Эми болсо даана калдык арманда.

Касиеттүү Каркыраны сатышты,
Электрди, ГЭСти бүтүн басышты.
Арам ойлуу шылуундарга тейлетип,
Эл байлыгын чет өлкөгө ташышты.

Үй-бүлөнүн бийлегенин карачы,
Укугуң жок, эч ким болбой арачы.
Электрге, сууга, газга төлөйм деп,
Нанга жетпей, кийим кийдик жамаачы.

Эл деп күйгөн азаматтар соттолуп,
Кээси өлдү табышмактуу жок болуп.
Чыдай албай намыс үчүн чыккандар,
Атылышты снайперлер октолуп.

Бийлик үчүн айбандыкка барышты,
Калк башына кайгы-муңду салышты.
Тал чыбыктай жаш өмүрдү кыйышкан,
Жексурларга жаадыргыла каргышты.

Кимдер билбейт бул жашоонун жалганын,
Ата-Журт деп шейит кетти балдарың.
Мансап үчүн, акча үчүн көркоолор,
Алмончоктой жигиттерди жалмадың.

Табалбайсың мурдагыдай пайданы,
Эр жигиттер күчкө салып айдады.
Ынтымакты, биримдикти буза албай,
Уятсыз "хан" чет өлкөгө сандалды.

О баатырлар, атың калды түбөлүк,
Кылым бою силерди эстеп жүрөлүк.
Кыргызымдын намыстуу уул-балдары,
Мекенимди дал силердей сүйөлүк!


Дүйшөбек ОРОЗАЛИЕВ, Кочкор району




Апрелдин жетиси
Апрелдин жетисинде,
Митингге чыккан элим.
Нааразы кылган элди,
"Төбөлдөр" саткан жерин.
Көр турмуш кыйнап жатып,
Чегине жеткен эле.
Жашообуз өтүп калган,
Кээ күнү эптеп эле.
Жанына баткан элдин,
Бийликтин алдаганы,
Убада ичи жалмаганы,
Заңгырайт ак сарайдай,
Бийлиги бардын үйү.
Томсорот жер кепедей,
Томпойгон жарды үйү.
Чыдамы кеткен элдин,
Чыдабай акыр түбү,
Жарылып кетти элим,
Жарадай ошол күнү.
Бирок да жаман ой жок,
Ак үйгө бет алышкан,
Бийликке жолуксак деп,
Көйгөйдү чече алышкан.
А бирок андай болбой,
Ак тилек таш капты го.
Ак үйдөн кол сунбастан,
Элине ок атты го,
Дайыма жүрөк сыздайт,
Силерди эстегенде,
Ажалды ойлоштубу,
Ак үйдү беттегенде,
Акыйкат жеңет беле,
Алар кан кечпегенде.
Артыңда сыздап калды,
Аталар канчалаган.
Апалар чачын жулуп,
Жүрөгү канталаган.
Атасыз жетим калып,
Ыйлоодо канча балаң,
Ишенбей өлгөнүнө,
Өмүрлүк алган жарың,
Ый менен өткөрүүдө,
Күлгүндөй жапжаш чагын.
Эми биз унутпайбыз,
Эрдикти силер кылган.
Жаннатта болсун жаның,
Жолдошуң болуп ыйман.
Баатырлар унутулбайт,
Эл үчүн жанын кыйган.
Суранам баардыгыңан,
Бийликке келсең кимиң.
Эстей жүр бүгүнкү күн,
Кан менен келгендигин.
Биз үчүн ошол балдар,
Өз жанын бергендигин.
Сакта деп жан кыйышты,
Силерге эл теңдигин.
Дууланбек РЫСКУЛОВ,
Кочкор району,
Тала-Булак айыл аймагы