"Кыргыз туусу", 08.04.11
  Миң уккандан, бир көргөн артык

Жерибиздеги ажайып кооз табигат сулуулугун өзүнө чөгөргөн, жалпы мусулмандар зыярат кылган Мекедей ыйык жайлар арбын экени кубантат. Ысык-Ата санаторийи жайгашкан кооз капчыгай жер алдынан чыккан дарылык касиети бар ысык булактары менен да туристтерди өзүнө тартып турат. Балким республикабыздагы керемет жерлерден ушунусу менен өзгөчө айырмаланып тураар.
Бейиш төрүндөй Ысык-Ата тууралуу акындар даңазалап, ырга кошуп, далай жазуучулар сөз берметин арнашкан. Гезитибиздин бүгүнкү санында аталган санаторийге дагы бир кайрылууну туура таптык. Себеби ал тууралуу канчалык кеп кылсак да аздык кылчудай сезилет. Дегеле мен кыргыздын атуулумун деген ар бир инсан мындай ыйык жайларыбызды аздектөөгө, урматтоого, сактоого милдеттүүбүз.

Касиеттүү булактар
Ысык-Ата капчыгайындагы дарылык касиети бар ысык булактар тууралуу маалымат II-III кылымдарда эле жергиликтүү тургундарга белгилүү болуп, пайдаланышкан. Медицина тууралуу түшүнүгү жокко эсе биздин ата-бабаларыбыз ысыкка, суукка каршы ысык булактардын суусун бирдей пайдаланышканы ада-бий чыгармалардан тааныш.

Тарыхый маалымдамаларда
Ысык-Атага биринчи болуп орус саякатчысы И.Мушкетов 1871-жылы келгени так баяндалат. Орто-Азиянын тоолуу райондорун изилдеген белгилүү окумуштуу А.Северцов 1883-жылы бул булактардын суусунда адам организмине керектүү химиялык элементтер көп экенин илимий аныктаган.
Курорттун аймагында Будданын элеси чегилген таш учурунда далай талаштарды жараткан. Археологдордун корутундусунда будда эстеликтери ХII кылымга таандык. Капчыгай ичиндеги ысык булактардын тушунда үңкүрдү ыйык эсептешип, ушул кезге чейин сыйынгандар көп учурайт. Бул үңкүр булактардын ээси Ысык-Атанын көрүстөнү деген түшүнүк адамдардын аң-сезиминде дале терең орногон.
Капчыгайдагы ысык булактарды дарылоого пайдалануу 1891-жылдан Кызыл Кресттин Жети-Суу башкармалыгы тарабынан кепелерди салып, булакка түшүү үчүн убактылуу чатырларды пайдалануу менен башталат.
Булак суусун химиялык анализден өткөрүп изилдөө жүргүзгөн тоо инженери Г.Аргентов, химик Х.Тейхлин корутундулары аймакта өздөштүрүүгө жол ачкан.
1918-жылы Кызыл Крест тарабынан эки жатакана, 12 ваннага эсептелген имарат курулат, 1931-жылга чейин курорт улам бир ведомостко өтүп, анын кучак жайышына шарт түзүлгөн жок. 1981-жылы Кыргыз курорт башкармалыгы уюшулганы капчыгайда курулуш иштери күчөп, 1989-жылга чейин 3, 4, 5, 6, 7, 9-корпустары бир кабаттуу бейтапкана, ашкана, "Арашан" 16 ваннага эсептелген имарат курулат. Ушул жылдары суу түтүктөрү киргизилип, курорттун ички аймагы көрктөндүрүлөт.

Дарылануучуларга шарт түзүү
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курорт Орто-Азия боюнча аскер госпиталдарынан жиберилген жарандарды кабыл алып, аларды дарылап, катарга кошууда зор эмгек сиңирген.
1957-жылга чейин курорт жай мезгилдеринде иштеп, бир учурда эки жүзгө чейин адамдарды кабыл алган. Ушул жылы жүз орунга эсептелген 10-корпус салынып, пайдаланууга берилгени дем алуучуларды жыл бою кабыл алууга шарт түзүлдү.
1982-жылга чейин жүз он жети орунга эсептелген жаңы корпус, үч кабаттуу бейтапкана, ылай, ысык суу менен дарылоочу кабиналары бар эки кабаттуу имарат, 400 орунга эсептелген көрүүчүлөр залы, библиотека, бильярд залы бар маданият үйү салынып, пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө санаторий бир учурда 250 адамды эс алдырууга, дарылоого мүмкүнчүлүгү бар.
Санаторий атмосфералык басымы төмөн салкын абасы, ультракөгүш күн радиациясы чектелген, метеорологиялык элементтери өзгөрүлмөлүү эмес климаты ысык булактардын, ылайдын, парафиндин, гальваникалык аппараттардын жардамы менен келгендерди натыйжалуу дарылоого шарт түзүп берет.
Санаторий тоолуу таза булактардан, мөңгү сууларынан куралган Ысык-Ата дарыясынын жээгинде жайгашкан. Жээгинде өскөн ит мурун, шилби, чычырканак, ийне жалбырактуу токойлору да дем алууга ыңгайлуу жагдайларды шарттайт.
Санаторий жыл бою үзгүлтүксүз иштегендиктен мында дем алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү аракеттери дайыма көрүлүп турат. Өзгөчө мында жетекчи болуп Бактыбек Кудайбергенов келгени эмгек жамаатында ички иш тартиби эмгекке карата мамиле, дарылануучуларды маданияттуу тейлөө жаатында көзгө көрүнөрлүк жылыштар бар.

Мезгилден артта калбай
Санаторийде кийинки мезгилде аткарылган иш-аракеттердин айрымдарын мисал катары келтире кетсек ашыктык болбос.
Санаторийдин ички аймагын иретке келтирип, тазалыкты кармап турууга өзгөчө көңүл бурула баштады. Эскирип картайган карагайлардын ордуна үч жүздөн ашык соснанын, Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү олтургузулган.
Уктоочу 10-корпустун ар бир бөлмөсүнө муздаткыч, телевизор сатылып алынды, мында толук оңдоо жумуштары башталып, Кумтөр Оперейтинг Компаниясы менен биргелешип 5 люкс комнатаны жасалгалоо аракеттери көрүлүп жатат.
Медициналык электрокардиограмма, магниттерапия, лазер-терапия аппараттары, биохимиялык лабораторияга кубаттуу микроскоп, механикалык массаж кабинетине Түштүк Кореялык термомассаж кушеткалары сатылып алынганы дарыгерлердин жумушун кыйла жеңилдетти.
Эми бейтапкананын ичинде бронхит астма ооруларын дарылоо үчүн жасалма туз кабинетин ачууга белсенип киришкени турушат.
Тазалоочу жабдууларды, дре-наж тармагы акыркы он беш жылда биринчи жолу толук оңдоодон өткөрүлүп, чатыры алмашылды.
Жай айларында Ысык-Ата санаторийин карай жол тарткан дем
алуучулардын, туристтердин катарлары көбөйөт. Барууга башка жай таппай калгандан эмес - мында шарты мыкты, иштегендердин пейили кенен, тейлөөнү дурус өздөштүргөн адамдар экенин билгендер арбын болгону үчүн ушул санаторийди тандашат.
Р.S. Гезиттин кийинки санында санаторийдин дарылоо маселесин козгогон макалабызды жа-
рыялайбыз.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөтү автордуку