"Кыргыз туусу", 08.04.11
  ЧҮЙ

Эл баатыры унутта калабы?
Камчыбеков Обозбек Жайыл районунун Орто-Суу айылынын тургуну. 1992-жылы туулган. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин физика факультетинин 2-курсунда окуйт. 2010-жылы 7-апрелде жамгырдай жааган октун алдында өз курсташтары менен Ак үйдүн дарбазасын талкалаган автоунаасынын жанында желек көтөрүп келе жатканда сол жак далысына снайпердин огу тийип, эсин жоготот. Жолдоштору аны оор абалда Киев көчөсүндөгү, андан кийин № 4 ооруканага жеткиришкен. Ал жерде дасыккан врачтар ага 5 сааттан ашык операция жасашып, өмүрүн сактап калышкан.
Баатырдын атасы Жандаров Камчыбек баласына снайпердин огу тийгендиги, денесинен оор жаракат алгандыгы тууралуу документтерди атайын мекемелерге жолдогону менен эч натыйжа чыкпай келет. Өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкаруучулук, эркиндик, акыйкатсыздык, адилетсиздик үчүн 1500дөн ашык эр азаматтар денесинен оор жаракат алышып, 87 жаш уландар өз өмүрлөрүн кыйышса да адилетсиздиктин доору сүрүп, Камчыбеков Обозбектей эл баатырынын эрдиги унутта калабы? Ага республикалык деңгээлде гана эмес, район жана айыл өкмөтү тарабынан да эч кандай материалдык жардам көрсөтүлбөй келет.

Эл баатырларын эл эскеришти
Өткөн жылы 7-апрелде үй-бүлөлүк К.Бакиевдик бийликке каршы кыргыз элинин жүз миңдеген эр азаматтары жамгырдай жааган окко каршы туруп, элдик революцияны жаратышкан. Бул оор күндөрдө Панфилов жана Жайыл районунан да миңдеген адамдар революцияга катышып, натыйжада 1965-жылы туулган Султаналиев Эмил каза болуп, 9 адам денелеринен оор жаракат алышкан.
Жайыл районунда 7-апрель элдик революцияга катышкан баатырларга арналган жыйын өткөрүлдү. Жыйында "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү, Панфилов, Жайыл райондорунун жетекчилери, ардагерлер эски бийликти айыпташып, эл уулдарынын элеси элдин эсинде каларын айтышып, элди ынтымакка, биримдикке чакырышты.

Болот ЖУМАГУЛОВ




  Ысык-Көл

Улут баркы тили менен
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынын Жогорку Кеңеште кабыл алынганынан бери арадан эки ондук жыл өткөнүнө карабастан маани берилбей келе жаткан маселеге Ысык-Көл облмамадминистрациясынын атайын коллегиялык жыйынында кайрылгандыгына буга чейин бала кезинен жалаң орусча окуп, тарбияланып келген кээ бир жетекчилерге жакпаганы менен облустун жаңы келген губернатору Нурдин Абдылдаевдин патриоттук демилгеси көпчүлүктүн колдоосуна татыды.
- Чындыгында эле кыргыз тили оор абалга келиптир, - дейт бул маселени коллегияга даярдоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Канымет Жакыпбеков, - өзгөчө биз текшерген Түп аймагынын администрациясында орус тилдүү орун басардын ою боюнча иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлүп келген. Каракол шаарынын № 5 балдар бакчасында, анын башчысы З.Шафигулина наристелерди кичинесинен жалгыз гана орус тилинде, орус дилинде тарбиялап келатканын жашырган жок.
Коллегиялык жыйындын кабыл алган токтомунда мындан ары мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берилери баса белгиленди.

Суицид саны неге арбын?
ОИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси, милициянын майору Е.Пищанованын айтымында, Көл өрөөнүндө өз жанын өзү кыйган мектеп жашындагылардын саны жылдан жылга өсүп, былтыр 38ге жетти. Анын башкы себеби - жакырчылык, ата-энелеринин тарбиясынын жетишсиздиги деген бүтүмүн билдирди.
Жээнбай ТҮРК




  Нарын

Эгин үрөндөрү менен толук камсыздалды
Быйылкы жаз жарышында теңиртоолуктар 38 миң гектардан ашык аянтты айдоону пландаштырууда. Анын 27,5 миң гектарын дан эгин аянттары түзмөкчү. Бул божомол өткөн жылдагы жалпы айдоого салыштырмалуу дээрлик 3 миң гектарга арбын айдалат дегендик. Мындай маалыматты билдирген облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков 30-мартка чейин облуста 800 тонна үрөн өксүктүгү бар экендигин, ал эми 31-мартта ал көйгөй чечилгендигин белгиледи.
- Мамлекет былтыркы сентябрь айында кар алдында калган эгин аянттар үчүн 500 тонна үрөндү дыйкандарга берген. Мына эми кечээ дагы кошумча 800 тонна үрөндү гуманитардык жардам катары бөлдү. Ушуну менен бизде үрөн таңкыстыгы чечилди. 30-мартка карата мамлекеттен бөлүнгөн 598 тонна күйүүчү майлардын 550 тоннасы тартылып алынды. Ал эми 34 фермер-дыйкан 9 пайыздык насыялардан 4 миллион сомго жакын акча алышты, - дейт Нарынбек Карыбеков.

Күмөндөр УСУПТЕГИН




  ТАЛАС

Бакай-Ата райкеңешиндеги "ЧП"
Бакай-Ата райондук кеңешинин төрагасы өмүркул Бабыров райкеңештин кызматкерлеринен пара алды деген шек менен жакында камакка алынды. Жогорудагы "ЧП" боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышты далилдөөнүн эң кыйын түрүнө пара менен болгон кылмыш кирет. Ошондуктан жогорудагы факт боюнча эки түрдүү пикирлер айтылууда.
Райкеңештин жетектөөчү адиси Гүлжамиля Абдразакова: "үстүбүздөгү жылдын 18-март күнү саат болжолу 17:30да өмүркул Бабыров кабинетине чакырып, өз кызмат абалынан пайдаланып, мени азыркы иштеп жаткан райкеңештеги ишке кайра келтирүү үчүн 10000 сом талап кылды. Райкеңештин төрагасы өмүркул Бабыров менден акча алып жаткан жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Анын жакындары, туугандары коркутуп-үркүтүп кысым көрсөтүп жатат", - дейт.
20-мартта Бакай-Ата райондук сотунда аталган иш каралган. Айыпталуучу өмүркул Бабыровдун адвокаттары, райкеңештин айрым депутаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Бирок сот аны камактан бошотуу чечимин чыгарган жок.
Райкеңештин жана Бакай-Ата рай-акимчилигинин айрым кызматкерлери бул иш эрегиштен улам болду, балким ал Г.Абдразаковадан карыз акчасын алып жатканда кармалды окшойт дешет. Төрага интриганын курмандыгы болдубу же күнөөсү барбы, сотто чечилет.
Ээнбаштарга кылмыш иши козголду
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Талас районунун Арал айылында жана анын чет жакасында жайгашкан " Копер Голд" жоопкерчилиги чектелген коомунун коттедждери, контейнерлери, эмеректери бир катар айыл тургундары тарабынан өрттөлгөн. Аталган ЖЧК айыл өкмөттүн аймагындагы "Талды Булак" алтын кенин чалгындоо иштерин жүргүзүп келаткан. Бул убакка чейин аталган ЖЧКнын техникалык каражаттары айыл тургундарынын ызы-чуулуу талаптарынан улам чыгарылып кеткен эле.
"Копер Голд" жоопкерчилиги чектелген коому мүлкүн өрттөп жок кылгандарга 20 миллион сомдон ашык доо коюуда. Ээнбаштык менен жасалган жоболоңдуу жорук боюнча чатак иш укук коргоо органдары тарабынан тергелүүдө. Эң таңкалыштуусу өтө чатак инцидентти уюштурган адамдар учурда жоопкерчиликтен качып, бири-бирине шылтап жатышат.

Козубек ИМАНКУЛОВ




  Баткен

Жаз жарыш Кадамжайда
Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылынын эли картошканы Кыргызстанда эң эрте бышырып, Ош, Жалал-Абад, Бишкек гана эмес, ары жагы Казакстанга чейин жеткирип сатып, өздөрүнүн финансылык абалын чыңдап келишет. Азыркы күндө Көк-Талаада картошка отургузуу массалык түрдө колго алынып, жаз жарышы күчөгөн мезгил.
Ушул күнгө чейин аталган айылда 40 гектардан ашык жерге картошка олтургузулду. Жаңы жылдын түшүмү үчүн болгон аракетте А.Кудайбергенов, И.Ураимов, Г.Маматалиев, А.Темиров, Ж.Асатиллаевге окшогон дыйкандар башкаларга үлгү көрсөтүштү. Анткени, аты аталган дыйкандар 0,40 гадан 1,5 гектарга чейин картошка уругун эгип коюшту.

Мал уурулуктун алдын алалы
Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын майору Б.Боркошовдун айткандарына караганда, 2011-жылдын январь, февраль айларынын ичинде Баткен облусунда баары болуп 16 мал уурулук катталган. Анын ичинен 6 кылмыштын бети ачылып, 10 кылмыштын бетин ачууда аймактык тескөөчүлөр ИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмдөрү менен биргеликте түзүлгөн иш мерчемдердин негизинде иш алып бары-лууда.
Маалыматтарга ылайык, мындан тышкары аймактык тескөөчүлөр тарабынан жер-жерлерде эки ай ичинде өткөрүлүп жаткан элдик жыйында отчет берилип, өздөрүнө сак болуулары эскертилди.

Баткендиктер коло медалдуу болушту
Баткен шаарынын футзал боюнча "Batkencity" курама командасы республикабыздын жогорку лигасында канчалаган судьялардын кээ бир командалардын кызыкчылыгы үчүн бут тосууларына карабастан жеңишке жетишти. "Batkencity" командасы 8-апрель күнү Баткен калаабызга коло медалдарын алып келишет. Эске салсак, республикабыздын жогорку лигасы төрт турдан өтүп акырында упайлар эсептелип жеңүүчү аныкталат. Азыр төрт турдун үчөөсү аяктады. Үчүнчү турду Кара-Балта шаарынын "Химки" командасы кабыл алды. Эмки турду Баткен курама командасы кабыл алат. Калаабызда ылайыкташтырылган зал жок болгондуктан, Кант шаарында "Цементник" спорт комплексинде өткөрүшөт.

Гүлчехра Тажибаева




  Жалал-Абад

Айтматовго кайрадан кайрылышты
Барпы атындагы кыргыз драма театрынын жамааты Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Аким Текешов даярдаган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести боюнча "Жомоктон кийин" инсценировкасын тартуулады. Аталган инсценировкада адам баласынын жашоосундагы ак менен каранын, чындык менен жалгандын, момундук менен зомбулуктун карама-каршылыгын каармандардын образы аркылуу ачып берген. Бишкектен чакырылган театр изилдөөчүлөр инсценировканын сапаты жогору деп баа бергендигин облустук маданият бөлүмүнүн кызматкери Рахматулло Козукеев билдирди.
Орозалы КАРАСАРТОВ




  Ош

Кредиттик союздар КРнын Улуттук банкына нааразы
Жакында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын кредиттик союздарынын төрагалары "Аки пресс-Фергана"
маалымат агенттигинде жыйын өткөрүшүп, өздөрүнүн КР Улуттук банкына болгон нараазылыгын билдиришти. Алардын айтууларына караганда КР Улуттук банкы Азия Өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2007-жылы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү финансылык компаниясына болгон ээлик кылуу милдетин кредиттик союздарга өткөрүп бермек. Бирок, белгисиз бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бул маселе улам артка жылдырылып келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында финансылык компания менен Улуттук банктын ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Мындан жыйынтык чыкпаса кредиттик союздар чечкиндүү кадамга бара тургандыгын эскертишти.

Т.АБДЫРАЗАКОВ