"Кыргыз туусу", 08.04.11 Кайрымдуулук турнир өтөт

8-апрелде Кожомкул атындагы спорт сарайында, өткөн жылдын 7-апрелинде каза болгон атуулдардын жаркын элесине арналган кайрымдуулук турнир өтөт.

"Кайрымдуулук турнирдин башкы максаты - биринчиден, 2010-жылкы элдик революциянын курмандыктары болгон маркумдарды эскерүү, экинчиден, спорт өкүлчүлүгү ар дайым тынчтыктын жана достуктун туусун көтөрүүчүлөр экендигин далилдөө",- дейт ардагер спортчу, Кол күрөш боюнча КРнын Федерациясынын президенти Кубан Сапаков. Жыйында айтылгандай, чогулган каражат, апрель окуясында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүүгө жумшалмакчы.

Белгилей кетсек, бул спортчулар тарабынан өткөрүлүп жаткан экинчи турнир. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө таянсак, эртеңки иш-чарага 300дөн ашык оюнчулар катышат. Жеңишке жетишкен спортчулар, ушул айдын аягында Караганда шаарында өтө турган эл аралык турнирге жолдомо алышат.



"7-апрелди майрам кылып жаткандардын жолдору болсун!"

Кыргызстандын спорт чеберлери 7-апрелдин майрам катары белгиленишине каршы.

Алар мындай пикирлери менен "Кабар" маалымат агенттигинде өткөргөн маалымат жыйында билдиришти. Кыргызстандагы спорт федерацияларынын бир нече жетекчилери: "Траурдук датаны майрамга айландырып жаткандардын жолдору болсун",-дешти. Ошондой эле 7-апрелди календарда кызыл менен белгилөө туура эмес деген ойлорун айтышты. "Биз керек болса ушуну айтуу үчүн чогулуп келдик",- деп кошумчалашты коомдук бирикмелер менен жаштар кыймылдарынын жетекчилери.



Эрежесиз мушташ - нукура кыргыз оюну

"Баарына уруксат" эрежесиз мушташ өткөн кылымдын 20-жылдарында Бразилияда пайда болуп, кийинчерээк, Түштүк Америкада өркүндөй баштаган.

Бирок, бул анык кыргыздын оюну экенин биз эми биле баштадык",- дейт КРнын эрежесиз күрөш боюнча Федерациянын президенти Эмил Токтогонов.

Анын айтымында, спорттун бул түрү боюнча машыккан кыргыздын чыйрак, көк жал жигиттери көп. "Буюрса, алардын дүйнөнүн булуң- бурчтарына барып өз дараметтерин жогорку деңгээлде көрсөтө турган күндөрү алыс эмес",-дейт.



"Кыргыздар да келишиптир" - деп шыбырашып калышат

Тай боксу боюнча КРнын Федерациясынын президенти Елена Шевченко: "Биз спорттун бул түрү боюнча башка мамлекеттерде болгон мелдештерде барганда ал жакта: "Кыргыздар да келишиптир",-деген күбүр-шыбыр сөздөр башталып калат.

"Улуту кыргыз болбогону менен, федерациядагы кыздар "көк бет", каалаган максаттарына жетүү үчүн бүт аракеттерин жумшашат",- дейт ал. Эске салсак, тай боксу бизде 2004-жылы жаңыдан уюшулуп, ал кезде болгону 50дөй спортчу машыкчу. Ал эми азыркы учурда республиканын бардык аймактарында (Баткен облусунан башка) 2000 ден ашык боксчулар бар

Анара АРЗЫБАЙ кызы,

"Кыргыз Туусу"








  Ата Журт алкагында


БУУ азык-түлүктөн жардам берет

Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ушул тапта аталган программанын Ош жана Жалал-Абадга чукул жардам берүүгө багытталган долбоорунун акыркы бөлүгү ишке ашырылууда. Анын алкагында түштүктөгү июнь коогасынан жабыркаган 290 миң адамга июнь айына чейин азык-түлүк жардамы көрсөтүлөт. БУУ өткөн жылдагы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын түштүгүнө азык-түлүк жардамын баштаган. Буга чейин Ош жана Жалал-Абаддагы 552 миңден ашуун адамга азык-түлүк түрүндөгү ар кыл гуманитардык жардам берилген.



Кыргызстанды күйүк оорусу каптайбы?

Ысык-Көл облустук өсүмдүктөрдүн карантини станциясынын башчысы Виктор Шурыгиндин пикирине караганда коңшулаш облустарда, Бишкек шаарында түшүм берүүчү бак-дарактардын бактериологиялык күйүк оорусу пайда боло баштады. Бул оорунун таркатуучулары келгин куштар, жан-жаныбарлар, аба массасы жана жаан-чачындар. Эгерде бул илдет жакын арада Чүй облусун толук камтый турган болсо, айрыкча жаз алдындагы жаш көчөттөр менен кошо анын Ысык-Көл өрөөнүнө дагы кирип келиши мүмкүн. Мына ушундай эле жол менен сырттан алынып келинген картошка үрөндөрү аркылуу колорада коңузу мындан 10-12 жыл мурда өрөөнгө кирип, учурда ал бүтүндөй облустун айдоо аянттарын каптап, дыйкандардын айласын кетирүүдө.



Ундун баасы арзандады

Кыргызстанда бир апта ичинде буудай, ун жана нандын баасы арзандагандыгын Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. 30-марттан 6-апрелге чейинки убакыт аралыгында республикада буудай баасы 3,6 пайызга арзандап, килограммы 16,10 сомдон сатылууда. Жогорку сорттогу ундун баасы өзгөрүүсүз калып, 35 сомду, ал эми биринчи сорттогу ун 0,7 пайызга арзандап, 29,20 сомду түзүүдө. Нандын баасы да 1,5 пайызга төмөндөп, килограммы 29,20 сомдон сатылууда. Мындан тышкары бир апта ичинде Кыргызстанда сүттүн (1,7%), эттин (0,1%) баасынын арзандагандыгы белгиленди. Ал эми кумшекер 0,3 пайызга кымбаттап, килограммы 61,90 сомго жетти. Пахта майы 0,2 пайызга кымбаттаса, күнкарама майы 0,7 пайызга арзандады.



Антибиотиктерди ашыкча колдонуу зыян

Европа аймагындагы мамлекеттерде жылына инфекцияларды 400 миңге жакын адам жуктуруп аларын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Өскөн Молдокулов билдирди. "Жугузуп алгандардын 250 миңден ашыгына антибиотик таасир бербей каза табышат. Бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму антибиотикти туура пайдалануу боюнча масштабдуу окууларды, калк арасында акцияларды уюштурууда. Дарыгерлер да аны ооруларга ашыкча жазып берип, натыйжада адамдын организиминин антибиотиктерге каршы микроорганизимдерди иштеп чыгуусуна алып келүүдө. Ушул себептен андан да күчтүүсүн иштеп чыгуу маселеси келип чыгат", - деди Ө. Молдокулов.








  Аалам алкагында


Кыргызстандыктар

Дүйнөлүк кубокко катышууда

7-апрелде Молдованын Кишинев шаарында бильярд боюнча Дүйнөлүк кубокко турнир старт алды. Ага кыргызстандык спортсмен Каныбек Сагынбаев жана Камолиддин Есиддинов катышууда. КРнын бильярд спорту боюнча федерациясынан билдиргендей, турнир "эркин пирамида" эрежеси боюнча өтөт, ага 79 чебер катышууда. К. Сагынбаев бүгүн россиялык Шамил Габдразманов менен беттешсе, экинчи спортсменибиздин да атаандашы россиялык Дмитрий Баев. Дүйнөлүк кубоктун биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ростов-на-Донуда өтүп, ага К.Сагынбаев катышып, 17-орунду алып келген. Экинчи этап Югорски шаарында уюштурулган, бирок ага биздин спортсмендер катыша алган эмес.



М.Каддафиге беларустар көмөктөшүүдө

"Ливиянын өкмөттүк армиясына беларусь офицерлери жардам беришүүдө. Бирок, алар колго курал алып урушуп эмес, куралдуу күчтөрдүн жетекчилерине кеңешчи катары, алар менен алдыңкы фронттук аймактарда кызмат кылышууда"-деп жазды "Комсомольская правда" гезити 7-апрелдеги санында. Бул мамлекеттеги өкмөттүк армия менен контракттык макулдашуулар боюнча келген беларусь офицерлердин саны 300гө жетет. Бирок, алардын Беларусиянын Коргоо министрлиги менен эч кандай байланышы жок. Такталбаган маалыматтар боюнча, жалданма офицерлердин айлык акылары 3 миң АКШ долларын түзөт. Учурда эки тараптын ортосундагы согуш Марс-эль-Брег шаарынын тегерегинде уланууда



Вашингтон Каддафинин катын четке какты

Мурдагы конгресс мүчөсү Курт Уэлдон Муаммар Каддафи менен тараптарды жараштырууну сүйлөшүүгө Триполиге келди. Уэлдон бул сапарга өз ыктыяры менен чыгып, бирок Барак Обамага маалымдап чыккан. Америкалык саясатчы полковник Каддафиге Ливиянын батыш шаарларындагы аскер күчтөрүн алып кетсе козголоңчулар дагы токтоорун сунуштады. Уэлдон Триполиге келгиче Муаммар Каддафи президент Обамага кат жолдоп, анда Ливияда НАТО күчтөрүнүн соккусун токтотууну суранган. Расмий Вашингтон Каддафинин катын четке кагып, ал жасаган ишине жооп бере тургандыгын эскертти.



"Фукусима-1" кырсыгы адамга зыян алып келбейт

Бириккен улуттар уюмунун адистери Жапониядагы "Фукусима-1" атомдук станциясындагы кырсык буга чейин айтылып келгендей адам өмүрүнө терс таасирин тийгизбээрин билдиришти. Радиация боюнча эксперт Волфганг Петерс атомдук станциядан чыккан булганган сууну Тынч океан толугу менен сиңирип кетээрин айтты. Ал ошондой эле "Фукусима-1" станциясындагы кырсыкты 25 жыл мурун болгон Чернобыль менен салыштурууга эч болбостугун дагы эскертти.



АКШда өрттөлгөн Куран китеби Ооганстанды толкутту

АКШда пастор Терри Джонс тарабынан уюштурулуп, өрттөлгөн Куран китеби Ооганстанда көптөгөн адамдардын нааразычылыгын жаратты. Кандагарда болуп өткөн массалык тополоңдордо 12 адам каза болду. Андан соң, тополоңдор Жалал-Абад шаарына ооп, ал жерде да болжол менен 20 дан ашуун адам өлгөн. Мазари-Шарифте да абал тынч эмес. Ал жерде БУУнун өкүлчүлүгүнө чабуул коюу аракеттери болуп өттү. Кандагар провинциясынын саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Абдул Каюм Пахланын сөзү боюнча, автоматтар менен куралданган адамдар шаардын бешинчи муниципалдык округунда жайгашкан административдик имараттарга - мэрия, губернатордун өкүлчүлүгү жана эл аралык күчтөр орун алган жайларга чабуул жасашкан. Ал эми ислам дининин өкүлдөрүнүн кыжырына тийген пастор Терри Джонс өз "күнөөсүн" мойнуна албай, өзүнүн аракеттери радикалдуу исламга багытталганын айтууда.



"Азаттык" радиосунун, "Кабар" агенттигинин сайттарынан

жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"