"Кыргыз туусу", 05.04.11
 7-апрель - Элдик ыңкылапка бир жыл!

Апрель элдик революциясынын
бир жылдыгын өткөрүү
ПРОГРАММАСЫ
5-апрель 2011-жыл,
саат 10.00
Тарых музейинде Апрель элдик революциясына арналган "7-Апрель - Элдин баатырлары" аттуу атайын көргөзмө бөлүмдүн ачылышы.
5-апрель 2011-жыл,
саат 11.00
Улуттук китепканада Апрель революциясына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана профессор К. Исаевдин "Коом жана ыңкылап" аттуу китебинин бет ачары.
5-апрель 2011-жыл,
саат 15.00
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунун конференция залында өтүүчү "Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына карата" аттуу илимий-практикалык жыйын.
5-апрель 2011-жыл,
саат 16.00
Кино үйүндө (Логвиненко көчөсү - 1) Апрель элдик революциясына арналган "7-апрелде шейит кеткен баатырлардын элесине арналган" аттуу кино тасмалардын бет ачары:
- "Бүтө элек түштөр" - 16 мүнөт, режиссер Т. Акималиев;
- "Кайрат" - 10 мүнөт, режиссер В. Жаманкулова;
- "Сизге жооп" - 10 мүнөт, режиссер С. Шернияз.
6-апрель 2011-жыл,
саат 10.00
"Жал" кичи районундагы 144 батирлүү үйдүн сертификаттарын шейит кеткен баатырлардын үй-бүлөлөрүнө жана оор жаракат алгандарга тапшыруу аземи.
6-апрель 2011-жыл,
саат 14.00
Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Апрель элдик революциясынын бир жылдыгына арналган эскерүү жыйыны.
Апрель Элдик Революциясына арналган документалдуу кинотасманын бет ачары, эскерүүлөр.
7-апрель 2011-жыл,
саат 9.00-10.00
"Ата-Бейит" комплексинде эскерүү митинги, куран окутуу, Апрель революциясында шейит кеткендерге арналып курулуучу эстелик-комплексинин таш белгисин орнотуу.
7-апрель 2011-жыл,
саат 11.00-12.00
Апрель элдик революциясында шейит кеткендерге багыштап куран окутуу.
7-апрель 2011-жыл,
саат 13.00-14.00
"Форум" медиа-форум ишканасынын имаратынын алдында эскерүү митингин өткөрүү, куран окутуу, баатырлардын элесине бак отургузуу (СДПК партиясы уюштурат).
7-апрель 2011-жыл,
саат 14.00-16.00
Элдик көтөрүлүштүн башталган жери "Форум" имаратынан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш.
7-апрель 2011-жыл,
саат 16.00-17.00
"Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүүчү эскерүү мүнөтү, куран окутуу, митинг-реквием.
Саат 16.00дө "Ала-Тоо" аянтында жана республиканын бардык аймактарында бир мүнөттүк эскерүү өткөрүлөт, куран окутулат, телерадиоканалдарда атайын берүүлөр көрсөтүлөт, "Ала-Тоо" аянтындагы митинг-реквием.
2011-жылдын 4-апрелинен 14-апрелине чейин Апрель Элдик революциясынын бир жылдыгына арналган декада
Он күндүктө бардык аймактарда, район жана шаарларда, мекемелерде, ишканаларда, окуу жайларында атайын иш-чаралар уюштурулат, эскерүү жыйындары өтөт, Апрель Элдик революциясынын мааниси, ролу, анын каармандарынын эрдиктери, мамлекеттик эгемендүүлүк, эркиндик жана демократия дөөлөттөрүнүн мааниси жөнүндө окуулар, лекциялар уюштурулат.
Эскертүү:
1. Облустарда жана шаарларда Апрель Элдик революциясынын бир жылдыгына арналган иш- чаралар өз алдынча программалар менен 4-7-апрелде эскерүү жыйындары өткөрүлөт.
2. Апрель Элдик революциясынын бир жылдыгына арналып төмөнкү эмгектер жарыкка чыгат:
- илимий макалалардан, эскерүүлөрдөн, фактылардан түзүлгөн жыйнак;
- Апрель окуяларына саясий баа берүү боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынтык отчету;
- Апрель Элдик революциясына арналып өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциянын докладдарынын жыйнагы;
- Апрель Элдик революциясына арналган фото альбом;
- Апрель Элдик революциясы жөнүндө документалдуу-публицистикалык кинотасма.
3. Атайын теле жана радио берүүлөр уюштурулат, мамле-
кеттик жана жеке гезиттердин
атайын чыгарылыштары басылат.
Уюштуруу комитети




  Жардам керек

Баатыр Талант балдары менен жалгыз калды, үйү жок...
Каргашалуу апрель окуясында Талант Шаршеновго эки жолу ок тийген. Ал Ноокат районунун Кулатов айылындагы касиеттүү Апшыр-Атадан болот.
Ошол 7-апрель күнү ал аянтта алгач ок тийип кансырап жаткандар
ды көтөрүп ташып, ыйлап да жүргөнүн өзү сезбей калган. Өзүнө ок кечке жуук тийген. Аны көрүп башкалар көтөргөнчө болбой экинчи жолу чачыраган октун сыныктары тийген. Ооруканага "тез жардам" менен алып келишкенде дарыгерлер текшерсе ага он төрт сынык кирген экен. Эсин жоготуп, 1 литр 800 грамм кан кетип, врачтар кислород менен дем алдырып дары, кан куюп жатышып, аман алып калышкан.
Бел омурткасынан алган жаракат азыркыга чейин какыс айыга элек. Дарыгерлердин айтымында октун сыныктарын тазалашкан, үч-төрт сынык дагы эле бар, алууга мүмкүн болбой калган. Себеби, ал сыныктар булчуң тарамышка кирген экен. "Аны алса нервди өлтүрүп алабыз, бутуң баспай калат" дешиптир дарыгерлер.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелинде чыгарылган № 1 токтомунда 6-7-апрелде болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү белгиленген. Мындай жардамдан аздыр-көптүр ага да көрсөтүлдү, бирок азыр анын жашоо-шарты өтө кыйын абалда. Өзү иштебей калды. Төрт баласы кызыл чиедей болуп али балапандай оозун ачып колунда турат. Жашаганы квартира... Келинчеги иштөө үчүн Россияга кеткен. Өткөн жылдан бери андан кол үзгөндөй дайынын айтпайганы Таланттын жүрөгүн оорутуп, ого бетер көңүлүн чөктүрүүдө. Баарынан дагы балдары жүрөктү эзет. 7-апрелдин каармандарына мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатат. Таланттын кур дегенде өз үйү болгондо төрт баласы менен мынчалык кыйынчылыкта калбайт эле. Кур дегенде ушул жагдайын эске ала турган учур келер бекен?
Бактыгүл ЧОТУРОВА, "Кыргыз Туусу"