"Кыргыз туусу", 05.04.11
 7-апрель - Элдик ыңкылапка бир жыл!

Даңкыңарды заман балким кеч билер
(Башталышы 4-бетте)
- Телефонум да өчүп калыптыр. Апам байкушум айылдан телевизордон көрүп атып, андан кийин кайра-кайра чалдыра берип, телефонум өчүк болсо эле: "Э, кокуй, телефону да албаса, балам соо эмес го, баламдан айрылып калгам го?!" - дей берип өзүн жоготуп, бир жак ыптасы кыймылдабай жатып калган экен. Азыр жакшы болуп калды.
- Революциянын каармандары азыр бир туугандай болуп чогуу жүрөт экенсиздер, кантип табыштыңыздар?
- Эртеси атайылап эле бири-бирибизди издедик. Бири-бирибизди тааныбасак да бир максатты көздөп, өлүмгө бирдей даяр туруп, окко көкүрөк тосуп чыккандан кийин, кандайдыр бир туугандай жакындашуу пайда болот экен. Айрыкча БТРди айдап келген жигит ким болду экен деп, ошол жигиттин эрдигине ыраазы болуп, сураштырып жүрүп акыры таптым. Анан башкаларды таптык. "Каркыра" деген элдик кыймылыбызды түздүк.
"Баатырды мезгил жаратат" дегендей, менин байкаганым, мындай баатырлар карапайым, эл менен бирге жашап, алардын ысык-суугун билген жигиттердин ичинен чыгат экен. Карапайым эл эч качан бири-бирин душман тутпайт экен. Аларды бири-бирине кайраган, жаман көрсөтүп чагымчылдык кылгандар - өз кызыкчылыгы үчүн жанталашкан, бийликти көздөгөн адамдар экен. Муну биз Ош окуясынан улам билдик.
"Элди бөлгөндөр - бийликке умтулгандар!"
- Биз Ошко: "Өзбектер жер талашып, кыргыздарды кырып жатыптыр", - деп таптакыр башкача маанай менен барган элек да. Көрсө, картина таптакыр башкача экен. Тек гана эки элдин ортосуна чагымчылдар чагым салып, от таштап коюшуптур. Биз аны кыргыздардын да, өзбектердин да аксакалдары, кадырлуу адамдары менен сүйлөшүү убагында билдик. Ошол кездеги комендант элди токтотууга эч кандай чара колдонбогону таң калыштуу. Тек гана кырылышып жаткан элди жайына коюп коюшкан. Биз кайрылганыбызда: "Силер - провокаторлорсуңар, билгениңерди кылып алгыла!" - деп койду. Айткандай эле колубуздан келишинче ортодо калыстык менен, түшүндүрүү иштери менен элди токтотууга, тынчтандырууга аракет кыла баштадык. Кенедей, бейкүнөө балдар ортодо калышыптыр, аларды алып чыгып кетип жаттык.
Мен ойлойм, азыркы учурда бийлик экономикадан да, башкадан да мурда өзбек-кыргыз, түндүк-түштүк деген маселени коюш керек. Элдин ынтымагын, биримдигин биринчи орунга алып чыгыш керек. Дагы айтайын, минтип жикке бөлүнүүнү карапайым эл өзү каалабайт. Мисалы, Бишкектин жаңы конуштарын караңыз, кошуна болуп эле жакшынакай жашап жатышпайбы. Бөлүнүүнүн баарын жанагы өзүнө команда топтогон, бийликке жан үрөгөн лидерлер уюштуруп жатат. Ушул маселени чечүүгө бийлик бардык күч-аракетин жумшоосу керек.
Менин оюмча, мурдагы бийликтегилердин эң чоң күнөөлөрүнүн бири, тактап айтканда жаңжалдын чыгуу себептеринин бири ушул экен - Оштун айрым айылдарында кыргызча мектептер жок, кыргыздар өзбекче окушат экен. Кыргызстандын жеринде жашап жаткандан кийин ар бир улут анын мыйзамын, салтын, тилин сыйлаш керек.
Абдраим КАСЫМОВ:
- Мурдагы бийликтердин убагында жеке ишканаларымдын баарын тарттырып жиберип, өзүм Кыргызстандан чыгып Чехияга кетип калгамын. Ошол жакта, мейли кайсыл улуттун өкүлү болбогун, иш-кагаздарынын баары ошол мамлекеттин тилинде гана толтурулат экен. Мен уйгур болгонум менен, Кыргызстанда да ушундай тартип болушун каалайм. Бул - жашап жаткан мамлекетиңе болгон сый, урматың. Ал эми мамлекеттин болсо, өзүн-өзү сыйлагандыгы деп билем. Болбосо, ар ким өз билгенин жасай берсе, эч качан мамлекетте тынчтык, биримдик болбойт.
Эмилболот КЫШТООБАЕВ:
- Дагы бир маселе, революция учурунда бир нерсеге катуу кейидик. Жаштардын дээрлик көбү техниканы билишпейт экен. Биздин убагыбызда мектептен трактор, машине айдаганды, аны оңдогонду, НВП деген сабак өтүлүп, андан мылтык кармаганды, аны колдонгонду, дагы бир топ кесиптерди үйрөнүп чыгат элек. Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо армия дагы чоң мектеп. Мына ушул маселени да эске алышса дегим келет.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"

…Ошентип өткөн жылдын 7-апрелинде кыргыз эли өзүнүн улуттук каармандыгын далилдеп, кандуу бийликти кулаткан окуяга бир жылдын жүзү болду. Убакыт аткан октой, учкан куштай тез сызып өттү да, кетти.
…Эң өкүнүчтүүсү, өлкөбүз жана келечек муундар үчүн өмүрлөрүн кыйып, Кыргызстанды коррупциялашкан үй-бүлөлүк кландык системадан куткарууда 87 азаматыбыз курман болду.
…Ал эми канкордук менен өз элине ок аткан бакиевдердин үй-бүлөсү жана жан-жөкөрлөрү жоопкерчиликке тартылбай качып, бозуп жүрүшөт.

Калганынын баары эле өз ордунда кал-
гандай. Жер өз огунда айланып, эл күнүмдүк түйшүгү менен алышып... Бийликтеги айрым эле адамдардын алмашканын айтпаганда, атүгүл коррупция да, кылмыш дүйнөсү жана саясаттагы эки жүздүүлүк да алигиче өз ордунда калган таризде. Болгону бул кышта жарык өчкөн жок. Ошо курман болгон эр-азаматтарыбыз ушу жарыкты бизге керээз калтырып кеткендей, жарыгыңар өчпөсүн дегенсип, өздөрүнө өчпөс от жагып.
1970-жылдары Кытайдын жетекчиси Ден Сяопин Францияга барып, студенттер менен жолугушуп атканда ага: "Франция революциясына кандай баа бересиз?" деп кайрылышат, улуу патриарх аларга: "Баа берүү али эртелик кылат, революция болгонунан али жүз жыл өтө элек" деп жооп кайтарган экен.
7-апрель окуясына бир эле жыл толду. Али эртерээк. Ошентсе да бул окуянын эми жүз жыл эмес, миң жыл өтсө да өзгөрбөй турган чындыктары бар. Аларды айта кетпесем болбостур.
Биринчиден, ошол күнү 87 азаматтын бийликтин колунан курман болгону кашкайган чындык. Муну эч ким тана албас.
Экинчиден, күндүзгү саат 13-14 чамасынан кечки 20-21ге чейин Ак үйдүн жамгырдай жааган огуна карабай Борбордук аянттагы эл сегиз саат бою тайманбай туруштук берип, тубаса каармандыкты - накта Манас Атанын рухун көрсөттү. Бу да акыйкат эмеспи.
Үчүнчүдөн, 24-марттагы төңкөрүштөн
айырмаланып, 7-апрелдеги окуяга Америка
сыяктуу эч бир тышкы күчтөр катышкан эмес (ал тууралуу А.Князевдин китебинде так далилдер жазылган). Бул окуянын ээси - кыргыз эли.
Төртүнчүдөн, кээ бир митингдерден айырмаланып, бул күнү окуяга катышкандарга бир тыйын да акча таратылып берилген жок. Атайын комиссия дагы, жана бул окуяга оппонент контрреволюциячыл күчтөр дагы ушуга дейре карманганга бир факты далил келтире алышпады.
Бешинчиден, эртең мененки окуя башталган саат 9-10дордон түнкү 11-12лерге чейин бир да ичкилик ичип алган мас адам аянтта көрүнгөн жок. Болгону түнкү он экиден кийин гана санаалаш адамдар тарабынан ичкенге суу, жегенге токоч таркатылып берилди. Демек, бул элдик төңкөрүш - нукура элдин эрки, ак ниет жүрөгү жана таза колу менен жасалды. Тилеги ак эле.
Ошол бийлик режиминин калпына, эки жүздүүлүгүнө, ач көздүгүнө, эзүүсүнө тоюп бүткөн эл өз жанын тобокелчиликке салып, ал бийликти жылаңач колу менен уратууга каршы аттанган эле. Максатына жетти. Бирок, алар али эч кимиси эч кандай укуктук жазасын ала элек. Бул да кашкайган чындык.
7-апрель күнү карапайым эл, айрыкча акыйкаттык үчүн чыркырап күйгөн жаштар "Бийликке бул келсин, тиги келсин" деп чыгышкан эмес. Алар бийлик акыйкат, адилет болуп, кыргыз элине кызмат кылуусун талап кылышкан. Ооба, жаңы Конституция кабыл алынып, салыштырмалуу адилет шайлоолор өттү. Бир караганда акыйкат система түзүлүүгө аракет кылып жаткандай. Бирок, бийликке акыйкат адамдар келип атат деп айтууга али ооз барбайт.
2010-жылы 10-апрелде Ата-Бейитте кээ бир саясатчылар өлүк башында, эл алдында ант беришкен эле… Унутушпаса экен.
Р.S. Ошол күндөрү курман болгондорду акыркы сапарга узатуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, сөөк жерге берилгенге чейин чукул арада жардам бергенге аракет кылдык. Күнү-түнү өлүк чыккан жерге барып көңүл айтып, жардамыбызды берип кайтып аттык. 9-апрелден 10-апрелге караган түнү Бишкек шаарынын Казанский, 12, чолок көчөсүндөгү (переулок) шейит кеткен он сегиз жаштагы Табалдиев Нурсултандын ата-энеси өтө жупуну үйдү башпаанек кылып турушат экен. Боз үй тиккенге да чамалары болбосо керек. Эки бөлмө жер кепе үйдүн бир бөлмөсүндө өлүктү коюп, экинчи бөлмөсүндө келгендерге чай берип узатып жатышыптыр. Жердиги Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан болушат экен.
Биз барганда түн бир оокум болуп калгандыктан, үйдө 7-8 киши - баланын атасы, апасы, кошуналары өлүк башында отурушуптур.
Андагы финансы министринин орун басары А.Нышанов, ошо күндөрү опол тоодой жардам берген М.Жакыпбаев, Р.Пазылов, Ш.Түмөнбаев, К.Болотканов болуп барып, өкүрүп кирип, көздөн жаш чыгарып, ата-энесине "Кайрат кылгыла, силердин уулуңар улутубуздун келечеги үчүн курман болду" деп көңүл айттык. Нурсултан үйдөгү жалгыз эркек экен. Жайында үйлөнөм деп даярданып жатканын атасы үшкүрүнүп айтып отурду. Кайгы-муңу жүрөктү өрттөп турса да кыргыз баласы кылым карыткан салтынан жазбайт эмеспи. Атасы "чайга киргиле" деп суранып калды. Мындай учурда кандай адам даам татып отурмак эле. Кол учунан нан ооз тийип, бир чыныдан чай ичип кайра чыктык. Кетип жатып, Убактылуу Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн жардам деп конвертке салынган бир миллион сомду сундук. Айылдан азыр гана көчүп келгени байкалып, саламдашканда эмгекке жооруган колу даана билинип турган 42 жаштагы атасы Токтомат бизге сылык гана: "Жок, жардамыңарга рахмат. Аны эл укса эмне дейт. Акчаңарды ала албайм. Менин уулум патриот болчу. Ал Кыргызстан үчүн, акыйкат өлкө куруу үчүн курман болду. Айта баргыла, бийликтегилер адилет иштешсин" деп, эчкирип барып жашын тыйды. Боорума кыстым да, биз муш жегендей, же сөз табалбай, же кеталбай айланчыктап туруп калдык.
Эми андан бери бир жыл өттү. Нурсултандын атасына эми эмне деп жооп бере алабыз. Же үн катпай туруп беребизби? Мени ушу көп ойлонтот.
Жарым саат мурун эле ушу жерде бизди тосуп алган кварталдык комитеттин төрагасы болуп иштеген казак жигит: "Эртең өлүктү алып чыгып, Ата-Бейитке жеткизгенге 10 миң сом керек" деп айтты эле. Эми атасы бир миллион сомдон баш тартып турганын карабайсыңбы… Демек, кыргыз намысын сактап турган бийликтегилер, же байлык топтогондор да эмес, эң ириде - карапайым калкыбыз экени дагы бир ирээт далилденип жатпайбы.
Намысты бийик туткан адамга бир мил-лион сомуң бир тыйынга арзыбайт экен да.
Кыргыздын эч нерсеге алмашкыс байлыгы - кыргыздын карапайым намысы экенине дагы бир ирээт ынандык. Бирок, биз аларга бир жыл ичинде эмне кыла алдык? Суроо? Суроо? Жоопсуз суроолор…
…Жапонияда дээрлик 28 миң адамдын өмүрүн алган табигый кырсык болуп өттү. Токио университетинин атактуу профессору Сигеки Хакамада болсо: "Биз жапон элинде "бактысыздыкты бак-таалайга айланта бил" деген макал бар. Маселен, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин самурай улуттук намысына таянып өлкөбүздү гүлдөп-өскөн державага айланттык. Бирок, акыркы жылдары жаштарыбыз даяр турмушка келип, акыркы 20 жылда экономикада стагнацияда эле. Эми бул кырсык бизди силкинтти. Андан жапон эли сабак алып, белин бекем бууп, жаңы бир бийиктикке чыга алат" деп айтып жатпайбы.
А биз качан тарыхтан сабак алганды үйрөнөөр экенбиз?
Аларды жерге бергенден кийин ишембилик кылып 87 өрүк тиккен элек. Баарысы тең бүрдөп өсүп чыкты. Жок дегенде, артынан адилет кылып берекесин төккөн жер энеге ыракмат!
Мына ошол 87 жигиттин ичинен мурда мен Кудайбергенов Жолдошбекти жакындан тааныйт элем. Өтө намыскөй, жылдыздуу жигит эле. Ар бири тегин жигиттер эмес көрүнөт. Маселен, ысыкаталык Мусаев Чолпонбек машинеси менен Ак-Үйдүн темир дарбазасын сүрүп кирип, элге жол ачты. Каракулжалык Алымбек Аракеев болсо мурда эле тирүүсүндө бийликке каршы ыр жаратып, ал эми таластык Күмүшбек Сейдасанов болсо "элге керек сенин жаның десе эгер, эч кылчайбай жанымды мен берсем дейм" деп тилегин ак кагазга калтырып кеткен экен. Ар бири жөн жигит эмес. Биз алардын алдында карыздарбыз. Деги эле ошондо курман болгондордун баары элибиздин эң намыскөй жигиттери деп эсептейм.
Ошол күндөрү жазылган төмөнкү ырды мекен шейиттеринин элесине коюлган гүлдестем деп кабыл алсаңар. Бул ырды кыргыздын таланттуу жигити Майрамбек Осмонов обон чыгарып ырдап жүрөт.
АПРЕЛЬ РЕКВИЕМИ
Артыңардан муңдап турду кечки жел,
Даңкыңарды заман балким кеч билээр,
Өрүк бышкан таттуу күндү көрбөстөн,
Өрүк гүлдөп турган кезде кеттиңер.

Атыңарды асман жоктоп, күн жоктоп,
Алтын күнү жамгыр төктү шолоктоп,
Акыйкатты издеп келген элеңер,
Астыңардан мылтык атты, ким октоп.

Канды төгүп, жанды дагы кечтиңер,
Жарык болуп жаныш үчүн өчтүңөр,
Жарым күнү ок атса да жат бийлик,
Жарым кадам чегинбеди эч бир эр.

Жазды узатып, жай да келер силерсиз,
Жараткандан жакшылыкты тилербиз,
Эгемендик оңой келди дечү элек,
Эркиндиктин эми наркын билербиз.

Багындырып жат бийликти куралсыз,
Башка салтка тарых жолун бураарбыз,
Баатырларын барктап келген кыргыз эл,
Баарыңарды дайым эстеп тураарбыз.
(2010-жыл, 20-апрель күнү жазылган)
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
Жогорку Кеңештин депутаты