"Кыргыз туусу", 05.04.11
  Сунушум бар

Кыргызстанда консенсустук (макулдашуу) демократияны колдонууга болобу?
Бүгүнкү парламенттик система жок жерден эле пайда боло калган жок. Мындан 20 жыл мурдагы кыргыздын биринчи "Жибек революциясы" парламентаризмдин өнүгүшүнө, коомубуздун демократияга жапа тырмак бет алышына даңгыр жол ачкан эле. Кудайга шүгүр, андан бери ар кандай кыйынчылыктарга карабастан парламентаризм ырааттуу өнүгүп келе жатат, парламент кесипкөй саясатчыларды даярдоочу мектепке айланды, мамлекеттик башкарууга депутаттардын активдүү катышуусу менен бир топ эле элдин тагдырына тиешелүү маселелер чечилип келди.

Кеңейтилген ротациялык коалиция деген эмне?
Эми болсо Кыргызстан кошуналардын ичинен биринчи болуп парламентаризмдин жаңы тепкичине көтөрүлдү, мамлекетти башкаруу парламенттик система аркылуу ишке ашырылып жатат. Жогорку Кеңештин алгачкы кадамдары көп азаптуу жолдор менен баратса да, анын, иштеринин кээ бир натыйжалары жакшы үмүттөрдү жаратпай койбойт.
Ошентип биз англис-саксондук атаандаштык демократияны колдоно турган парламенттик башкаруу системасына өттүк. Атаандаштык - саясий турмушта да, экономикада да прогресстин жана өнүгүүнүн кыймылдаткычы. Албетте, эгерде элдин саясий маданияты, саясий темпераменти жана салттары тиешелүү деңгээлде болсо. Эгерде андай болбосо, атаандаштык кырчылдаган тирешүүгө, кандуу кагылышууларга алып келет. Биз мындай жоруктарды бир нече жолу башыбыздан өткөрбөдүкпү. Кылымдарды карыткан адамзат тарыхы көрсөткөндөй, парламенттик атаандаштык модели бирин-серин гана эли бакубат жашаган жана калктын түзүмү бир тектүү өлкөлөрдө ийгиликтүү иштей алат. Мисалы, Италияда калктын 90%ы бир улуттан турат, алардын дини да бир, тили да бир. Ал жерде өкмөт күнүгө алмашса да, саясий система былк этпейт.
Кыргызстан болсо көп этностордун, көп диндердин, көп тилдердин өлкөсү. Анын үстүнө аймактар аралык, уруулар жана кландар аралык бир топ эле курч карама-каршылыктар кошул-ташыл болгон көп курамдуу коомубуз бар. Мындай коомдордо жалгыз гана атаандаштык демократиясынын аспаптары менен өлкөдө саясий туруктуулукту, тынчтыкты, ынтымактуу жашоону камсыз кылуу өтө кыйын. Дүйнө мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, ага жардамга "домкрат" катары консенсустук (макулдашуу) демократиясы колдонулат. Дүйнөгө белгилүү беделдүү саясат таануучу Арендт Лейпхарт консенсустук макулдашуу демократиясын көп курамдуу коомдордо Нидерландия, Бельгия, Австрия ж.б. өлкөлөрдүн мисалында изилдеген. Мисалы,

Австрияда, эгерде католиктер - коомдун 30% ээлесе, шайлоолордун жыйынтыгына карабастан, алардын өкүлдөрү бийликте болбой калуусу мүмкүн эмес. Атаандаштыктын масштабдары чектелген, жеңип чыккан партия баарын бооруна басып алып, жеңилген партия таш жалак куру калуусу мүмкүн эмес.
Бизде өткөн парламенттик шайлоолордо 51% шайлоочу катышкан, жеңген партиялар ошолордун 39% гана добушуна ээ болгон, ал эми шайлоочулардын калган жарымы, анан дагы калган миллиондогон эл массасы, айрыкча жаштар саясий майдандын сыртында кала берди. Бир топ партиялар 0,5 пайыздын босогосуна жетип-жетпей жыгылды. Мындай учурда азыркы бийликтеги парламенттик коалиция мамлекетти башкаруу үчүн өтө эле кууш, өтө эле тардык кылаарын моюнга алуу керек. Ошондуктан консенсустук демократиянын негизги принцибин ишке ашырып, саясий турмушубузга "Кеңейтилген ротациялык коалицияны" киргизүү керек. Мындай институт конституциялык статуска ээ эмес, бирок
коомдогу өчөшкөн, каршылашкан тараптарды бир ыкка, ынтымакка келтирүүдөгү ролу баа жеткис. Дүйнөлүк тарыхтагы эң жемиштүү революциялар - бул консенсустук революциялар. Мисалы, Испанияда Франконун кандуу диктатурасынын демократияга өтүүдө каршылашкан эки тарап, өздөрүнүн чексиз амбицияларынан чегинип, бири-бирине жол бошотуп, талыкпай сүйлөшүүлөрдүн, соодалашуунун натыйжасында Монклоа шаарында элдешүү пактысына кол коюшкан. Түштүк Африкада апартеид режиминен чыгуу процесси да так ушундай консенсус аркылуу жетишилген.
Бизде улуттун, улуттук мамлекеттин тагдырын устаранын мизине такаган эки проблема турат. Биринчиси, кыргыз-өзбек кандуу жаңжалынан кийин бул эки этностун элдешүү процесси баштала элек. Экинчиси, Түндүк-Түштүк региондор аралык карама-каршылыктар азыр оркоюп ачыкка чыкты. Бул эки проблема тең консенсустук демократиянын негизинде, эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана ийгиликтүү чечилиши мүмкүн.
Бирок ушу маселелерди иш жүзүнө кантип ашырабыз- кеп мына ушунда. Биз дагы - дүйнөлүк практикада кеңири тараган Ротациялык коалиция түзүү аркылуу компромисстик чечимдерге келүүбүз керек. Мисалы, Швейцариядагы федералдык Кеңеш парламент аркылуу 4 жылга шайлашкан 7 кишиден турат, алар жылына кезектешип президент болушат, ал эми дагы 7 кабинет - министрлери өлкөдөгү тили жана региону боюнча бөлүнгөн
коомдордун ротация жолу менен кызматка келишет. Австрияда эң маанилүү чечимдерди министрлердин кабинети эмес, эч бир конституциялык статусу жок, чакан Комитет кабыл алат. Анын иштешине католиктердин жана социалисттердин көрүнүктүү лидерлери өздөрүнүн салымын бирдей кошушат. Эки дүйнөлүк согуштун ортосунда Чехословакияда пайда болгон парламенттин сыртындагы Комитет "пятерка" ("петка") абдан таасирдүү саясий орган болуп, өзүнүн жумушун өкмөттөн жана парламенттен тышкары жүргүзгөн. Колумбиянын Либералдык жана Консервативдик партияларынын ортосундагы президенттик постту 7 жылдан кезектешип ээлөө жөнүндө макулдашуунун өзүн ротациялык коалициянын көрүнүктүү мисалы катары кароого жарайт.

Ынтымак комитетин түзсөк кандай болот?
Биз азыр, чын-чынында, өтө татаал жана алдын ала айтуу кыйын мезгилде жашап жатабыз.
Парламенттеги башкарып жаткан коалиция эмес, коалиция ичиндеги фракциялар ынтымакка келе албай тирешип турганын көрүп турабыз. Ушундай кырдаалда жанагы мен көтөргөн кыргыздар менен өзбектерди элдештирүү маселесин жалгыз парламентке же жалгыз өкмөткө жүктөп койсок, алар бул жүктү көтөрө албайт. Ошондуктан, жарандык коом менен мамлекет бирдикте консенсустук демократияны колдонушу керек. Менин оюмча муну ишке ашырыш үчүн бүткүл Кыргызстанга таанымал, кадыр-баркы бийик элиталардан Ынтымак Комитетин түзүш керек. Аны, "Легендарлуу парламенттин" базасында түзсө болоор эле. Ошол парламенттин депутаттарын эл жакшы билет, алардын көбү азыркы учурда жашына жана аброюна жараша өлкөнүн беделдүү аксакалдарынан болуп калышкан. Эң негизгиси, бул парламентте бардык аймактар, этностор, калктын социалдык жана гендердик курамы аздыр-көптүр пропорционалдуу катышкан. Алардын басымдуу бөлүгү жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр жана абдан билимдүү адамдар болгондуктан, колдорунан өздөрүнүн фонддорун түзүп, ишмердүүлүгүн өз алдынча каржылоо толук келет. Алардын тегерегинде көрүнүктүү илимий жана маданий ишмерлер, партиялардын лидерлери, жогорку кызматтагы элге чыныгы таасири бар чиновниктер топтолушу зарыл. Конституциялык статусу жок болсо да, кеңеш берүүчү орган катары Ынтымак Комитети, жогорку интеллекттер менен авторитеттердин чордонуна айланып, элибизди консолидациялоого орчундуу таасир берет эле.
Мына жакында, атаандаштыктын жаңы этабы - президенттик шайлоолор келатат. "Көк бөрүнүн" жаңы раунду, саясатчылардын, "акчалуу мүшөктөрдүн" жаңы кармашуулары башталат. Булар "Түштүк-Түндүк" деген опуртмалуу картаны ойнооруна шек жок. Ошондуктан, баарыбыз терең ойлоно турган мезгил жетти. Ушул учурдан пайдаланып, консенсустук демократиянын механизмдерин колдонуп көрбөйлүбү? Президенттик пост азыр бизде Англиянын королевасындай эле деңгээлге коюлду. Ошентсе да мамлекет башчысы деген № 1 пост да. Демек, атаандаштык курч болооруна шек жок. Эң коркунучтуусу, ушул шайлоо Түндүк-Түштүктүн ажырымына алып келбейт деп, ким айта алат. Ушул себептен президентти 6 жылдык мөөнөткө кезектешип Түштүктөн да, Түндүктөн да шайланышы тууралуу макулдашууга келбейлиби. Консенсустук демократиянын алгачкы кадам катары так ушул келишим өлкөнү монолитке айлантаар, тагдырыбызды оң жакка бура турган кадам болоор.
Жаңы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү азыр эрте, анын потенциалы азыр толук ачыла элек. Эгерде ал талап кылып, кырдаал курчуп кетсе айла жок. Анда мен консенсустук демократиянын дагы бир башка жолун - Парламенттин жогорку палатасын түзүүнү сунуш кылат элем. Анын курамы ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарынан 7ден өкүл, президенттин сунушу менен дагы 7 кишиден кошулган 70 кишиден турат. Жергиликтүү Кеңештерден шайланып келишип, алар жылына эки жолу сессияга чогулушат да, үч гана маселе боюнча - бюджет, өкмөттүн курамы жана конституциялык айрым өзгөртүүлөр боюнча макулдугун берип, анан тарап кетишет.
Мен, албетте, мамлекеттик деңгээлде конституциялык жана укуктук универсализмди, парламентаризмдин эң алгачкы кадамдарын колдоо менен бирге, ар кыл саясый күчтөрдү жана элдин кеңири катмарын камтыган консенсустук макулдашуу демократиясын кошо колдонолу дейт элем.
Кыргызстан парламенттик республика катары демократиялык процесстин туусун гана көтөрбөстөн, консенсустук демократия менен атаандаштык демократиянын эриш-аркак симбиозуна да жетишкен өлкө катары дүйнөгө таанылса дейм.
Жумагул СААДАНБЕКОВ,
Дипломатиялык академиянын ректору,
КРнын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, политология илимдеринин доктору