"Кыргыз туусу", 01.04.11
  Сый-урмат

"Кыргызстандан кетип жатканыма ичим ачышып жатат"
КРнын Президенти Роза Отунбаева БУУ системасынын Туруктуу координатору, ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Нил Волкерге өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалын тапшырды.
Президент Нил Волкердин жеке адамдык сапаттарына токтолуп: "Бул адам - мыкты уюштуруучулук жөндөмү бар, кесипкөй адам. Бул адам кыйынчылыктардан эч качан коркпойт жана дайыма татаал абал өкүм сүргөн өлкөлөрдө иштеп келет", - деп баса белгиледи. Ошондой эле Нил Волкерге өлкөдөгү чыр-чатактан кийинки абалды жөнгө салууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип: "Сиздин ак ниет ишиңизди эстен чыгарбайбыз. Мен Сиздин башка өлкөлөрдө да миссияңызды ийгиликтүү улантаарыңызга ишенем", - деди Р.Отунбаева.
Ал эми Нил Волкер өз кезегинде: "Мен Кыргызстандан кетип жатканыма ичим ачышып жатат. Өлкөнүн кайсы жагына барбайын, эл мени жылуу-жумшак тосуп алчу. Башка өлкөдө иштеп турсам да Кыргызстандын ийгиликтерине байкоо салып, өлкө келечеги үчүн кызмат кылган кыргызстандыктардын күчтүү жарандык позициясына күбө боло берем деп үмүттөнөм", -деп айтты.
Эске салсак, жакынкы аралыкта Нил Волкердин Кыргызстандагы иштөө мөөнөтү соңуна чыгат.



  Мүмкүнчүлүк

Бренд болуп калышы керек
Кыргызстан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине "Манас", "Семетей", "Сейтек" трилогиясы боюнча өзүнчө номинация киргизсек болот. Бул үчүн мүмкүнчүлүк бар. Мындай маалымат кечээ өкмөт үйүндө өткөн жыйында белгилүү болду.
Президент Роза Отунбаеванын айтымында, ал Францияга барганда ЮНЕСКО уюмунун директору Ирина Бокова менен жолугушуп, дал ушул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада, И.Бокова бул идеяга кошуларын жана колдоо көрсөтөрүн айткан. Маселе чечилгенин айткан өлкө башчысы, тиешелүү тараптар буга байланыштуу документтерди даярдоосун тапшырды.
Мындан сырткары, Р.Отунбаева VIII Ысык-Көл форуму тууралуу сөз кылып, аны өткөрүүнү быйыл ЮНЕСКО колдоого алып жатканын белгиледи. "Бул форум өлкөбүздүн бренди болуп калышы керек. Ошондой эле биз Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүп, дүйнө коомчулугу бизди башка көз караштан кароосуна жетишүүбүз зарыл", - деди журт башчысы.