"Кыргыз туусу", 01.04.11 Санкция берүү укугу кайра прокурорго кайтарылсын
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен"
фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Байболовго

Биз, өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан сот системасын реформалоону колдоого алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерине кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунуштарыбызды берүүнү туура көрдүк.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-главасынын сот бийлиги жөнүндөгү 99-беренесинин 2-пунктунда судьялар кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүнөн тутулган учурлардан сырткары кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же текшерилүүгө тийиш эмес деп белгиленип, судьялардын укуктары корголуп, алардын жоопкерчилиги чектелген эмес. Судьялар өз кызыкчылыктары үчүн тергөөдө коюлган айыптарды бурмалабай, сот адилеттүүлүгүн жаратышса, алар үчүн кайдагы коркунуч, мындай учурда кол тийбестиктин кереги эмне? Кылмыш жасаган кылмышкерлер менен иш алып барууда өз баштарын өлүмгө байлап, тобокелге салган райондук, шаардык ИИБ, райондук, шаардык прокуратуранын кызматкерлеринин укуктары корголуп, аларга мүмкүнчүлүк берилбейт. Кээ бир судьялар жандарын кыйнашпай, жылуу-жумшак кабинеттерде олтурушуп эле оңой-олтоң олжолорго ээ болушарын эске алсак, аларга өтө эле көп мүмкүнчүлүктөр берилген.
Судьялар үчүн көзөмөлдүн жоктугунан өз билгендерин жасашып, канчалаган адамдардын көз жаштары кургабай, азап чегишүүдө. Ошондуктан, мурдагы мыйзамды кайрадан калыбына келтирип, прокурорлук көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Судьялардын айлык маяналары 25-30 миң сомго жогорулатылып, прокуратуранын кызматкерлерине 6-7 миң сомдон айлык маяналар чегерилгендигин кантип түшүнсө болот?
Эң өкүнүчтүүсү прокурорлор оор кылмыш жасаган кылмышкерлерди кармоодо канчалаган кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүшүп кармап келишкен менен ага карата санкция бере алышпай судьяларга көз каранды. Анткени, белгисиз себептерден 1993-жылдагы КРнын Конституциясында мыйзамдаштырылган жободо прокурорлорду санкция берүү укугунан ажыратышып, сот бийлигине алып коюшкан. Ушул жагдайларга байланыштуу КРнын Конституциясынын прокуратура жөнүндөгү 93-беренесине кошумча өзгөртүү киргизүү менен санкция берүү укугун кайрадан прокурорлорго кайтарып берип мыйзамдаштыруу зарыл.
Абдылдабек АЛЫМБЕКОВ,
Кара-Буура районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы,
Анарбек АБДЫБЕКОВ,
Аалы ЖУМАШАЕВ,
Кара-Буура округунун
Чоң-Кара-Буура айылынын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү





Суроо көп, жооп жок
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2011-жылдын 29-мартындагы санына Сагын Эшменин "Насирдин Исанов киши колдуу болгонбу?" аттуу маеги жарык көрдү. Анда Насирдин Исановдун каза болгонун көргөн, билгендердин айткандары чагылдырылган. Бирок, анда айрым түшүнүксүз жагдайлар дагы бар. Мисалы, Жалал-Абад курортунун ошол кездеги башкы дарыгери Мырзакматов Абдыманаптын айтымында, Насирдин Исанов менен Бернштейн мамлекеттик номуру 00-04 машинага отурушат. Бернштейндин жан сакчысы да ошол машинага түшөт да, Н.Исановдун жан сакчысы жок, эмне үчүн Өкмөт башчысынын жан сакчысы болгон эмес?
Экинчиден, экинчи машинага облус жетекчилери отуруп, узатып жүрөт да, алар эч нерсени көрбөй калышат, эмне үчүн? Анан дагы кырсыкка учураган машинадан жалгыз Н.Исановду сууруп чыгышат, аны менен бирге жүргөн Бернштейн эмнегедир кийин келет. Бернштейн кайсы жерден, эмне үчүн түшүп калганы белгисиз? Эмне үчүн?
Баса, "Насирдин Исановду курорттон эле өлтүрүп, машинага салып жиберишти" деп кыйкырган жигит ким? Эмне үчүн анын айтканы текшерилген эмес?
Кырсык кандайча болгонун эки машинанын айдоочулары билиш керек эле. Бири курман болсо, экинчиси эмне суралбайт, анын эмне дегени белгисиз, эмне үчүн?
Кочкор-Ата шаарчасындагы оорукананын хирургу Тимур Саякбаевдин айтымында Н.Исановдун боору, жүрөгү, өпкөсү, бөйрөгү жараксыз экен. Анын аталган органдары автокырсыктан жараксыз болгонбу же мурда ооруп жүргөндө жарабай калганбы? Ишенимдүү дарыгери эмне дейт? Н.Исановдун медициналык карточкасы менен өлгөндөн кийинки абалы салыштырылганбы же жокпу? Бул да белгисиз.
Кыскасы, суроо көп, жооп жок. Ал эми, маек уюштурган адам, көргөн-билгендердин айткандарын тизмелей бериптир да, көп суроолорду пайда кылып, кырсыктын себептерин жазбайт.
Ушундай жагдайдан улам, маек уюштурган автордун бул ишке чекит коём дегенин кандайча түшүнүүгө болот же анын да бул иште кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы? Кыскасы, ой жүгүртүп, иликтей берсе, бул материалдардан дагы көп суроолор пайда болот.
Т.САРБАГЫШЕВ, Бишкек шаары




  Тамеки өстүрүүнү көбөйтөлү

Жакында Кыргыз телеберүүсүнүн
"Замана" студиясынын эртең мененки берүүсүндө "Кыргызтамекиси" Мамлекеттик акционердик корпорациясынын кызматкери Б. Түмөнбаевдин тамекичиликтин көптөгөн маселелери боюнча көрүүчүлөр менен болгон жарым сааттык пикир алышуусун көрдүм.

Бул пикир алышуу биздин, та-
меки тармагында иштеген дыйкандардын зор кызыгуусун туудурду. Анткени быйылкы жылы тамекинин жалбырагынын баасы биринчи сортунуку 60 сомго жетип, анын үстүнө өткөрүлгөн тамеки жалбырагынын ар бир килосуна сыйакы катары бир сомдон кошуп, ошол айыл өкмөтүнө берилери чечилгендигин уктук. Бул өзү эң жакшы саамалык, анткени ошол акчаларды кайра эле айдоо аянттарын сугат суулары менен камсыздоону жакшыртууга, балдар мекемелерин оңдоп-түздөгөнгө жумшаганга болот экен. Мында эгерде айыл өкмөтү миң тонна тамеки тапшырса 1 миллион сом кошумча таап жатпайбы. Тамекичилерге мындай колдоо мурда-кийин болуп көргөн эмес. Дыйкандар үчүн бул камкордук эмей эмне?
Дегеле "Кыргызтамекиси" МАКсы биздин байкашыбызча тамеки тармагын өнүктүрүүгө көп аракеттерди жасап келүүдө, өзүбүз көрүп турабыз, жылдан-жылга тамекинин баасы жогорулап жатат. Тамеки жалбырагын кабыл алууда илгеркидей көз боёмочулукка жол берилбейт, баасы туура коюлуп, тамекичинин маңдай тери акталып жатат. Ошол телемаекте белгиленгендей, тамекинин аянтынын көбөйтүлбөй жатышы өкүнүчтүү, анткени жылына 20-30 миң тонна тамеки жалбырагын иштетүүгө кудуреттүү болгон Кызыл-Кыя шаарындагы жана Жаңы-Арыктагы ишканалар жарым-жартылай жүктөм менен иштешет экен. Үрөндү бекер таратып, келишимдик негизде плёнка, шпагат менен камсыздоо жана түшүмдү калтырбай толук сатып алуу тамеки тармагында калыптанган көрүнүш болуп калгандыгын бардыгыбыз билебиз. Көчөт отургуза турган агрегаттар дыйкандын жер аянтынын чакандыгына байланыштуу пайдаланылбай жаткандыгы айтылды. Жер аянтын биргелешип иштетүү үчүн ирилетип, техниканы пайдалансак, кирешебиз дагы көбөйүшү шексиз.
Чындыгында тамекичиликтегидей иштин уюштурулушу башка эч бир айыл чарба өсүмдүгүндө жок. Кээде картошканы же башка өсүмдүктү жакшылап өстүрүп алып, татыктуу баада сата албай каласың. Тапкан кирешең деле чамалуу болуп калат. Ал эми тамекинин кирешеси гектарына 100 миң сомдон ашып кетип жатпайбы. Өтпөй калат, же баасы түшүп кетет деген коркунуч жок. Ошондуктан мен "Кыргызтамекиси" МАКсынын ишине ийгилик каалоо менен, дыйкандарды азыртадан тамекини арбын эккенге камдангыла деп чакырар элем.

Савай УРУСТАМОВ,
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз- Адыр айылы, 75 жаштагы эмгек ардагери




Элдик көзөмөл түзүү зарыл
Коммунисттик партия элдик көзөмөл органдарына өтө чоң укуктарды берип, милдеттерди жүктөгөн. Элдик көзөмөлдөө комитеттери партиялык жана советтик органдардан башка, бардык түзүмдөрдү - мекеме, уюм, завод, фабрика, колхоз-совхоз, министрликтер, комитеттердеги мамлекеттик, коомдук мүлктүн, материалдык байлыктардын, акча каражаттарынын туура чыгымдалышын, ысырапкорчулукка, чарбасыздыкка каршы текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгын өзүнүн жыйынында карап, күнөөлүү жетекчилерге - бригадир, ферма башчыдан, катардагы инженерден тартып, бардык жетекчилерге, министр, анын орун басарларына - үч айлык эмгек акысына чейин айып салып, келтирилген зыянды күнөөлүүлөрдүн эсебинен төлөткөн.
Элдик көзөмөл топторунун жана комитеттеринин ар кандай тек-
шерүүлөрүнөн бардык түзүмдөрдөгү жетекчилер катуу чочушуп, коомдук, мамлекеттик мүлктүн, материалдык байлыктардын, акча каражаттарынын туура чыгымдалышын катуу көзөмөлгө алышып, коррупцияга, паракорлукка жана алдым-жуттум, көз боёмочулукка жол беришкен эмес.
1993-жылы легендарлуу парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү чарбалардын, министрликтердин, агенттиктердин жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери болгондуктан, элдик көзөмөл органдарынын текшерүүсүнөн коркушуп, аны жоюп ташташкан.
Ошондуктан азыркы мезгилде, республика парламенттик башкарууга өтүп, коррупция - паракорлук, алдым-жуттум гүлдөп турган мезгилде, элдик көзөмөл органдарын кайра калыбына келтирүү эң зарыл болуп турат.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 20 жыл ичинде алдым-жуттум, кызмат абалынан пайдалануу, коррупцияны - паракорлукту ооздуктоо, азайтуу боюнча ар түрдүү чаралар аткарылып жаткансыйт. Бирок эч кандай натыйжа жок.
Ошондуктан азыр текшерүүчүлөрдүн - эсептөө аудиттеринин санын кыскартып, элдик көзөмөл органын калыбына келтирүү эң зарыл маселе.
Мен 15 жыл Ала-Бука, Аксы (Жаңы-Жол) жана Чаткал райондорунда элдик көзөмөлдүн
райондук комитетинин төрагасы болуп иштегем, тажрыйбалуу текшерүүчү катары эң күчтүү элдик контролдоо комитетин түзүүнү сунуш кыламын.
А.КАДЫРОВ,
СССР элдик көзөмөл органдарынын отличниги, ардагер журналист, Ала-Бука району