"Кыргыз туусу", 01.04.11
  Революционерлерге арналган үй

"Жал" кичи районунда маңдай-тескей курулуп жаткан көп кабаттуу эки окшош үй тегиз бүткөрүлүп, азыр тегерек-чети тартипке келтирилип жаткан кез. Бул үйгө жакында 144 киши көчүп киришет. Алар 7-апрелде курман болгондордун уул-кызы, ата-энеси же жакын туугандары жана ок тийип оор жаракат алышкандар. Биз үйдүн ичин өз көзүбүз менен көрүп чыктык. Ушул үйлөрдү кургандар жана ага кире турган айрым адамдардын пикирин да уктук.


Архитектура жана курулуш
мамагенттигине караштуу Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Бакытбек Нуркулов:
- Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 токтомуна ылайык, 6-7-апрелде курман болгондордун, жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүн үй менен камсыз кылуу чечими кабыл алынган. Өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш мамагенттиги ушул чечимди аткарууга жооптуу болуп дайындалган. Агенттиктин директору К.Нарбаевдин чыгарган буйругунун негизинде курулуш август айында башталды. Тапшырмага ылайык, биринчи үйдүн курулушу өткөн жылдын 25-декабрында, экинчи үйдү бул жылы 30-мартта бүткөрдүк. Үйдүн сметасына башында 159 млн. сом каралган болчу. Биз 156 млн. сомдун тегерегинде бүтүргөнгө жетише алдык.
Үйдү курууга "Азат" үй куруу комбинаты акционердик коомун туура тандап алган экенбиз. Өз убагында сапаттуу бүткөрүп беришти. Биз эми мындан ары пландуу эле үй салсак экен деген тилектемин.
"Азат" үй куруу комбинаты
АКна караштуу № 3 курулуш-монтаждоо башкармасынын жетекчиси Айдар Мендеев:
- Өткөн жылдын 19-августунда акча колго тиер менен жумуш дароо башталды. Курулуш нормасы боюнча үй тогуз айда курулуш керек. Бирок, ал кездеги кырдаалга жана Өкмөттүн заказын алып жаткандыктан курулушчуларыбыз күнү-түнү тынбай иштеп, кыска мөөнөттө аткардык. Биринчи үйдү ички жасалгасы менен 4 айда, экинчи үйдү 5 айда бүткөрдүк. Экинчи үйдүн ички жумуштарын бүтүрөөрдө катуу суук болуп, тоңуп калган курулуш материалдарын жылытып, абдан зор күч менен бүткөрүлдү. Дегеле курулуш учурунда абдан көп кыйынчылыктар болду. Акча маселеси чечилгени менен цемент маселеси чечилбей жатты. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы жабылып, сырьёлордун кошулмалары келбей, заводдон цемент ала албай көп кыйынчылыктарга туш болдук. Ошол абал татаалдашып турган учурда ал кездеги Президенттик Администрациянын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Марат Исаковдун жардамы өтө чоң болду. Үй курула баштагандан аягына чейин өзү баш-көз болуп, чечүүгө кыйын маселелерди тезинен чечүүгө көмөк көрсөткөнүн бүгүн өзгөчө баса белгилеп айтсам болот. Бул жерге техникалык Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиевди алып келип абалды тааныштыргандан кийин, ал Казакстандын вице-премьер-министри менен сүйлөшүп, чек араны ачтырууга жетишти. М.Исаков цемент заводунун директорлорун, башкы инженерлерин күнү-түнү дебей ушул жерге чакырып отуруп, ишти жайма-жай таштап койбогонунан бүгүн үй бүткөрүлүп отурат. Үйлөрдүн жасалгалоо иштеринде 140 киши, 12 сантехник, 14 электрик, тышкы жашылдандыруу иштеринде 15 киши иштеди.
"Мекен шейиттери"
коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев:
- 7-апрелде каза болушкан жана жабыр тарткан жаш жигиттерге арналып салынган эки үйдү азыр эле көрүп чыктык. Жылыткычтары автономдуу, анткени электр менен жылытылат экен, квартиралардын ичи жарык, ыңгайлуу, ашканага газ плитасы коюлган, ванна, даараткананын ичи кафелдениптир. Бүгүн эле көчүп кирүүгө даяр кылып, полунан бери жууп-тазалап коюшуптур. Үйдү куруучуларга, эң башынан бери үйдүн бүткөрүлүшүнө көз салып, чуркап жүргөн Марат Исаковго ыраазычылык билдиребиз. Акыйкаттык, адилеттик үчүн курман болушкан, жаракат алышкан жигиттерге Өкмөттүн минтип үй салып берип жатканы, материалдык жардам көрсөткөнү моралдык колдоо, абдан чоң демөөр болот.
Мындан ары Кыргызстанда мындай жаман окуя болбосун. Ушундай шарт менен эч ким үй албай эле койсун. Элибизде жакшылык, ынтымак болсун.
"Мекен шейиттеринин"
Нарын облусу боюнча координатору Сүйүндүк Карасартов:
- Мен Ак-Талаа районунан келдим. Улуу балам Адилет 7-апрелде каза болгон. 25 жашта эле. Университетти жаңы бүтүп, диплом алып, үйлөнгөнүнө 4 айдан жаңы ашып, кубанычыбыз койнубуз-
га батпай жүрсөк, шейит кетип отурат. Баетов айылындагы паркка уулум Адилет Карасартовдун аты коюлду. Ал жерге өз каражатыбыз менен жаңы үйлөнгөн жаштар келип, өткөндү эстеп таазим кылып турсун деп монумент коюп жатабыз.
Мамлекет ушундай кыйын, эптеп жаңы баскан баладай болуп турган кезинде каза болгондорго, жаракат алгандарга көмөк көрсөтүп, үй куруп, материалдык жардам берип жаткандарына ракмат айтып жатабыз. Биз деле азыр өлкөбүзгө кыйын болуп жатканын эң сонун түшүнөбүз. Тескерисинче ушундай оор мезгилде кыргыз эли бир сомдон болсо да чогултуп, мамлекетти бутка тургузуш керек болчу. Ошондой болсо да мекен шейиттеринин, баатырларынын уул-кыздарына, жакындарына кам көрүлүп жатканына терең ыраазыбыз.
2002-жылы саясий ачкачылыктан курман болгон Шералы
Назаркуловдун жубайы Назгүл:
- Үй абдан жакшы салынган экен. Ушул жерде иштеген куруучуларга, Президентибиз Роза Отунбаевага жана башка жетекчилерге алкышымды айтам. Анткени, мен үй алам деп деле күткөн жок элем. Жалгыз уулум менен батирде жашачубуз.
Бүгүн үй салуу жеңил-желпи иш эмес, анын башталышы да, бүткөрүлүшү да кыйын. Өкмөттүн бул ишин мен келечекке кам көрүү деп түшүнөм.
Эми мамлекетибизде мындай кайгылуу, кан агызган окуялар болбосун. Мен ушул үйдө жашай турган, бири-бирибизге коңшу боло турган адамдарды ынтымакка чакырып кетет элем. Бир үй-бүлөдөй ынтымакта жашап, колубуздан келишинче биз да мамлекетке жардам беришибиз зарыл.