"Кыргыз туусу", 01.04.11
  Керектөөчүлөргө, өндүрүүчүлөргө

Мындан эки жылдан ашуун мурун Бишкекте "Потребсоюз коому" түзүлгөн. Коом жөнүндө бири мурдагы керек-жарак кошунунун (союзунун) милдетин аткарат экен десе, экинчилери аны ишкердиктин бир түрү катары көрүшөт, башкалары "финансылык пирамида" болушу мүмкүн дешет. Ошол себептен
коомдук бирикменин төрагасы
Сагындык Сахваевди кепке тарттык.

Керек-жарак кошуну кайра жанданат
- Сагындык Сахваевич, бирикменин атын "Потребсоюз коому" деп атаганыңыздар көпчүлүктө суроо жаратып келет. Мындай коом түзүүгө эмне түрткү берди?
- Бул идеянын пайда болушун турмуш өзү шарттады. Эки жарым жыл мурун республикабыздын жарандарынын демилгелүү тобунун чогулушунун чечими менен "Потребсоюз коомун" түзгөнбүз. Бирикменин уставы Юстиция министрлигинин Бишкек шаардык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Максат - бирикменин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо болуп саналат. Акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүктөрдүн, буюмдардын баасы өсүүнүн гана үстүндө. Ошондуктан, сатып алуучулардын кошуну катары күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктары, кийим, балдардын кийимдери, мектепке ылайыктуу нерселерге баа өсүп жатканда өзүбүздү мындан коргогубуз келет.
Өзгөчө күндөлүк керектелүүчү азыктарга, буюмдарга баанын кескин кымбатташына көп сандаган ортомчулар-алып сатарлар өбөлгө түзүп жатканы жашыруун эмес. Өндүрүп чыгарылган азык-түлүктөрдүн баасы сатып алуучуга жеткенче бери болгондо эки-үч эсе өсөт. Мындайча айтканда ортодо жок дегенде эле 2-3 ортомчунун колунан өтөт. Ал эми биздин уюм өзүнүн катарына көп сандаган сатып алуучуларды бириктирүү менен зарыл буюмдарды өндүрүп чыгарган заводдон түз дүңүнөн завод баасында сатып алууга багытталган. Мына ошондуктан биздин ишибиз илгерки керек-жарак кошунунукуна жакын болгон үчүн "Потребсоюз коому" деп атадык.
- Азыр азык-түлүк,
кийим-кеченин баары Кытайдыкы. Сиздер азык-түлүк, буюмдарды кайдан аласыздар?
- Биздин бирикме өзүн-өзү каржылаган коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ошол себептен пайда көрүү максатын көздөбөйт, ушуга байланыштуу буюмдун дүң баасынын үстүнө аз гана кошулат. Негизинен жеткирүү, сатуу жана салык төлөөгө кеткен чыгымдарды жапса болду. Мына ушундай жол менен биздин коомдун мүчөлөрү базар баасынан төмөн буюмдарды сатып алууга мүмкүндүк алышат. Экинчиден, биз биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдойбуз. Алар чыгарган азык-түлүк, буюмдарды сатып алуу менен биз аларга инвестиция жасайбыз. А жергиликтүү өндүрүүчү өз кезегинде өзүнүн өндүрүшүн кеңейтип, кошумча жумуш ордун түзгөнгө шарт түзүлөт. Бул да болсо жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууга, өзүнүн кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга мүмкүндүк берет деген тилектебиз.
Муну менен бирге эле коомдо түшүндүрүү жана окуу иштери жүргүзүлөт. Өзүбүздүн мүчөлөргө алардын жеке бизнесин ачуу боюнча тренингдерди өткөрөбүз. Маселен, айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча жеке ишкердик жүргүзгүсү келгендерди окутабыз. Алар өзүнүн азыктарын биздин уюмга сата алышат, сатып алуучулар биздин мүчөлөр болуп саналат. Мына ушундай жол менен айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр менен шаардык сатып алуучуларды ортодо эч кандай ортомчуларсыз түз байланыштырабыз. Биздин ишмердигибиздин бул багыты совет мезгилиндеги мурдагы "Кыргызпотребсоюз" соода-дүңүнөн соодалоочу уюмга окшоп кетет. Башкача айтканда биз керек-жарак кооперациясын кайра жандандыруу максатын көздөйбүз. Мындан сырткары буюмдарды сатууда тармактык соода ыкмасын колдонобуз.
- Бирок, Сиз жетектеген коомду "финансылык пирамида" деп эсептегендер да бар экен...
- Чындыгында жогоруда айткан идеябыз эң жөнөкөй көрүнгөн менен, турмушка ашыруу татаал экени ырас. Буюмду кантип сатып алуу, кантип кайра сатуу, кантип адамдарды тартуу, ишти уюштуруу ж.б. толгон-токой маселелер бар. Албетте, бул бир айдын же бир жылдын иши эмес. Алгач программа иштеп чыктык, Интернетсиз, компьютерсиз эч мүмкүн эмес экен, сайт да ачтык. Алгачкы бир жылында кеткен бардык чыгымдарды өз чөнтөгүмдөн төлөп жүрдүм. Чындыгында башында жылаңач идея болгон. Биринчи жылы эки жүз адам чогулуп, биринчи дүкөнүбүздү же кичине күркө ачтык. Анда эки-үч аталыштагы буюмдарды коюп саттык. Ошондо жөнөкөй идеяны иш жүзүнө ашырууга боло турганына көзүбүз жетти. Тармактык маркетингде тажрыйбасы бар адамдар коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн же пайщиктердин ортосунда өз ара жардамдашуу кассасын ачуу сунушун айтышты. Ошентип, өзүбүздүн мүчөлөр үчүн өз ара жардамдашуу кассасын ачтык. Ага 5 миң сомдон салып, чогулганда улам бирөө алып, касса ачылганы адамдар келе башташты. Былтыр июль-август айында баштадык эле, быйыл бир жылга жетпей мүчөлөрүбүздүн саны миңден ашып кетти.
Ал эми өз ара жардамдашуу кассасы биздин расмий керектөө пайыбыз. 5 миң сом салып, үч эсе көп алып, кымбат баалуу буюм сатып алсаң болот. Мунун юридикалык жагын өзүбүз тактап, жобосун бекитип алганбыз. Кыргызстанда финансылык пирамидалар чыга калып жатканын көрүп жүрбөйбүзбү. Канча "мошенниктер" элдин акчасын жыйнап алып, качып кетишти. Мына ушул жагдай биздин ишибизге тоскоол болуп жатты. Бизди да ошентип ойлогондор болду. "Силер андай эмессиңерби, алдап качып кетпейсиңерби?" деп айтып жатышты. Биз аларга максатыбыз "Потребсоюз коомун" куруу экенин айтып түшүндүрдүк. Алгач мүчөлөрүбүздү топтоп алышыбыз зарыл, андан соң дүкөндөрүбүз көбөйөт. Аларды өзүбүздүн эле пайщиктерибиз ачат, анан биздин ыкма менен иштей башташат деп айттык. Көпчүлүк элге оозеки айтып түшүндүрө албайт экенсиң. Ошондуктан, гезит, телевидение аркылуу маалымат берүү кезеги келгенин өзүбүз да сезип жатабыз.
- Бирикменин мүчөлөрү мүчөлүк акы төлөшөбү?
- Мүчөлүк акыны бир эле жолу төлөшөт. 2 миң сом. Алар башка кишилерди катарына тартып келишсе, эки миң сом мүчөлүк акысын кайтарып беришет. Анткени, компенсациялык планыбыз бар. Мындайча айтканда жыйналган акчанын 80 пайызын кайтарып берип жатпайбызбы. Ушул элге жагып жатат.
- Жогоруда тармактык соода ыкмасын (сетевой маркетинг) колдонобуз деп учкай айтып кеттиңиз. Муну кенен чечмелеп берсеңиз.
- Борбордогу "Берекет" бизнес борборунан ижарага алган кеңсебиз бар. Жаңы келген мүчөлөргө маалымат берип, ийне-жибине чейин түшүндүрүп, ар бир киши компьютерге катталаарын, сый акылар кандайча төлөнөрүн айтып беребиз. Мындайча айтканда машина эсептейт, адам фактору буга таасир тийгизбейт.
Мындан тышкары келген кишилерге "Старт-мектебин" үйрөтөбүз. Уюм кандай түзүлгөн, максаты эмне, мүчө болуп кирген адам кандай пайда таба алат, кызыкчылыгын түшүндүрөбүз. Ошондон кийин гана тааныштарыңды чакырсаң болот деп айтабыз. Тилекке каршы, топ менен келген адамдардын баарына айтып түшүндүргөнгө жетишпей калган учурлар бар. Ошондуктан алардын арасында түшүнгөнү, түшүнбөгөнү да учурайт.
Биз компьютер да үйрөтөбүз. Анткени, мүчө болуп кирген ар бир адам "мени алдабайбы, ачык-айкынбы, так бекен" деп бүшүркөрү турган иш. Ошол себептен алар өздөрү салган акчасынын кыймылын компьютерден көрүп турсун дедик. Алар компьютерден тактоону үч-төрт күндө эле үйрөнүп, ыраазы болуп кетип жатышат.
- Арзан саткан дүкөндөрдү ачып жатыпсыздар. Алардын жарыгы элге тие баштадыбы?
- Биринчи максатыбыз элге түшүндүрүү, маалымат берүү болсо, экинчиси дүкөндөрдү көбөйтүү. Мындан киреше алуу жок, анткени аларда азык-түлүктөр арзан баада сатылат. Биздин коомдун мүчөлөрү үч-төрт ортомчунун колунан өтүп, баасы эселеп өсүп кеткен азык-түлүк, буюм албай, арзан баада алышууда. Коомго мүчө-пайщиктердин саны азыркы учурда миңден ашты, коомго мүчө болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Ошол эле кезде бизге өндүргөн, жасаган буюмун, азык-түлүгүн койгусу келгендер, биз менен кызматташкысы келгендер арбып баратат.
Дүкөндөрдөн киреше алууга умтулбаганыбыз биз өзүбүздү өзүбүз мүчөлүк акыбыз менен эле каржылайбыз. Буюм алган пайщиктерибизге товар жүгүртүүдөн сый акылар (бонустар) төлөнөт. Мисалы, бир жыл мурун кирген пайщиктер биздин дүкөндөн товар алса, келерки айда ошончо эле акчага сый акы чыгып калат. Жаңы киргендер 5-10 сомдон арзан алышат. Дайыма азык-түлүк же буюм сатып алган дүкөндүн баары эле сый акы төлөй беришпейт да. Бизде ай сайын ушундай. Ошондуктан дүкөндөрдү көбөйтүп жатабыз. Аларга дүң баада буюм жеткириш керек да. Мына ушундан улам дүң базаны түзүү зарылчылыгы пайда болууда. Азыр биздин миллиондогон акчабыз жок. Ири бизнесмендер менен сүйлөшсөк, алар "силер жаңыдан эле түзүлүп, дүкөндөрдү ачып жатыпсыңар. Качан көбөйсөңөр келебиз", - деп айтып жатышат. Андыктан кандай буюмуңар бар, аны бизге коюучулар (поставщик) барбы деп элге кайрылдык. Бизде складга жай бар. Азыгын же буюмун коюучуга кичине-кичинеден алып келгиле, биздин пайщиктер сатып алышат дедик. Алгач чоң бизнесмендер биздин ишибизге кызыгат деп күткөнбүз. Бул оюбуз ишке ашпай калган соң, айласыз өзүбүздүн мүчөлөргө кайрылдык. Бүгүн түштүктөн күрүчтөрдү 40 сомдон эле алып келип жатышат. Өзүбүздүн пайщиктерге 5-10 сомдон кошуп сатып жатабыз. Жаңы ирденүү жолуна түшкөн фирмалар ири компаниялардыкынан арзан беришүүдө. Сапаты жакшы. Ошентип, биз жаңыдан иш баштаган өндүрүүчүлөрүбүзгө жардам берүүдөбүз. Муну Өкмөт уюштурушу керек. Ошентсе да биз ушул жааттан Өкмөткө колубуздан келишинче жардам берсек дейбиз.
- Айрым учурда ушундай уюмдарды саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланышкан учурлар бар. Же болбосо өздөрү саясатка аралашып кетишет...
- Сурооңузга түшүндүм. Тилекке каршы, айрым адамдар түшүнбөстүктөн же мүмкүн көралбастыктан бизге көө жапкысы келген учурлар жок эмес. Интернеттеги керектөө тармагыбызды жана сый акы төлөө тутумун кандайдыр бир финансылык пирамидага салыштырышат. Биз эч кимге коркунуч келтирбейбиз, саясат менен шугулданбайбыз жана аны менен алек да болбойбуз.
Биз бир уюмга биригүү менен өзүбүздүн керектөө кызыкчылыгыбызды коргойбуз, бири-бирибизге жардам беребиз, коюучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр жана буюм өндүрүүчүлөр менен кооперациялык кызматташуу түзөбүз. Муну менен биз жалпы элге кооперациянын эсебинен өзүбүздүн күчүбүз аркылуу жашообузду жеңилдетүүгө болорун үлгү катары көрсөткүбүз келет.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"