Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_9.htm on line 2


п»ї

  Көйгөй кеп

Тамак - аш коопсуздугу өлкө коопсуздугуна тете болуп баратат
Борборубуз Бишкекте тамак-аш саткан майда соода түйүндөрү, дүкөндөр, супермаркеттер эгемендиктен кийин мурда болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Үйдөн чыга калып эле нандан баштап эт, сүт, каймак, жашылча-жемиш, ал турсун самын, кир жуугуч порошок ж.б. сатып аласың. Себеби ар бир үйдүн, көчөнүн бурчунда бери болгондо бир күркө же азык-түлүк саткан дүкөнчө же базарча. Көчөгө чыксаң супермаркет аталган чоң дүкөндөр, кишиден башканын баары сатылган базарлар. Кыскасы, шаардыктар үйүнөн 100 метр алыс узабай туруп, күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарын, буюмдарды сатып ала аласың. Бир чети бул шаар тургундарына убакытты үнөмдөгөнгө абдан ыңгайлуу шарт түзгөнүн калыстык үчүн айта кетишибиз керек. Илгеркидей чоң базарга атайын жөнөмөй азайды, каалаганыңды үйдүн түбүнөн эле табасың. Экинчиден, кичи жана орто ишкана ээлери катары алар экономикабызга салым кошушууда. Үчүнчүдөн, өздөрүнө жумуш табуу менен бир канча кишиге жумуш ордун түзүп жатышат. Ушул жагынан алганда ишкерлик менен алектенгендерди көкүлүнөн сылап, ыракмат гана айткың келет. Өкмөт дагы кичи жана орто ишканалардын өнүгүшүнө ушундан улам кызыкдар. Өнүксүн, өссүн, текшере берип, ишкерелерге бут тоспогула деген чечим чыгарып койгон.

Тилекке каршы, "соодам жүрсө болду, калганы эмне болсо, ошол болсун" деген жеке ишкерлерге көптөгөн жугуштуу оорулардын тумандай жайылышы ырастап койду. Жеке ишкерлер өз керт башынын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат, күнүмдүк акча табууну гана ойлошот. Алар сатып жаткан азыктар же буюмдар элдин ден соолугуна зыяны тиер-тийбеси менен кымындай да баш оорутушпайт. Мисалы, борбордогу эң ири, керек болсо башка базарларга жол көрсөтчү чоң соода түйүнү болгон Ош базарын алалы. Жаанда баткак, кышында соода катарлары тазаланбаганынан жол тайгалак, ирээтсиздик, башаламандык дайыма өкүм сүрүп турат. Ар жагында чаңдатып машинелер, жөө адамдар кыйма-чийме өтүп жаткан жолдон анча алыс эмес жерде элибиздин бирден бир тамагы болгон нан, токочтун түрлөрү ж.б азыктар сатылат. Базардын ушул жеринде токоч, нан сатууга болобу, кимдир бирөө колу менен кармап жатабы, баары бир. Нандын көбү ачык асман алдында коюлган. Самын алганы деле, май алганы деле колун жуубастан барып, нанды кармалап көрүп, алса алып, албаса албай кете беришет. Айрымдары гана нанды кол менен кармоого уруксат бербесе, айрымдары буга кайдыгер карашат. Анткени, ушундай чоң базардын ичинде санитардык-гигиеналык нормаларга жеткиликтүү маани берилбейт.
Чакан базарларда, күркөлөрдө нан саткандарга көпчүлүк учурда атайын машина менен эмес, жеңил машина, велосипед аркылуу алып келинип жатканын көрүп жүрөбүз. Жеңил машинада нан дасторкон да эмес, кир кездемеге оролуп же Кытайдан бери келген банан, мандарин ж.б.дын кутучулары төшөлгөн кагаздын үстүнө салып келинсе, велосипедде эчак кирдеп бүткөн ушундай эле кутучаларга, кирден карарган целлофандарды жаап алып ташышат. Айдоочу да, велосипедчи да кир колу менен нанды ташып беришет. Анан алармандардын көбү тандап, айрымдары баарын бирден кармап көрмөйүнчө нан сатып албайт.
"Кыргыз эли нанды улук деп келет, бирок азыркы күндө нандын жана башка азык-түлүктөрдүн сатылуу шартына сатуучу да, керектөөчү да көңүл бурбайт. Элибиздин күндө жеген ыйык токочу, наны кир кол арабалардан, лотоктордон белгисиз ар түркүн адамдар тарабынан сатылып жатканы өкүнүчтүү. Эң коркунучтуусу кир колдор аркылуу оорулардын тарап жатканы. Азыр ар бир керектөөчү эксперт болуусу керек, эгерде алар сапаты белгисиз азыктарды сатып албаса бул көрүнүш азаят беле", - дейт үмүт менен Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык врачы Үмүт Сатыбалдиева.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Султан Суранбаевдин айтуусунда азыркы учурда калк арасында жугуштуу гепатит (сарык) оорусунун көбөйүп жатышына мектептер менен балдар мекемелеринин көпчүлүгүнүн санитардык-техникалык абалынын начардыгы, калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылбоо, азык-түлүктөрдү сатууда санитардык талаптарды бузгандык жана калкыбыздын бир бөлүгүнүн санитардык маданиятынын деңгээлинин төмөндүгү себеп. Өзгөчө А вирустуу гепатити менен ооругандар тегерек-четиндегилерге бөтөнчө эпидемиологиялык коркунуч туудурат. "Сарык оорусунун тез тарап кетишинин себеби вирус жуулбаган кир аркылуу ичеги-карынга өтөт, "кир кол" ооруну таратууда эң негизги себептердин бири", - дейт Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу Айнура Мамбеталиева. С.Суранбаевдин билдиришинче расмий статистикага ылайык, вирустуу гепатиттин түзүмүндө А гепатити 91,6 пайызды түзөт. Демек, элибиздин бирден бир тамагы болгон нанды базарлардан, соода түйүндөрүнөн сатып алып жатканда "кимдир бирөө кир колу менен кармап кеткен эмеспи, ушул нанды жесем ооруп калбайымбы?" деген түпөйүл суроону ар ким өзүнө берсе болот.
"Майда, чекене баада сатуучу күркө, павильондордун санитардык жана техникалык абалы өтө начар абалда. Аянты өтө кичине дүкөнчөлөрдө азык-түлүктөрдүн бардык түрлөрү, ал жетишпегенсип өнөр жай буюмдары турат. А бул болсо тез бузулуп кетүүчү жана нан азык-түлүктөрүн кошумча булганууга алып келет жана тамак-аштын уулануусуна кепилдик түзөт. Сатуучулардын "медициналык кароодон өттү" деген китепчелери, санитардык кийимдери жокко эсе. Сатылып жаткан азык-түлүктөргө шайкештик сертификат кагаздарын алууну эстен чыгарышкан, тамак-аш ким тарабынан жасалганы белгисиз", - дейт Ү.Сатыбалдиева. Базар, күркөлөр дегенибиз менен супермаркет аталган "Народныйларда" деле бул жаатта абал жакшы эмес. Азык-түлүктөрдүн жанынан анча алыс эмес жерде кир жуучу порошоктор, самын, кремдер ж.б. түркүн жыт чыгаруучу буюмдар жайгашкан.
Кесиби экономист бишкектик Айнагүл Жунушалиева эч качан базарлардан нанды сатып албасын айтат. Нанга конгон чаңды айтпаганда да алынып келип жаткан нандарды орогон дасторкондон жүрөгү айланат экен. "Чүпүрөктөр майланышып, капкара. Какырынып-түкүрүнүп алып деле нанды кармаган кишилерди көргөндө жиним кашаят", - дейт ал. Анын ою боюнча бул көрүнүш элибиздин маданияты төмөндүгүнөн болуп жатат.
Колдо нан саткан Керез эки нанды гана көрсөтмөгө коёрун, калганын дасторкон менен жаап турарын белгиледи. " Нанды тандап карматпайм. Бирок, кайсы оорулар кир колдон жугарын билбейм", - дейт Керез.
Нанды сатууда атайын санитардык талап коюлары барыга белгилүү. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери жогорудагыдай көрүнүштү азайтуу үчүн өзгөчө Ош базарында көп иш жүргүзөрүн белгилешет. "Бул
маселени шаардын мэриясынын ар бир
жыйынында көтөрөбүз. Дайыма рейддер жүргүзүлүп турат. Максатыбыз - жарандарыбызды жугуштуу оорулардан сактоо", - дешет адистер.
Нансыз жашоо болбогон элибизде мындай абалга кептелишибизге жеке наабайканасында нан, токоч бышыргандар да, аны көчөгө алып чыгып саткандар да, кардарлар да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү. Айрым бир наабайканалар санитардык эрежелерди сактабаса, көпчүлүгү сакташпайт. Муну факты менен далилдөөнүн деле зарылдыгы жок. Кан жолдун бойлорунда үйгө жабыштыра салынган жеке менчик наабайканаларды, анда нан бышырып жаткандардын (негизинен эркектер) кийимдерин жана колдорун эле карап койгула. А сатуучулардын дээрлик бардыгы акча кармаган колдору менен нан алып бере беришет. Ал эми акча иликтөөчүлөрдүн айтуусунда оору таратуунун бир чоң булагы. Анткени, акчаны кимдер гана кармашпайт, кимдердин гана колдорунан өтпөйт. Кардарлардын айрымдарына болсо, башкалар түгүл өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугу ойлоруна келбейт. "Кудай сактасын, илгертеден эле ушинтип жашап келатабыз, кыргызбыз да" дешет. Тилекке каршы дал ушундай "кыргызчылык" кайдыгерликтен улам ич өткөк, сарык, түркүн мите курттары ж.б. жугуштуу оорулар, тери оорулары арабызда жайылып жатат. Көптөгөн акча жумшап, саргарып ооруканада жатып дарылануу канчалык кымбат да, тазалыкты сактоо канчалык оңой. Бирок, медиктердин тили менен айтканда өздүк жана жалпы гигиенаны сактоо өлкөбүздө өтө кыйынга турууда.
"Керектөөчүгө же кардарга тамак-ашты бул жерден сатып ал деп көрсөтмө берүүгө эч кимдин акысы жок, ал каяктан сатып алышты өзү чечет. Ошондуктан, жок дегенде са-туучу өзү сатып жаткан азык-түлүгүнүн сапатына жана ден соолукка коопсуздугуна карап мамиле жасап, азыктарды сактоо шарттарына жана сактоо мөөнөтүнө чоң көңүл буруп турса, калкыбыздын ден соолугуна жакшы өбөлгө түзөт эле", - дейт Үмүт Сатыбалдиева. Анткен менен сатуучуга гана талап коё бербей, ириде нан бышыруучу жайлардын тазалыгына такай көзөмөл жүргүзүү зарыл. Ырас, чакан жана орто ишкерлик өнүксүн, аны менен катар калктын ден соолугуна да зыян келбегендей болсун деген талап болмоюн жугуштуу оорулардын тараганы тараган. Ансыз тамак-аш коопсуздугу өлкө коопсуздугуна тете болуп бараткансыйт.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??