Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_8.htm on line 2


п»ї

  Күнсобол

(Баш прокурор менен маек)
Саясый конъюнктура жана анын курмандыктары
- Кубат Калбекович, бир топтон бери Башкы прокуратуранын дарегине, ал ортодо сизге карата да ар кандай күдүк кептер айтылып, күнөө койгон окуялар болуп келет. Сизди кызматтан четтетүүнү суранган "Республика" фракциясынын расмий каты мамлекет башчысына да жолдонду. Ушулар боюнча эмне айтасыз?
- Бул мындай. Башкы прокурордун кызмат орду саясый топтордун ортосундагы соодалашуунун объектисине айланып жатканы жашырын деле болбой калды. Ачы-
гын айтсак, Башкы прокуратурага тийиштүү, асыресе менин атыма байланышкан чуру-чуунун түпкү себеби барып-келип эле ушул маселеге такалат.
Чындап келгенде "Мегаком", "Альфа-Телекомго" карата айтылып жаткан маселелер жарандык укук мамилелеринин алкагында чечиле турган иш экендиги юридикалык сабаты бар адамдардын кимисине болсун түшүнүктүү. Бул жеке менчик мамилелеринин проблемасы. Ал эми жаңы бийликтин айрым өкүлдөрү буга өзгөчө кызыкдар болуп, ага башкача өңүттөн кийлигишип жана окуяны саясий соус менен дуулдатып жатышы, албетте, абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Башкы прокуратура бул ишке тек гана процессуалдык мыйзамдардын сакталышын камсыздоо милдети менен кийлигишкени ачык-айкын факт. Муну опоңой эле көрүп-билүүгө болот.
Ал эми акыркы окуя-жагдайлар эмнени каңкуулап жатат. Аталган объектиге ээлик кылмакчымын деп азыр улам бир жаңы талапкерлердин пайда болуп жатышы менчикти тартып алып көнүп калган баягы топтордун кезектеги агониясы эмей эмне? Иштин чыныгы жүзү ушинтип ачыла баштабадыбы. Максим Ба-киевге бир кирип кеткен оокат-мүлк эч качан кайра кайтпай турганын оозунан алдырган бизнесмендердин кимиси болбосун айтып берет. Кандай гана жол менен болбосун ушул акчаны чыгарып берүү аракети аны ушунчалык ыплас жана абийирсиз жандалбастоого түртүп жатпайбы. Акча-дүнүйө дегенде эч кандай адамдык нарк-насилди уруп-ойнобогон "терминатордун" кезектеги жүзү каралык аракеттери эч кандай негизсиз жерден мени жана менин үй-бүлөмдү жаманатты кы-лууга багытталды.
- Ошентсе да фактылар орун алып жатпайбы. Алар документ менен айтып жатат да?
- Маселе дал ошондо болуп атпайбы. Фактыларды улуп-жулуп, таптакыр башкача мааниде сунуштап жатканы, жумшартып айтканда уятсыздык эмей эмне? Мен жогоруда айткандай, бул иш кадыресе эле жарандык алака-катыштын алкагындагы факт.
Мен эми кенен айтып берейин. Биздин бизнесибиз бир топ жылдардан бери иренжип, көңүл калуунун булагына айланганын мен жашырбай эле айтып жүрөм. Бул Акаев заманында деле, Бакиев заманында деле ушундай болду. Айла кеткенде биз бизнесибизди жыйыштырып, четинен сатууга аргасыз болдук. Мүлктөрүбүздү сатыкка коюп, алтургай бул иштерди жүргүзүүнү атайын жалданган менеджерлерге тапшырып бергенбиз. Негизги принциптерин сүйлөшкөнүбүз болбосо, анын аки-чүкүсүнө чейин кийлигишкен да жокпуз. Эми мындан эмне кынтык издөөгө болот? Жанагы жалганчылар кадыресе соода-сатык операциясын кандайдыр-бир кылмыш окуясы катарында көрсөткүсү келип жатканы кимдин болсо кыжырын келтирет да.
Биздин менеджерлер "Сарамжал-Транс" деген ЖЧК менен келишим түзүшкөн. Мунун тигилер менен байланышы болгонун биз билген да эмеспиз. Көрсө, алар кыска мөөнөткө акча алып, кайра кайтарып беришкен. Алар 2-февралда жана 4-февралда эки транш менен 400 миң доллар которушкан экен. Демек, "Мегакомдон" бир да тыйын чыгаша болгон эмес. Ал эми алиги Мурзалиевдердин айтканы кара-тып туруп фактыларды бурмалоо, атайылап тескери маалымат таратуу болуп жатпайбы.
- Бирок, ал объект абдан кымбат бааланган деп күнөө коюлуп жатканына эмне дейсиз?
- Бул эми карандай эле калп. Алар эптеп эле каралап салуунун амалын жасап жатышпайбы. Болбосо рыноктогу реалдуу бааларды анча-мынча кызыккан адамдар мындай эле билет да. Мынакей, шаардын ортосунда жайгашкан өндүрүштүк маанидеги кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метри 600-700 доллардын айланасында деп тарифтери айтылууда. Анан эми жалпы аянты 793,1 чарчы метр объект канчага сатылышы мүмкүн?
Эгерде бизде кымырып калуу максатын көздөгөн жаман ой болгондо, тескерисинче баасын аз көрсөтүп, салыктан качат элек да. Кудай акы, болгонун болгондой көрсөтүп, так соодалашып, бардык документтерин ачык-айкын жүргүзгөн үчүн ушундай фактылар турат да. Бул баягы "бетсиз кыз берки кыздын бетин тыткандай" эле кеп. Менде көзкарандысыз эксперттердин берген корутундулары турат. Алардын бүтүмү боюнча бул объект өз баасынан арзаныраак сатылганы айтылууда.
- Жогоруда айткандай, сизди жумуштан кетирүүгө абдан чоң аракеттер болуп, ажо айымга дейре кайрылып жиберишти. Ой кетет экен, Бабановго карата жекече ич күптүңүз жок беле?
- Мен бул кызматка келгени саясаттан алыс болуп, өз милдеттеримди так аткарууга баш койгонумду баары эле билет. Анын үстүнө башкы прокуратуранын иш спецификасы ушундай мамилени шарттай турганын мен кантип түшүнбөйүн. Бирок болбой эле, саясаттагы тигил же бул маселеден менин таасиримди көргүсү келип, шектенүүлөргө ууланып жатышпайбы. Бабанов баш болгон тегерегиндеги Мурзалиевге окшогон достору бийлик жана байлык кумарына алдырып, жанагындай сасык саясат оюндарын жүргүзүп жатканын акылы-эси зирек адамдардын көбү эле түшүнүп турат. Айдардын куйругу болуп жүрүп, көп нерсеге кыныгып, андан бери канча оокат-мүлктү басып алган өнөрлөрүн кимдер билбейт. Анын бизнестеги опурталдуу, таза эмес сделкалары көп эле айтылып келбедиби. Мен эми четинен булайып чыгып аткан салык жаатындагы шектүү иштерин кеп кылбай эле коёюн. Бери жагы эле 100 миллион сомдор айтылып жатпайбы.
Башкасын кой, мына кечээ жакында Силичти ГКНБнын тергөөчүлөрү 2 саат бою кармап, Байболовго каршы көрсөтмө бер деп кыйнаганы эле эмнени айтып турат. Ал түгүл бир тууган күйөө баламдан мага каршы көрсөтмөлөрдү үмтөтүп, аялым экөөбүздүн мамилебизге чейин иликтеп жатышат. 37-жылдын илеби келип жатат ко? Демек, бул ызы-чуу жалаң эле Бабановго эмес, анын аркасында турган уюшулган топтун кызыкчылыгы экендиги билинип калбадыбы.
Ич күптү дейсиң. Мен Бабановго ич күптүлүк кыла тургандай эч бир негиз жок. Жаш курагым боюнча да, турмуштук тажрыйбам боюнча да, дегеле жашоо философиям боюнча да мен ага теңеле турган себеп көрбөйм. Кудайга шүгүр, мен көргөн турмуштук мектеп туруктуу принциптерди тутунууга үйрөттү. Мен эл алдында да, мыйзам алдында да, Кудай алдында да жарык жүз менен баса аларыма ишенген адаммын. Ошондуктан, утурумдук саясий конъюнктуранын курмандыгы болуп атканыма көп деле кейибейм. Бул деле өтөт...
Суроо салган
К.САПАРБАЕВ










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??