Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_6.htm on line 2


п»ї

  Парламентаризм сабагы

Түркия Кыргызстан менен тажрыйба бөлүшкүсү келет
(Башталышы өткөн санда)
Себахаттин БАЛЖЫ: - Буга кошумча катары төмөндөгүлөргө токтолгум келет. Түркия парламенттик демократия жолунда бардык баскычтарды басып өттү. Бул жол жана система аркылуу мамлекетибиз экономикасын өнүктүрүүгө жетишти. Учурда Түркия дүйнөдө экономикасы күчтүү 16 өлкөнүн бири катарына кирди, Европа боюнча экономикасы күчтүү 6 мамлекеттин бири болду. Өнөр жайын өзү курган, технологияны иштетүү мүмкүнчүлүгүн түзө алган, ошону менен катар эле техниканын күчү менен учак чыгарууда АКШ, Израилден кийинки 3-орунга жетип турат. Мунун бардыгы бир система аркылуу ишке ашырылган. Өлкөнү башкаруу системасынын өзү ушул нерселерге ылайыкташтырылгандыгынан улам ушул натыйжаларга жетишип отурат. Бул система көп түрдүү, бардык шартка ыңгай-лаштырылган, ар дайым талкууга ачык болуу менен жакшыртылып турган бир система болгон. Ушундан улам, бул системанын кандайдыр бир кемчилигин көрө албайсың. Ар бир адамдын пикирин угууга мүмкүнчүлүк берет. Оппозиция, бийлик да бар, бирок оппозиция менен бийлик бири-бирин ар дайым толуктап, күч-кубат берип, кыскасы алар өлкөнүн өнүгүп-өсүшү үчүн болгон аракетин жасашы керек. Бул жерде оппозицияны кандайдыр бир кыйратуучу күч катары көрүп кереги жок. Оппозиция алардын ар дайым принципиалдуу түрдө так иштешине өбөлгө түзө турган, ар дайым туура жолдо жүрүү үчүн багыттап турган күч. Ошол эле учурда бийлик - оппозициянын ортосундагы мамилелерде каршы күч катары карабай, долбоор иштеп чыгуучу, иш алып баруучу катары каралышы керек. Өнүгүү жолундагы өлкөлөр үчүн бул жол
коомчулуктун мүдөөсүн, ой-пикирин бийликке жеткире билүүдө өзгөчө мааниге ээ. Бул көз караштан алып караганда, биз уюштуруп жаткан симпозиумда парламенттик демократия илимий багыттан талкууга алынмакчы. Иш-чаранын жүрүшүндө пайда болгон документтерди кыргыз саясатчыларына, академиялык кызматкерлерге беребиз. Президенттик башкаруу системасы өкүм сүрүп келген Кыргызстан учурда өзгөчө маанилүү жагдайды башынан өткөрүп, парламенттик башкаруу системасына өтүп жатат. Бул жерде эл аралык деңгээлде парламенттик демократия системасына салыштыруу жүргүзүлүп, системалар ар тараптан изилдөөгө алынып, жакшы жана жаман жактары ортого салынат.
Мындан сырткары, Түркиянын жеке тажрыйбасынан конкреттүү окуяга карата сунуштарды киргизүү аракетин жасайбыз. Симпозиумдун жыйынтыгында биз негизги документтерди чогултуу менен маалыматтык база
боюнча Кыргызстанга колдоо көрсөтө турган, ошондой эле туруктуу иштей турган Кеңешчи топ түзүү менен, кандайдыр бир кырдаал түзүлгөн жагдайда өз сунушун киргизип, багыт көрсөтө турган эки тараптуу механизм түзүү аракетин жасоодобуз. Бул алкакта карала турган негизги маселер катары саясий партиялар жана партиянын ичиндеги абал. Бул парламенттик демократияда негизги жагдай болуп саналат. Парламенттик демократияда сөзсүз түрдө саясий партиялар болушу керек. Ал эми бул партиялардын ичинде өзүлөрүнүн демократиялык системасы болот. Ар бир партия демократиялык түзүлүшкө ээ болуу менен, партиянын ичинде өзүнүн оппозициясына ээ болушу керек. Тагыраак айтканда, системанын бекем болушу үчүн бул өтө зарыл. Башка маанилүү жагдай бул парламенттик демократиядан баш тартууга болбой турган жагдай же бийликти бөлүштүрүү принциби. Башкача айтканда, парламенттик демократия үч бутактан турат, биринчиси - мыйзам чыгаруу, экинчиси - аткаруу бийлиги, үчүнчүсү - сот системасы. Булар бири-биринен көз карандысыз, бири-бирине таасир этпеши керек.
Дагы бир башка маанилүү жагдай - межилиске көп партиялардын кириши. Межилистеги партиялар менен элдин мүдөөсүн бийликке жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бийлик бөлүштүрүүдөгү адилеттүүлүк башкарууда туруктуулукка алып келет. Ошондуктан бул экөөнүн ортосунда тең салмактуулук сакталуусу керек. Бул маселе боюнча Түркия бай тажрыйбага ээ. Себеби, мамлекетибиз бул жагдайды көп жолу башынан өткөздү. Азыр дагы башынан өткөрүп жатат.
Башка маселеге кайрыла турган болсок, ал - коалиция маданияты. Парламенттик системада коалиция сөзсүз түрдө боло турган нерсе. Мындан баш тартууга болбойт. Бирок бул жерде маданият болушу зарыл. Бир аз мурда мен токтолуп кеттим эле, коалиция негизинен жеке программалардын эмес, коалицияга кирген партиялар биргелешкен программа иштеп чыгуу аркылуу бир пикирге келип иштешүү. Менин программамда бул бар, мен муну кылам, сеники андай, мындай деп эмес, чогулуп, биргелешип, кайрадан жаңы программа иштеп чыгуу менен ошол программаны ишке ашыруу. Мына ошол программа аркылуу "мен" деген позиция менен эмес, "биз" деген позициядан программаны иштеп чыгуу. Бул жагдайда айрым маселелерди тактап, чечкенге чейин өтө дыкаттык, этияттык менен мамиле кылуу зарыл. Мына ошол маданияттын калыптануусунда жеке өз атынан эмес, биз деп, көпчүлүктүн атынан сүйлөө менен, эч бир жагдайда бир зыян, залака тийгизбей тургандай мамиле кылуу жоопкерчилиги бар. Жана бул милдетти тынчтык жолу менен ишке ашыруу керек.
Кийинки каралуучу маселе - бийликтин иш жүргүзүүсү. Б.а. бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиле. Чынында парламенттик демократия системасынын кепилдиги катары күчтүү оппозиция турушу керек. Оппозиция алсыз болгон парламенттик демократия система жакшы иш жүргүзө албайт. Ал кайра эле диктаторлордун күчү менен бир партиянын башкаруусуна алып келет. Ошондуктан, күчтүү оппозиция болушу керек. Бирок, ал оппозиция конструктивдүү оппозиция болушу керек. Өлкөдө көзөмөл, текшерүү, сот системасы үчүн бир күч катары турушу керек. Бийлик ар дайым кылган иши үчүн отчет берүү жоопкерчилиги менен колдон келишинче туура жолдо, так, адилет башкарууну жолго коюу аракетин жасаш керек.
Андан кийинки маселебиз парламенттик системанын этика эрежелери жана тартип жөнүндө. Бардык иште болгон сыяктуу эле, сөз кылып жаткан системада да этика маселеси өтө маанилүү. Бул этика эрежелери кагазга жазылып калган эмес. Ал каада-салттан, көргөн, билген нерселерден алынышы мүмкүн. Бирок булардын негизи катары адамдык бийик нрава коюлушу керек. Мына ошол
бийик нравалар сакталып калуу менен, ар тараптан таза, бийик болуусу өзгөчө маанилүү жана буга тартип эрежелери да кошо кирет. Парламенттик демократияда өтө катуу тартип жана системанын ичинде бекем тартип болушу керек. Мына ушунун бардыгын жолго коё алганыбызда бир элдин өсүп-өнүгүшү үчүн жакшы система таба алган болот элек. Мен ишенем, мына ошондо барып өлкө тез аранын ичинде өнүгүү жолуна түшөт. Ошондо өлкөдөгү ар бир адамды, өлкөнүн ар бир бөлүгүнө чейин башкаруу менен жаркын келечекти көздөй багыт ала турган система иштээр эле.
Алмаз АКМАТАЛИЕВ: - Биздин, кыргыздардын, эң бир жаман сапатыбыз бар да. Өзүбүздүн колдон келбейт, бирөөдөн үйрөнгөндөн тартынабыз. Түрктөр тажрыйба топтогон эл. Тажрыйба деген сөзсүз эле ийгиликтер эмес да. Булардын деле жаңылыштыктары болгон.Ошолордун баарын чогултуп, талкуулап, изилдейли деп жатабыз. Эгер жаман система болсо Түркия мынчалык өнүкпөйт эле да. Биз ушул симпозиум менен бир нерсени далилдегибиз келет. Президенттик системага - бир адамга негизделген системага караганда парламенттик система кыйла туруктуу. Мурда бүт оппозиция бир эле нерсени ойлочу: бир Президент отурат, ошону эптеп жыгып алсак система өзү эле өлөт дешчү. Эки жолу чын эле ошондой болду. Ал эми парламенттик системанын беш-алты бекем түркүгү бар. Биринчи - парламент, экинчи - өкмөт. Президенттин, сот системасынын, жалпыга маалымдоочу каражаттардын өз орду бар. Ошолордун баары биригип келип тең салмактуулукту пайда кылат. Президенттин Конституцияда так жазылган өз ыйгарым укуктары бар, андан аша албайт. Өкмөт парламенттин баласы, алар да ашыкча кете албайт. Соттор чындыгыда эле көз карандысыз болуп баратат. Мурун Президент кимди кааласа ошону эле дайындап койчу. Ошон үчүн жалаң "чөнтөк соттор" пайда болгон. Азыр болсо соттордун бийлигин түзгөнгө соттордун өзү катышып жатат. Соттор кеңешинин үчтөн бирин оппозиция тандайт.
Менин түшүнүгүмдө саясий элита кыргыздын тагдырын, келечегин ойлош керек. Кээ бир жерде жол берүүгө үйрөнүш керек. Парламенттик система ушуга үйрөтөт экен да. Парламент жабык боло албайт, эң негизгиси ушул да. Себеби, ал жерде оппозиция бар. Ачык болгондон кийин коррупцияга жол азыраак. Мына бюджетти талкууладык, байкадыңызбы, качан мындай талкуу болду эле? Президенттин айлыгы канча деген суроолор да айтылды. Бул жакшы көрүнүш да. Демократиялык коом ушундай болушу керек. Бул парламенттик системанын өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы.
Мамат САБЫРОВ,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??