Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_5.htm on line 2


п»ї
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза ЖАМАШЕВА:

Маектеш жөнүндө маалымат: Жамашева Феруза Зулумбековна - 1991-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы ЮК "1" Ош облустук адвокаттар коллегиясында адвокат болуп иштөө менен баштаган. 1996-жылдан баштап сот системасында - Ош шаардык сотунун судьясынын милдетин аткаруучу, андан кийин судьясы. 2000 - 2006-жылдары Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеп келди.
КРнын Президентинин Жарлыгы менен 2010-жылдын 13-сентябрында КРнын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Адилеттүүлүктү издегендердин акыркы инстанциясы - сот органдары. Мына ошондуктан адилет сот системасы орнотулбаган өлкөдө прогресске жетишүү да кыйын. Ошол эле учурда цивилизациялуу коомдук мамилелерди орнотууга аракет кылып жаткан, бирок, азырынча сот системасындагы ар кандай реформаларды жүргүзүү аракеттеринен эч кандай майнап чыкпай жаткан биздегидей өлкөлөрдө адилеттүүлүк издегендердин сот органдарына дооматтар да жетиштүү.
Мына ошондуктан Кыргыз Республикасынынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева менен кабарчыбыздын маеги мына ушул дооматтарга байланыштуу суроолор менен башталды.

- Феруза Зулумбековна, буга чейин да сот тармагындагы реформалар жетиштүү эле жүргүзүлүп жаткандай болду эле. Бирок натыйжасы... сот органдарынын ишмердүүлүгүнө адамдардын нааразычылыктары азайган жок.
- Ооба, сиз айткандай, өлкөдөгү соттук-укуктук реформа он беш жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келе жатат. Таптакыр натыйжасы болгон жок деп айтпас элем. Азыр соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча мыйзамдык база жетиштүү. Жергиликтүү соттордун судьялары биринчи жолу 5 жылга дайындалышат, а андан кийин жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалышат. А Жогорку соттун судьялары дароо эле жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалышат. Сот системасынын бюджети боюнча, судьялардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча да маселелер чечилүүдө.
Судьяларга жардамчы штаты да каралган. Себеби соттордогу иштердин саны көп болгондуктан судьялардын чыгарган соттук актыларынын сапаттуу болушу үчүн алардын убактысы тар болуп келген. Ошондуктан эми жардамчы анын ишинин жеңилдешине өбөлгө түзөт.
Ошол эле учурда судьялардын жоопкерчилиги маселеси да катуу коюлууда. Таза эмес, өз ишине кайдыгер караган судьяларга тартип чаралары көрүлүүдө. Ошентсе да сот тармагындагы реформаларды жыйынтык берүүгө болот дегенге азырынча эрте.
Менин жеке оюм боюнча азыр реформалар эки багытта жүргүзүлүшү керек. Биринчиси - соттордун көз карандысыздыгын күчөтүү. Судьялар чечим чыгарганда мыйзамдарга жана Конституцияга гана баш ийиши керек. Экинчиси - судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу. Эгерде судья мыйзамсыз чечим чыгарса, ал сөзсүз жооп бериши керек.
- Судьялардын мына ушул жоопкерчилиги көп суроолорду жаратып жатат. Мисалы, кайсы бир чиновник жаңылыш же билип туруп туура эмес чечим кабыл алса, ал сөзсүз жаза алат. Ошол эле учурда азыр судьялардын жоопкерчилиги жөнүндө айтуу кыйын?..
- Судьялар таптакыр жазасыз калышууда деген пикирге мен кошула албайм. Анткени, биринчи инстанциядагы соттордун судьялары жаңылыштык кетиришсе, аны апелляциялык жана көзөмөл инстанциялардагы соттор алардын каталарын оңдоо менен катар эле ошол судьяларга карата жеке аныктамаларды чыгарышат. Натыйжада тартип өндүрүшүндө судьянын иши каралат да ага эскертүү, сөгүш же кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чаралары көрүлөт. Буга чейин бир топ судьяларга ушундай чаралар көрүлүп, бир катары кызматтарынан бошотулду. Мындай мисалдар көп. Бул багытта азыр атайын орган - Судьялар кеңеши иштеп жатат.
- Ошол эле учурда судьялардын өздөрүнө кысым жасалган учурлар да бар. Мисалы, өткөн жылы Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы иштеринен мөөнөттөрүнөн мурда бошотулушкан. Апрелдеги бийлик алмашкандан кийин белгилүү болгондой, алар кызматтарынан адилетсиз, бийликтин көрсөтмөсүн аткарбагандык үчүн бошотулушуптур. Сиздин пикириңиз боюнча, азыр сот бийлиги аткаруу бийлигинен канчалык көз каранды же көз карандысыз?
- Ооба, сиз айткан факт чынында эле орун алган. Ал судьялар соттолуучуну туура эмес актап коюшкан деген жеке аныктама чыккан. Революциядан кийин ал иш кайра каралып, судьялардын чечими мыйзамдуу болгону аныкталган. Ошондуктан ал судьялар кызматтарына кайра коюлушкан.
Негизи, меним оюм боюнча, сотторду саясий иштерге аралаштыруу туура эмес. Судьялар саясаттан тышкары болушу керек. Алардын укуктук маселелерди гана караганы туура. А саясатка аралашкандан кийин судьялар да ага жараша чечим кабыл алып калышат. Бул принциптин өзү туура эмес.
- Ооба, ошондуктан судьялар мыйзамда жазылгандай, мыйзамга, анан өздөрүнүн абийиирлерине карап чечим чыгарышына кантип жетишебиз?
- Ал үчүн, биринчиден, судьяларды дайындоодо бийликтин кийлигишүүсүнүн минималдуу болушуна жетишибиз керек. Азыр Судьяларды тандоо боюнча жаңы кеңеш түзүлүп жатат. Анын үчтөн бири - судьялардан, үчтөн бири - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бири - парламенттик азчылыктын өкүлдөрүнөн турмакчы.
Экинчиден, судьяны иштен бошотуу маселеси боюнча - судья мыйзамсыз сот актыларын чыгарганы үчүн гана мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулса. Мындай учурда судьялар мыйзам бузбоого аракеттенишмек.
- Мен өзүмдүн журналисттик практикамдан улам билем, азыр биринчи инстанциядагы соттордун айрым судьялары, өзгөчө алыскы региондордогулары соттук чечимдерди жазууда так эместиктерге, атүгүл, сабатсыздыктарга жол беришет. А айрым соттук чечимдер жазылса да чечим ынанымдуу жүйөөлөр менен тастыкталбайт, ошондуктан нааразы тараптын калыс эмес чечим кабыл алгандык боюнча күнөөлөсүнө себеп болуп берет.
- Судьялардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун астында окутуу борбору иштеп жатат. Азыр судья болууну каалаган талапкерлер ошол борбордон окуудан сөзсүз түрдө өтүшү керектиги боюнча талап бар. Бул боюнча Президенттин Жарлыгы да бар. Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун долбоорунун алкактарында донорлор жардам берип, биз судья болууну каалаган талапкерлерди окутуп жатабыз. Алар алгач мыйзамдарды канчалык деңгээлде биле тургандыгы боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Андан кийин комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлөт. Жыйынтыгында 35 талапкер окутууга кое берилишет. Үч ай теориялык курс, андан кийин эки ай практикадан өтүшөт. Практика убагында соттук процесстерге катышышат, канцеляриянын иши менен таанышышат, тергөө изоляторлорунда болушат. Башкача айтканда иш соттун канцеляриясына түшкөндөн баштап, ал кандай стадиялардан өтөрү менен из жүзүндө таанышышат.
Беш айлык курс бүткөндөн кийин дагы бир экзамен тапшырышат. Анда практикалык тапшырмалар болот. Башкача айтканда бир соттук иш берилип, ал боюнча чечим кабыл алышы керек болот. Чечимди жаза билүүсү да көрүнөт. Ал да оңой эмес. Сиз айткандай, азыр чечимдерди жазууда көп катачылыктар кетирилет, айрым судьялар жүйөөлөрүн да жөндөп жазышпайт. Ошондуктан ал жапа чеккен же айыпталган тарапка түшүнүксүз болуп калат.
Талапкерлер мына ушулардын баарынан өткөндөн кийин резервге коюлат. Анан Судьяларды тандоо боюнча борбор аркылуу тандалып алынат. Бул дагы судьялардын ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.
- Жаңы Конституция боюнча мурдагы Конституциялык сот жоюлуп, Жогорку соттун ичинде Конституциялык палата түзүлгөн. Ал азырынча иштей элек, ошентсе да сиздин мындай өзгөртүүгө көз карашыңыз кандай?
- Апрель окуясынан кийин Конституциялык сотту жоюу чечими кабыл алынган. Эми Жогорку соттун курамындагы Конституциялык палата ошондой эле курамда болмокчу. Конституциялык соттун айрым ыйгарымдары алынып коюлган. Ал эми анын келечеги кандай боло тургандыгын турмуш көрсөтөт деп ойлойм.
- Турмушта эч нерсени күтпөй коюуга мүмкүн эмес. Эгерде Жогорку соттун чечимдеринен кемчилик кетсе, аны кантип оңдоого болот?
- Биздин аракеттеги мыйзамдар боюнча Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанылууга жатпайт. Мына ошондуктан Жогорку соттун судьялыгына сабаттуу, жарандык позициясы бар, кесипкөй, тажырыйбалуу, таза, моралдык жогорку сапаттарга ээ адамдарды алып келишибиз керек.
- Бул үчүн мүмкүн аларды полиграфтан өткөрүү керектир?
- Азыр кадрларды тандоодо полиграф киргизилип, фискалдык органдардын кызматкерлери өтүп жатышат. Эгер андай зарылчылык туулса, андан жалпы ишке пайда келе турган болсо, Жогорку соттун судьялары деле өтүшөт. Мындан таза иштеген, кесипкөй судьялар үчүн эч кандай коркунуч болбойт деп ойлойм.
- Айрым бир учурларда соттор тарабынан чечимдерди кабыл алууда мыйзамдарды колдонууда дал келбестиктер, атүгүл карама-каршылыктар кездешет эмеспи. Мурда Жогорку сот ушундай нерселер боюнча түшүндүрмөлөрдү берчү...
- Азыр да Жогорку сотто андай укук бар. Жогорку соттун пленуму ушундай иштер боюнча түшүндүрмөлөрдү берет. Анда бүт республика боюнча каралган иштер чакыртылып алынып, жалпылоо жүргүзүлөт. Кайсы региондор боюнча кандай иштер каралып, соттор тарабынан кандай чечимдер кабыл алынганы, кандай кемчиликтер кетирилип, эмне үчүн бирдей чечим кабыл алынбаганы талкууланат. Анан Пленумдун токтому менен мыйзамды кандайча бирдей колдонуу боюнча чечимдер чыгарылат. Судьялардын баарына таратылып берилгендиктен, кийинки чечимдеринде алар жетекчиликке алууга милдеттүү. Ошондо республика боюнча бир практика боло баштайт.
Бул иш Жогорку соттун негизги милдети болууга тийиш. Тилекке каршы, бизде өзүбүз көзөмөл тартибинде караган иштер абдан көп болуп, мындай ишти жасоого чамабыз жетпей калууда. Анын үстүнө Жогорку соттун чечими акыркы болгондуктан, ага чейинки чечимдерде каралбай калган бардык жүйөөлөрдү карап, келтирилген аргументтерди тыкан иликтеп чыгуу керек.
Ал эми жогорудагыдай мыйзамдардын бирдей колдонулушу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жеңил милдет эмес, анткени ал иштерди бирден карап чыгып, жалпылап, анализдеп жазып чыгуу керек болот. Көптөгөн өлкөлөрдө Жогорку соттор өздөрү иштерди азыраак карап, негизинен ошондой сот практикасын түзүүгө басым жасашат.
Негизи азыр биз соттук чечимдердин сапатын жогорулатуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Бул иштер жыйынтыгында келип сот бийлигинин аброюн жогорулатууга, сотторго элдин ишенимин арттырууга өбөлгө түзмөкчү.
АКШнын "Миң жылдыктын чакырыктары" программасынын алкактарындагы жардамы абдан жакшы болду. Соттор толук компьютерлештирилди.
- Мурда мындай кемчиликтерди четтетүү үчүн Жогорку соттун пленуму бар эле. Мүмкүн, сот системасындагы кемчиликтерди азайтуу, алдын алуу үчүн андай институтту калыбына келтирүү зарылчылыгы барбы?
- Учурдагы Конституция боюнча андай орган жок. Жергиликтүү соттордун соттук актыларынын мыйзамдуулугун Жогорку сот гана карайт.
Маектешкен Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??