Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_4.htm on line 2


п»ї
  Өкмөт башчынын иш сапары

Россия мындан ары да жардам берүүгө даяр
Россия Кыргызстанга ачык түстүү мунайзатты
пошлинасыз негизде берүүнү уланта бермекчи. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Владимир Путиндин жолугушуу учурунда баса белгиленди.
Владимир Путиндин айтымында, Россия Кыргызстандын эли башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарга туура түшүнүп, өлкөбүзгө бир катар жардамдарды берүүдө. Акыркы мезгилде жалпысынан алганда 25 млн. доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Өткөн жылы май айында Россия 20 млн. доллар, андан кийин күзүндө 10 млн. доллар кайтарымсыз грант берген. Азыркы мезгилде Бишкекке 30 млн. доллар пайызсыз насыя берүү тууралуу макулдашуулар жүрүүдө.
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев мурдагы жетекчилер тарабынан ишке ашпай калган эки тараптуу мамилелерди жүзөгө ашыруунун үстүндө иштеп жатышкандыгын билдирди. Мурда жетишилген келишимге ылайык Кыргызстан тышкы карыздарды жоюунун эсебинен Россияга "Дастан" АККсынын акцияларынын 48 пайызын жана Россиянын соода өкүлчүлүгү үчүн Бишкектен имарат бөлүп берүүгө даяр.
Россиянын өкмөт башчысы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн туруктуу болуп, 1,4 миллиард доллардын деңгээлинде экендигин белгиледи.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын директору Михаил Дмитриев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин жана Борбордук Азия аймагында коопсуздукту биргелешип камсыздоо маселелери талкууланды.
Россия Федерациясынын финансы министри Алексей Кудрин менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга пошлинасыз күйүүчү-майлоочу майларды берүүнү улантуу, ошондой эле ЭврАзЭШтин антикризистик фондунан жеңилдетилген насыя алууга кыргыз тарабынын өтүнмөсүнө колдоо көрсөтүү каралды.
Кыргыз тарабынан жолугушууга өлкөнүн тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси У.Чыналиев жана башка расмий адамдар катышышты.
М.АЛАГУШЕВ




  Өкмөттө

Коррупцияны жалпылап ооздуктайлы!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен жаңы ачылган anticorr.gov.kg деп аталган даректеги сайты коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүүгө багытталган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов аталган сайтты ачуунун бет ачарында билдирди.
Анын айтымында, коррупциялык аракеттер жөнүндө жарандар эми түздөн-түз ушул интернет-сайт аркылуу өкмөткө кайрыла алышат. Ошондой эле, бул билдирүү-каттын көчүрмөсүн жиберүүгө да болот. Бул жаңы ачылган сайт ыңгайлуу жана кайрылуу үчүн оңой.
Жарандардын кайрылууларынын көчүрмөлөрү автоматтык түрдө үч дарекке: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жарандар кайрылуучу бөлүмүнө, Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарына жана биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысына жиберилет. Алар, албетте, тийиштүү чара көрүшөт.
Интернет-сайтты ачуу жыйында айтылгандай, чындыгында эле, жер-жерлерде болуп жаткан коррупция жана башка кыңыр иштер борбордук бийликке, атап айтканда Өкмөткө жетпей жатат. Ал эми, коррупциялык көрүнүштөрдү коомчулуктун кеңири катышуусунда гана ооздуктоого болот. Андыктан, элим, жерим, ата мекеним деген Кыргызстандын ар бир жараны бул ишке активдүү катышып, өзүнүн колдон келген салымын кошуу менен жарандык парзын аткарышы парз. Баса, учурда элет жеринин көпчүлүгүндө интернет-сайт болбогондуктан, жергиликтүү бийликтер бул ишти колго алуулары зарыл.
Өмүрбек Бабанов ошондой эле, бул кеңири тамыр жайган коррупциялык көрүнүштөрдү бүткүл коомчулуктун биргелешкен күч-аракеттеринин катышуусу менен гана азайтууга болорун баса белгиледи. "Мен биздин жарандарыбызды коррупцияга каршы күрөшүүдө Өкмөткө жардам берүүгө жана азыр жаңы ачылган ресурстан активдүү пайдаланууга чакырам", - деди Өмүрбек Бабанов.
Т.ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Алака акыбети
Арзан авиакеросин келе баштады
"Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташуусу экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоочу фактор". 23-мартта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ушундай аталыштагы конференция болуп өттү. Кыргызстандын тарыхында мындай ири масштабдуу делегациянын алгачкы ирет келип жатышы. Болгондо да өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү максатында. Ага Россиянын Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ондон ашык аймактарынын, ири компаниялардын жана министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери катышты.

"Советтер Союзун сактап калуу боюнча өткөрүлгөн референдумга жакында эле жыйырма жыл толду. Тилекке каршы биз союзду сактап кала албадык. Өз учурунда Ысык-Көл Россиянын Урал, Сибир аймактары үчүн ден соолукту чыңдоочу ажайып жай болчу. Андагы "Аврора" пансионаты дал ошол максатта курулган. Эгерде биз мурдагы байланыштарды кайра калыбына келтирсек бүтүндөй бир облусубуздун көйгөйлөрүн 90 пайызга чечип алаар элек" - деди КРнын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев. Мисалы, Баткендин өрүгү чет элдик башка ортомчулар аркылуу арзан агылып кетүүдө. Акыркы 10-15 жылдан берки эки тараптуу келишимдерди карап көрсөк, анда Кыргызстандын экономикасын көтөрүүчү чоң мүмкүнчүлүктөр арбын экен. Бирок, Кыргызстандын расмий бийликтери олку-солку саясат жүргүзүп келгендиктен, алар ишке ашпай калган. Мындан ары туруксуз саясатка чекит коюлушу керектиги, өзүн жаранмын деп эсептеген ар бир адам Россиянын чыдамкай мамилесин түшүнүүгө убакыт жеткендиги Өкмөт башчысы А.Атамбаев тарабынан ачык айтылды.
Делегацияны Россия Федерациясынын Президентине караштуу "Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча" башкармалыгынын начальниги Сергей Винокуров жетектеп келди. "Бүгүнкү күндө Россиянын Омск, Алтай, Екатеринбург, Свердловск ж.б. 70тен ашык аймактары менен Кыргызстандын тике кызматташуу багыттары бар. Бирок аймактар аралык кызматташууну муну менен чектебешибиз керек. Россия Федерациясы Кыргызстан үчүн эң орчундуу мезгилде кыйышпас досу, ишенимдүү өнөктөшү боло алат" - деди С.Винокуров.
Кыргызстандагы ири инвесторлордун бири Россиянын "Газпром" компаниясы. Ушул жылдын февраль айында аталган компания менен Кыргызстандын ортосунда авиакеросин ташып келүүчү биргелешкен ишкана түзүлгөн. "Бүгүнкү күндөн баштап, пошлинасыз авиакеросиндин алгачкы партиясы келе баштады. Айрымасы 240 долларга барабар. Бул биз үчүн абдан жагымдуу маалымат болду", - деди отурумдун жүрүшүндө КРнын биринчи-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Кыргызстандын чет өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүндө Россия биринчи орунда турат. Биз Россиянын мунайзат импортунун 60 пайызын алабыз. Ошол эле учурда Кыргызстан Россияга 51 пайыз кийим, 15 пайыз жашылча-жемиштерди экспорттойт. Ал эми чыныгы потенциал мындан да жогору. Эки мамлекеттин кызматташуусундагы приоритеттердин өтө зор экендигине конференциянын катышуучулары кеңири токтолушту. Делегациянын өкүлдөрү эки тараптын кызматташуусу үчүн эң башкысы Кыргызстанда саясий туруктуулуктун камсыз болушу керектигин катуу белгилешти.
Кыргызстандын бажы союзуна өтүшү баарынан мурда өлкө экономикасынын интеграцияланышы үчүн керек. Бул тууралуу аталган экономикалык жыйында эки тараптын өкүлдөрү бирдей белгилешти.
А.Атамбаев бир эле күндүк иш-чара менен чектелип калбай, эки мамлекеттин губернаторлору, ири компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр үчүн убакытты кеңири камтууга чакырды. Россия-Кыргызстан кызматташтыгы боюнча жыйындын катышуучуларынын ортосундагы бир нече реалдуу сунуштар кол коюлган келишимдер менен коштолду. Айталы, Омск облусунун губернатору Л.Полежаев "Бишкек-Омск" авиакаттамын жайкы эс алуу учуруна ылайыктап ачууну сунуштады. Россиялык туристтер көгүлтүр көл жээгине келип, эс алып кетүүгө куштар. Касиеттүү көл бермети өзүнүн табигый көркү, сейрек кездешүүчү дарылоочу жайлары, санаторийлери, пансионаттары менен гана эмес, спорттук мелдештер үчүн да табылгыс ажайып жай. 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага россиялык суу спортчулары Ысык-Көлгө келип машыгууларды өткөрсө болот. Советтик мезгилде бүткүл союз боюнча өткөрүлгөн суудагы машыгуулардын тогузунун сегизи ушул Ысык-Көл жээгинде болчу. Бул тууралуу сунушун Кыргызстандын Россиядагы элчиси Улукбек Чыналиев сунуштады.
Аталган жыйында Оренбург облусунун губернатору Юрий Берг ал жакта Кыргызстандын консулдугун ачууну сунуштады. Бүгүнкү күндө кең Россиянын аймагына кетип жаткан мигранттарыбыз азайган жок. Оренбург кыргыздар арбын жайгашкан аймактардын катарында. Андан тышкары ал биздин жер-жемиштерди сатып алуучу биргелешкен ишкана ачуу керектигин белгиледи. Бул апрелдин ичинде боло турган эки мамлекеттин ортосундагы Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда кошумча карала турган болду.
Бишкекте эки тараптуу экономикалык жыйын жемиштүү өткөнүнө бир нече мисалдарды келтирип, оптимисттик маанайды чагылдырсак болот. Ош облусу менен Алтай крайы илимий-техникалык, соода-экономикалык, маданий, медициналык, фармацевтика тармактары, Кыргызстандын жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы Уралдын "Урал оптика-механика" ачык акционердик коому менен светофор сатып алуу, КРнын экономиканы тескөө министрлиги жана Чүй облусу Омск облусунун өкмөтү менен бир нече тармактар боюнча тыгыз кызматташуу келишимдерине кол коюшту.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??