Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_24.htm on line 2


п»ї
  Спорт Спорт Спорт

Кыргызстан 8-орунда
Эркин күрөш боюнча дүйнө кубогунда Кыргызстан 8-жалпы командалык орунду ээледи.
Бирок чечүүчү сынакта Казакстан менен Венгриядан утулуп калды. wrestlinua.com сайты билдирген маалымат боюнча, командалардын жыйынтыктоочу таблицадан алган орундары төмөндөгүдөй:
1. Россия
2. Иран
3. Азербайжан
4. Өзбекстан
5. Куба
6. Украина
7. Казакстан, Венгрия
8. Кыргызстан
9. Грузия
10. Болгария

Чемпиондордун уясы болсун!
"Дордой" спорт комплексинде көркөм гимнастика жана күрөш боюнча жаңы спорт зал ачылып, пайдаланууга берилди.
Анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева да катышып, өз сөзүндө: "Мен бул залдын болочоктогу чемпиондордун уясы болушун каалайт элем", - деп белгиледи. Бүгүнкү күндө көптөгөн спорттук жайлардын үзгүлтүксүз иштеп жатканын айткан мамлекет башчысы: "Биз буюрса массалык жана кесипкөйлүк спортту өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", - деп кошумчалады.

Бирде жеңет, бирде...
Россияда өткөн бильярд боюнча эл аралык турнирде Каныбек Сагынбаев 9дан 16-га чейинки орунду ээледи.
Эске сала кетсек, оюнчулар бул жолу Кемеров облусунун губернаторунун кубогуна ат салышкан болчу. Берилген маалыматка таянсак, К.Сагынбаев финалга чыгарга аз калганда Россиянын оюнчусунан 3:7 эсебинде жеңилип калган.

Чемпионат өз ишин улантууда
Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 23-27-мартта бокс боюнча республикалык чемпионат өтөт.
Ага 1993-жылы туулган жаш өспүрүмдөр катышат. "Мындай таймашты уюштуруудагы башкы максат - жаштар арасына боксту терең жайылтуу", - деп айтышат уюштуруу тобундагылар.

Түркия футболду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт
"Түркия менен Кыргызстан көп жагынан менталитети бирдей. Ошондуктан, биз сиздердин өлкөдө футбол оюнун өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам көрсөткөнгө даярбыз", - дейт Түркиянын футбол боюнча федерациясынын башкы директору Тефик Ероглы.
Т. Ероглы мындай пикирин КРнын футбол боюнча федерациясынын жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда билдирди. Эскерте кетсек, тараптардын жолугушуусу Бишкек шаарында болуп, алар эки өлкөнүн ортосундагы өспүрүмдөр аралык жана массалык футболду өнүктүрүү жөнүндө жана кызматташтыкты арттыруунун жолдорун сүйлөшүштү.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




Мектепке
"Мерседес" беришти
Жумгалдын демилгелүү жаштары спортту өнүктүрүү багытында атайын марафон өткөрүштү. Андан 150 миң сом чогулуп, ага демөөрчүлөрдүн жардамы кошулду. Топтолгон каражатка "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа алынып, ал Жумгал райондук спорттук мектепке тапшырылды.
"Минтип чечкенибиздин себеби, спортко кызыккан, машыгып жүргөн жаштарыбыз ар кандай спорттук мелдештерге ушул автоунаа менен барып-келип, жеңип жүрө беришсин дедик", - дешет 1973-жылкы туулган демилгечилер.
Ошондой эле Байзак айылынын тургуну Жээнкадыров Камчыбек өз эсебинен айылга спорт зал курду. Ал эми "Адеп укук" коомдук бирикмесинин координатору Садырбаева Дамира ЮСАИД аркылуу 1 млн. сомго жакын акчага атайын жабдыктарды алып берди. Мындан сырткары, Таш-Дөбө айылында дагы спорттук жай курулуп, ал жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат.
Сабырбек АКМАТОВ, Жумгал району




  Ата Журт алкагында

Калктын саны 6,1 миң адамга өстү
Үстүбүздөгү жылдын январында Кыргызстанда калктын саны табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 6,1 миң адамга же 0,1 пайызга өскөндүгүн Улуттук статистика комитети билдирди. 1-февралга карата калктын саны 5 миллион 484 миң адамды түздү. Мында Жалал-Абад облусунда калктын эң чоң өсүүсү байкалып, жер которуунун жогору болгондугунан Ош шаарынын калкынын саны кыскарган. Алсак, Жалал-Абад облусунда калктын саны бир ай ичинде 1600 адамга өссө, Ош шаарында 100 адамга кыскарган. Ал эми Баткенде калктын саны 600, Ысык-Көл жана Нарында 300, Ош облусунда 1300, Таласта 200, Чүйдө 800 жана Бишкек шаарында 1100 адамга көбөйгөн.
2011-жылдын январында 12,1 миң бала төрөлүп, 3,4 миң адам көз жумган. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 8,7 миң адамды түзүп, эң жогорку деңгээли Жалал-Абад, Баткен, Ош, Талас жана Нарын облустарында белгиленди.

Кыргыз тилдүү интернет өнүгөт
30-мартта "Айсок кыргыз интернет коомчулугу" фонду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Кыргыз тилдүү интернетти өнүктүрүү: чындыктар жана келечектер" деген темада тегерек үстөл өткөрөт. Аталган фонддун өкүлү Рахат Сабырбековдун айтымында фонддун максаты - Кыргызстандын бардык жарандарынын интернетти ачык, жеткиликтүү, эркин колдонуусун өнүктүрүү. Тегерек үстөлгө Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, кыргыз тилдүү маалымат сайттары: "Кабар", "Азаттык", "Баракелде" жана башка кызыкдар тараптар катыша алат.

Таласта Манас кайра төрөлдү
Талас шаарындагы мектептерде жакшы саамалык башталды. Ар аптанын жума күнү "Манас" эпосунун күнү деп белгиленип, бул күнү мектеп окуучулары жана мугалимдер улуттук кийимдерди кийип, ар бир класста "Манас" сабагы өтүлөт. Жакында №5 мектепте өткөн жыйында жаш манасчылар "Манас" айтып, №9 мектептен келген окуучулар Бакай-Ата, айкөл Манас, эр Семетей, Сейтек жана Каныкейдин образдарын чагылдырып, добулбастын коштоосунда жалындуу ыр саптарын айтышты. Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Серен Шейшенов бул саамалыктын башталышы менен Талас эли улуттук идеологиянын уңгусу катары Манасты көтөрүп жатканын айтып, жакшы жөрөлгөнү жандандырган мугалимдерге, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаевге ыраазычылык билдирди.

Азык-түлүк баалары текшерилет
Бишкек мэриясына караштуу Соода, кызмат көрсөтүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, жума сайын "Аламүдүн базары", "Ош базары", "Орто-Сай" ири соода жайларында жума сайын негизги азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, ун комбинаттарындагы ундун баасы менен соода жайларындагы айырмачылыгы текшерилет. "Дыйкан" дүң-соода базары менен керектөөчүлөр сатып алган башка базарлардагы айыл чарба продукцияларынын баалары да күн сайын көзөмөлгө алынат. Мындай чаралар негизги азык-түлүккө бааны ортодогу алып-сатарлар негизсиз көбөйтүп жиберишине бөгөт коюу максатында жасалууда. Акыркы жумада борбор калаанын базарларында картошканын, пияздын, сабиздин баасы 3-4 сомго арзандады.




  Аалам алкагында

Ф. Кастро партия жетекчилигинен кетти
Фидель Кастро 5 жыл мурун эле бардык расмий кызматтарынан, анын ичинде Куба Коммунисттик партиясынын башчылыгынан чегингенин айтты. 84 жаштагы Кастро 1965-жылдан бери башкарып келаткан партиянын жетекчилигинен кеткенин алгачкы жолу расмий моюнга алды. Партиянын интернеттеги барагында Кастро дагы эле анын лидери деп аталып келет. Бир аптадан кийин башталып жаткан коммунисттердин конгрессинде жаңы жетекчи тандалат деп күтүлүүдө. Божомолорго караганда, ал - Кастронун иниси Раул болмокчу.

Араптар менен жөөттөр жөөлөшүүдө
Палестинанын расмий адамдары Израил аскерлеринин соккусунан Газа тилкесинде бир үй-бүлөдөн 4 киши набыт болуп, 13 киши жараат алышканын билдиришти. Окко учкандардын үчөө жашы жетелек балдар. Израил армиясы Газа шаарынын чет жакасына ракета атканын бышыктады. Анын алдында Израил тарапка ракета түшкөнү айтылууда. Жөөт куралдуу күчтөрүнүн өкүлү карапайым адамдардын жапа чегишине байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Көп өтпөй Газанын дагы бир бөлүгүндө согушкерлер деп шектелген палестиналык 4 киши Израилдин ракеталарынан каза тапты.

Жапония зилзаланы жеңүү аракетинде
"Фукусима" өзөктүк станциясынын өзгөчө жабыркаган 3-реакторуна электр кубаты берилди. Станциянын бардык 6 реакторунда электр зымдары калыбына келтирилди. Адистер эми муздатуу системасынын кайрадан иштешин тездетүү үчүн өбөлгө түзүлдү деп үмүттөнүшүүдө. Ал тапта Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик табигый кырсыктан жабыркаган станциядан радиация дагы эле сыртка чыгып жатканын билдирди. Бирок адистер анын очогун аныктай албай жатышат. Токионун электр кубат компаниясы энергиянын бериле башташы үчүн дагы убакыт керектигин айтууда. Радиация коркунучунан улам премьер-министр Наото Кан элди Фукусима чөлкөмүндө өндүрүлгөн жашылчаны жебей турууга үндөдү.

Каддафи кашык каны калганча күрөшмөкчү
Коалиция күчтөрү Ливиянын абадан коргонуу объекттерине, деңиздеги аскерий базаларга, аэропортторго жана Муаммар Каддафинин армиясынын турумдарына сокку урууну улантууда. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен альянс Ливияга курал ташууга тыюу салган эмбаргонун аткарылышын катуу көзөмөлдөйт деди. Вашингтон Франция, Британия жана АКШ Ливиядагы операцияда НАТО негизги ролду ойноого тийиш деп макулдашышканын билдирди. Ал эми Каддафи түз эфирде өз тарапташтарына кайрылуу жасап, "кашык каны калганга чейин" күрөшүүгө чакырды. Мисрата, Зинтан жана Яфран шаарларында оппозиция менен Каддафиге ыктагандардын ортосунда кагылышуулар уланууда.

Экс-президент Кучмага кылмыш иши козголду
Украина прокуратурасы мурдагы президент Леонид Кучманын журналист Георгий Гонгадзени өлтүрүүгө тиешесин иликтеп жатат. Баш прокурордун биринчи орун басары Ренат Кузминдин айтымында, Кучма "кызмат абалынан пайдаланып, Ички иштер министрлигине журналисттин өлтүрүлүшүнө алып келген мыйзамсыз буйрук берген" деп шектелүүдө. Мурдагы президентти сындап келген оппозициялык журналист Гонгадзени 2000-жылы белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече айдан кийин Киевдин жака-белиндеги токойдон табылган.

"Азаттык" радиосунун, "Кабар" агенттигинин сайттарынан
жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??