Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_20.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_20.htm on line 2


п»ї
  Журналисттик иликтөө

Бишкек шаарында акыркы жылдары "Тез татым" (Fast Food) борборлору жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүүдө. "Талап болсо, сунуш да бар" деген базар экономикасынын шартында экөө тең бирдей өсүүдө. Тилекке каршы, ошол эле учурда "Тез татым" азыктарынан уулангандардын саны да аз эмес. Ушул көйгөйлүү маселенин түйүнүн билүү максатында иликтөө жүргүздүк. Иликтөөнүн жыйынтыгында биз үчүн белгисиз болгон көптөгөн маалыматтар ортого чыкты.

Тез татымдын тарыхчасы
Эгер биз фастфуд тамак-аштарын адамзаты жаңы эле ойлоп тапты десек туура эмес. Анткени, байыркы адамдар да кантип тез, колду булгабай тамактануу тууралуу ойлонуп келишкен. Байыркы Рим базарларында тандыр нанга кошулган жер-жемиш, быштак жана куурулган эт сатылган, муну менен бирге табак жана сүлгү маселеси чечилген. "Хотдог" болсо Луизиана штатында сосиска саткан адам бөлкө нанга сосисканы кууруп сатуусу менен пайда болгон. Бирок, фастфуд Макдональд бир туугандардын ресторандарынан дүйнөгө таанымал болду. "Макдональдс" деп аталган ресторандарынын адамдарды тойгузуп жатканына 60 жылдан ашты жана дүйнөдө бул сыяктуу ресторандар кенен тарады.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерия бөлүмүнүн мугалими, Зафер Гөнүлаландын айтуусу боюнча Европа өлкөлөрүндө фастфуд катуу көзөмөлгө алынган. Эрежелер бузулса, 10 миң доллардан ашуун айыптар салынат, камалган адамдардын да саны аз эмес. Бирок, аларда көбүнесе зыян заттар болбойт. Ал тамактарга адам өспүрүм кезинде тез көнөт. (Түркияда гамбургер сатып алган жаш балдарга оюнчуктар белекке берилет). Көнүп калган адам аны жей берет, зыян заттар (токсиндер, вирустар ж.б.) жок, бирок 10-15 жыл тез татымды анда-санда жеген адам семирет, зат алмашуусу бузулат, кан басымы жогорулайт, диабет жана башка катуу ооруларга чалдыгат.
Бишкек шаарында жүргүзгөн сурамжылообузга таянсак, сурамжылоого катышкандардын 15-30 жаш арасындагылардын 98%ы эң аз болгондо айына бир жолу тез татым менен тамактанып турушат. Бирок, буга карабастан 70%дан ашуун адам тез татым азыктарынын зыян экендигин билдиришти. Жалпы катышкандардын 28%ы фастфуд азыктарынын баасы кымбат эмес деп эсептешсе, 48% адам тандоо себептерин алардын тез даярдалуусу менен түшүндүрүштү. 15% адам фастфуд азыктарынан улам уулангандыгын айтышты. Ал эми 51% адам фастфуд сатуучу жайлардын көбөйүшүн кааларын билдиришти.
"Үстүбүздөгү жылдын октябрь айы болчу. Эртең менен үйүмдүн жанындагы дүкөнчөдөн сендвич сатып алып жегем. Көп өтпөй, ичим ооруп, тамакка болгон табитим такыр жоголду. Качан гана өзүмдү начар сезе баштаганымда уулангандыгымды сездим. Көрсө, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен сендвичти сатып алыптырмын. Бактыга жараша ата-энемдин экөө тең медицина кызматкерлери болгондуктан, бейтапканага барбастан, үй шартында дарыландым. 2-3 күн дегенде араң өзүмдү жакшы сезе баштадым. Эгер бейтапканага барганымда бир топ убара тартмак экенмин", - деп эскерет биздин каарман, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Жыргал Кенжебаева ошол күндөн ушул күнгө чейин тез татым азыктарын желкемдин чуңкуру көрсүн деп келет.
Ушул эле окуяга кыргыз эстрада ырчысы Бегимай Эсенгулова да тушуккан. Ал "Ош" базарына жакын жерден гамбургер сатып алып жеген. Жыйынтыгында тез даярдалуучу бул азыктан ууланып, бейтапканада 3 күн дарыланып чыккан.

Адистер эмне дейт?
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасынын бөлүм башчысы Махаммадхалил Мурзашевдин ай-туусу боюнча акыркы 2-3 жылдын ичинде тез татым борборлору абдан көбөйүп кетти. Аталган борбор тарабынан 3 айда бир текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат. Махаммадхалил мырза бул тууралуу жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө бөлүшө кетти: "Бүгүнкү күндө "Ош" жана "Аламүдүн" базарларын текшерүүдө 29 объектини жаптык. 15-16-декабрь күндөрү "Аламүдүн" базарында рейд учурунда талапка жооп бербеген тамак сатуучу жайларды жапканга туура келди". Бул мекеменин талабы боюнча ар бир түйүндүн суу түтүкчөлөрү жана канализациясы болушу керек. Ал эми Кыргызстанда бардык талапка жооп бере ала турган тамак-аш борборлору өтө аз. Көпчүлүгү контейнер, павильондор болгондугу үчүн тамак-аш жасоо жана сатууга болбойт. Негизинен даам татуу борборлору стационардык жай, башкача айтканда кафе, ресторан же ашкананын деңгээлинде болушу талапка ылайык. Ошондой эле ашчылар, идиш-аяк жуугандар жана сатуучулар өздүк гигиенаны сактап, ар дайым колдорун таза жууп туруулары зарыл. Андан сырткары тамак-ашка кошула турган жашылча-жемиштерди, эт жана башка тамак-аш азыктарын таза жууп жасай турган бардык шарттары болушу абзел. Тамак-аш гигиенасынын бөлүм башчысы Махаммадхалил Мурзашевдин айтуусунда: "Акыркы жылдарда суроо-талап көп болгондуктан ошого жараша сунуш дагы көп. Ошондуктан биз канчалык талапка жооп бербеген тамак-аш жайларын кыскарткан учурда дагы, коомдун таасири болбосо, аларды такыр жаап салууга мүмкүн эмес. Анын сыңары эл өзү жакшы ойлонуп, ден соолукка зыян тамак-аштардан баш тартуусу зарыл." Негизинен ЦГСЭН тарабынан план боюнча жылына 1 жолу атайын толугу менен текшерүүлөр жүргүзүлөт. Мыйзам боюнча каалаган учурда текшерүү жүргүзө алышпайт. Эгер кандайдыр бир кайрылуу болсо ошонун негизинде атайын текшерүү болот. Статистика боюнча Бишкек шаарында болжол менен 300-400 тез татым борборлору бар. Алардын ичинен сапаты жана тазалыгы жагынан талапка жооп бере алгандардын ичине көбүнчө түрк тамак-аш жайлары жана сертификатка ээ болгон борборлор кирет. "Алардын ашканалары бардык шарттарга жооп берген, жогорку сапаттагы техникалык каражаттарына ээ болгон, атайын адистештирилген кызматкерлер иштегендиги менен айырмаланат. Ал эми талапка жооп бере албаган коомдук тамак-аш борборлору абдан көп. Атайын текшерүү учурунда лабораториянын жыйынтыгында айрым тез татым борборлорундагы тамактардан ичеги таякчалары чыккан учурлар көп эле кездешет. Мындай учурларда 1000 сомдон 2000 сомго чейин айып салынат. Эгер ошол эле жерден экинчи жолу ошондой зыян нерселер чыкса 2000-5000 сомдун тегерегинде айып салынып, атайын жууп, тазалоого убактылуу жабылат. Бул эскертүүлөрдөн кийин дагы кайталанса, анда ал жайды такыр жапканга туура келет", - деп билдирди Махаммадхалил мырза.
Өзүңүздөр көрүп тургандай өлкөдөгү көпчүлүк тез татым борборлору атайын талапка жооп бербейт. Бирок, эл аралык стандартка жооп бергенге аракет кылган, жаңыдан өнүгүп келе жаткан даам татуу борборлору бар. Түрк ашканаларынан сырткары Бишкек шаарында көрүнүктүү орунду ээлеген "Домино" аттуу пицца жана тез татым тамактарын саткан ири компания бар. Бул компания рынокто 5 жыл-
дан бери иштеп келет. "UNI As" "Домино" ЖЧКнын башкы мүдүрү Василий Шерлиев билдиргендей, тез татым борборлорунун ичинен бул компания сапаттык сертификатка ээ болгон. Алар жыл сайын ушул сертификатты жаңылантып турушат. Эскерте кетсек, бул сертификат бардык эле компанияларга бериле бербейт. Анткени ал компаниянын сапатын, тазалыгын тастыктагандыгы үчүн өзгөчө текшерүүлөрдөн өтөт. Башкы мүдүрдүн берген маалыматтарында тамак-аш азыктары жана эт азыктары текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, атайын цехте даярдалат. Ал эми башка атаандаштарынан айырмаланып эт азыктары чыныгы жана Кыргызстандын ичиндеги эле ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлгөн эттерди колдонушат. Василий Исааковичтин айтуусунда тамак-аш азыктарынын чыгарылган жери өтө маанилүү. Анткени азыркы учурда Кыргызстандагы көпчүлүк даам татуу борборлору Кытайдан же башка өлкөлөрдөн алып келинген эт жана башка азыктарды колдонушат.

"Fast Foodда" химиялык уулуу заттар барбы?
Мына ушул суроолорго жооп издеп "Fast Foodтун" курамындагы заттарга изилдөө жүргүздүк. Интернеттеги маалыматтарга таянсак бул тамактын курамында акриламид, канцероген сыяктуу химиялык заттар болгондугу жазылган. Мына ушул заттардын организмге кандай зыяны бар деген сурообузга Илимдер академиясынын химия жана химиялык технологиялар институтунун башкы илимий кызматкери Исак Жумаев жооп берди. Анын айтымында канцерогендик зат термикалык иштетүүнүн натыйжасында келип чыккан эркин радикал. Бул эркин радикал эң биринчи 37 ооруну козгойт, башкача айтканда эң алгач рак оорусуна жана клеткалардын мембранасынын жабырлануусуна алып келет. Ал эми клетканын мембранасынын жабырлануусу ар түрдүү инфекцияларга жана химиялык заттарга жол ачып, түрдүү мутацияларды пайда кылат. Акриламид болсо реакциялардын натыйжасында тез эле кычкылданып, гидроперекись кошулмасын түзүп, оңой эле интероксиддик радикалдарга айланат. Бул дагы рак ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал эми ошол фаст фуд менен ичкен суусундуктары coca-cola, fanta жана башкалар тиш ооруларынан баштап түрдүү коркунучтуу дарттарга алып келет. Ошондуктан тез татым тамактарын такыр эле жебей койгон туура, - деп сунуштады Исак Абакирович.
Тез татым тамактарына байланыштуу уулануулар жөнүндө билүү максатында Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Айткулуев Нарынбек Сабыркулуевичке кайрылдык. "Негизинен тамак-аш менен ууланууда, кайсы тамак-аштан уулангандыгын так аныктай албайбыз. Анткени уулангандан кийин 2-3 сутка өткөндөн кийин алардын кайсы азыктан уулангандыгын аныктоо кыйынга турат. Тез татым тамактарынан уулангандыгын анализ жүргүзүү менен гана анык-
тоого болот. Бирок, бул иш биздин милдетибиз эмес, биздин эң негизги максатыбыз бейтаптарга жардам берүү. Даана так статистика айтууга мүмкүн эмес, бирок кышында жабырлануучулардын саны кескин аз болоорун айта алам".
Анын айтуусунда тамак-аштан уулануунун алгачкы белгилери: температура болушу да мүмкүн, болбошу да мүмкүн, көп жолку жүрөк айлануу, көңүл айнуу, ич өтүү менен коштолот. Ушунун баары организмдеги суунун, эликтриттердин жоголушуна, зат алмашуунун бузулушуна жана эң жаман кырдаалда клеткалык дең-гээлге чейин таасир этет. Организмдеги суунун, туздун жоктугу зат алмашууга кескин таасир этип, адамдарда гипованимикалык шок пайда болушу мүмкүн. Өлүп калышы да мүмкүн, ошондуктан алгачкы белгилер пайда болгондо эле докторлорго кайрылыш керек.
Негизинен тез татым тамак-аштары көчөлөрдө, базарларда, тагыраак айтканда ачык жерлерде сатылат. Гигиена эрежелеринин сакталышы, тамак-аштарды өндүрүү, аны сактоо талаптарга жооп бербейт. Өзгөчө жайкысын таштандылар тазаланбаган жерлерде санитария эрежеси орой бузулат. Негизги бактерияларды ташып жүрүүчү болуп чымын эсептелет. Алар дааратканалардан, (уулануудан калган тамак-аш калдыктары) үйүлгөн таштандылардан учуп келип тамак-аш азыктарына конушат жана азыктын шарттуу патогендүү микрофлоралык түзүлүшүн бузат. Жогорудагыларга таянсак тез татым азыктарынын негизги күнөөкөрү болуп чымын эсептелиши мүмкүн.
Дарыгерлер дайыма колду самындап жууш керек, көп учурларда тез татым азыктары эмес, адамдардын эң элементардык өздүк гигиенаны сактабагандыгынан келип чыгат дешет. Азыктарды сатып алуудан мурда азыктар сатылган жайдын айлана-чөйрөсүнө көз жүгүртүү керек. Жакын жерлерде таштандылар жана
дааратканалар жок экендигин караш зарыл. Кээ бир учурларда тез татым борборлорунун жанында таштанды кутусу, даараткана жайгашкан учурлары көп кездешет. Албетте, сөзсүз түрдө сатуучунун кебете-кешпирине, анын кийген кийимине дыкаттык менен көңүл буруу абзел.
Эмнеси болсо да фастфуд менен тамактануу зыян экенин бардыгыбыз билебиз. Эми ошол зыян келтирүүчү коркунучтарды талдап көрөлү.
Тез татым тамактарынын коркунучтары:
1. Калорийлер
Стандарттуу Макдональдс түштөнүүсү адамдын күнүмдүк калорий нормасынын жарымын толуктайт. Ал эми бир стакан кола ичимдиги алты даана кантка барабар.
2. Майлар
Майлуу картошка, суу май жана башкалар кандагы холестеринди көбөйтөт, боор жана зат алмашууга зыяндуу таасирин тийгизет.
3. Тез тамактануу
Тез тамактануу ашказанга терс таасирин тийгизбей койбойт, гастрит жана башка ушул сыяктуу ашказан ооруларына алып келет.
4. Консерванттар
Азыктар бузулуп кетпеши үчүн аларга ар кайсы консерванттар кошулат жана кайсылар кошулаары айтылбайт, коммерциялык сыр деп эсептелинет.
5. Туз
Эки гамбургер эле адамга бир күндө керектелүүчү тузду берет.
6. Санитардык талап
Көчөдө туруп тамак жасап саткан адамдын колунун тазалыгы, тез-тез жуулары күмөн туудурбай койбойт.
Урматтуу окурман, тез татым дүйнөсүнүн күңгөй-тескейин ар тараптан иликтөөгө аракет кылдык. Медалдын эки бети бар дегендей, жакшы жана жаман жактары белгилүү болду. Кандай кырдаал болгон күндө да чечим чыгаруу өз колуңузда.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ,
Рахат САЛАМАТОВА,
Халима МАНАРОВА,
Кубанычбек МУСАЖАНОВ,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??