Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_2.htm on line 2


п»ї

Өзүңдү бил, өзүңдү тааны, "чоңдорум"!
Эр жигит эл деп жашабаса,
Эмгегин элине, жерине арнабаса.
Алданган, арыган эл кайда барат...
Арсыздарга тебеленип,
кайда калат?
Эй, адам кейпиндеги чиновник сөрөйлөр, депутат сөрөйлөр жана саясатчы сөрөйлөр, 2010-жылдын 7-апрелинен бери эми бутуна туруп келе жаткан жаңы, таза саясатты (мамлекеттик башкарууну) кир, арам ички дүйнөңөр менен булгап, бузуп жок кылбай саясаттан, мамлекеттик кызматтардан сыйыңар менен кетип калгыла!
Кыргыз элинин жаңы жанган үмүт-тилегин өчүрбөгүлө! Парламенттик бийлик менен гана биз, кыргыз эли,
туура жол таап, буюрса экономиканы да, маданиятты да көтөрүп, өстүрүп гүлдөтө алабыз. Силер ойлоп жүргөндөй бийлик - байлык топтоонун же уурдап элди шорлотуп чогулткан байлыкты сактап калуунун куралы эмес, ал замандар Акаев, Бакиев менен Москвага, Белоруссияга кетип калышты. Элден коркпо-
соңор, бардыгын көрүп, угуп жана билип турган Кудайдан (Алладан) корккула: "Эки жүздүүлөрдүн бараар жери тозок, ал жай өтө жийиркеничтүү..." дейт Алла Таала Ыйык Куранда.
Билбесеңер билип койгула!
Кыргыз улутун дүйнөгө уят кылып, парламенттик бийлик деп Жогорку Кеңешке кирип алып, эми президенттик бийлик деп дөөрүйсүңөр. Дөөрүсөңөр үйүңөрдө аялыңарга дөөрүгүлө, бийик элдик трибунада дөөрүбөй.
Эмдиги парламенттик шайлоодо, буюрса элибиз чыныгы, такшалган жана жетилген саясатчыларды Жогорку Кеңешке шайлап алат деп үмүт кылып, Алладан тилеп жашап келем. Кыргызым тентибей, тебеленбей өз үй, өз жеринде иштеп, бактылуу жашаган күндөргө тезирээк жетсек экен деп жашап келем.
Ыйманыңардын жоктугунан же алсыздыгынан уруулук сезимден өйдө көтөрүлө албай, улуттук сезимдин улуу күчүн, бийик демин сезип, туя албагандыгыңар үчүн, элдин туусу болбой, элдин куусу болуп жүрөсүңөр. Өзүңөр эле адашпай, башка жердештериңердин да башын айландырып.
Менин силерге ага катары берер кеңешим, бизнесиң барың бизнесиңе бар, коммерция кылганың коммерцияны кыл, бирок, жаңы таза саясатты (мамлекеттик башкарууну), элдин жаңы таза үмүтүн булгаба!
Всем по вере, всем по мере!
Ыйык Куранда Алла Таала мындай деп буюрат: "Акыйкат менен бузукулукту аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!" (Бакара сүрөөсү, 42-аят).
Кыргыз болуп туулуп, кыргыз туугандарынын бүгүнкү жашоосун, эртеңки келечегин ойлобогон, бул дүйнөнү жүрөгү эмес, көзү, напсиси менен гана тааныган, боору таш чиновник, депутат, саясатчы сөрөйлөр, өзүңөрдүн ордуңарды, руханий жана интеллектуалдык дараметиңерди жакшы билип, ошого жараша иш кылбайсыңарбы! Өзүн жакшы билбеген, өзүн жакшы тааныбаган өзүн да кыйнайт, элин да кыйнайт! Тууган күйдүрүп айтат, эли үчүн тили менен эмес, жүрөгү менен чындап күйгөн тууган туура сөзүн айтат. Саясий сабатсыз, билими тайыз, алысты көрө, биле албаган бирөөлөрдүн жардамы менен же арам акча байлыгыңар менен бийликте, Жогорку Кеңеште жүргөнүңөрдү эл билбейт деп жүрөсүңөрбү. Силер ошентип ойлошуңар да мүмкүн...
Уятты, намысты бекем сактап...
Көрсөтүп иш жүзүндө,
ишиңи элге арнап.
Жашасаң, элим деп, жерим деп,
Ошону чыныгы жашоо дейт.
Капарбек САМИЕВ,
"Бактылуу балалык"
коомдук фондунун директору






Карамдуу бизнесмен айым
1992-жылы райондун борборунда Рысбү менен Опон "Рахат" чакан ишканасын ачып, бизнес чөйрөсүнө кадам ташташкан эле. Алгач төрт аялды ишке алып, иш башташты. Жубайлардын бизнеси үзүрүн бере баштаганда оорунун айынан Опон кайтыш болду. Рысбү бул оор соккудан чөгүп калбай, ишин улантып, ишкананы жолдошунун атынан "Опон" атаган. Бүгүн эки кабат кооз имаратта 20дан ашуун киши иштейт.
Рысбү райондогу аялдардын башын бириктирип, "Аруу тилек
айымдар" коомдук фондун түзгөн. Фонддун максаты ишкерлерге жардам берип, биргелешип иштөө. Аталган коомдук фондго да 20га жакын ишкерлер тартылган. Рысбү Жороева райондук кеңештин депутаты, райондук аялдар кеңешинин мүчөсү катары аялдардын маселелерин чечүүгө жигердүү катышат. Оокаты тартыш үй-бүлөлөргө, ата-энеси жок балдарга, майыптарга жардам берүү күндөлүк ишиндей. Чалма аймагындагы Б.Исаев атындагы орто мектептин 100 окуучусуна 2003-жылдан бери стипендия берет. Райондук балдардын чыгармачылык борборуна 10 миң сом, Крупская атындагы жана "Бакыт" балдар бакчаларынын тарбиялануучуларын тамак-аш менен камсыздайт. Мындан сырткары айрым жарандарга компьютер, телевизор, муздаткыч ж.б. буюмдарды сатып берген. Айыл жергесинде өзүм эле дебей, өзгөлөргө, өзгөчө оокаты тартыштарга Рысбүдөй жардамын аябагандар болсо, жарыгы тиймек.
Ноябидин САЛИЕВ,
Кара-Кулжа райондук ардагерлер
кеңешинин төрагасы





Бак
отургуз
Мөмөлүү дарак отургуз,
Мөмөлөрүн нак берет.
Үчүнчү жылда
жемишин,
Шактарына апкелет.
Берекени ээрчитип,
Үй-бүлөңө бак берет.

Терек көчөт отургуз,
Тез арада жетилет.
Толук жарап ишиңе,
Тогуз жылда кесилет,
Керек жыгач издебей,
Пайдасы анын сезилет.

Көчөттөрдөн унутпа,
Арча, кайың, чынарды.
Айланаңа көрк берет,
Өстүрө көр буларды.
Сулуулукту жеткирет,
Келер менен жыл алды.
Расулберди Маметов,
ардагер журналист,
Бишкек шаары





Эл тынчтыкты, ынтымакты
күтөт
Кыргызстанда 80ден ашык улут жашайт. 5 млн. калкыбыздын 2,5 миллиону кыргыздар. Анын ичинен аз эле сандагы кыргыздар байып алып, мамлекеттин жана элдин өнүгүшүнө жол бербей, карапайым калктын турмушун ойлонбой, жаңыдан шайланган Өкмөт, мамлекет башчыларына бут тосуп жатышат. Ынтымакка келе албаганыбыздан Ошто, Жалал-Абадда кандуу окуялар болду. Эгерде мурдагы мамлекет жана Өкмөт башчылары мамлекеттин, элдин байлыгына кол салбай, качып кетпей, бардык улуттарга бирдей мамиле жасап, тартипсиз байыган, чектен чыккан бузукуларды тартипке салышса мындай болмок эмес. Алдын ала улуттар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, түштүктөгүдөй коогалаңдуу окуялар болуп, өлүмгө учурап, кан төгүлбөйт эле. Ошондуктан кыргыздар бири-бирибизди сынга алып, тепкилеше бербей, ынтымакка келиши керек. Бүгүнкү күндөгү кыргыздын тың чыкма атуулдарын биримдикке, ынтымакка келишин эл күтүп жатат. Себеби, элибиз козголоңдон тажап бүттү.
Кыргызга тынчтык, тартип, биримдик, ынтымак берсин демекчибиз. Эл тынчтыкты, ынтымакты күтөт.
Токтонбай РАХМАТОВ,
Токтогул району,
Үч-Терек айылы




Көп жашаңыз, Талант Акышевич!
Башыңа кыйынчылык түшүп, карайлап турганыңда кол сунуп, жардамга келген адамдын кайрымдуулугу эч качан унутулбай жүрөккө жазылып калат эмеспи. Ушундай адамдардын арабызда болгону үчүн жашообуз тең салмактуулугун сактап келатса керек...
Мындан жети жыл мурда кышкы чилдеде Жумгалдан Бишкекти көздөй келатып, Кызарттын белинен өтө берерде машинам жолдон чыгып, кар күрткүсүнө тыгылып калды. Жааган карды шамал жолго үйлөп, тептегиз кылып салыптыр. Күн батып, айлана караңгы тартып калган. Ал эми сууктун күчүнө чыдап бир мүнөт да сыртта туралбайсың. Машинада он жашар кызым, багажда бир коюм бар болучу. Айлам кетип, эки жакты карасам эч жан жок. Түнүчүндө тоонун ичи өтө сүрдүү көрүнүп, ого бетер коркунучтуу. Кокус карышкырлар кол салабы деп да санаам санга бөлүнө баштады. Арадан бир топ убакыт өткөндө жылт этип бир жарык көрүндү. Келе жаткан машинанын алдын тосо чуркадым. Менден өтүп барып токтогон машинадан эки жигит чыгып, менин машинамды айланта карашып: "Терең тыгылып калыптыр, чыкпайт", - деп өз машинасынын ичинде отурган бир улуу адамга барып айтышты. Ичиндеги киши машинадан чыгып: "Эмне үчүн чыкпайт экен? Бул жигит кичинекей кызы менен суукка тоңуп өлсүнбү? Апкелгиле күрөктү!.." - деп буюрду аларга. Ошентип төртөөлөп жатып карды күрөп, машинаны чуңкурдан чыгарып алдык. Ырахматымды кат-каттап айтып, мен да жолго чыктым, тигилер да жөнөп кетишти. Бая жигиттердин алиги адамга "Талант Акышевич" деп кайрылып жаткандарынан, ал кишинин Нарын облусунун прокурору экендигин билдим.
Кийин сураштырсам ошондогу кыйынчылыктан мени кызым менен аман алып калган кайрымдуу адам азыркы учурда Таш-Көмүр шаарынын прокурору экен. Ошондуктан гезит аркылуу Талант Акышевге өтө ыраазылыгымды билдирип коюуну туура таптым. Эч качан жаманчылык көрбөй, узак өмүр сүрүңүз, урматтуу Талант Акышевич!
Доктурбек КӨЧӨРБАЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??