Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_18.htm on line 2


п»ї
Өнөрүң болсо - өргө чап
"Тогуз кайрык" өнөрпоздордун
республикалык теле сынагынын жалпы жобосу
Төгүлүп-чайпалса да бир ууч кыргыз
теңдеши жок "Манасын" сактай алган миллион сап ырды жатка айткан Сагынбай, Саякбайдай залкарларды "Аккан сууну" жумалап ырдаган Жеңижок, Барпыдай төкмөлөрдү, 500 күү симфонияны нотасыз ойногон Токтогул, Муратаалы, Карамолдодой комузчуларды, аалам жүрөгүнө сезим дүрбөткөн кайталангыс Чынгыздай калемгерди, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдей таланттарды төрөгөн элдин, Кудай насиптеген ыйык Манасын, комузун, тартма кыяк (аккордеон) өнөрүн даңазалоо максатында өнөрпоздордун жамааттык район, шаар, облустар аралык өткөрүлүүчү өнөрпоздордун "Тогуз кайрык" теле сынагын уюштуруу, заман талабы.

Теле сынактын
жалпы максаты
1. Эл-жерибизди мекенибизди сүйүүгө, рух дөөлөттөрүбүздү сыйлоого, жашоонун жакшы үлгүлөрүн үйрөнүүгө, ошолордун негизинде жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык гүлазык болуп берген манасчылардын, комузчулардын, күүчүлөрдүн, сапатын жогорулатуу, өнүктүрүү чыгаан манасчы, комузчу, кыякчыларды тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма-сөз аркылуу кеңири элге жайылтуу.
2. Республикадагы жалпы маданий-массалык иш-чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык мүдөөсүн канааттандыруу менен маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук өнөрдү адистик деңгээлге көтөрүү, алардын көркөмдүк деңгээлин жогорулатуу максатында авторлорго моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.
4. Айрыкча соңку кездердеги кеңири кулач жайган жеңил-желпи шоу-музыканы ооздуктоо менен, жаштардын табитин чыныгы музыкага, нукура элдик салт нугунда тарбиялоо.
5. Өнөрпоздордун сырткы келбети гана эмес, жан дүйнөсү менен да сулуу экенин, байыртадан келаткан улуттук аспабыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын баса айгинелөө.
Телесынактын сынамдары:
1. Чыгарманын мазмуну, тарыхы.
2. Аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы.
3. Чыгарманын аткарылышынын тактыгы, уккулуктуулугу.
4. Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү.
5. Кыймыл аракеттин ийкемдүүлүгү.
6. Жогорку техникалык табылгалар (жаңы боек, жаңы түр).
2011-жылы өткөрүлө турган залкарлардын урматына карата өнөрпоздордун "Тогуз кайрык" республикалык телесынагы
Ниязаалы Борошевдин 155 жылдыгына карата (Ош обл., Аксы р-ну), залкар комузчу, куудул. Боогачынын 145 жылдыгына карата (Нарын обл., Ат башы р-ну), залкар обончу, төкмө акын.
Эстебес Турсуналиевдин 80 жылдыгына карата (Талас обл.), залкар төкмө акын, манасчы, комузчу.
Телесынактын
1-2-3-турларынын тапшырмасы:
(манасчылар боюнча)
Манасчынын үч чоң касиети бааланат.
1. Акындык төкмөлүк. М; "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун бүтүндөй окуп чыгып, төгүп айтуусу.
2. Композитор, обончулук. М; Сагынбай Орозбаковдун өз обону болгон, Саякбай Каралаевдин өз обону болгон, Уркаш Мамбеталиевдин өз обону бар. Ушул сыяктуу "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун бирөөнү туурабай өз обонунда аткаруусу.
3. Артистүүлүк. М; "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун айтууда бирде ыйлап, бирде күлүп ар түрдүү образ жаратып айтуусу. Ыйлап жаткан адам эч качан сөз сүйлөй албайт. Артисттер гана чыгарманын образына кирип, бирде ыйлап, бирде күлүп, такалбай, жеткире аткарууга жөндөмдүү.
Эскертүү: Сынактын жүрүшүндө ар бир манасчыга 15 минутадан убакыт берилет. 1-турда айтылган чыгарма кийинки турларда кайталанылбайт.
Телесынактын калыстар тобу 5-7 адамдан турат.
Телесынактын
1-2-3-турларынын тапшырмасы
(аккордеон боюнча):
1. Патриоттук темадагы бир ыр (убактысы 2 мин. 4 мин. чейин).
2. Лирикалык темадагы бир ыр (убактысы 2 мин. 4 мин. чейин).
3. Пародиялык темадагы бир ыр ( убактысы 2 мин. 4 мин. чейин).
4. Жаңы ырдын бет ачаары (убактысы 2 мин. 4 мин. чейин).
Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат.
Эгер жаңы ыр жок болсо үчүнчү тапшырма менен чектелет.
Телесынактын
1-2-3-турларынын тапшырмасы
(комузчулар боюнча):
1. Айдама күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин).
Айдама күү - айтыла турган ой, чертүү ыкмасында кооздолуп, көркөмдөлүп, шаң салтанатты билдирип турган күүлөр.
М.: "Маш ботой", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Таң булбулу", "Паровоз" ж.б.
2. Айтым күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин).
Айтым күү - айтыла турган ой салт кайрык менен берилип, ыр менен баяндалып күү менен коштолгон чыгармалар.
М.: "Чоң кербез", "Чайкама", "Тогуз кайрык", "Ак бакай", "Ак тамак, көк тамак", "Сарынжы Бөкөй" ж.б.
3. Кара күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин).
Кара күү - айтыла турган ойду салттуу мукам кайрыктар менен туйдуруп, ой терметкен окуялуу күү баянын кара күү дейбиз.
М.: "Сынган бугу" ж.б.
Кара күү экиге бөлүнөт:
1. Салт күү М.: "Насыйкат" ж.б.
2. Арман күү М.: "Таш жалак" ж.б.
4. Ырчы күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин).
Ырчы күү - айтыла турган ой ыр түрүндө баяндалып, комуз күүсү менен коштолуп аткарылса ырчы күү дейбиз.
М.: "Кулмырза менен Аксаткын"
Ырчы күү үчкө бөлүнөт:
1. Айтыш күү (төкмөчүлүк)
2. Дастан күү
3. Сармерден күү (күйгөн секетбай)
5. Күү чертишүү - жеке же ансамблдин аткаруусунда аткарылат. Эгер ансамбль аткарса жекеге караганда артыгыраак болот (убактысы үчтөн беш минутага чейин), чүчүкулак кармашуунун негизинде ким менен ким бул тапшырмага чыгаары аныкталат.
6. Жаңы күүнүн бет ачаары (убактысы үчтөн беш минутага чейин). Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат. Эгер жаңы күү жок болсо бешинчи тапшырма менен чектелет.
Эскертүү: 1-турда чертилген күүлөр кийинки турларда кайталанылбайт.
Кароо сынактын калыстар тобу 5-7 адамдан турат.
Телесынактын
шарты
Сынак үч турда өтөт
1-тур. Райондор аралык. Ар бир район өз облустарында 1-тандоо турун өткөрөт. Манасчылар боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, комузчулар боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, аккордеон боюнча бештен ашпаган 1-тур тандоо турунда жеңген жеңүүчү талапкерлерин, ар бир облустун жетекчиси 2-турга жөнөтөт.
2-тур. Облустар аралык (телесынак өткөрүлө турган жай шартка жараша такталат).
3-тур. Республикалык финал (телесынак өткөрүлө турган жай шартка жараша такталат).
Атаандаштар чүчүкулак кармоо менен, облус облустар менен 2-3-турга чыгышат.
1. Талапкерлердин жашы боюнча өзгөчөлүктөрүндө чек коюлбайт.
2. Улутуна чек коюлбайт.
3. Облус, райондор жетекчилиги тарабынан өз талапкерлерине демөөрчү боло алышат.
Сынактын жеңүүчүлөрүн
баалоо жана сыйлоо, сынактын жүрүшү, татыктууларды тандоо атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан ачык бааланат. Жыйынтыгында берилген тапшырманы так аткарган жана өтө көркөм, эң мыкты чеберчилигин көрсөтө алгандар үчүн сыйлыктар ыгайрылат.
Телесынакты өткөрүү тартиби
Ар бир облустук администрацияларынын милдеттери:
Ар бир облустагы маданият жана маалымат министрлигинин өкүлчүлүктөрү 1-турду өткөрүп өнөрпоздорду чогултуу, таркатуу, жайылтуу ж.б. уюштуруу милдеттерин жетекчиликке алат.
1 - Ар бир облустар 1-турду өткөрүш үчүн кеткен чыгымын көтөрөт.
2 - Бишкектен барган 5 адамдан турган чыгармачылык топту 3 күндүк тамак-аш, жатакана жана ГСМ менен камсыздайт.
Телесынактын жүрүү тартиби
Тандоо туру ар бир облустардын өзүндө өткөрүлөт. Ага чейин райондук өнөрпоздор облуска тандалып келинет. Ар бир облуста 1-тур тандоо туру төмөндөгү тартипте өткөрүлөт.
1-турду өткөрүү күн тартиби
20-21-июлда Баткен облусунда.
23-24-июлда Ош облусунда.
26-27-июлда Жалал-Абад облусунда.
29-30-июлда Талас облусунда.
1-2-августта Чүй облусунда.
4-5-августта Нарын облусунда.
8-9- августта Ысык-Көл облусунда.
2-3-турларды өткөрүү күн тартиби
"Манас" боюнча: 15-16-август 2-тур. 17-август 3-тур. (Финал. Жеңүүчүлөргө "Баш байге" тапшыруу аземи).
"Комуз" боюнча: 19-20-август 2-тур. 21-август 3-тур. (Финал. Жеңүүчүлөргө "Баш байге" тапшыруу аземи).
"Кыяк (аккордеон)" боюнча: 22-23-август 2- тур. 24-август 3-тур. (Финал. Жеңүүчүлөргө "Баш байге" тапшыруу аземи).
15-25-август айында Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүн өркүндөтүүдө, Кыргызстандын бардык аймактарынын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан аныкталат.
15-25-август айында Кыргыз уздарынын көргөзмөсү көрсөтүлүп, жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан аныкталат.
25-августта жеңүүчүлөрдүн чоң программадагы фольклордук Гала концерти өтөт. Концертке белгилүү манасчылар, комузчулар, ырчылар катышат. Улуттук кийимдердин көргөзмөсү коштойт.
Дареги: Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59. "Тогуз кайрык" теледолбоору.
Байланыш телефондору:
0312 65-97-34, 0312 65-84-89, 0777 60-42-22, 0555 77-77-54.
Айзада Ыбыраимова,
долбоордун
автору жана жетекчиси










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??