Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_17.htm on line 2


п»ї
Айдоо жерлерин шамалдын жана суунун эррозиясынан сактап калуу - учурдун кечиктирилгис милдети .
Пешенеге жазылган экен СССРдин маалында 1981-жылы Коммунисттик партиянын Алай райондук комитетинин биринчи секретары болуп шайландым. Райондун эли жери менен таанышып, менден мурда иштеген райондун жетекчилери эмне иш жасашкан, анын жыйынтыктары кандай, райондун келечегине таасир эте турган кандай проблемалар, мүмкүнчүлүктөр бар, аларды кандай жолдор менен пайдалануу керек деген ойдо иш тажрыйбасы көп ишкана, мекеме, уюм, чарба жетекчилери, партиялык, советтик кызматтарда иштешкен райондун активдери менен акылдашууга туура келди. Ал мезгилде азыркы Чон-Алай району Алай районунан бөлүнүп чыга элек болуучу. Биринчи жолу Алай өрөөнүнө барганда анын түздүгүнө, кеңдигине, өздөштүрүлбөй жаткан айдоо жерлеринин көптүгүнө,
жайыт жерлердеги бетеге чөптөрүнүн арбындыгына суктандым, айдалбай жаткан дың жерлердин көп экендигин байкадым, айдоо аянттарынын айрым жерлеринде таш, кум, шагыл чыгып тургандыгына көңүл бурдум.

Ошол мезгилде Алай районунун чарбаларын жетектешип, көп жылдан бери адистиктери боюнча иштеп дасыгышкан, кийин жетекчилик кызматтарга көтөрүлүшкөн, элим-журтум дегенде, өкмөт менен партиянын тапшырмаларын аткарууда жеген тамагын жерге коюп, күн-түн дебей, иштешкен максатташтарды жолуктурдум. Алар "Чоң-Алай" совхозунун директору Жапаров Курсанбай, совхоздун партиялык комитетинин секретары Нуруллаев Авазбек, "Кызыл Суу" совхозун жетектеген Сары-таев Абдыкаим, парткомдун секретары Нажиев Азиз, Кашка-Суу асыл тукум чарбасынын директору Эгембердиев Шарап, парткомдун секретары Нажимидинов Абдыкаар, мал чарба жана машина станциясынын жетекчиси Ташболотов Бегалы, "Сары Могол" совхозунун директору Абдыраев Кошой, парткомдун секретары Кеңешбаев Ырыскелди, Ленин совхоздун директору Жунусов Адиш, парткомдун секретары Жумабаев Роман, Правда совхозунун директору Белекбаев Келдибек, парткомдун секретары Боронов
Айылчы, "Социализм" совхозунун директору Мырзакулов Баргыбай, парткомдун секретары Бекташев Абдаким, "Алай" совхозунун директору Токтокожоев Кошубак, парткомдун секретары Умархаджаева Санталат эле.
Жогоруда аталган жетекчилер менен тыгыз байланышта иштешишкен, Алай өрөөнүндө жайгашкан айылдык кеңештерди, чарбадагы профсоюздук комитеттерди, мекемелерди, мектептерди башкарышкан Мурзаев Бурхан, Касымов Бакалбай, Ташибеков Гапар, Шакирова Галдар, Туйгунов Насирдин, Газыбекова Жамбы, Газыбеков Аттокур, Койлубаев Абыт, Жусупов Аман, Сарытаев Абубакир, Абдыкадырова Карамат, Сулайманов Чолпонбай сыяктуу кыргыз элинин чыныгы патриот уул-кыздарын атагым келет.
Ал эми совхоздордо башкы адис болуп иштеп өздөрүнүн терең билим алып такшалганын көрсөтө алган башкы адистер Тороев Муса, Жакыпов Турдумамат, Темирбердиев Абдылда, Маматкеримов Пайзилда, Темирбаев Момунбай, Сапаев Муса, Кожобеков Мизам, Акимов Жанай, Бакиров Жаңыбай, Тажибаев Эсенали, Асанбаев Абдрашит, Пазылов Сайдилла жана башка дагы бир топ кадрлар ошол мезгилде эле өздөрүнүн келечеги бар экендигин көрсөтүп үзүрлүү эмгектенип жүрүшкөн. Менин көтөргөн маселелеримди, койгон талаптарымды аткарууда өздөрүнүн уюштуруучулук жөндөмүн, жетекчилик талап-туулугун, партиялык принциптүүлүгүн, Алай жергесинин чыныгы патриоту экендигин көрсөтө билген райкомдун мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, партиялык советтик кызматчылар Каримбеков Зиямидин, Осмонов Бекмамат, Абдыразаков Манас, Үтүров Маматемин, Абдибаитов Абдылда, Жаманкулов Раимберди, Турганбаева Сайракан, Мамырова Уулкан, Апиев Курманбек, Абдылдаев Эсен, Абытов Медербек, Нарматова Надира, Зубрикова Светлана, Абдраева Гүлнара, Апаитов Абдимитал, Айсариев Кулу, Ашимов Келдибек, Султанов Өзгөнбай, Калыков Роман, Айдаров Ысмайыл, Кутлубаев Минула, Тойчубеков Таташ, Шерботоев Нурали, Жакыпов Мамат, Сатыбалдиев Разак жана дагы бир топтор өз элин, жерин сүйгөн мекенчилдер болгон. Ушундай адамдар менен пикир алышып, Алай өрөөнүн өздөштүрүп, анын байлыгын оор шартта жашаган элдердин турмуш шартын оңдоого багыттоо керектигин көп жолу талкууладык. Ошентип Алай өрөөнүн өздөштүрүү боюнча эки багыт аныкталды: биринчиси, иштетилип жаткан аянттардын түшүмдүүлүгүн көтөрүп, жердин кыртышын шамал жана суу эррозиясынан сактоо; экинчиси, айдалбай жаткан жерлерди өздөштүрүп, сугат айдоо аянттарын көбөйтүп, аны агротехникалык эрежелердин негизинде иштетүү.
Бул ойлорумду ошол мезгилде партиянын Ош обкомунун секретары Р.Кулматовго жана облаткаруу комитетинин төрагасы А.Тажибаевге билдирип, алардын колдоого алуусуна жетиштик.
Казакстандын Семипалатинск облусунда академик Бараев жетектеген дан эгиндер боюнча Бүткүл союздук илим изилдөө институту бар болуучу. Ошол жерде Казакстандын шартына ылайык айдалган жерди шамалдан коргоп, нымды топтоо боюнча бир топ илимий изилдөө иштери жүрүп, атайын техникалар жасалып, сыноодон өтүп калган эле. Райондук аткаруу комитетинин төрагасы Б.Осмоновду баш кылып райондон атайын делегация жиберип, алар ал жерде жүргүзүлүп жаткан жаңы агротехникалык ыкмаларды үйрөнүп жана атайын техникаларды алып келишти.
Алай өрөөнүндө туруктуу шамал эрте менен жүрүп, кечки саат 4-5терге барып басылат эле. Көңтөрүлүп айдалган жердин кыртышын шамал учуруп, жерди кургатып, ал эми эриген кардын суусу айдоо жерлерди аң кылып, кум шагыл, таш гана калып түшүм берүүчү жерлердин аянтын жылдан жылга азайтып, түшүмдүүлүк төмөндөп жаткандыгынын бир себеби ушунда болгон. Мындан тышкары сугат аянттарда суу жүрө турган атайын жөөк салынбай жаткандыгы, айдоо аянтын түздөө жүргүзүлбөгөндүгү. Үчүнчүсү, жааган карды шамал учуруп кетип, эрте жазда жерди сууга кандыруу болбогон. Бул маселелерди колго алуу максатында Кара-Суу районундагы "Коммунизм" колхозунун мурунку башкармасы Таиров Гапырды партиянын Ош обкомунун макулдугу менен Алай райондук агроөнөржай бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына алып келип, ал Алай өрөөнүндөгү чарбаларда жерди тегиздөөнү, дан жана тоют өсүмдүктөрүн сугара турган арыкчаларды жасап, сугаруунун ыкмаларын жана кошумча азыктандырууну кандай, качан жасоону уюштурду. Гапыр Таи-
ровичтин Алай районунун тоют базасын түзүүдөгү ролу жана орду боюнча өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
Алай өрөөнүнүн климатынын жана жер рельефинин өзгөчөлүгүн эске алып, адистердин Бүткүл союздук дан институтунан көрүп келген ыкмаларды ишке киргизүү боюнча Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, жер кыртыш институтунун директору Мамытов Аманды районго чакырып келип, кеңешип жерди коңторбой айдоону, дан эгиндерин оруудан кийин калган өсүмдүктөрдүн сабактарынын жардамы менен айдалган жерлердин кыртышын шамалдан сактап, ным топтоого мүмкүнчүлүк берген ыкманы колдонууну чечтик. Бул маселе боюнча Кыргыз айыл чарба институтунун ректору, академик Акималиев Жамин Акима-лиевичтин баа жеткис кеңештерин уктук. Ошентип, Казакстандан алынып келген атайын техниканы биринчи болуп Кыргызстанда иштетип, 3 жылдын ичинде бул ыкма менен иштетилген айдоо аянтын 10 миң гектардан ашырдык. Ишти райондо биринчи болуп Кашка-Суу жана Кызыл-Суу чарбалары өздөштүрдү, андан кийин Чоң-Алай, МЖС жана "Сары Могол" чарбалары киришишти. Райондун агроөнөржай бирикмесинин башкы агроному Калыков Роман чарбалардын башкы агрономдору, инженерлери бул иштин башында такай туруп уюштурушту. Мындай ыкма менен иштетилген аянттардын түшүмдүүлүгү калган аянттарга салыштырмалуу жок эле дегенде гектарынан 5-6 центнерден жогору болду. Эң негизгиси жер кыртышы шамал жана суу эррозиясынан сактала баштады.
Облустук жетекчиликтин демилгеси менен Алай өрөөнүн өздөштүрүү жана ал жерде дыйканчылыктын маданиятын көтөрүү үчүн Базар-Коргон, Ленин, Сузак райондорунан тажрыйбалуу дыйкандар, механизаторлор келишип, алайлыктар менен бирге иштешип, дың жерлерди айдап, эспарцет жана арпа сээп, чоң жардам көрсөтүштү. Мына ушундай комплекстүү чаралар Алай өрөөнүндөгү чарбаларды кесек тоют менен жетээрлик өлчөмдө камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түздү, Россиядан саман ташып келүү токтоду, ал тургай боордош Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусуна, кыргыздар жашаган Мургаб районуна да кышы оор болгон жылдары тоюттан жардам берип турдук. Чоң-Алай аймагында жашаган элдердин жеке менчиктеги малдары да көбөйүп, азыктуу-
лугу ашты. Эң негизгиси илимдин жетишкендиктери Алай өрөөнүндө сыналып, жердин кыртышын шамал жана суу эррозиясынан сактап калуу, оңой эмес климаттык шартта сугат жердеги өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн экендиги ырасталды.
Бирок, турмуш деген ушундай экен, мен Алай районунан кызматтан которулуп кеткенден кийин бул маселе унутта калып, райондун, чарбалардын кийинки келген жетекчилери бул ишти улантууга далалаттанышпады. Бир аз өтпөй СССР таркап, Кыргызстандын айыл чарбасында реформа деп колхоз, совхоздор жоюлду. Казакстандан алынып келген техникалар да ка-роосуз калды. Ушул күндөрдө Алай өрөөнүндө жылдан жылга көбөйүп бара жаткан айдоо аянттарындагы кум, шагыл баскан жерлерди, суу киргенде Кызыл-Суу дарыясы ашып ташып, жээктеги жерлерди жеп, айыл кыштактарга коркунуч туудуруп жаткандыгын көргөн сайын, ал жердин, элдин, өрөөндүн келечеги эмне болот, суу, шамал эррозияларын ким токтотот деген ойлор жүрөктү өйүйт. Раматылык академик Аман Мамытов айткан эле: "Шамал учурган же суу алып кеткен 1 см. жер кыртышын ордуна келтирүү үчүн табиятка 100 жыл керек" - деп.
Өз мезгилинде жогорудагы иштерди жасаган механизаторлор, агрономдор, инженерлер, чарба жетекчилери бүгүнкү күндө алды пенсияга чыгып, арты карылыктын башталышында жүрүшүүдө. Алардын тажрыйбаларын пайдаланып, жасаган иштерин улантып кетүүчү жаштар барбы? Илимдин жетишкендигин пайдаланууга аракет жасай турган адистер, илимпоздор кайда? Алай өрөөнүнүн, элинин келечегин ойлогон патриоттор чыкпайбы? Эгер, бул маселени чечүү үчүн эч кандай чара көрүлбөсө, келечекте Алай өрөөнүндөгү жерлер кыртышы жок калып, кум менен шагыл басып калуу коркунучу бар. Бул жалпы элдик трагедия болот. Алай өрөөнүнүн айдоо аянттарын сактоодо, суу ресурстарын пайдаланууда, жайыттардагы тоют чөптөрдүн, айрыкча бетегенин аянтын кеңейтүүдө таасирдүү иштер болоорунан үмүт үзүп болбойт. Бул иштерди аткаруу бүгүнкү күндө иштеп жатышкан адистердин, жетекчилердин атуулдук парзы болушу керек.
Орозбек АКИМБАЕВ,
КРнын эмгек
сиңирген экономисти






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??