Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_16.htm on line 2


п»ї
  Ё Эсен болуп -эстей жүр

Кеменгер дарыгер
Өмүрүбүздө көптөгөн адамдар менен жолугушабыз, мамилелешебиз, достошобуз, ажырашабыз. Айтор, адамдын адамдар менен карым-катнаш жүрбөгөн жашоосу болбойт. Бири асмандан жылт этип өчкөн жылдыздай эстен тез кетет. Далайы жүрүм-турумубуздагы, аң-сезимибиздеги, адеп-ахлак кунарыбыздагы кемчилибизди толуктап тураар таасири менен кымбат. Алар Кудайдын кудурети менен, эзели эстен кеткис ыйык сезим, демиңе дем кошкон асыл кубат энеден башталат. Ага атаңдын, чоң ата-чоң энеңдин мээрими, тарбиясы кошулат. Бир туугандарыңдын таасири жугат. Дос күтөбүз. Бала дос, жан дос, ага достор жашооңду көрккө бөлөйт. Дос деп аталбаса да доско тете ини, курдаш, ага күткөн учурларыбыз бар. Ошондой мен үчүн ага доско тете кеменгер адам такай эсимде. А киши, Кудайга шүгүр, узак өмүр сүрдү. Бирок акыл-эси тунук, алдан-күчтөн тая элек, кубаттуу кезинде дүйнөдөн өтүп кеткени өкүттө калтырды. Көрөр күнү, ичер суусу бүтө электе көз жумса, кантип өкүттө болбойсуң!

Кыргызстанда гана эмес, мурдагы бүткүл совет өлкөлөрүнүн медиктерине таанымал атактуу кардиолог, медицина илимдеринин доктору, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры, мамлекеттик жана дагы далай сыйлыктардын лауреаты, илимпоз, окумуштуу-дарыгер, уюштургуч-педагог, коомдук ишмер Мирсаид Мирхамидович Миррахимовду эстеп турганым. А кишини жакшы билгендер Саид Миррахимович дечү элек. Көп сандаган шакирттери,кесиптештери, достору - баары ушинтип атачу. Байбичеси Нелля эже да, жубайын тирүү кезиндегидей, ушу бүгүн деле Саид Миррахимович деп, урматтаганы урматтаган!
Саид Миррахимовичти мен мурда сыртынан гана угуп, сыртынан гана көрчүмүн. Атактуу кардиологдун колуна түшөм деп, үч уктаса, түшүмө кириппи! Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын аяк ченинде элге келген сасык тумоо (грипп) мага да келди. Искусство институтунда сабак берчүмүн. Сессия башталарына бир айга жетпеген убакыт калган. Сасык тумоо тийгенде, врачтардын үйдөн чыкпа дегенин тоотпой басып кетме адатыбыз бар эмеспи, экзаменге чейин лекцияларымды бүтүрүп коеюн деп, иштеп жүрө бердим. Жүрөгүм башкача кага турган балээге кабылды. Этибар алганым жок. Жүрө-жүрө жүрөктүн мандеми кыйындай берди. Баса албай калганда, ооруканага түштүм. Ары барып-бери келген учурларым көбөйдү. Ошондо Кыргыз улуттук кардиология борборунун жетекчиси академик Миррахимовду чакырышыптыр.
Палатага киргенде, мага акырын баш ийкеп, ооз учунан учурашып койду. Акырын сүйлөгөн, мүнөзү жумшак, мамилеси назик киши экен. Отургучту мен жаткан керебетке чукулурак жылдырып отурду да колумду колуна алып, тамырымды кармап, тамырдын кагышын манжаларынын учу менен гана эмес, бүт тулку бою менен кунт коюп тыңшап аткансыды. Колу кебездей жуп-жумшак, жы-
луусу денеме жагып турду. Акыры колун билегимен алып, баятан бери унчукпай отурган оорукананын башкы врачы Асан Жайлобаевич менен мени дарылаган врачым Гүлайым Сагынбековнага акырын бир нерсе деди. Эмне дегенин укпай калдым. Анан тыңшагычын кулагына кыстарып, көөдөнүмдү тыңшай баштады. Дале жанагысындай катуу кунт коюп тыңшап атты. Жүрөктүн мандемин түшүнмөйүн тыңшай берчүдөй туюлду мага. Көңүлүм жибип, боюм чымырады. Тыңшап бүткөндөн кийин үчөө өздөрүнчө акылдашып, пикирлеше баштады. Сөз дарылар жөнүндө болуп жаткансыды. Медициналык терминдердин көбүрөөк айтылып жатканынан уламбы, мени унутуп коюшкандай болду. Бирин бири кубаттап, ойлору окшош экенин сезип жатсам да абалымды даана түшүнө албай кооптондум. Өз ара пикир алышып бүткөн соң, Саид Миррахимович мага бурулуп, жылмайды эле, жүзүнөн нур төгүлгөндөй, ажары жадырай түштү да:
- Будем лечить! - деди орусча. Аны мен "Айыктырабыз!" дегендей түшүнүп, ыракматымды айтып жибердим.
Саид Миррахимович тамырымды дагы бир ирет кармап көрдү да башын ийкеп:
- Коркпоңуз. Врачыңыз диагнозуңузду туура койгон. Туура дарылоо туура диагноздон башталат... - деп, жанагысындай жүзүнөн нур төгүлтө жылмайды.
Ошондон баштап, мен Саид Миррахимовичтин такай көзөмөлүндө дарыландым.
Дагы далай кыйналууларга дуушар болдум, ооруканага кайра-кайра далай түштүм. Жүрөгүм эки кагып, үч кагып токтой калса, кээде он-он беш кагып токтойт. Кандай болсо да жүрөктүн элки-телки какканы шайыңды катуу оодарып салат. Бул дартка дабаа болоор дарылардын көбү мага жакпай чатак болду. Бул, албетте, дарыгерлеримди ойго салды. Буга бир мисал: Саид Миррахимович Израилге кардиологдордун эл аралык жыйынына барып, мага атайы эки түрлүү дары ала келиптир:
- Сизге ушу дарылар жагышы керек! - деди көңүлү көтөрүлүп.
Тилекке каршы, бири да жаккан жок. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип, оңтойсуз абалда калдым. А Саид Миррахимович, мүмкүн, кейигендир. Бирок маданияты терең адам анысын билгизген жок. Мага жаккан бир гана этацизин деген дары калган.
- Этацизин да жарабай калышы мүмкүнбү? - дедим мен.
- Мүмкүн. Организм көнүп алганда, дары таасирин жоготот - деп, Саид Миррахимович түз жооп берди.
- Эмне кылышым керек? - дедим мен.
- Духом не падать... Дарысы табылат. Көп басып, көп кыймылдаңыз, албетте, жүрөктү абайлап...- Саид Миррахимович жүрөктү элжирете кадимкисиндей жылмайды.
"Көп басыш керек" деген кеңешти Гүлайым Сагынбековна, Асан Жайлобаевичтер да айткан. Бул 1992 - жыл болчу.
Ооруканага түшкөн сайын, абалым оңоло калса, үйдөн ала барган машинкемди басып отурчумун. Саид Миррахимович көрүп койсо, жактырбайт го деп, чочуладым эле, андай болгон жок. А түгүл, бир саам мага;
- Компьютер басасызбы? - деди.
- Жок, компьютер билбейм, - десем, Саид Миррахимович:
- Үйрөнүп алыңыз. Машинке билген кишиге үйрөнүш оңой эле, - деди.
- Кол менен жазып, анан аны машинкеге баспасам, моокумум канбай калат - деп, оюн-чындан тамашага бурсам, Саид Миррахимович кадимкисиндей жүзүнөн нур төгүлтө жылмайып коюп, унчуккан жок. Минтип жагымдуу жылмайган учурларын көп деле көргөн эмесмин. Чанда гана, көңүлүнө бир нерсе туура келгенде жылмаярын байкачумун. Жүрө-жүрө а киши менен мамилебиз жылуу болуп кетти. Мени менен узагыраак калып маектешчү болду. Кыргыздын атактуу жазуучуларын, артисттерин жакшы билчү. Айрыкча опера-балет өнөрүнүн мыктыларын, спектаклдерин, аралашып жүргөндөй, берилип сүйлөчү. Көрсө, Саид Миррахимовичтин атасы опера театрынын оркестринде көп жыл иштеген кадырлуу музыкант болуптур. Мурда билбегениме уялдым.
Баса, Саид Миррахимович мени компьютерге дагы бир-эки саам үгүттөдү. Көңүлдөнбөсүмө көзү жеткен окшойт, кийин, мен 60ка чыкканда, мага кичинекей компьютер тартуулады. Саид Миррахимович, шакирттери Гүлайым Сагынбековна, Асан Жайлобаевичтей дарыгерлерим болбогондо, алардын кеп-кеңешин укпаганымда, эмгиче эмне болуп кетеримди Кудай билет эле?!. Саид Миррахимович миңдеген оорукчандардын сыркоо жүрөгүн оңоп, ажалдан алып калганы белгилүү. Бирок канча адамдын сообуна калганын сурап албаганыма өкүнөм.
Саид Миррахимович Муратбек Рыскуловду, Чыңгыз Айтматовду, Төлөмүш Океевди, Сүймөнкул Чокморовду, дагы далай атактууларыбызды абдан кадырлачу. Калый Молдобасанов менен өтө сыймыктанчу. Какебиздин көзү өтүп, опера театрынан акыркы сапарына узатуу болуп жатканда, Саид Миррахимович;
- Бексултан... с уходом Калыя целая эпоха ушла, - дегени эсимен кетпейт.
Ушинтип айтып атып, кийин өзү өткөндө, медицинада да бир доор өтүп кетерин ойлоду бекен? Ойлобосо деле керек. Эмнеси болсо да, Саид Миррахимович менен кошо бир доор өттү да кетти. Бул чындык!

Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??